Урматтуу группалаштар мен эми силерге баштан өткөн бир кызыктуу окуяны кыскача баяндап берейин
Ок дан жакында эле башкача айтканда үч ай мурда бир жаш келин менен таанышып калдым
Экөөбүз абдан сырдашып жазышып сүйлөшүп турчу элек
Айтаарга сөз таппай аягында баягы эле кайталанма сөздөр айтылса дагы деги бири бирибизден тажачу эмес элек
Мен дагы ага абдан көнүп калып батсабда ок дан качан жазат качан чалат деп күтүп калганмын
Дайыма чалып жазып тур деп единица салып берип турам
Кечиксе эле ар кайсы ойлор келип чыдамым жетпей калчу эле
Сүрөтүн карап тажабай а түгүл
Ошентип жакшы күндөр өтө берди бир күнү жолугууга чакырсам макул болду
Болжогон жерге барып күттүм негедир ал келин кечигип келбейт
Бир убакта мени карай мен күткөн мен сүрөттөн көрүп жактырган келин эмес таптакыр башка бирөө келип ал дагы бирөөнү издей баштады
Мен машинамда отурган үчүн байкаган жок
Бирок ал келин мага жаккан жок негедир
Бир убакта менин күткөнүм кечиккенинен телефон чалсам алып мен келип сизди күтүп турам өзүңүз жоксуз го деп атпайбы
Кайсы жерде турасың десем турган ордун кийген кийимин колунда сумкасын өңү түсүн айтса алдымда турган неме
Бирок сүрөттө таптакыр башка а келген неме такыр бөлөк
Мага ок дан батсабдан башка жакшынакай бирөөнүн сүрөтүн жөнөтө берчү турбайбы
Мен кайра чалып болгон нерсени бүт айтып аны менен жолугудан баш тартсам байке мен барын сизге түшүндүрүп берем дейт
Мен жолукпай кете бердим кайра кайра чалды болду мага чалба жазба дедим
Бирок болбой чалат жооп бербейм ок менен батсабын чёрныйга киргизип койдум
Ушинтип бири бирибизди эмнеге алдайбыз
Эми кимге ишенсе болот
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 22
Ал эми сизге кааларым БАКЫТ!