Куран окуп отурган аксакалга дем салдырганы (куран окутуп элдин сугун, назарын, кирнесин чыгаруу же эскичилик кылуу) келин кирип келди. Куранды ачып баштаган бетти аягына чейин окуу адеп бар. Келген келинге колу менен ишара кырып отура тур - деп окууну уланта берди. Бир убакта келиндин артынан угулаар-угулбас үн менен өзү каалабаган абалда жел чыгып кетти. Ыңгайсыз абалда уялган келиндин бети кызарып чыкты. Курандын бетин аяктаган аксакала:эмнеге келдиң кызым"-деп кайрылды. Уялган келин акырын үн менен:" куран окутуп дем салдырганы"-деп айтты." укпай жатам катуураак сүйлө, кулагым оор"-деп кайрылды. Экинчи ирет катуураак сүйлөсө да укпады. Жанагы чыккан желдин үнүнөн да катуу сүйлөсө укпай койгон аксакалды көрүп: "жанагы желдин үнүн укпаптыр анда"-деп эми уялбай калды жана бетинин кызылы кетип :" дем салдырганы келдим ава, кулагыңыз укпайбы ушунчалык" - деп катуу сүйлөй баштады. Сырттан небересин чакырып:"мына бул келин эмнеге келиптир кулагым укпай жатат" - деп калды. Ангыча небереси чоң атасына :"дем салдырганы келиптир " деп кулагына келип сүйлөдү.
Ошол окуядан кийин айылда аксакалдын КУЛАГЫ ООР, АНЧА УКПАЙТ деген ылакап аты тарап кетти. Баарынын бакырып сүйлөгөнүнө көнүп калган аксакал 17 жылдан кийин үйүндө чай ичип жатып кулагына бакырып сүйлөп жаткан баласына:"балам бакырбай сүйлөй бергиле. Менин кулагым уга баштады" - деп калды. Сүйүнүп турган балдарына карап сабак болсун деп сөзүн ушинтип улантты: "17 жыл мурда келген келинди эстейсинби? Ошол келин жанымда уялып калганынан, анын уятын жабайын деп ушундай ыкма колдондум жана келин эч кыжалат болбой үйүнө кетти. Бир келиндин авратын-уятын жабуу үчүн башкалардын КУЛАГЫ ООР-УКПАЙТ деген сөздөрүнүн баарына чыдадым. Азыр гана ошол келиндин жаназасынан келе жатам. Эми менин кулагым жакшы эле угат. Бакырбай эле сүйлөй бергиле мындан ары"-деген экен....
Сизге суроо: башкалардын уятын жабуу үчүн ушундай эрдик жасаганга даярсызбы? Анда баштадык, соц тармактарга башкалардын абийирин ачкан макала - сүрөттөрдү жана маалыматтарды чыгарбайлы сураныч!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 11