Жашоодон көп азап чектик. Атым Айдар, жакын досум Алтынбек.
Экөөбүз балдар үйүндө чогуу өстүк. Мени балдар үйүнө таштап кетишкен экен, мен жети жашка чыкканда Алтынбекти жана анын карындашын алып келишти. Ата-энеси каза болгон экен, билбейм эмне болуп каза болушкан, бизде так маалымат жок. Эки күндөн кийин Алтынбектин карындашын бир адамдар келип алып кетишкени эсимде. Алтынбек карындашын талашып, унаанын артынан чуркап жетпей кулап түшүп тизеси канап, башы жарылган. Калган балдар кичинекей болгондуктан тарбиячы Гүлүм эже, мага Алтынбек менен дос болушумду айтты. Ошентип анын жанында аны карап калдым. Алтынбек карындашы кеткен соң такыр сүйлөбөй койду. Ал менен бир керебетте чогуу жатам, чогуу тамак жейм, бирок досум,баягы-баягы бойдон. Күндөр өтүп Алтынбек сүйлөп, шоктук кыла баштады. Өзүнөн чоңбу кичинеби барын урат, кээде магада сокку узатып коёт. Анын жүрөгүндө эч кандай боорукердик, ак көңүлдүүлүк, мээрим деген нерсе калган эмес. Ошентип он алты жашка толдук. Биз чоңойгондо башка балдар үйүнө көчүрүштү. Ал жакта тентек балдар аябай көп экен. Баары уктаганда туруп мени уруп-сабашты. Айткандарын кылышымды талап кылышты. Алтынбек болсо аларга баш бербей мушташа кетчүү. Тентек балдар барыбызды урсада, баары биригип Алтынбеке каршы чыга алышчуу эмес. Бир күнү уктап жатсам жанагы балдардын бири келип сыртка чыгышымды айтты. Азыр деп кийимимди кийип жатсам Алтынбек ойгонуп кеттида:
-чыкпа эшике!
-дос... чыгышым керек.
-дос дебе мени.
-кечир...
-кечирбейм. Эгерде мени дос десең, досум болсоң коркок болбо, урса-ур, тепсе-теп.
-кантип? Деп көзүмө жаш алдымда балдардан коркконумдан сыртка чыгып кеттим. Алтынбек күлүп карап коюп кайра жатып алды. Чыгып баратып көзүмдөгү жашты арчып-арчып коём. Чыксам баардык балдарды тегерете тизип алып уруп жатышыптыр. Мен акыркы болуп барганда Эмир деген бала дароо жакалап туруп, ылдый тартып тизелеп мурунга тепти. Көзүм караңгылашып өнгүрөп ыйлап жатып калдым. Эмир оозумду бекем басып:
-үнүңдү чыгарба энеңдурайын! деп бакырынат.
Ага болбой тарбиячы эжелер келип куткарат деген ойдо бакырып ыйладым. Эмир муштап көзгө согордо артынан кимдир бирөө аны томолото тептида мени колумдан жулкуй тартып тургузду. Жакшылап карасам Алтынбек. Мени артына коюп:
-кимде-ким менин досума тие турган болсо ушул жерде өлтүрөм. Эркекче сөзүм.
Мен анын досум деген сөзүн биринчи жолу уксамда, анын коругунда экениме кубанып турдум. Эмир ошол жердин барын башкарчуу. Ал намыстанып кеттиби айтоор Алтынбеке атырылып чабуулга өттү. Алтынбек тарамыш жигит Эмирди алдына жолотпой тепкилеп басып алып ургулап салды. Эчким эчтеке кыла албай туруп беришти. Мен некылаарымды билбей турам. Алтынбек Эмирди төпөштөп койгон соң ордунан туруп, жүр досум деп далымдан таптады. Эмир ордунан тура албай жөтөлүп жатып калды. Алтынбек экөөбүз бөлмөгө кирдик, ал жүз арчуусун алып мага берди. Мурдумдагы канды тазалап жууп, арчып алдым. Мурдум доңкоюп ишип кетти. Алтынбектин колу сыйрылып кеткен экен, төшөгүнө эле арчып түкүрөктөп арчып койду. Мен жанына отуруп:
-дос, рахмат сага, мени куткарганыңа.
