Сен мени жонотконсуң ошондо эле,
Жаныңда бармын азыр жокмун дагы.
Ишеним өлгөн күнү кошо өлгөн бейм,
Сезимди таппай калдым ордундагы.
Көңүлдүн сыныктары көзгө кирип,
Калганы тепселенип жерде жатат.
Эмнеге эң жакыным деген жандар,
Эң жаман күнгө калган кезде сатат!
Чогулта албай жашап өзүмдү-өзүм,
Чачылып кеткен майда бөлүктөргө.
Адамга ажал келип өлгөн башка,
Кыянат азабынан өлүп көрбө....
Кадырсыз көздөрүмдүн жаштарында,
Деңиздин көлөмүндөй оордук жатат.
Жүргөнүм менен баарын унуткандай,
Жүрөгүм ооруп жатат, ооруп жатат.
Сен мени жоготконсуң ошондо эле,
Жаныңда сөлөкөтүм тек көрүнгөн.
Кечире албай жүрөм өткөндү азыр,
Кечирген күнү кетем мен өзүңдөн.
Гульниза Эргешов