Ассалам Алейкум группанын ардактуу катышуучу¹лары. Сиздер үчүн ачылган бул группа таанышууга, сиздердин жан дүйнөңөрдө катылган сырларыңар болсо эл менен бөлүшүү үчүн, күнүмдүк көигөйлөрдөн бошоп эс алып маектешүү үчүн ачылган. Өзүңөрдүн жан дүйнөңөрдө сакталган сырлар болсо эл менен бөлүшкүңөр келсе группанын личкасына жибеперсеңер биз силердин каалооңор менее анонимно же ачык чыгарып беребиз https://ok.ru/group/61662981521498
Таптым деп бакытымды жүргөнүмдө, Өзүңдөн үзө албай күдөрүмдү, Айыктырып сен өзүң алган элең, Оорутуп кеттиң кайра жүрөгүмдү. Чыныңбы, тамашаңбы биле албадым, Же мени атайы эле сынадыңбы. Караңгыда жагылды элең чырак болуп, Өчүрүп салдың кайра чырагыңды. Кейибейм, жазганы да маңдайыма, Таарынбайм, кайра сенсиз калганыма. Өкүнөм, азаптардан сууруп алып, Кайрадан азаптарга салганыңа. Мейли эми, өкүнүчтүн кереги жок, Кайрылбайт, өткөн өттү, кеткен кетти. Өчүрө кет, арман болуп калбасынчы, Жүрөккө өзүң келип жаккан отту. Жыргалбек Усенов.
Показать ещё