Ал жылмайып:
-өмурүмдө биринчи жолу бир адамды куткардым, ал да болсо сен.
Мен да жылмайып:
-неге куткардың?
-сен мага көп жакшылык кылдың, бүгүн түшүмдө сен өлүп калыпсың. Мени караган адам жок, тап-такыр жалгыз калыптырмын. Чочуп ойгонсом, сен кийинип жатыпсың.
-мм рахмат, эми алар бизге тийбейби?
-досум, бирөө тийсинчи жанын сууруп алам.
-Алтынбек сенин карындашың неболгон? Аны качан издейсиң?
Анын маанайы чөгө түшүп:
-ал каза болуп калган, Гүлүм эже эсиңдеби?
-ооба...
-ошол айткан... Эх...
-неболуп каза болду билесиңби?
-жок билбейм, аны эчким билбейт. Бир болсо аны атайын эле өлтүрүп коюшкан ошондон кийин адамдардан жакшылык күтпөйм, эчкимге ишенбейм. Батырак эле өлүп калсам деп тиленем. Бирок айла жок. . . баса Гүлүм эжеде сүрөтү бар экен, муну мага белек кылды деп көкүрөк чөнтөгүнөн сүрөттү алып чыгып мага берди. Ак бантик тагынган татынакай окуучу кыз. Ошентип сүрөттү көрүп отурсам эле Эрнис деген бала чуркап бөлмөгө кирип:
-Алтынбек! Айдар! Эмир дем алалбай жатат.
Жүрөгүм дүк эте түштү. Сүрөттү чөнтөгүмө салдымда, чуркап чыксак күзөтчүда, милицияда,тарбиячы эжелерда келип калышыптыр. Эмирдин жүзү кып-кызыл ары онтоп-бери онтоп догдурлар келгенче жан берди. Биринчи жолу адам өлүмүн көрүп жатам. Дароо Алтынбеке көз салсам ал качып баратыптыр. Дароо артынан коопсуздук кызматкерлери кубалап кеттида жол боюнан кармап кетишти. Ошол бойдон аны көрбөдүм. Тарбиячы эжелер аны абакта дешти, бирок кайсы жакта экенин айтышпады. Мен аны издегим келди бирок тап-такыр анын жолу жок эле . Дагы бир жыл өттү. Бир күнү карыган кемпир келди. Балдардын ичинен мени тандап алды. Бул жактан дос күтпөдүм, эч кандай жакыным жок. Алтынбекда жок, бул жактанда тажагандыктан ошол кемпир менен кеттим. Аны чоң эне деп алгам. Ошол күндөн тартып Калбү чоң энем мени тарбиялай баштады. Өзү жөнүндө балдары же турмушу жөнүндө эчтеке айтпайт. Мен да мурда кызыгып сурай берчүүмүн. Кийин барибир айтпагандыктан сурабас болдум. Бишкектин четиндеги айылда жашайбыз, ошол айылдагы мектепке онунчу класска киргизип койду. Барынан эң жаман окуп жүрдүм. Ошол жерде мугалимдердин айтышына караганда мени багып алган Калбү чоң энем мурда мугалим болгон экен. Жаман окугандыктан класс жетекчим мени менен чогуу үйгө келип чоң энеме арызданып кетти. Мени жамандады, башка кылды. Өзү сабака барганыма бир ай боло элек, эчким менен сүйлөшпөйм, Алтынбек айткандай эчкимден жакшылык күтпөй калгам. Эжекем келгенден кийин чоң энем мени аябай каргап-шилеп урушту. Ошол күндөн тарта жакшылап окууганы кириштим. Ушунчалык сабатсыз экенмин, эптеп эки тамганын бирин кошуп окуй албайм. Өзүмө такыр карабайм, сасып кеткенмин, башым, жакам баары кир. Класс жетекчим тарбиялык саатта мени доскага чыгарып алып колун чыпылдак чуйук алып, урушуп-уруп жатты.
