Сооронбай Жээнбеков: Аялдар – биздин сыймыгыбыз, улутубуздун көөнөрбөс кенчи
__________________________
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөбүздүн асылзат айымдарын 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.
Президенттик апараттын маалыматтык саясат бөлүм кабарлагандай, өлкө башчысы өз куттуктоосунда эне мээрими, сабырдуулугу жана айкөлдүгү ар бирибиздин жүрөгүбүздөн жылуу түнөк таап, демибизге дем, күчүбүзгө күч кошуп, турмуштагы бардык кыйынчылыктарды жеңип, улам жаңы бийиктиктерди багындырууга шыктандырып турганы белгиленген.
“Кыргызстан аялдары – биздин сыймыгыбыз, улутубуздун көөнөрбөс кенчи. Сиздер – үйдүн куту гана эмес, мамлекетибиздин таянычы жана коомубуздун тирегисиздер. Сиздердин назик колуңуздардын кубаттуу күчү жаратман эмгек менен мамлекетибиздин күч-кубатын арттырып, өнүгүүгө багыттоого жөндөмдүү”, — деп айтылат куттуктоодо.
#маралфм #маралрадиосу #РадиоМарал #Кыргызстан #Бишкек #Ош #Жалалабад #Нарын #Талас #Баткен #Каракол
0 комментариев
18 классов
Садыр Жапаров бир айлык экономикалык мунапыс жарыялады
1 комментарий
10 классов
БШК: 1912 адам депутаттыкка аттанды
1 комментарий
0 классов
Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев каза болду
1 комментарий
0 классов
Элчи: Германия кыргызстандыктарга көп виза бере баштайт
Германиянын элчилиги кыргызстандыктарга Испания, Италия жана Австрия өлкөлөрү үчүн виза берүүсүн токтотот. Натыйжада, жарандар Германияга көбүрөөк виза ачтыра алышат. Бул тууралуу Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Иверсен «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.
Иверсен акыркы жылдары Германияга виза ачтыруу талабынын өскөнүн, мындан улам элчиликтин виза бөлүмүнүн кызматкерлеринин жумуштары кескин көбөйгөнүн айтат.
Ал белгилегендей, Германиянын элчилиги бир топ жылдан бери Европанын 10 мамлекети үчүн виза берип келет.
Эми 2020-жылдын 1-январынан тарта Испанияга виза ачтырууну каалаган кыргызстандыктар Казакстандын Нур-Султан (Испаниянын элчилигине) же Алматы (BLS виза борбору) калаасына барышы керек.
Ал эми Италияга виза ачтыруучулар Италиянын Казакстандагы элчилигине (Нур-Султан шаары) кайрылууга тийиш. Ушул эле жагдай Австрия үчүн да тийиштүү.
Германиянын элчилиги Шенген келишими боюнча виза берүү иштерин улантат. Шенген келишиминдеги өлкөлөргө Белгия, Греция, Германия, Люксембург, Нидерланды, Португалия, Швеция кирет.
#маралфм #маралрадиосу #РадиоМарал #maralfm #Кыргызстан #Бишкек #Ош #Жалалабад #Нарын #Талас #Баткен #Каракол #Чүй
3 комментария
10 классов
Мадумаров: Тажикстан менен чек араны жапсак, өзүбүздүн жарандарыбыз зыян тартып калышы ыктымал
В ОК обновились Увлечения! Смотрите публикации, задавайте вопросы, делитесь своими увлечениями в ОК
Напишите, что Вы ищете, и мы постараемся это найти!
Левая колонка
О группе
Марал FM – Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү окуяларды бейтарап чагылдырган радио. Күндүзү – эң актуалдуу жана маанилүү темалар боюнча талкуулар, эксперттердин пикирлери, тематикалык рубрикалар, интерактивдүү оюндар обого чыгат. Жаңылыктар – саат сайын жаңырат. Аба ырайы жана жол тыгындар тууралуу да айтып турабыз. Кечки эфирлерде куттуктоо, шоу-программалар. Түнкүсүн - жаңы жана жагымдуу музыкалар.
Түз эфирдин номери: +0312 680606 WhatsApp 0552 680606, 0709 680606 (куттуктоолор үчүн)