"Талаалап тентип жүргөндөр" дешет бизди.
А биз эмне болуп жүрсөк да, кайда жүрсөк да, ким болсок да - иштейбиз, эмгектенебиз, бирөөнүн көзүн карабайбыз, бирөөдөн акча үмүтөтпөйбүз.
Бош отурбайбыз, бош отуруп калганды жек көрөбүз, дароо башка жумуш издей баштайбыз, жумушсуздукту, акчасы жок калганды жаман көрөбүз, ошого көнгөнбүз көп жылдардан бери.
Тапканыбызды туш келди чача бербейбиз, чогултабыз, үйгө да салып турабыз, саякатка да чыгабыз, бири бирибизден карыз алганды - бергенди да жактырбайбыз, бирок бири бирибизге жардам берип турабыз.
Ал эми, тентибей үйдө эле олтургандардан айырмабыз кайсы: биз мекенибизге эс алганы гана барабыз, аяктан биз иштебейбиз. Кыргызстан - биз үчүн курорт. Биз үчүн ал : Гавайлар, Мальдивдер, Италия, Анталия, Тайланд, Крым-Сочилер, Америка- Европасы менен чогуу.
Эс алып жүрүп, ошол тентибей эле үйдө калып иштеп аткандардын бизнестерине, соодасына төлөп жүрүп, жыйнап барган акчаларыбызды коротуп келебиз. Аларга үйлөрдү салдырабыз, бала- бакыраларыбызды бактырабыз, окутабыз, ден соолугубузду чыңдайбыз, үйлөрүн, машинелерин, эмеректерин, кийим-кечектерин ж.б. толгон-токой нерселерин сатып алабыз, кафе-ресторандарынан тамактанабыз, театр-концерттерине барабыз.
Бизден акча барбай калсынчы, же биз өзүбүз барбай коелучу? Эмне болоор экен ошондо?..
Же, чын эле, ошентип барбай коюп көрсөкпү, баарыбыз сүйлөшүп алып. Биз - тентигендер, ыя?
Көрөлүчү, ошол мактап-жактап, кошомат кылып аткан тентибеген аткаминерлери тентибей жанында жүргөндөрдүн баарын багып алаарын?..
Бир эле жыл ошентип көрбөйлүбү, урматтуу дүйнө жүзүнө тентигендер, же бир эле ай?..
Бул жөн эле монолог болчу . Билем да, эч кимиң макул болбойсуң, чыдабайсың, түтпөйсүң, анткени ар бириң ошол тентибегендердин мекендешисиң.
Ар бириң кыйын кыргызсың, баарын көтөрөсүң, кыйналсаң да чыдайсың. Ар бириң мекенчилсиң, иштемчилсиң, аракетчилсиң, табышкерсиң, акылмансың, таланттуусуң, билимдүүсүң! Башкысы, жакшы адамсың.
Эсиңдеби, Барак Обаманын ата теги, Трамптын тайлары деле бизге окшогон тентиген мигранттар болгону?
Ошол анда...
Аман жүрсөң болду!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 24