КЫЗЫКТУУ

КЫЗЫКТУУ

Blogs
Comments 45
Likes 75
Биз той-ашта аша чаап кеттик. Кыргыз кызын качан эле той менен шаан-шөкөт кылып узатты эле. Сырттан караган адамга ыксыз чыгым экени байкалат. Куда-сөөккө жакшы көрүнөм болуп болгон тапкан ташыганыбызды чачып күндөн күнгө өлкө артка кетип атат. Кызымды узатам деп 300 000 миңге той өткөргөн өтө эле аша чапкандык. Ал кызды алган бала намыстанып 500 000 миңге той өткөрөт. Акча бир күндө асманга сапырылып өздөрү он жылдап Орусияда тентип жүрүшөт. Ошол акчага 50 000 миңден эсептегенде 16 уй келет экен. 20 000 миң сомдон эсептесек 40 шв.машинка алып же үй салып берсе жаш үйбүлө тез бутунан туруп кетпейби. Орусияга барып балдарын кошо киргиз кылып келишет таңдын көрүнүкү... Чет өлкөгө көп чыгып кайра келгендер билсе керек. Кыргызстан жарды экенин аэропорттон эле сезиле баштайт. Анан тим эле той бергенибизди айт. Эптеп карыздап же акчалууларды чакырып той өзү менен жапты кылабыз. Азыр эл тойдон тажады. Кошумчасы жоктор, аярлуу катмарлар тойго чакырылбайт көбүнчө. Себеби тыйыны жок. Кымбат ресторан бир кишиге кеминде 2500-3000 сом. Аны аярлуу катмар көтөрө албайт да. Айлыгы беш миң сом болсо тойго берип отуруп калмак беле. Азыр эл жөн той бербей калган. Бүт эсептеп чакырат. Кызды тынч эле узатып. Үйлөнүү тойдун чыгымдарын азайтыш керек! Акчасы ашып ташып аткандар оор үй-бүлөгө белек кылып беш шв машинка, үч уй сатып берип койсун. Жашоонун алгачкы кадамын жакшылык менен, кайрымдуулук менен баштаса эмнеси жаман? Биякта миллион сомго той өтүп атса тиякта беш баласы бар жесир аял 15 000 сомго швей, машинка сатып алалбай атат. Мунун эмнеси теңдик анда. Ошончо ашып атса 100 студентти бир жылдык англис тилинен курска жазып төлөп койсун. Кандай жакшы... Биз жаштар, улуу муундун өкүлдөрүнөн үлгү албайлы. Булар салт эмне экенин аңдай албай калышты. Себеби союздун идеологиясы күчтүү болуп баарынан кур жалак калышкан көбү. Өзүбүз илгерки аксакалдардан сурап тарыхка кайрылалы. Жетет уже орусту жакшы эле пир туттук. Бир жылда эки миллиард доллар мигранттардан келип кайра эле ошол акча той-топур менен чыгып кетет экен. Сырткы карызыбыз өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратып жатат.
Comments 6
Likes 19
Аамиин!
Comments 7
Likes 227
«СҮРӨӨЛӨРДҮН СЫРЛАРЫ» 1. «Фатиха» сүрөсү: Ким бул сүрөнү дайыма окуп жүрсө, Аллах Таала аны бул дүйнөдөгү жана акыреттеги бардык аруу тилектерине жеткирип, ар кандай балээлерден сактайт. Бул сүрөнү кагазга жазып, аны сууга эзип, суу менен кошо ооруп жаткан адамга ичирсе, ал Аллахтын уруксаты менен шыпаа табат. 2. «Бакара» сүрөсү: Аллах Таала бул сүрөнү дайыма окуп жүргөн адамды ар кандай сыйкырлардан өзү сактайт. 3. «Аль Имран» сүрөсү: Бул сүрөнү үч жолу окуган адам элге болгон карыздарынан кутулуп, күтүлбөгөн жактардан көп мал-мүлккө ээ болот. 4. «Ниса» сүрөсү: Бул сүрөнү окуган жубайлар ар дайым ынтымакта жашашат. 