Ташмат тоого эс
алганы барышып, түнөп калышат.
Чатырын тигип уйкуга кетишет. Таң
сүрүлө электе уйкусу канып калган
Ташмат акырын көзүн ачып ачык
жерде жатканын байкап Акматка:
-Акмат, асманды карап мага эмнени
көрүп жатканыңды айтчы?
-Сан жеткис жылдыздарды....
-А, бул сага эмнеден кабар берип
жатат?
Акмат бир азга ойлонуп туруп:
-Астрономиялык жактан алганда
миллиондогон галактикадан,
планетадан; астрологиялык жактан
алып караганда Сатурн
планетасынын Суупери жылдызында
экендигинен; убакыттан алып
караганда болжол менен таңкы
төрт жарым экендигинен;
теологиялык тараптан карасак
Жараткандын баарынан күчтүү
экендигинен жана биздин
кичинекей, алсыз экендигибизден;
метеорологиялык жактан болсо
эртең күн чайыттай ачык болот
экенинен кабар берип жатат.
Сагачы? Сага эмнеден кабар берип
жатат?
Оозу ачылган Ташмат:
-Ай, акмак Акмат! Бирөөлөр
чатырыбызды уурдап кетиптир.
#тамаша
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 9