Эфиопиялык аял 10 жашында тамак-аш менен суудан баш тартканын жана бул анын ден соолугуна эч кандай таасир этпегенин билдирди. Анын окуясын Daily Star басылмасы баяндайт.
Учурда 26 жаштагы Мулуворк Амбав, бир күнү эртең менен мектепке барар алдында тамака табити жоголуп жана суу ичүүнү каалабай калганын айтат. Ал ата-энесине эртең мененки тамакты жедим деп калп айтып койгон, бирок ошондон бери ал 16 жылдан бери эч нерсе жебей, суу да ичпей жүрөт.
Ошол эле учурда, аял толугу менен дени соо. Ал өзүнө эмне болгонун билүү үчүн Аддис-Абебадагы дарыгерлерге барганын айтат. Дарыгерлер үч жыл бою анализ жүргүзүп, Амбав физикалык жактан соо деген жыйынтыкка келишкен. Ошол эле учурда анын тамак сиңирүү трактында тамак-аш, суу жана калдыктар жок экенин аныкташкан. Амбав ошондой эле анын психикалык абалын текшерүү үчүн Катар менен БАЭден келген дарыгерлерге кайрылганын жана алар эч кандай аномалияны таппаганын айтат.
.
Амбав кош бойлуу кезинде наристенин ден соолугун сактоо үчүн доктурлар ага глюкоза сайышкан, бирок ал эч нерсе жеген эмес. Кызы дени сак төрөлгөн, бирок Амбав аны эмизе алган эмес.
Ошол эле учурда аял өзү жашылча-жемиштерин өстүрөт, үйүндө ажаткана бар. Ал тамак жасаганды жакшы көрөөрүн, анын жасаган тамактарын кызы, эжеси жана коноктор гана жей турганын айтат. Туалетти да алар гана колдонушат.
Аны алдамчы деп эсептегендерге, Амбав аны менен каалаган убакта жашап, анын сөздөрүнүн чын-төгүнүн текшерүүнү сунуштайт.
10 комментариев
26 классов
Башкаларды билбейм, бирок бироо менен согушуп же душман болуп калсам мен режим молчаниега тушом... бул дегени душманым жонундо баарын билем дегени😂😂😂 жакшы азыр "глаз бога" деген аныктоочуу система бар экен.. даже голостон таап берет ким ким менен эмне качан..... анан таарынышат.......так что адам болуп сый бололу... актриса болбогула😎
Башкаларды билбейм, бирок бироо менен согушуп же душман болуп калсам мен режим молчаниега тушом... бул дегени душманым жонундо баарын билем дегени жакшы азыр "глаз бога" деген аныктоочуу система бар экен.. даже голостон таап берет ким ким менен эмне качан..... анан таарынышат.......так что адам болуп сый бололу... актриса болбогула
Эфиопиялык аял 10 жашында тамак-аш менен суудан баш тартканын жана бул анын ден соолугуна эч кандай таасир этпегенин билдирди. Анын окуясын Daily Star басылмасы баяндайт.
Учурда 26 жаштагы Мулуворк Амбав, бир күнү эртең менен мектепке барар алдында тамака табити жоголуп жана суу ичүүнү каалабай калганын айтат. Ал ата-энесине эртең мененки тамакты жедим деп калп айтып койгон, бирок ошондон бери ал 16 жылдан бери эч нерсе жебей, суу да ичпей жүрөт.
Ошол эле учурда, аял толугу менен дени соо. Ал өзүнө эмне болгонун билүү үчүн Аддис-Абебадагы дарыгерлерге барганын айтат. Дарыгерлер үч жыл бою анализ жүргүзүп, Амбав физикалык жактан соо деген жыйынтыкка келишкен. Ошол эле учурда анын тамак