-акмак! Сенин айыңдан мугалимдерге бүт уят болдум. Чоң энеңдин урматына окуп жатасың бул жерге. Эмне окуу керек эмесби сага? Керек эмес болсо чык, жогол!
Аңгыча арттан бир бала тура калып:
-эжеке аны окутам деп кыйналбай эле коюңуз, жетимдерге окуп не керек эле.
Жүрөгүм дүкүлдөп катуу согуп, Алтынбектин “ досум болсоң эчкимден коркпо, урса-ур,тепсе-теп” деген сөзүмө эсиме түшүп кеттида, намысым чыдабай ошол балага жетип барып бир соктум. Артымдан мугалим чуркап келип шапалактап менида урду, тиги баланыда урду. Мен ушул күнү биринчи жолу чабуул жасадым. Эжей экөөбүздү тең доскага тургузуп алып уруштуда берки баланы отургузуп коюп, айткан сөздөрүн эле кайра кайталап айтып кирди:
-колунан бок келбейт дагы соккулап коёт, эй башы жок азыр колдун заманы эмес, азыр акылдын заманы. Жөн койсо кыйын болуп кетет.
Ошентип сабак бүткөнчө уруш уктумда, кайра акыркы партама барып отурдум. Мугалим сабагын бүтүп чыгып кетти. Мен сумкамды партага коюп алып башымды катып акырын ыйлап жаттым. Бул дүйнөгө келгениме өкүндүм. Бармагымды тиштеп алгам. Башыма бирөө бир сокту. Карасам балдар үйүлүп калышыптыр. Жанакы бала жинденип курч карап:
-тур жетим ордуңдан!
Чындап коркуп кеттим, дароо кечирим сурап бетимди тоскулайм. Ага болбой төпөштөп көптөп ургулап тепкилешти. Бирок балдар үйүндө муштум көп жегенгеби соккуларды анча тоготпой калыптырмын. Бетимди жаап эле жерде жатсам бир классташ кызым чуркап келип балдарды сумкасы менен чапкылып мени куткарды. Ордуман тургузуп, жүз арчуусу менен көзүмдүн астыларын, мурдумдан аккан канды арчый кирди. А мен кыңылдап ыйлап жаттым. Балдар баары каткырып, тиги кызды шылдыңдап киришти.
-жетимге да жардам бересиңби?
-эмне ушул эшекти сүйүп калдыңбы ахаха?
-жетимге жардам берем деп жетим болуп калба!
Классташ кызым дароо ордунан туруп тиги “жетимге жардам берем деп жетим болуп калба!” деген баланы шапалактап бир чапты. Бала сөгүнүп-сагынып аны жакалап өзүнө тартты. Өзүм үчүн эмес, башка бирөө үчүн чабуулга өттүм. Классташ кызымды сөккөн баланы көзүнө муштап бир согуп калганы ким келсе ургулап-тепкелеп жаттым. Классташ кызым жөн калбай сумкасы менен ойду-келди туш-тараптан ургулап кирди. Бир туруп мени чабат, бир туруп башканы чабап. Сумкасында таш барбы эмне, соккон сайын жинди кыла коёт. Класстагы ызы-чуудан мугалимдер чуркап келишти. Кичине нерсеге милиция чакырып түшүнүк кат жаздырышты. Милициялар көзүнчө балдар менен жараштык, бири-бирибирибизди кечирдик дегенибиз менен барыбыз эле кек сактап калдык. Үйгө кеч барсам чоң энем жинденип күтүп туруптур, жинденип мени урушуп кыйкырып жатты. Үйдө бир торпок бир уй бар. Ошол уй торпогу менен жок экен. Чоң энем ошого ачууланып уйду тапмай сайын келбешимди айтты. Түн да кирди. Айылда кыдырбаган жерим калбады. Көздөрүм көгөрүп кабыргаларым жөн эле тырышып ооруйт. Оору күчөп кеткендиктен жол жээгине отуруп калдым. Бир сыйра такашып бурап ооруп басылып кетти. Анткен мененда басканга шайым жок. Тээ алыстан кимдир бирөө Айдар! Айдар деп кыйкырат. Ордумдан туруп карасам ай жарыгында уй торпогу менен артында бир кыз келатат. Алар жака карап басып барсам жанакы мени куткарган классташ кызым экен. Аны көрүп сүйүнүп кеттим.
