Убакыт отуп жатты.
Куз аяктап, кышка оз орунун бошотуп беруудо!
Жандар конулсуз отурат болмосундо. Акыркы кундору эч нерсеге конулу жок.
Эч кайда буту тартпайт. Мурда шефи кайда жумшаса да баш тартчу эмес. Азыр ал нерселерден да конулу калгандай. Бирок ашыкча кыймыл жасагандан коркот. Ошончо адамдын козун тазалатып, озуно бут тоскондорду эч кыйынчылыксыз эле жолунан алып койчу адамга, Жандар ким болуп калыптыр?
Коп убакытын Самат менен бирге откоргонду адат кылып алды. Экоо чогуу машыгууга барышат. Ар нерсени шылтоолоп, уйуно да бара берчу болду.
Маржандын апакай жузун бир коруп алса, кокурогундогу оору басандай тушот.
Маржан менен созсуз бир суйлошуп алууну коздоп, бирок "достук" аттуу чепти аша албай турат. Маржан болсо бетин да карабайт, айланып качат андан.
Саматтын жайдары мунозу, ак конулдуулугу, берешендиги, аны акырындан бул тар чойродон тартып бараткандай.
Самат Жандардын адамга куло суйлоп, оо мектеп убагындагыдай коп нерсеге аралашып, достор менен коп'коп жолугушууга катышып жатканына кубанат.
Досунун жашоого болгон коз карашын жанылагысы келет.
Аялына келсек??
Эхх!
Аны суйот, Маржана озум кетем деген учурунда да кое бере албайт. Ушунча кыйынчылыктан отуп, эми конулун тапканда, досу учун муну курмандыкка чала албайт. Жандар туура айткан, эми артка жол жок, бир гана жакшы жашоого умтулуш керек!
Шефи чакырткан экен. Айла жоктон ордунан туруп кийине баштады.
Сыртка чыкса кар жаап жаткан экен. Конулу тазара тушту!
Шефи жон салды гана чакырткан ондонот. Козундо эч кандай кабар билинбейт
"Отур" дегендей белги берди. Жандар ар дайым тике турган бойдон, кыска гана суйлошуп, кайра кетип калчу.
Бугун жайма'жай суйлошушот корунот:
-Коп эс алып койгон жоксунбу?
-Менимче жок!
- А менимче ооба!
-Кызмат барбы мага?
-Бар!
-Эмне кылышым керек?
-Товарды откоро алышпай жатышат чек арадан!
-??
-Озун киришпесен болбойт окшойт менимче?
-Мен бул жолу баргым келбей турат!
Шефи кашын которо карады. Жандар эч убакта каршылык корсоткон эмес.
Демек, озгоро баштаган.. . Демек, айтканынан чыга баштаган, негизи ойлоно турган деле иш эмес, бирок азырынча Жандардын ордун басуучу табыла элек!
Эмне кылса?
Башка адам тапсабы, ал Жандардай болгуча убакыт керек:
-Эмне учун?
-Мен жетиштуу дем алгым келет, чарчадым!
-Бар себеби ушулбу?
-Ооба!
-Аа качан эс алып бутосун?
-Бир аз убакыт керек!
-Мейли, эс ал, качан даяр болгондо кел!
Жандар ордунан турду:
-Мен жон гана эс алам, ашыкча аракеттин кереги жок, колунуздамын!
Чыгып кетти!
Баамчылдыгын карасан мунун?
Шефи мунун акылдуулугуна чындап баа берет, ошондуктан азыр буга тийбегени он болуп турат. Эгерде жок кыла турган болсо, пайдадан кур жалак калуу менен бирге, ото чон зыян да тартып калуусу мумкун!
Балким муну озгортууго аракет кылгандардын тизгинин, бир аз тартып койсо бекен?
Копко ойлонуп отуруп, Жандардын кимдер менен байланышы бар экенин иликтоону тымызын, керектуу адамдарга дайындап койду.
Шефинен чыгып эле Саматка чалды, ал иштери боюнча 2кунго шаар сыртына кетиптир. Колу бошобой жатканын айтып, коштошту.
Эсине бир нерсе тушкондой, туз эле Гулумго жолугууга жоноду.
Кышкы сессия деп чуркап жургон экен кыз. Сени чакырып жатат дегенинен чыкса Жандар турат. Жини келе тушту, бирок аны байкатпай жанына келип учурашты;
-Саламатсызбы?
