🌀ҮЗҮЛГӨН ҮМҮТТӨР 26 - БӨЛҮМ Эски тааныштар Ачуулана үйүнө келип, эмне кылаар айласын билбей, ары -бери басып жүргөн Рамисти атасынын сөздөрү тынчын алып, кайра -кайра кулагына жаңыра түштү. — Аралыгы он беш жаш, он беш жаш дегендери эмне я Кубат? Эми биз алардын ар бир оозунан чыккан сөзгө макул дей берсек кантип болмок эле? Мугу карагыла! Он-беш жаш имиш. Болбойт! Болбойт! Кубат. Ачуусу келе, ары жакта үстөл үстүндө турган буюумдардын баарын ыргытып, ачуусун кимден чыгараарын билбей турду. — Кожоюн түшүнөм бул туура эмес. Бирок атаңыздын сөзүн эки кыла албайбыз го, эч ким эки кылган эмес'. Эмне кылабыз эми? Айлабыз жок. Кубат да башы шылкыйа, күнөөлүүдөй күңк этти.
  • Класс
🌀ҮЗҮЛГӨН ҮМҮТТӨР 25 - БӨЛҮМ Көздөрүн араң ирмей акырын ачкан Лунара кай жерде жатканынан да кабары жок. Тек гана бир бөлмөдө, колдорунда сайылган асма уколдор. Эмне болуп жатканы, кимдин үйүндө экенин эсине түшүрө албай, тек гана араң жан ирмелген каректери аркылуу, айлана-тегеректи карап алат. Эч ким жок. Тукумдай аппак бөлмөнүе ичинде бир өзү. Ордунан турууга аракет кылды, бирок башынын зыңылдап ооруганы койчуудай эмес. Баары бир ордунан тура, эшикти көздөй басып баратты. Эмне болоорун, кайда калганын өзү да билбейт. Тек гана баарына жоопту сырттан таба тургандай, бөлмөдөн, чоң залга чыга калды. Эшигинин алдында коруп отурган жигит жанатан байкабаса керек эле, эми эле үстү башы үк
🌀ҮЗҮЛГӨН ҮМҮТТӨР 24 - БӨЛҮМ Түн ката ызы чуу түшкөн Аскаттын коноктору акырындан үй -үйлөрүнө тарап жатышты. Арасында Рамис өз жигити менен, Амир өз жигиттеринин курчоосунда өз унааларына отура жөнөштү. — Кызык болду го бул жагы? Рамис өз -өзүнчө сүйлөнүп алды. — Сен ким деп ойлойсун Кубат? Бул кишинин душманыбы? Же прокурордунбу? Эмне үчүн байкуш прокурордун жан сакчысын жайлап кетишти экен? Кубат да бир аз ойлоно түштү. — Мен прокурорго жасалган кастык деп ойлойм кожоюн. Анан бул жөн гана прокурорго эскертүү да болушу мүмкүн. « кийинки сапта сенин кезегиң » деген сыяктуу... Анткени ал көзгө атаар мерген экени аткан огунан гана көрүнүп, билинип турат. Рамис ойлуу Кубат
🌀ҮЗҮЛГӨН ҮМҮТТӨР 23 - БӨЛҮМ Өзүнө карай келе жаткан Белес Лунаранын көзүнө алда канча ачуулуу, кудум эле азыр чайнап салуучудай мыкаачы бирөөдөй көрүнө түштү. Артына кетенчиктегенден кетенчиктей берди кыз. Бирок Белес шашкан жок. Бирде өңү кубула жумшак акырын үн менен сүйлөсө, затамтта бирде кайра туруп, ачуусу жаагына чыга түктөйө түшөт. — Лунара мен сага, мен сага жамандык тилегеним жок. Каалабайм жамандык. Лунара колуңду берчи, бирге кетебиз. Сен көргөн нерсенин баарын мен түшүндүрүп берейин. Эми Белес адатынча жылуу сүйлөй, колун Лунарага суна койду. — Келчи Лунара менден коркпой эле'жашап жүргөнсүн. Менин оюмда болсо, мен эбак эле сени да булардын катарына кошмокмун да. М
🌀ҮЗҮЛГӨН ҮМҮТТӨР 22 - БӨЛҮМ — Мен... Мен чоң рахмат сизге. Лунара азыр эмне болуп кеткенин түшүнө албай, жигитти жалт карап алды да, ордунан өйдө боло койду. — Бул сууну ичип алыңыз. Кызга сууну кармата койгон Амир ордунан тура калды. — Абай болуңуз. Эгер ден соолугуңуз сыр берсе, бир аз бул жерде отура турууңуз кажет. Анткени мындай абалда сыртка чыгууга кооптуу. Аман болуңуз мен барайын. Амир кийимдерин оңдоно акырын жигиттерин артынан ээрчите, ары көздөй басып кетти. Артынан узата караган Лунара эмне айтаарын билбей, таңдана түштү. Ордунан өйдө боло калып, бирок чын эле башы зыңылдап ооруп чыкты. Кайра бир аз чоң залда жайгашкан жумшак отургучка отура кетти — Кызык э
  • Класс
