ӨКСҮК.
Болбойт эми бакытты бөлүшкөнгө,
Болбойт эми экөөбүз көрүшкөнгө.
Сага жетпей калган ак сезимимди,
Өксүп көмдүм той күнү көрүстөнгө.
Толтосу элең толкуган жүрөгүмдүн.
Бакыты элең жайнаган гүл өмүрдүн.
Сенсиздиктен чөл болуп бүт дүнүйө,
Сенсиздикте азапка күйөмүн миң.
Күнү десем жашоомдун жаркыраган,
Жүрөгүмдү таштадың жанчып анан.
Кең дүйнөгө ушу азыр сыйбай турам.
Көздүн жашы азаптан тамчылаган.
Жамгыр болуп төгүлдүм себелеген,
Жетим болдум кайгы-муң жетелеген.
Кайырчысы болдум да ак сүйүүнүн.
Топуракка айландым тебеленген.
Болбойт эми экөөбүз көрүшкөнгө,
Болбойт эми сырыбыз бөлүшкөнгө.
Сага жетпес сезимди, махабатты,
Тоюң күнү көмгөнмүн көрүстөнгө...
Автор: Мераж Теитбаев
Мейли сен деп эт жүрөгүм эзилсин,
Сен мен үчүн өчпөй турган сезимсиң.
Жаркыраган күнүм сага ашыкмын,
Бийик жердин ыйык гүлү өзүңсүң.
Дарак болсом анда сенсиң мөмөсү,
Жаага айлансам анда өзүң жебеси .
Сенсиз сүзүп жете албашым анык го,
Сенсиң күнүм бакытымдын кемеси.
Секетим ай күндүн тунук нурусуң,
Сезбейм сенсиз бул жашоонун жылуусун.
Ак сүйүүмдү калтырбагын арманда,
Сенсиз гүлүм сүргөн өмүр курусун.
Мераж Теитбаев
Атылып автоматтан коргошун ,
Алааматты баштагандар оңбосун...
Ала-Тоолук кандашымды жараткан
Аллахым бир өзү гана колдосун.
Өмүрүн уул кызыңдын алып кетти,
Азапка боордошумду салып кетти.
Каныңдын төгүлгөнүн көргөнүмдө,
Көзүмдөн көлдөй жашым агып кетти..
Бээ күнө жаткан элди өлтүрүштү,
Өртөшүп үй жайларын өкүрүштү.
Алладан коркпой туруп коңушулар,
Достукка , туугандыкка түкүрүштү.
Күнөөсүз окко учту уул кыздарың,
Кайгырып көңүл айтам кыргыздарым.
Көзүңөр жашка толгон жылдыздарым,
Кайгырып көңүл айтам кыргыздарым.
Кайгыңа сабыр берсин жаратканым...
Автор: Мераж Теитбаев
МЕНИН ҮЙҮМ.
Меште от күркүрөгөн,
Түтүнү буркураган.
Чатырың сылап өтүп,
шамалдар шуулдаган.
Боз шыбак, кара кыштан,
салынып турсаң деле.
Сен ыйык үйүмсүң да ,
дайыма жаркыраган.
Үч кабат болбосоң да,
сен үйүм жепирейген.
Мактанып төш көтөрбөйм,
Байлардай кекирейген.
Кичине болсоң дагы,
дүйнөдөн кең турасың.
Кененсиң көлөмү чоң,
үйлөрдөн мисирейген.
Мешиңде апам жаккан ,
оттордун табы бар да.
Өзүңө кышты койгон,
атамдын жаны бар да.
Мен сенде кичинемден ,
мээримге оролгонмун.
Өзүңдө балалыктын ,
чуркаган шаңы бар да ..
Убакыт менен кошо ,
балалык издер өчтү.
Аа бүгүн эстеп турам,
үйдөгү бакыт кечти.
Ырыскы, ыйман толгон ,
береке баскан үйүм
Узакта калып бүгүн ,
меште