-Кандайсын Гулум?
-Мен жакшымын, сизге эмне керек?
-Мага Маржандын номурун берчи?
-Бербейм!
-Суранам жок дебечи?
-Анын уйбулосу бар, тынч коюн аны!
-Билем, бирок мени да тушун!
-Тушунбойм! Эмнеге мен курбумдун кыйналышына карап турушум керек, ансыз да эми'эми оноло баштаганда?
Жандар чыдабай кетип кызды каруудан алды. Коздору ач карышкырдыкындай кызарып кетиптир:
-Суранам Гулум?
Суранганы менен, унунон ызанын, каардуулуктун жышаанын байкоого болот эле.
Гулум анын колунан жакшылык келбесин билди. Унчукпай номурду берди:
-Экинчи келбен мага!деди да басып кетти. Нараак барып эле курбусуна чалды, бирок жетишпей калды.
Бейтааныш номурду байкабай эле алып жиберди Маржан:
-Угуп жатам?
--
-Алоо суйлобойсунорбу, алоо?
Маржана тушунбой, улам карап коюп,кайра кулагына тосту:
-Алоо?
-Сагындым сени!
Маржананын коздору чекчейди:
-Сен?
-Суранам кое корбо?
-Эмне керек сага?
-Эч нерсе кереги жок!
-Эмнеге чалдын?
-Жолугалычы?
-Акылын ордунда элеби?
-Суранам Герда?
Маржананын колдору титиреп кетти. Козундо даяр турган жаштар кулап баратты:
-Жандар?...
-Ыйлабачы?
Бар кучун топтоп, аран жооп берди:
-Мага чалганга акын жок сенин уктунбу? Самат билсе, билесинби эмне болоорун?
-Мен эч кимден коркпойм, керек болсо Саматка озум айтканга кудуретим жетет!
-Жинди болбо!
-Мени жинди кылган сенсин!
-Куноом эмне?
-Сен али да наристе бойдонсун,бардык куноо менде! Эгер жиндилик кылуумду каалабасан, жолугалы бир эле жолу!? Суранам сенден?
Маржан оозун басып ыйлап жатты!..
Аппак жоолугун салынып, тыпылдап басып келе жаткан Маржанды коргондо,журогу бир булкуп алды.
Мурункудай болбой, жарашыктуу кийинип, жоолугу да ажарын ачып коюптур.
Келиндик сонун жарашыптыр буга. Жандар антип ойлонуп, озуно келгенче,кыз туз эле келип, мандайына отурду:
-Озунду баарынан мыктымын деп ойлойсун да?
-Маржан?
-Алдына келсем, баарыбир айтканымды аткарбай, кайда барат деп ойлоп жаткандырсын?
-Жок, мен сени коргум келди!
-Мен болсо сени короорго козум жок!
-Калп!
-Макул калп дагы дейли, эми эмнени озгорткун келип жатат?
-Мен сени суйом!
-Сени куткон убакта кайда элен? Сенден умут берээр бир эле соз кутуп, санаадан эзилгенимде кайда элен?
-Менин жашоом ошондой!
-Сенин жашоон эми мени кызыктырбайт. Эмне болсон да Саматтын ишенимине суу сеппе, ага акын да жок!
-Мен сенсиз кыйналып кеттим!
-Эми кеч!
-Кечиккен жокмун, бакытты издегенден токтобойм. Билем, менин бакытым сенсин!
-А менин бакытым Самат!
-Менден конулу калсын деп, ушуларды айтып жатасын да э?
-Жок, бул чындык! Жандар эсине кел, айлананды кара, отконду унутуп, жашоонду жаны барактан башта!
-Сен да мага акыл уйротуп жатасынбы?
Маржана ордунан турмакчы болду. Жандар да кошо обдулуп, колунан кармады:
-Менин созум буто элек!
Кыз колун тартып алды да, жек корууго толгон коздору менен карады:
-Мен сени жек кором уктунбу, жек кором!
Билем мени сыйлабайсын, бирок досундун сага деген кадыры болсо, экинчи жолубуздан чыкпа! Мен тынчтыкта, бактылуу омур сургум келет!
Артын карабай, тез'тез басып, кетип бараткан кызды коруп, журогу сан'мин жеринен тилинип, сыздады!
Чала болот! Жок, бул дагы аздык кылат буга!
