Жаңы жыл!
Убакыт алды алганын
Уттурдук билбейм канчасын?
Уул болдуңбу журтуңа
Улуу тарых тактасын!
Куттуктап мен, калемгер
Эл камын көрсүн эрендер!
Кут болсун жаңы жылыңар,
Аз болуп, ыр анан чырыңар!
Бийликте болду өзгөрүү
Шайланып кайра өздөрү..
Калайык калк кыйкырат
Канаке, бер деп өзгөрүү!
Ыр менен курсак тойбойт го,
Ырдасаң кампа толбойт го?
Коррупцияны жоелу
Антпесек эми болбойт го!
Чачылганды жыйнаган
Чачтуунун чачын кыйбаган,
Акыйкат бийлик боло көр
Айткандын оозун тыйбаган!
Элибиз болсун башы аман
Ээрчибей бир сөз, эч жаман!
Эрк берип биздин бийлике
Эл деп турсун ар качан!
А.Элеманов
29.12.2017-ж. Бишкек шаары
АК СҮЙҮҮМ КАЙДА, АК КАЙЫҢ?
Алдыңа келем ар дайым,
Арманым айтып ак кайың..
Айланып көзгө тартылат,
Ал кездеги жаш чагым.
Тартылып биз турсак да
Тартынып, колум бутакта
Ак кайың сени сылагам
Ардагым турган убакта...
Акбалык сууда ойногон
Жээгинде сайды бойлогом..
Ак кайың биз кезикчү
Үйүбүз болчу ойлогон...
Жетелеп барып колунан,
Ак кайыңды калчум кучактап..
Сүйүүмдү ага бербестен
Алдыңбы кайың тузактап..
Акмалап издеп жүрөмүн,
Ак сүйүүм менин каякта?
Асылым жок, жалгызмын
Ак кайың сен тарапта...
А.Элеманов август 2017- ж.
Кош бол, досум кайраным!
Жүрөгүмдүн жаңыланып жарасы
Досторумдун суюп барат арасы...
Өлүм бербей, өмүр берип аларга
Ээ, кудайым өзүң болчу арачы!
Жакшыларды ала берип акыры
Журтубузду сынадыңбы кудайым?
Кор туткандар төрүбүздө бийлесе
Кыргызымдын ким көтөрөт убалын?
Эх, Кубаныч, кош бол досум, кайраным
Элибиздин көтөрчү элең байрагын...
Эгемендик, Эгембердиев бир эле
Эми дагы, мен айтайын кай жагын..?
Көккө учуп, чымын жаның чыркырап
Көп адамдын жанын билем, зил кылат...
Көптүн бири эмес элең, эх аттиң
Сен жөнүндө көп калемден тил чыгат...
Периштелер, билем сен тараптыр
Бейиш болсо, сендей адам бараттыр...
Бешенесин эми сылай албайсың,
Бийиктиктен жубайыңды, балдарыңды карап тур..
Ко