Сен келип
Жүрөгүм тоңгон эле музга айланып.
Жылуулук жок телмирген кыш жайгарып.
Эмнегедир жаздын жыты келип турат.
Сен келип кышым бүгүн жазга айланып.
Байкатпай сен бастырып кирип келдиң
Жылытып ак кар баскан мөңгү жерин.
Жаз гүлүндөй соолубасын бул сезимдер.
Гүл ачып гүлдөп турсун,күндө деймин.
Сен келип караңгы түн аткан таңдай.
Серпилип шамал менен жарышкандай.
Сезимге тутандырып отту жактың
Муз болгон жүрөгүмдү жылыткандай.
Сен келип жаны жашоо күлүп бакты.
Жүрөгүмдө сага деген сезим жанды.
САМАРА КИМСАНОВА 03.12.14
Мен сени жоготуудан коркуп турам
Мен сени жоготуудан коркуп турам,
Жалгыз аяк жолдорду туман баскан.
Жалооруп көздөрүмү тиктей берсең,
Жалт карап көздөрүмдү ала качам.
Жаңылып жашоодон калбайын деп,
Жалгыздык жайлоосунан өзүм качам.
Жанашып экөөбүздү табыштырган,
Жаштыктын агымынан коркуп турам.
Жайнаган гүл бакчага колум сунам,
Жайкалып жыттын искеп өмүр улайм.
Жанымда өбөк болсоң бир өмүргө,
Жашоомдо өз ордумду, бакты курайм.
Жаңылып калбаш үчүн бул жашоодо,
Жогоотуудан мен сени коркуп турам.
Жаз,жай,күз же кышпы өтсө дагы,
Жаныңда бир өмүргө өзүм турам.
Автор: САМАРА КИМСАНОВА.24.01.15 МОСКВА