Кош, эми эмне кылса болот?
Ызадан кокурогу буулуп, чындап эле жашоонун кызыгы жоктой сезилди!
Мумкун болушунча озун токтоо кармагысы келди, бирок ичиндеги бир куч, аны каякадыр суйроп, ордунан тургузду.
Маржана ыйлаган жок. Жини келди. Жандардын мындай адам экенин билбептир! Же суйуудон козу эч нерсени корбой, караанын коргонуно кубанып эле журо берди бекен?
Апасына билгизбей тирилигин кылып, Саматты кутуп жатты.
Бул жолу ушунчалык кутуп жатты, ал келсе уйго шан кошо келет. Жадырай кулуп киргенде эле, келиндин бардык кайгысы унутулат.
Жандардын муздак коз карашы шилисинен отуп, кыйналып жатты.
Келсе экен батыраак, келинчегин бул азаптардан куткарса экен.
Тамакка табити тартпай шалдырап, болмосуно кирип жатып алды.
Кыраакы кайнене муну дароо баамдады. Артынан кирди, Маржана ыйбаа кылып ордунан тура калды:
-Жата бер алдына кетейин, эмне болдун, сыркоолоп турасынбы?
-Жок апа, жакшы элемин!
Чекесине колун койду апасы, андай эле ысыгы жок:
-Жаман куйоонду сагынгансын го ээ?
-Иий апаа!
Келини эркелей апасын кучактады:
-Ал жаман эмес апа!
-Ошо жакшылыгын билгенинден айланайын сенден кызым!
Келинин кучактап саамайынан сылап койду:
-Кеч болсо да келип калыш керек бугун? Сен жатып эс алагой балам, мен кичине иштейин, эртен Саматка отчёт беришим керек!
Экоо тен кулушту:
-Макул апа!
Кайненеси чыгып кеткенден кийин деле уктай албады. Коону айланып, улам кускусу келет. Кусайын десе эч нерсе чыкпайт. Журогу тупоюл болуп, эч нерсеге конулу чаппай турду.
Дарбаза эки жака ачылып, Саматтын унаасы коруноору менен атып турду. Жугуруп эле алдынан чыкты.
Самат ар дайым жайдары журот. Келинчегинин уктабай, озун кутуп отурганына журогу элжирей тиктеди:
-Ой бой, мени кутуп отурган экен го ушу жаным?
Маржана жон эле Саматты кучактады:
-Сагындым сизди!
Самат мурда'кийин келинчегинин мындай дегенин уккан эмес. Суйунучтон чекеси жарыла кубанды. Ал да бекем бооруна басып, шыбырады:
-Мен да сагындым сени кичинекейим! Жоо мен ар дайым сагынып журом сени!
Аларды коруп, кайненеси атайын чыкпады. Конулуно карап отуруп, ушул кичинекей караанды озуно було кылып алганынан кубана, уйкуга баш койду.
Саматтын уйунон коноктор узулбойт.
Кунуго жок эле дегенде бирден адам келет. Атасы тируу кезинде, уйдун кичуусу болгондуктан, оз ата энеси менен турчу. Кийин ал каза болуп калгандан кийин уйду, келини менен небересине бошотуп берип,улуу баласы менен жашашат азыр. Кары адам жашаган уй баарыбир берекелуу болот окшобойбу, азыр деле келим'кетим коп. Эне баланы болуп коюшту дешпесин дейби айтор, тынбай каттап турушат.
Апасы менен куйоосу жумушка кеткенде деле, Маржананы зээриктиришпейт.
Ага келин да конуп буткон, кундо эртен менен бир тамакты жасап, уйду жыйнап коет. Келген туугандардын баары келинди жакшы коруп, алкап кетишет.
Бугун эмнегедир боорсок жегиси келип, эрте туруп камыр жасады. Апасы да эртен туруп жуунуп, кийимдерин утуктоп жатыптыр. Болмосуно баш баккан келинин коруп куло карады:
-Эмне эрте турдунбу балам?
-Ооба апа, эми жакшы келин болоюн деп жатам да?
-Сени ким жаман дептир, чакырчы ошону козун оюп алайын? Сен менин жакшы келин эмес кызымсын! Корчу бул кофтаны, жарашат бекен?
-Жарашышы го жарашты, бирок далысы бир аз кенен болуп турат да апа, чечсениз мен ичинен билиндирбей бугуп берем, устунон утуктоп койсо билинбей калат!
