ЫЙГА ТОЛУП ТУРАТ ЖҮРӨК ТОЛТОСУ
Кадам бассын деген ойдо арыштап,
Көртирилик, ага өмүр табыштап,
Каршы ала күнүмдүгүн замандын,
Күн агымын тартып турат алыс жак.
Ый жаңырса кыйын экен ой кошуу,
Ыйга толуп жүрөгүңдүн толтосу.
Качан келип билбейсиң же кыярын,
Кырсык деген -- каш-кабактын ортосу!
Кырсык деген -- иңир түшкөн күүгүм де,
Кудайга бир жеткен ички үнүм де,
Кыл көпүрө үстүндө тил мөөрү бар,
"Кеттим!.." дебей, "барып келем!.." бүгүн де!..
Үмүт менен алыс жолго сүйүнө,
Үйдөн чыккан кайтпайт эми үйүнө.
Каргашалуу кабар тилип дүйнөсүн,
Калды сыздап жакындары күйүнө.
Көңүлгө өөн ызалыкты жут жылдыз,
Сага учуп барган рухту тут жылдыз.
Каарып турган тең бөлүшүп кайгысын,
Аза тутуп жатат б