5. «Маида» сүрөсү: Бул сүрөнү кырк (40) жолу окуган адамдын ырыскысы көбөйөт. 6. «Анаам» сүрөсү: Бул сүрөнү кырк бир (41) жолу окуган адамдын бүтпөй жаткан иштери ийгиликтүү бүтөт. 7. «Аараф» сүрөсү: Бул сүрөнү дайыма окуп жүргөн адам акыреттеги азаптан алыс болот. 8. «Анфал» сүрөсү: Бул сүрөнү жети жолу окуган адам зындан-түрмөдөн оолак болот. 9. «Тообо» сүрөсү: Бул сүрөнү он жети жолу окуган адам эмнеге муктаж болсо, ошого жетет. 10. «Юнус» сүрөсү: Кимде-ким бул сүрөнү жыйырма бир жолу окуса, Аллах Таала аны душмандарынын жамандыгынан алыс кылат. 11. «Худ» сүрөсү: Ким бул сүрөнү үч жолу окуса, муктаждыгы камсыздалып, деңизге же сууга чөгүп кетүү сыяктуу кырсыктардан алыс болот. 12. «Юсуф» сүрөсү: Бул сүрөнү окуган адам сагынып күткөнүнө жетет. Бардык жандуу - жансыздардын көзүнө жылуу көрүнөт. 13. «Раад» сүрөсү: Аллах Таала бул сүрөнү окуган адамдын балдарын жин - перилердин (Пери - бул жиндердин бир түрү) жамандыгынан сактайт. 14. «Ибрахим» сүрөсү: Ким бул сүрөнү жети жолу окуса, Аллах Таала аны душманына үстөм кылат. Ошондой эле Ата-энесин андан ыраазы кылат. 15. «Хижр» сүрөсү: Бул сүрөнү үч жолу окуган адамдын кирешесине Аллах Таала берекесин ыроолойт. 16. «Нахл» сүрөсү: Бул сүрөнү жүз жолу окуган адам душманын жеңет. 17. «Исра» сүрөсү: Бул сүрөнү жети жолу окуган адам кара ниет адамдардын кызганычынан, ушакчылардын жамандыктарынан алыс болот. 18. «Кахф» сүрөсү: Ким бул сүрөнү жума күндүн түнү бир жолу окуса, келээрки жумага чейин боло турган кыйынчылыктары жөнгө салынат. 19. «Мариям» сүрөсү: Кимде-ким бул сүрөнү кырк бир жолу окуса, Аллах Таала ага бардар турмуш ыроолойт. 20. «Тоха» сүрөсү: Кимде-ким бул сүрөнү жыйырма бир жолу кызына окуса, кызынын бактысы ачылат. 21. «Анбия» сүрөсү: Бул сүрөнү жетимиш жолу окуган адам күтүүсүздөн боло турган коркунучтардан оолак болот. 22. «Хаж» сүрөсү: Кимде-ким бул сүрөнү дайыма окуп жүрсө, кыямат коркунучунан алыс болот. 23. «Муминуун» сүрөсү: Ким дайыма Муминуун сүрөсүн окуп жүрсө, Аллах Таала ага чын-жүрөктөн тообо кылганды насип кылат. 24. «Нур» сүрөсү: Ким бул сүрөнү дайыма окуп жүрсө, Аллах Таала анын жүрөгүндөгү ыйманын дайыма бекем кылат. 25. «Фуркан» сүрөсү: Бул сүрөнү жети жолу окуган адамды Аллах Таала кас-душмандын жамандыгынан өзү сактайт. 26. «Шуара» сүрөсү: Кимде-ким бул сүрөнү жети жолу окуса, Аллах Таала ага (Тагыраак айтканда Аллахка болгон) аруу сүйүү сезимин ыроолойт. 27. «Намл» сүрөсү: Аллах Таала бул сүрөнү дайыма окуп жүргөн адамды бардык жамандыктардан өзү сактайт. 28. «Касас» сүрөсү: Ким бул сүрөнү жети жолу окуса, Аллах Таала аны чоң кырсыктардан сактап, душмандардын жамандыгынан алыс кылат. 29. «Анкабут» сүрөсү: Кимде-ким бул сүрөнү кагазга жазып, ошол кагазды сууга эзип суу менен кошо ичсе, Аллах Тааланын уруксаты менен ал адам унутчаактык оорусунан арылып шыпаа табат. 30. «Рум» сүрөсү: Бул сүрөнү бир жолу окуган адам бардык душмандарын жеңип чыгат.
Comments 59
Likes 1.1K
Comments 42
Likes 11
Тыянак чыгарууга шашпа. ======================= Илгери бир доордо абдан кедей карыя жашаган экен,бирок анын өтө келишимдүү ак түстөгү аты болгон. Падышалардын баары атка суктанып, карыяга бир топ чоң акчаларга сатууну сунушташат. Ар дайым бай-манаптар алтындарын белге байлап, ат сатууну суранганда, карыя мынтип жооп берчүү: -Бул ат мен үчүн жөн гана ат эмес. Ал мен үчүн бир дос сымал,ал эми адам баласы досун да сатчуу беле?! Карыянын жашоосу абдан оор болсо да,бирок атын сатпады. Күндөрдүн биринде атканага кирсе, жакшы көргөн аты жок. Айылдын баары келип аны жемелей баштады: -Карыганда алжып калган экенсиң да! Биз күндөрдүн биринде баары бир атыңды бирөө-жарым урдашыны билген элек. Анда көрө сатып жиберсең болмок. Каап, кандай гана бактысыздык десең… -Антпегиле жана азырынча шашпагыла. Жөн гана ат ордунда жок деп эле койгула. Аттын жоктугу- факт, ал эми силердин сөзүңөрдүн баары-божомол жана тыянак чыгаруу. Бул жамандыкпы же жакшылыкпы бир Кудайга маалым, аны мен да,силер да билбейсиңер. Балким мунун артында башка эле нерсе тургандыр?!  Адамдардын баары карыяны шылдыңдаган абалда үйлөрүнө кайтышты. Элдин баары карыяны айнып калган деп ойлочу. Бирок арадан эки апта өтпөй, түндөсү аты кайрылып келет. Аны эч ким уурдабай эле, өзү эле качып чыккан болот. Жалгыз кайтып келбестен, бир үйүр жылкыны да ээрчите келет. Айылдаштардын баары чогулуп: -Карыя туура баамдаган экен. Бул бактысыздык эмес эле, чоң бакыттын дал өзү го! -Силер дагы эле тыянак чыгарууга шашып жатасыңар. Жөн гана ат кайра келди дегиле. Бул нерсе жакшылыкпы же жамандыкпы, ким билет? Бул жөн гана жашоодогу бир фрагмент. Силер бир сөздү окуп алып эле,китеп жөнүндө сүйлөй бересинерби?  Бул жолкусунда адамдар бетине айтпаса да, ичинен карыя мурункудай эле дөөрүп жатат го деп таркашты. Кантип эле келишкен 12 жылкы-жамандык болсун. Карыянын жалгыз бир уулу бар эле,келген аттардын баарын минип алып, күн сайын аларды суутуп турчу. Күндөрдүн биринде аттан кулап,эки бутун сындырып алат. Адамдар чогула калып,мурункудай эле: -Сен ошондо да туура айткан экенсиң. Бул нак бактысыздык экен. Жалгыз балаңдын эки буту сынып,таянычың жок калдың. Эми мурункудан да жаман абалга түштүң. -Силер тыянак чыгаруу илдети менен ооруйт экенсиңер. Болгону бутун сындырып алды деп эле койгула. Бул Жараткан берген нейматпы же жазабы, ким билет? Жашоо бизге өз сырларынын азын гана билгизет эмеспи,андан ашыгын билүүгө чамабыз да жетпейт. Бир жумадан соң карыя жашаган өлкөдө согуш башталып,баардык эр-жигиттер согушка аттанат. Айылдын баары согушка кетип,бир гана карыянын буту чолок баласы калып калат. Ата-энелери балдарын жөнөтүп жатып абдан кейишет. Анткени, бул чоң салгылашуудан көбү кайтмак эмес. Карыянын алдына топтолуп: -Өткөнкү сөзүңдүн акыйкатын бүгүн сездик.Чындыгында балаңдын буту сынганда да-бир жакшылык бар экен. Балаң чолок болсо да, бирок жаныңда калды. А биздин балдарыбыз кайткыс жоого жөнөп кетишти. Анда карыя эл-журтка мынтип кайрылды: -Силер дагы деле тыянак чыгарууга шашып жатасыңар. Эч ким эч нерсени билбейт! Жөн гана биздин балдарыбыз сенин балаңдан айырмаланып согушка жарактуу экен дебейсиңерби! Чындыгында, бир гана Кудай бул иштин артында жакшылык же жамандык бар экенин даана билет. Силер тыянак чыгарып жатканча,өсүп- өнүкпөйсүңөр! Тыянак чыгаруу-мээнин катып калганын туюндурат. Акыл эс ар дайым тыянак чыгарууга шашат,анткени анын өнүгүүсү чоң мээнетти талап кылат. Акыйкатта, эч бир саякат аягына чыкпайт. Бир эшик жабылса, экинчиси ачылат. Силер бир бийиктикке жеткенде, андан бийик экинчиси пайда болот. Жашоо- узакка созулган саякат!
Comments 11
Likes 162
#оюн_ойнойбуз
Comments 5.1K
Likes 129
Келгиле тойлордо ырдап жургон ырларыбыздан бирден куплет жазабыз.
