Өлгөндө көп нерсе жөнүндө кайгырбай эле кой... Сенин туугандарың баардык керектүү нерселерди аткарышат:
- Алар сенин кийимиңди чечишет;
- Алар сени жууп койушат;
- Алар сага жаназа окуйт;
- Алар сени үйдөн алып чыгып, жаңы дарегиңе жеткиришет. Көптөгөн адамдар сени акыркы сапарга узатыш үчүн азаңа келет.
Кээ бирлери өз пландарын өзгөртүп, жумуштан суранып, азаңа барат. Сен кийип жүргөн кийимиң таркатылат, сатылып, белекке берилип же өрттөлүп жиберилет. Сенин ачкычтарың, куралдарың, китептериң, буюмдарың — баары башка адамдарга өтөт...
Дүйнө сенсиз токтоп калбайт жана сени жоготкондон кийин өтө деле кайгырбайт. Экономика иштей берет. Сенин ордуңа жумушта башка адам, анын ичинде сеникинен
3- БАЯН
Кудайга шүгүр динибизге мамлекет тарабынан эч кандай кысым көрсөтүлбөгөн заманда жашап жатабыз. Бизге ушундай шартты түзүп беришкен Акаевден берки бардык Президенттерибизге Аллахым ыраазы болсун. Бүгүн балагатка жеткен мектеп окуучуларынан бери орозо кармап жатышат. Бирок союз маалында мектептерде орозо кармап алышкан жокпу дешип класстарга кирип окуучуларга нан жедирген атеисттик доор дагы өтүп кетти... Ушул жерден бир мугалим менен окуучу кыздын окуясы эсиме түштү.
АТЕИСТ
Ашынган атеист мугалим окуучуларга:
- Баарыбыз атеист болушубуз керек. Кана, кудай жок деп айткыла,- дептир.
Анын сөзүнөн кийин, класстагы бир кыздан башкасынын баары "Кудай жок" деп чуулдашат.
Кызга сурдана к
2- БАЯН
Мына бүгүн ыйык айдын алгачкы күнүндө зор кубаныч менен ооздорубузду ачып алдык. Бирок оозубузду ачып жатканда Алла Таала (жж) бизге кандай керемет тартуулаганын көбүбүз билбесек керек. Ошол керемет үчүн кезегинде бизге Муса (а.с) пайгамбар дагы суктанганын билесизби?
Улуу пайгамбарыбыз Аз. Мухаммед (САВ) айтты:
"Муса (а.с) Алла Таала менен байланышып, анын кудуреттүү керемет сөзүн уккан пайгамбар. Ал бир күнү Алла Таала менен болгон мунажатында (маек):
- Оо, Жаратканым! Мени урмат кылгандай кимдир бирөөнү урмат кылдыңбы? Мени урмат кылгандыгың ушул даражада болду- өзүңдүн кудуреттүү сөзүңдү мага угуздуң,- дегенде, Алла Таала:
- Эй, Муса! Менде бир пенделерим бар. Ал
1- БАЯН
Жараткан Алла Таала, Муса (а.с) пайгамбарга айтты:
- Мен Мухаммед пайгамбардын үммөттөрүнө эки караңгылыктан кутулуусу үчүн эки нур бердим.
Муса пайгамбар:
- Ал эки нур эмне?- деп сурады.
Алла Таала:
- Ал эки нур ОРОЗО жана КУРАН нуру.
Муса пайгамбар:
- Ал эки караңгылык эмне?
Алла Таала:
- Кабыр караңгылыгы жана кыямат караңгылыгы,- деди.
Адам баласына өлүм сааты келгенде үч бөлүккө бөлүнөт экенбиз. Биринчиси "рухубуз"- Алла Таала үчүн, "амалдарыбыз"- өзүбүз үчүн, ал эми "денебиз"- курттар үчүн ажырап кетет. Ошондуктан өзүбүз үчүн жасалган амалдарыбызды Алла Таалам кабыл кылган болсун. Мына бүгүн биз хадисте айтылгандай Жараткандын нуру төгүлүп жаткан ыйык күндөрдүн бос