Шыпылдап тигип жаткан келинине ыраазы болду эне:
-Муну иштеп жургондо уйрондун беле?
-Жоок, андан мурда эле озумчо бирнерселерди тигип'жамап эле журо берчумун, уйдо, апамдан калган эски машине менен. А жумушка киргенден кийин, коп тажрыйба топтодум.
Кийимин устуно кийген энеси чыны менен танкалды:
-Сенде,жакшы жондом бар экен балам! Озунчо иштеп корсон кандай болот эле?
-Сонун болмок да апа, Саматка бир'эки жолу айтсам, анча конулсунбой койду эле ошол бойдон кайра айтпадым.
-Саматка мен озум айтам,акыркы убактарда жумуштары кобоюп жатат, болбосо конулсунбогудой эмне? Озуно да жакшы иштесен балам?
Экоо ашканага киришсе, Самат да келип калды:
-Ии экоон! Менден бекитип эмне эле кубур'шыбыр болуп жатасынар?
-Ой кокуй сенден эмнеге бекители тентек? Кызым экообуз жон эле суйлоштук,колу гул турбайбы аялындын? Ошо айтам, эмнеге эле мен алып келбесем деле, ашканада жаны туткучтар пайда болуп, кире бериштеги айнектин пардалары алмашып, балам ательеге кийим ташыбай калды деп.
-Мен деле ойлонуп журом аны апа. Эми аракет кылабыз буйруса! Маржанкам, эмнен бар жегени, алып кел!
-Азыр!
Чайын демдеп бери бурула бергенде, Маржандын козу карангылаша, башы айланып, эсин жоготуп, кулап тушту. Эне'баланын азыр эле кубанып турган жуздору купкуу боло тушуп, журоктору оозуна кептелди:
-Маржан!
-Кызым!
Самат жете келип Маржанды бери оодара, бетине чапкылады:
-Маржан, эмне болду сага жаным, аччы козунду?
Эне колуна суу алып келип чачты:
-Бизди коркутпа балам?
-Апа, Тез жардамга чалыныз!
Эне телефонго жугурду.
Тан эрте дарбазадан чыккан Тез жардам унаасы зыпылдап, оорукананы коздой баратты!
Маржан козун ачып эле, мандайында жылмайып турган медайымды корду:
-Мага эмне болду?
-Сиз ооруканадасыз, баары жакшы! Озунузду кандай сезип калдыныз?
Келин бир аз башынын айланганы болбосо, кыйла женилдеп калыптыр:
-Жакшы!
-Куттуктайм, эне болосуз!
-Ыя?
-Торт жумалык болуп калыптыр, бирок мындай кылганыныз жакшы эмес! Табитим жок деп эле тамактанбай журо бергенсиз го э?
-Мен эне болом?
-Ооба! Эми сиз кобуроок тамактанып, конул тарткан нерселерди жешиниз керек, болбосо мына коруп турасыз, кундо эртен менен унаабызга салып алып келе беребиз.
Маржан учун кутулбогон жанылык болчу. Азыр ал же кубанаарын, же кайгыраарын билбей селейди.
Медайым тамашакой корунот:
-Болду эми эсинизди жыйыныз, чыгып атакесине суйунчулонуз! Мен балага керектуу витаминдерди жазып берем, созсуз алып ичиниз, азыр озунузду жакшы сезип жаткан болсонуз, кете берсениз болот!
Маржана коридорго чыкса апасы менен куйоосу жалдырай тиктеп, кутуп турушуптур:
-Маржан, кандайсын, эмне сени коюп жибериштиби?
-Журогум калсачы балам?
-Сиздерди да жумуштан койдумбу?
-Жумуш жерге кирсин, бизди коркуттун жаным!
Устуно уйруло тушуп, озу учун кошо кайгырып, турган эки адамды коруп, Маржана тагдырына ыраазы болуп кетти. Жашоодо, кимдир бироого керек экенинди билип жашоо да, озунчо бир бакыт экен!
-Менин боюмда бар экен!
Самат келинчегине караган бойдон туруп калды:
- Эмне дейсин? Мен ата боломбу ыя?
Жандар эч кайда чыкпай калды коптон бери. Ордунан турат, тамактанат, кайра жатат. Озунон озу жудоп кетти.