Comments 448
Likes 430
Тебелеп ак сүйүүнү жалбырак кылбай,  Үмүттүү жашап келем сүйүүмдү кыйбай. Кайдасың махабатым күзүндө тапкан? Жашайлы жан дүйнөнүн сезимин сыйлай.
Comments 8.2K
Likes 133
Жети жетим, беш кайып, үч арсыз. Үч арсыз. Кыргызда үч арсыз деп уйкуну, күлкүнү, тамакты айтышат. Анткени киши табиятындагы бул үч нерсенин чындыгында ары жок. Энеси өлгөн уктайт, бирок курсагы ачкан такыр уктай албайт делет. Тамактын ары жогу ушул. Ый менен күлкү аралаш дейт. Жакыны каза болуп кайгыга батканда же бир чоң кырсык болгондо муң басып томсоруп турганда да кишинин күлкүсү келип, күлүп алган учурлар болот. Ары жок эмей эмне… Беш кайып. Киши жашоосундагы кайдан, кантип болору белгисиз, ойлогон ойду оодара салып кудайдын буйругу орундалган жагдайлар бар. Аларды кыргыз дүйнө таанымында кайыптын иши дейт. Элибиз насип кайып, кырсык кайып, дидар кайып, нике кайып, ажал кайып деп бөлүп келет. Насип — бул киши жазмышына буйруган азык. Кайыптан буйруп койсо казаныңда бышып азыр жейм деп турган насибиң желбей калат. Же такыр күтпөгөн жерден наар татып, ойлобогон адамдар менен табакташ болуп калат. Муну насип кайып дейт. Киши он эки мүчөсү соо туруп, ойлогону орундалып турган жетиштүү жашоодо жашап жатса да ар кадамында эмне болорун билбейт. Эртең же бир айдан кийин эмес, азыр бир нече көз ирмемде эмне болуп кетерин билген жан жок. "Кырсык — каш-кабактын ортосунда" же болбосо кырсык кайып деген ошо. Дидар кайып дегени кимге жолугарың, ким менен учурашарың да кайыптан. Жашоодо биз күтпөгөн мерчемден, биз күтпөгөн жагдайда биз күтпөгөн кишилерге жолугуп калуу ыктымалдуулугу абдан жогору. Жашоодо ар бир киши арзуу азабы менен жашайт, күйүп-жанып жакшы көрөт. Бирок аны менен баш кошуп бактылуу болору же эки айры жол менен кетери да кайыптан, буйруктан. Жараткан жалгап койсо дүйнөнүн аркы четинен түгөйүн тапкандар, буюрбаса кошунасын алалбай арманда калгандар да көп. Ажалдын да кайыптан буйруганы чын белем, дени-карды соо туруп жашында жайрап калгандар бар. Кырк жылы кыргын болсо да бир жеринен чалынбай аман калгандар бар. Киши дүйнөгө жаралып эс-акыл күтө баштаганда эле өзүн өлбөчүдөй сезип, ааламды багынтканга умтулат, бирок ар ким буйруган жашын жашап, буйруган ашын ашайт. Жети жетим. Чөп чыкпаган жер жетим. Тыңшалбаган сөз жетим. Багылбаган мал жетим. Кемпири жок чал жетим. Ак куу, казсыз көл жетим. Элинен кеткен эр жетим. Башчысы жок эл жетим. Ар нерсе өз баасын алганда, баркталганда жашоонун кадыры артат дешет. Эгер кимде-ким колундагы буюмун, алдындагы ашын, үстүндөгү тонун кор тутса, ошол нерсеси жетимсирейт, куну түшөт, касиети качат. Мындай нерсенин алдын алып, көпчүлүктү тартипке чакырып бабалар жети жетимдин мисалында түшүндүрүшкөн экен. Түз десең түзү бар, адыр десең адыры бар жер болгону менен эгер ага чөп чыкпаса, кимдин көңүлү түшөт да кимдин назарына кабылмак, жетимсирегени ошол да. Саймедиреп сайрап, куюлуштуруп сүйлөп жатсаң да уккан киши болбосо же кепке түшүнбөсө, сөздүн жетимдиги эмей эмне. Ырыскысы малдан болгонуна карабай, жандыгын асырабай, бар байлыгын күтө албаса малдын куту качпайбы, жетимсиребейби. Жаш кезинен баш кошуп, бирге өмүр кечирген жан жолдошун о дүйнө узатып, же балага, же келинге баталбай кыйналса, абышканын жүдөгөнү, жетим болгону ошол дешет. Баары аталап турганы менен байбичесинин бардыгындай болбойт да. Ылайым тең арып тең карыгыла деген тилекти бекер айтпайт тура. Жайкалып, жака-бели жайылып жатса, бирок үстүндө каз-өрдөгү, ак куусу жок болсо көлдүн жетимсирегени ошол. Ар бир кыргыз мырзасы элге кызмат кылайын, эл бааласын деп турат. Бирок жазмыштын айынан элден алыстасаң, журттан чыгып калсаң андан өткөн жетимчилик барбы? Оордун оору ушул эмеспи. Миң кошчуга бир башчы дегендей, улуулар тилек кылганда "кан тактысында болсун" дешчү экен. Эгер башчысы жок болсо элдин тагдыры татаалдашканы турган иш. Бекеринен "башаламан жарыбайт, башчысыз эл-журт марыбайт".
