Мен бир куш канаты жок,
Уча албай аскалардан,
Ажырап сенден анда,
Суйуудон ачка калгам.
Жалындуу Жан элен го,
Эркимди башкара алган.
Сендеги жылуулукту,
Издеймин башкалардан.
Тагдырга суроо салып,
Жооп таппай карайлаймын.
Сендеги коз карашты,
эч кимден табалбаймын.
Сен кеткен кыйалына,
Визасыз баралбаймын.
Космосто болсон дагы,
Аман жур маралдайым.
Калдайган Кара Дениз,
Жээгинде басканыбыз,
Козду албай толкунунан,
Кыйалга батканыбыз.
Акыры окшошподу,
Суйууну кыял учун,
Садага чапканыбыз,
Туу тутуп куру намысты,
Турмуштан качканыбыз.
Улан Искендеров.
Сизге алпарчу жолдор менен баспадым,
Өзүмө өзүм көр казгансып таштадым.
Кылгандарым үчүн балким сыноодур,
Колун кармап кеткендигин башканын.
Бере албадып сизге арнап гүлүмөн,
Чыга албадым дүнүйөнүн жүгүнөн.
Жаркып жашап сиз бактылуу болсонуз,
Мен бактылуу болгон өңдүү сүйүнөм.
Жүрөгүмдү өзүм тытып канаттым,
Жан дүйнөмө толгон кайгы жараттым.
Кайдыгерлик кылып жүрүп эки үч жыл,
Учуп жатат колдо турган бар Аккуум.
Кечириниз санаасы жок мендейди,
Бакыт учса кайра кайтып келбейби .
Төрт кыдырып келсем дагы дүйнөнү,
Түк табалбайм эч убакта сендейди.
Улан Искендеров.
Көөдөнгө батпай жаш толуп,
Көкүрөк ыйлайт кас болуп.
Кай жака барат келечек?
Кыз эркек дебей кыйшаңдап,
Клубта жүрөт мас болуп!
Калаабыз турат калдайып,
Катындар басчу марш болуп.
Батыштын алдык былыгын,
Байланып тарттык чылымын.
Баатырлар чыкты туура деп,
Бакай банктын кылыгын.
Чаташкан турмуш дүйнөдө,
Чындыкты айткан ким болду.
Ажобуз баштап кыйындар,
Асылганы Дин болду.
Бир тутам кескен чач үчүн,
Бир баатыр дарга асылган.
Азыркылар укук деп,
Аянтка чыгып чач кырып,
Айныды окшойт акылдан.
Аял зат сыйлуу аманат,
Аларды болбойт каралап.
Эр болуп аяр кызганбас,
Эркеке тийет жамам ат.
Жакшылык берип элиме,
Жараткан өзүң калыста.
Аял эркек дебестен,
Чакырам баарын намыска.
Улан Искендер