Эшиктин чырылдаганы, анын жашоосуна кандайдыр бир жанылык алып келуучудой, шаша ордунан туруп барды.
Самат экен. Колунда толтура баштыктар, ал эч качан куру кол келчу эмес.
Анчалык кубанбады,эмнеге экенин озу да билбейт.
-Жолик кандай досум?
Эки дос кучакташып корушушту:
-Кел Сашка!
-Келдим,эмне жатыш бул?
-Ээ!
Жандар колун шилтеп, диванга отуруп, телевизорду жандырды:
-Эмнеге келдин деп сурабайсынбы?
Досунун кубанычтуу жузуно карап кулду:
-Мени сурады деп эсептей бер да, айта бер!
-Мен жакында ата болот экенмин, аяшын кундо ар нерсе алып келип бер деп, айламды кетирип жатат!
Жандардын ичиндеги жалын кайра кучой тушту. Орттоп эле кетсе экен биротоло, мумкун ошондо ушундай, бир тустогу жашоосунан кутулаар?
Мына!
Суйуусуно жетем деген умутторунун жиптерин, кырка чапчу суук кабар!
Жок, кайдагы суук кабар? Досунун кубанычына ортоктош болуш керек эмеспи кайра, досу эмне деп ойлойт.
Бул ойлордун баары мээсин чыналтып чыкты:
-Куттуктайм досум!
-Куттуктаганга али эрте, балалуу болсом анан деле жетишесин куттуктаганы. Кел тамактаналыбы, сени менен бир отурайын деп, атайын келдим!
-Макул, мен чай коеюн азыр!
Тамактанганча суйлошуп олтурушту:
-Досум, бир иштин башын кармасан болот эле?
-Ага зарылчылык деле жок азырынча!
-Кааласан кел, чогуу иштешели?
-Азыр эмес досум!
-Анда качан?
-Билбейм !
-Кайсы куну барсан да сен учун эшигим ачык Жолик?
-Билем досум!
-Отконду унут дос, болоор иш болду, менден качпа, бизге аралаш, акыркы кундору корунбой кеттин!
-Макул!
Саматты узатып коюп, уйуно кирди.
Эмне кылаар айласын таппады. Ызаланды!
Окунду!
Бирок женилдей албады, устунон басып турган бир куч аны, уламдан'улам жерге ныгырып бараткандай эле.
Шарт ордунан турду! Эсине бир нерсе тушкондой , кийинип сыртка чыкты.
Кутуусуз келген Жандарды шефи таныркай карады:
-Тынччылыкпы?
-Товарды откорушуптурбу?
-Жок!
-Качан кетсем болот мен?
Шефи кытмыр жылмайды:
-Кааласан азыр!
-Анда кеттим?
-Бара бер, керектуу маалыматты жиберип коем, бул жолу этиятта, сени жоготуп албайын!
-Тушундум!
Жандар ушундай бир нерсе менен алаксыгысы келди, болбосо озуно жооп бере албай калышы мумкун эле.
Шефи муну таптакыр башкача тушунду. Алар мурда мынтип, бирине'бири кутуусуз келип'кетип журушсо деле, бул келишинен жакшылыкты коро албады.
Бул келиши "менден этият бол" деген белги сыяктуу сезилди. Себеби, Жандардын мурдагыдай болбой, озгоргону чын болчу!
Артынан койгон адамы уктап калганбы эмне?
Ачууланып, кимдир бироого чалып кирди.
Убакыт отуп жатты зуулдап!
-Самат байке, ошол багынызда бий алма да барбы?
Самат тан эрте козун ачалек эле, келинчегинин созун угуп, кулкусу келип кетти:
-Ии, эмне болуп кетти?
-Менин бий алма жегим келип жатат!
-Офф жаным, азыр деген кыш, бий алма деген азыр бакта жоо -ок!
Маржана ыйлактайт:
-Эмнеге жок?
-Кышында бышпайт да бий алма?
-А менин бий алма жегим келип жатат!
-Маржана, тан аталек гоо, кичине уктайлычы?
-Мен ыйласам, сиз кантип уктайсыз билбейм!
Маржана тетири карап былтындайт!
Аялынын кылыгына боору эзилгенче каткырып кулот:
-Макул жаным, мен таап берем бий алманы, бий алма элеби шашпай турсун!
Телефон менен бироого чалып, суйлошту:
-Бий алман кун чыккандан кийин уйго озу келип калат, сен чыдай тур бир аз ээ?
