.....Бадобот
Башка жактык туугандарым күлүшөт,
Бадоботтон уялам дейт бир жигит.
Анын атын которсокпу деп коет,
Баш шылкыйып, буту менен жер чийип.
Башты көтөр, көлдүк болсоң иничек,
Бадабот бул көлдүктөрдүн идиши.
Бармак малып, кымыз ичип, кесме ичип,
Бадаботсуз кыйын курсак тоюшу.
Ар бир затка энчилүү ат коюлат,
Ал идиштин энчилүү аты- БАДАБОТ.
Ага толо чалап куюп ичпесең,
Ыстакандап кантип курсак тоюнат?!
Энем мага толо жарма берчү эле,
Чөп чабыктан, же мал кайтарып келгенде.
Аты өзгөрбөй шондон бери келаткан,
Өзгөртөмбү, күлүп койсо бир пенде...
Сыймыктанам көлдүк болуп калганга,
Сыйлайм сени, келгин калбай арманда.
Сунам сага -бир бадобот кымызды,
Беш бармак жеп, досум, суусап кал