Өмүр кыска, саат, мүнөтү ченелүү,
Тынбай бизди алга карай шаштырат.
Шашылып биз эптеп өмүр сүргөнчө,
Токтоо болуп, өмүр сүргөн жакшыраак.
Байлык дагы убактылуу бир келген,
Аны туура колдонбосоң азгырат,
Бардар болуп кемсинткенче бирөөнү,
Кедей болуп жашап өткөн жакшыраак.
Ушак сөздөр, жалган чыны аралаш,
Уксаң аны абдан көңүл калтырат.
Угуп алып жанды азапка салганча,
Укпай коюп, дүлөй болгон жакшыраак.
Тил азабын тартып келген канчалар,
Жаман сөзүң канча жанды качырат.
Уу сөздөрүң айтып көңүл оорутпай,
Андан көрө дудук болгон жакшыраак.
Туюуу сезим колдонулбай таптакыр,
Жалган сезим алаксытып азгырат.
Көөдөнүбүз көрбөй такыр калганча,
Көзүбүздүн көр болгону жакшыраак.
Жыргалбек Усенов.
Напишите, что Вы ищете, и мы постараемся это найти!
Левая колонка
О группе
Аалам, адамзат, үй-бүлө жана сүйүү- бул төрт сөздүн мааниси чоң жана өз ара бир сөз менен байланышкан. Бул-"ЖАШОО"...
Жашоо-бул биз түшкөн " ӨМҮР КЕМЕСИ"...