Comments 13
Likes 184
Сүйүшkөн жүрөkmөрgү эч kачан ажыраmпасын! Аамиин!
Биз той-ашта аша чаап кеттик. Кыргыз кызын качан эле той менен шаан-шөкөт кылып узатты эле. Сырттан караган адамга ыксыз чыгым экени байкалат. Куда-сөөккө жакшы көрүнөм болуп болгон тапкан ташыганыбызды чачып күндөн күнгө өлкө артка кетип атат. Кызымды узатам деп 300 000 миңге той өткөргөн өтө эле аша чапкандык. Ал кызды алган бала намыстанып 500 000 миңге той өткөрөт. Акча бир күндө асманга сапырылып өздөрү он жылдап Орусияда тентип жүрүшөт. Ошол акчага 50 000 миңден эсептегенде 16 уй келет эке
Монолог. "Талаалап тентип жүргөндөр" дешет бизди. А биз эмне болуп жүрсөк да, кайда жүрсөк да, ким болсок да - иштейбиз, эмгектенебиз, бирөөнүн көзүн карабайбыз, бирөөдөн акча үмүтөтпөйбүз. Бош отурбайбыз, бош отуруп калганды жек көрөбүз, дароо башка жумуш издей баштайбыз, жумушсуздукту, акчасы жок калганды жаман көрөбүз, ошого көнгөнбүз көп жылдардан бери. Тапканыбызды туш келди чача бербейбиз, чогултабыз, үйгө да салып турабыз, саякатка да чыгабыз, бири бирибизден карыз алганды - берген
Сиз кийген кийиминиздеги жазууларга маани бересизби?
Results after voting
Жети жетим, беш кайып, үч арсыз. Үч арсыз. Кыргызда үч арсыз деп уйкуну, күлкүнү, тамакты айтышат. Анткени киши табиятындагы бул үч нерсенин чындыгында ары жок. Энеси өлгөн уктайт, бирок курсагы ачкан такыр уктай албайт делет. Тамактын ары жогу ушул. Ый менен күлкү аралаш дейт. Жакыны каза болуп кайгыга батканда же бир чоң кырсык болгондо муң басып томсоруп турганда да кишинин күлкүсү келип, күлүп алган учурлар болот. Ары жок эмей эмне… Беш кайып. Киши жашоосундагы кайдан, кантип болору белгис
Аамиин!
Институтда сабак берген агай ооруп калыптыр. Агайын, бир студент коргону келиптир.., студент: — Ээ агай эмне болду? Иттей арыктап кетипсизго! Агайы бул создон кийин капа болуп калыптыр.. Кийин дагы бир студент коргону келиптир... Агайы, экинчи келген студентке биринчи келген студентти жамандап: -Кара ээ, мен озум окутуп тарбиялаган шакиртим мени итке тенеди. Анда экинчи студент: — Агай, капа болбонуз ага. Сакайып, чочкодой болуп семирип кетесиз... Агайы андан бетер конулу чогуптур. Кийин агайд
Дем алыш күнүңөр көңүлдүү улансын!
СҮЙҮНҮП ЖҮРГӨНГӨ АРАКЕТ КЫЛЫҢЫЗ! Адамга ооруу ой аркылуу келет. Адам кубанганда СЕРОТОНИН деген гармон канда пайда болот. Ал канды суюлтуп жүрөктүн иштешин жакшыртат. Капа болгондо адриналин пайда болуп канды коюлаштырат, адамдын инфарк болушуна чейин алып барат... Көп капа болгон бала моюнун бүгүп баса баштайт. Бели ийилип, моюнун бүгүп баскан балдар кайсы бир деңгээлде үй-бүлөдө психикалып травма алгандар болуп саналат... Бала көп сүйүнгөндө сөөк чучугу толот. Чучугу толгон баланын иммуни
Show more
About page
КЫЗЫКТУУНУН БААРЫ БАР. Сиздер менен андан да кызыктуу болот.
Photos from albums