_______________________________
Азыркы учурда Исламды жакшы түшүнбөгөн кээ бир адамдар:
"Динде эмгектенүү жок, Аплахтан сурасаң, берет" деген туура эмес түшүнүк менен жүрүшөт.
Ислам дини жалкоолуктун дини эмес.
Ислам, балагат жашына жеткен ар бир адам га ибадат кылууну буйруган сыяктуу эле, эмгектенүүгө да буйрук кылат.
⠀
Умар (радийаллаху анху)дын халифалык убагында бир топ адамдар мечитке келип отурушат.
Умар (Аллах андан ыраазы болсун) аларга келип:
"Бул жерде эмне кылып отурасыңар?"- деп, сурайт.
Ал ар:
"Биз Аллахтан ырыскы сурап отурабыз" - деп жооп беришет.
Ошондо Умар (радийаллаху анху) аларга ачууланып:
"Асмандан силерге алтын-күмүш жаабайт, ордуңардан туруп, эмгектенгиле, Аллах силерге ырыскы берет"- деп айтат.
⠀
Бир жолу Абдуллах бин Масуд келип Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам)га салам айтып, кол кармашып көрүшөт, ошондо Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) анын эмгектен улам чор болуп катып калган колун кармап туруп:
"Бул колду Аллах сүйөт жана тозок оту күйгүзбөйт" - деп айтат.
(Бухарий, Муслим).
⠀
Бир адам келип:
"Оо, Аллахтын элчиси, мага мусулмандардын казынасынан бир нерсе бер" - деп суранганда, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам):
"Тоого чыгып отун алып келип сатууң сурануудан жакшы" - деп айткан.
(Бухарий, Муслим).
⠀
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам)дын заманында мечиттин айланасын тазалаган бир аял бар эле. Күндөрдүн биринде ал көрүнбөй калат. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) сахабаларынан анын кайда кеткендигин сурайт.
Алар:
"Оо, Аллахтын элчиси, ал аял каза болуп калган болчу, биз аны сизге айтпай калыппыз" - дешет.
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам):
"Аны эмне үчүн мага айтпадыңар?" - деп, анын мүрзөсүнө барып жаназа окуйт.
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам)дын бул амалы тазалык үчүн эмгектенген адамдын кадырбаркы кандай жогору болорун көрсөтүү үчүн болгон эле.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев