АВТОРУ АТТОКУР ЖАПАНОВ.
ЧОКМОРОВ: «МЕНИН ИНИМ КАНДАЙ АДАМ ЭЛЕ?»
Адам акка моюн сунганда бейит башында турган адамдарга карап үй-бүлө мүчөлөрүнөн же урук-туугандарынан бири:
– Кандай адам эле? – деген суроону таштайт. Маркумдун тирүүсүндө кетирген кемчилиги, жасаган күнөөлөрү болсо да жамы журт жапырт бир ооздон:
– Жакшы адам эле! – деп жооп беришет. Анан ушуга улай:
– Кимде карызы бар эле? – дейт.
– Карызы жок! – дешет.
Ата-бабам жердеп келген ушул алакандай айыл четинде туруп азыр ар түркүн ойго батам. Көзү өтүп кеткен адам туурасында ойго баткан кезде аттиң, азыр тирүү турса болбойт беле деп бир умсунуп алмай адатыбыз бар эмеспи. Чындап эле менин иним кандай адам эле? Менин инимдин кимде