Бир ирмем.
-Кофениз?
Столду тейлеген кыздын илбериңки үнүнөн бери бурулдум :
-Рахмат!
Ысык кофеден ууртап, терезеге кайра тигилдим. Жамгырдын тамчылары айнектен ылдый куюлуп,ыйлап жаткан адамды элестетет. Куду мен сыяктуу!
Мен сырттан жылмайганым менен, жан дүйнөм ушул терезе сынары көз жашын көлдөтүп төгүүдө. Эгер адамдын ичиндеги бурганакты ,көздөрүнө карап билип алууга мүмкүн болгондо, азыр адамдар мага боору ооруп, кээ бир көнүлү бош адамдар кошо ыйлап алышмак. Балким андай болбойт эле, деги ким билсин?
Убакыт өткөн сайын , кол саатыма улам карап, өткөн жумада тапшырган анализдеримдин жыйынтыгын алып келмек болгон , дарыгердин келээрин күтүп отурдум. Кабылдамасына эле барайын десем,