Бала жылмайып, жооп берди: - Мен күчтүүмүн атаке! Атанын жүзүндөгү жылмайуу жоголо түшүп, олуттуу боло калып кайра баласынан сурады: - Сен күчтүүсүнбү же менби, Бала кайра жылмая айтты : - Атаке мен күчтүүмүн! Ата бейчара 3 ,4 кадам баласынан шаша алыстап . токтой калып 3-чү жолу, акыркы жолу , Баласынан сурады: - Балам мен күчтүүмүнбү же Сенби!! Бала Суз боло түштү да : Мен Күчсүз, алсызмын атаке - деп жооп берди. Ата таң калып: - Анан эмне жаныңа барып 2 жолу Сураганымда - Мен күчтүү, Алдуумун деп жаттың деп атасы суроо салды. Баланын жообу : - АТА АНДА СИЗ ЖАНЫМДА ЭЛЕҢИЗ, СИЗ ЖАНЫМДА БОЛСОҢУЗ МЕНДЕН КҮЧТҮҮ, АЛДУУ АДАМ ДҮЙНӨДӨ БОЛМОК БЕЛЕ? АЛ ЭМИ АЗЫР 4 КАДАМ АЛЫСТА ТУРАСЫЗ .СИЗ ЖАНЫМДА БОЛБОСОҢУЗ МЕНДЕН КҮЧСҮЗ АДАМ ДҮЙНӨДӨ БОЛМОК БЕЛЕ!!! " ****************************** АЛЛАХ ТААЛАНЫН бизге, белинен кубат кетип, көзүнөн курчтук кетип, барган сайын каарылыктын изи, жүзүндө, чачында, сакалында билине баштаган , АЛЛАХТЫН бизге берген алмаштыргыс дөөлөтүбүз, ырыскы ташуучубуз, байлыгыбыз, эми каарый баштаганда, АЛЛАХТЫН бизге берген аманатына айлана баштаган АТАЛАРДЫН ТИРҮҮСҮНДӨ КАДЫРЫНА ЖЕТСЕК ЭКЕН!!! Апа - сөздү сылык кылып болсо да, айландырып болсо да , айтып алат аялдык касиетине салып... Ата Бейчара Ичине салат ичине салат. Бала үчүн тилин тишине басат тишине басат. Эркектикке салып, эч үн катпайт,эч үн катпайт. Бала үчүн , тоо бүркүтүндөй щаңшыган " гордый" үнүн пас кылып, Баякы жогору кармаган , улуу башын жаш кылып, Баласы үчүн эмнелерди гана кылбайт, эмнелерди гана жасабайт. " ЖОК НЕРСЕЛЕРДИ ЭҢСЕП ОЛТУРУП, БАР НЕРСЕЛЕРДИ ЖОГОТУП АЛБА!" " ЭНЕ - Бейишке карай жол болсо Ата- бейиштин эшиги" АТА- ЭНЕ КӨЗҮ ТИРҮҮСҮНДӨ СЫЙ АЛСЫН! ӨТКӨНДӨН КИЙИН ЖЕТИ КҮН , ЖЕТИ ДУБАНГА АШ БЕРГЕНИҢ БИР ТЫЙЫН! ЖАМАНБЫ, ЖАКШЫБЫ, ААЛЫМБЫ АЛКАШБЫ, АМАЛДУУБУ, АМАЛСЫЗБЫ ,ЭЛ АЛДЫБЫ, ЭЛ АРКАСЫБЫ, БААРЫ БИР АТАҢ! КӨЗҮ БАРДА СЫЙЛАЙ ЖҮР!!! ( чоң атамдын (Сыдыков Тургун жайы бейиштен болсун )дайым кулагыма куйуп, кайталоочу мага болгон насааты эле.)
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7