-Эмне шылдындайсыыз?
-Ой сени шылдындаган жокмун кичинекейим!
-Шылдандап жатасыз!
Самат калп эле кабагын буркомуш болуп, Маржананы жумшак жаздык менен атып урду:
-Уйку бересинби жокпу?
Маржана чон коздорун бат'бат ирмеп, куйоосуно карайт:
-Жегим келип жатса эмне кылайын?
Самат чыдабай кетип, бук тушуп кулот:
-Тимеле бечара боло калганын, келчи берака!
Келинчегин жакшы коруп кучактап, кайра'кайра опкулоп жудотот.
Кош бойлуу болгондон бери абдан ыйлаак, ынжык болуп калган аялы. Бир нерсени кааласа созсуз таптырып жейт, болбосо коз жашы даяр турат!
Мурдагы токтоо Маржана жок.
Эртен менен ойгонбосо Саматтын бетине суу куюп жиберет. Уйкулуу козун ушалап, аркасынан кууп жонойт:
-Бери кел, суу куйган кандай болгонун корсотоюн сага, токто дедим!
Маржана карматпайт. Апасынын артына жашынат:
-Апа каранызчы, Самат мени кууп жатат?
Эне экоонун ортосунда,келинин коргоп чебелектейт:
-Болду чык эшикке! Ырас кылат сени ойгонбосон, бир ойготкондо тура койбойсунбу анан?
Самат адилетсиздике чыдабай кетет:
-Шашпа сениби,апамды да сатып алыпсын да ээ?
Апасынын артында туруп,тилин чыгарат келин:
-Чала болсун!
-Эртерээк тура турган болосун да балам?
-Ой апа, мунунуз тун ортосунда деле ойгонуп алып,каяктагы нерселерди жейм дейт, аны табам деп, мен байкуш уйкудан калам. Анан эртен менен уктаганымы да коро албайт!
-Сени ким изде деди, баарын алып келип кой уйго?
-Ой ошо уйдо турган нерсени жесе кана ушу? Алып келсен деле кыйратып жебейт!
-Куч биз тарапта, чыдасан ата бол, туш ашканага тамак даяр, жумуштан кечикпейли!
Айтор, бул берекелуу уйдо сонун кундор болот!
Биринен бири кызык!
Бир куну кулпунай деп безилдеди эле Самат, чогуу иштеген агрономуна чалып, парниктеги чала бышкан кулпунайды, алып келип берип кутулган!
Ичи билинип 6айга жакындап калган. Апасы бир жагынан Самат бир жагынан безилдешип, колун муздак сууга да салдырышпайт. Жумушка чыгууну ойлоп, Эл аралык сынакка озунун эмгектерин жонотуп койду. Жообу келе элек. Он жооп келип калса, тороп, баласын чонойтуп алып, анан чыкмак болду.
Курбусу Гулум болсо,кун алыс кабар алып турат.
Бул аралыкта Сейил ошол ресторанда таанышкан жигитке турмушка чыгаарын айтты. Артынан тынбай чуркап журуп, бул кок бет кызды кондургон окшойт.
Атасы бир топ жакшы болуп, оз жашоолору менен алек. Аскат токтоо жигит болду. Эжелеринин жоктугу ага билинди. Апасы менен атасына жардам берип, окусун жакшы окуп жатты.
Баарынан да ал жездеси Саматты жакшы корот. Коп маселелерде ошол менен кенешет. Майдаланып олтурбай, эркекче бутуруп бергенин сыйлайт. Кыздарга барса, белегинен бери тандашып, озу алып берет. Ортобузда калсын дешет экоо. Албетте, эгер Маржана билсе, инисин урушаары турган эле кеп да?
Сейилдин тоюнун чыгымынын басымдуу болугун Маржана которду.
Кайненесинин жардамы менен , септин баарын озу тикти:
-Колундан келбейт эмес келет балам! Огой жерге кирсин, ал сени апа ордуна корот, ошондуктан эжелик милдетинди аткар, акчадан кам санаба!деди.
Бул кен пейил адамдын жакшылыгы, Маржананын журогундо жылдар бою сакталып калат. Ансайын сыйлап, "апакелеп" турат.
Сейил турмуш жолуна аттанып, чакан мамлекеттердин катарына дагы бир "уйбуло" деген мамлекет кошулду!
Уландысы бар...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 111