Дүйнө кезип, дербиш болуп кетсем дагы,
Ааламда бийиктерге жетсем дагы,
Ата- энем мага ыраазы болсо экен,
Анткени бул дүйнөгө келбейм дагы.
Маачыркап мансабыма көпсөм дагы,
Жетишпей кедейликтен чөксөм дагы,
Ар убак болушаарым аман болсун -
Уялаш бир тууганым, жакындарым.