ДОСТУК ТУУРАЛУУ БАЯН
..бир жигитке атасы ар убак эле: "..дос тандоодо өтө этият бол, өтө сак бол уулум,.. ким менен чогуу иш кылчу болсоң анын ким экенине өтө маани бер; жакын мамиле кылмакчы болуп аткан жаңы тааныштарды тандоодо өтө кылдат бол, аманат, шерт, убада берип аткан, алып аткан адамдардын ким экенине өтө чоң маани бергин" деп басса- турса кулагына куя берчү экен. Уулу эрезеге жетип, жашоодогу анча-мынча ысык-суукту көрүп дегендей тажрыйба топтойт, мезгилдер зуулдап жашы да өйдөлөйт; ошондо да жарыктык ата уулун чакырып алып баягы насаатын кайра айтып: "..уулум дос тандоодо этият бол, дос күткөндө абайлап күт" деп эскертмейин улантат. Уулу акыры чыдабай жарылып ".. ата ушул нас
#КУДАГЫЙЫМ
Күздүн керемети терезеден сыртка караганда жүрөгүңдү жылытат. Жашым алтымышка барып калса дагы тээ бала кезимдеги күркүрөгөн күз айындагы жагымдуу элестер, мектепке даярдык, түшүм жыйноо, түн кечип айылды кыдырып оюнга тойбогон сезимдерим мени таштап кете элек. Жыл жаңырып күз келсе эле дал ошол зор сезимдер менен мас болом. Ушул мезгил мага өзгөчө жагат. Өрүк как жыйып, буудай сапырып, жүгөрү чыгарып, тегирменде кезек күтүп, талкан кууруп, кышкыга отун жарып, жыйып, эх, деги койчу кандай сонун сезимдер калды. Сагынам. Айылымды сагынам. Ошол кез кайтып келбеген зор бакытка бөлөгөн жаштыгыбыз экен го...
Баса, ушул күз мезгилин күтүп жүрүп кенжемди үйлөдүм. Той абдан жакш