Сыртымдан жалжылдап жүргөн менен.
Ичимден жалындап күйүп турам
Сыртымдан каткырып күлгөн менен.
Кусага жүрөктөн батып турам.
Күйүтү жүрөгүңдө жалындаган
Мага окшоп бул дүйнөдө жүргөн барбы.
Күчөгөн күйүттүн азабынан.
Магдырап жолун таппай калган барбы.
Жүрөктү сыздаткан ачуу дартбы
Аны да айыктырар дада барбы.
Карабай өткөн күнгө алга жылчуу.
Жашоомду жаңылоочу күндөр барбы.
Кайгырбай бул дүйнөдө жүрсөм деймин.
Абирок муң кайгыга батып келем.
Армансыз бул дүйнөдөн өтсөм деймин.
Аргасыз арман менен жашап келем.
30.03.2020. Нишанов.А.А.
Кемин.