🌀ҮЗҮЛГӨН ҮМҮТТӨР 20 - БӨЛҮМ Саат таңкы үчтөр чамасына жакындап калган учур. Манас аэропортуна конуп түшкөн Американын чоң учагы токтоп, андан чыккан эки-үч, өгүздөй болгон чоңдуктагы жигиттер алды көздөй түшүп, арттан келе жаткан кожоюнун күтүп туруп калышты. Туш тарапты карап алышкан жигиттер, жан жакта эч ким өздөрүн карап турбады бекен деген ойдо элейише, жандарынан кечишип, кожоюнун жанан анын үй бүлөсүн кайтаруушуда. Жубайын жетелей, артынан бойго жеткен сулуу кызын ээрчите түшкөн Самир -Аскат учактан түшөөрү замат колдорун кере-кере жайып ала, көктү карай, терең дем алып алды. — Оохх эмне деген керемет жыт? Эмне деген кооздук. Мен сага акыры келдим. Эми өлсөм да ырааз
🌀ҮЗҮЛГӨН ҮМҮТТӨР 20 - БӨЛҮМ Саат таңкы үчтөр чамасына жакындап калган учур. Манас аэропортуна конуп түшкөн Американын чоң учагы токтоп, андан чыккан эки-үч, өгүздөй болгон чоңдуктагы жигиттер алды көздөй түшүп, арттан келе жаткан кожоюнун күтүп туруп калышты. Туш тарапты карап алышкан жигиттер, жан жакта эч ким өздөрүн карап турбады бекен деген ойдо элейише, жандарынан кечишип, кожоюнун жанан анын үй бүлөсүн кайтаруушуда. Жубайын жетелей, артынан бойго жеткен сулуу кызын ээрчите түшкөн Самир -Аскат учактан түшөөрү замат колдорун кере-кере жайып ала, көктү карай, терең дем алып алды. — Оохх эмне деген керемет жыт? Эмне деген кооздук. Мен сага акыры келдим. Эми өлсөм да ырааз
🌀ҮЗҮЛГӨН ҮМҮТТӨР 19 - БӨЛҮМ Түн жарымында болгон окуяны шериги экөө тартып, окуяны жайынан кабар берген кабарчы кыз, барган кезде бир гана жансыз жигиттен башка эс алуучу жайда эч ким жок эле. Кайдан жайдан даяр болуп, тез жардам кызматы, анан милиция кызматкерлери да пайда болуша түштү. Жансыз дененин өздүгү такталып, ким экендиги изилденип жатты. Кабарчы кыз таң калып, ким, кандай! Идам бул маалымат менен бөлүшүп жатканын билген жок! Тек гага алдындан биринчи туура кабарбы, же жокпу аныктайын деп ойлогон. Бирок анык, чын болуп чыккан соң, белгисиз жандын ким экени, ары кызыктуу, ары тынчсыздандырып жатты. Таң эртең менен ар-бир жаңылыктар арасында бул окуя желдей тарады. Ара
🌀ҮЗҮЛГӨН ҮМҮТТӨР 18 - БӨЛҮМ Жол ката унаада ойлуу кетип бара жаткан Рамисти жанатан узата караган айдоочу жан сакчасы акырын сөзгө тартып, аңгемени алыстан баштады. — Кожоюн бул кыз ким экенин жакшы билесиз да, атасыңызга жетип калса, кандай болоор экен деген кыжалаттамын. Рамис жигиттин сөзүнө узак ойлоно түштү. — Кыжалат болбо! Ооба билем! Борбор боюнча аты чыккан мыкты кызды кантип тааныбай калат элек? Сен болгону эч нерсе айтпасаң болду атама. Мен бул кыз тууралуу биле турчуу, кызыктарым көп. Азырча атама эч нерсе айтпай турабыз. Баарын билген соң,башкача иш тутабыз. Эхх... Мындай кыздарды башка жол менен кайырмакка иле албайбыз, илине да беришпейт. Тың, өзүнө, ишине тыкан
🌀ҮЗҮЛГӨН ҮМҮТТӨР 17 - БӨЛҮМ Түнкү саат үчтөр чамасы. Аэропорттон чыгып келе жаткан узун бойлуу, кара узун пальтосу тизеден ылдый түшүп, колуна чемоданын сүйрөй, ак жүздүү, мурду кырдач сулууча келген жигит чыгып, жанатан өзүн карай күтүп турган кымбат үлгүдөгү кара унаага отура кетти. Артынан зуулдай ээрчиген төрт-беш дал ошондой окшоштуктагы унаалар ээрчий, артынан калбай, жөнөп баратышты. — Чарчабай жетип келип алдыңызбы? Жигит башын ийкей акырын, ооба дегендей белги көрсөтүп койду да, өөх деп, терең дем ала түштү. — Бишкегим! Кандай өзгөргөн, укмуш! Чоң шаардын арасында кымбат унаа зуулдап бара жатты. Борбор шаарды мынчалык сагынганына караганда, көптөн бери келе элек сыягы.
Показать ещё