-ой сенби? Кандайсың?
Ал таңгала карап:
-апей сенда сүйлөйт белең? ий байкуш көздөрүң неболуп кеткен?
-эчтеке. Уйду каяктан айдап келатасың?
-биздин бакта жүрүптүр. Тез үйгө алып барып чоң энеңе көрсөтпөй байлап кой?
-эмнеге?
-карачы торпок энесин эмеберип эмчегин оорутуп салыптыр. Жакшылап карабайт белең?
Мен жылмайып:
-эме, атың ким?
-ай? Атымды билбейсиңби?
-жоок, эчкимдин атын билбейм.
Ал кыткылыктап каткырып:
-атым Тахмина. Класстагы гана эмес, мектептеги эң күчтүү окууган кызмын деп башын өйдө көтөрүп күлүп койду.
Менда жылмайып:
-мени неге куткардың? (бул суроону Алтынбеке да берген элем)
-сениби?
-ооба...
-болгону боорум ооруп кетти.
Бул тап-такыр башка жооп болду. Катып туруп калдымда:
-бооруң? Мага оорудубу?
-мм... Ооба баары сени уруп жатса карап тура алган жокмун. Айдар каалайсыңбы мен сенин сабактарыңа жардам берем, барын чогуу окуйбуз.
-а эмнеге?
-мен... Сенин мугалимдерден уруш угушуңду каалабай элемин.
-аа макул анда.
-анда мындай сен азыр уй-торпогуңду байлап коюп кайра кел.
-ушул жергеби?
-жоок, тээтиги чырак жанып турган үй менин үйүм ошол жака келебер макулбу?
-аа эмне кылабыз?
-келсең анан деп кетип калды. Мен дароо уй-торпокту байлап чоң энеме тамагын берип шаша-бүшө чыгып кеттим. Тахминанын үйүнө баратсам терезеден мени күтүп туруптур. Азыр деп коюп сыртка чыкты. Колунда муздар бар экен. Экөөбүз айдын жарыгында эшигинин алдында отурдук. Ал музду ишиген жерлериме басып жатты. Аябай ачышып ооруду бирок ал “туруптур чыда, эркексиңго” деп намысыма тийип жылдырбай койду.
Түн ортосу үйгө кирип бардым. Чоң энем уктап калыптыр. Дароо очоко суу кайнатып, кийимдеримди жууп, өзүмда жуунуп, качантан бери иштебей дат басып калган үтүктү алып чыгып арчып тазалап даярдап коюп жаттымда, таң атпай туруп,уйду саап коюп, кийимдеримди үтүктөп алып сабака жөнөдүм. Эчким келе элек экен, өзүмдүн партама барып отурдум. Аңгыча кечеки балдар кирип келишти. Кичине коркконум менен ичимден мен Алтынбектин досумун, Тахминанын классташымын, мен ага керекмин деп катуу турдум. Кечеки жетим деген бала келип жаныма отуруп:
-атым Канат, эгер бизден сокку жегиң келбесе барыбыздан кечирим сура.
-сурабайм. Бул сөз оозумдан чыгып кетти,айтып алып өзүм коркуп кеттим.
Канат дароо башыма бир сокту. Ордумдан туруп жакалап кеттим. Аңгыча класс жетекчи келатат деген дабыш угулду. Баарыбыз жай-жайыбызга отуруп калдык. Эжейибиз физикаданда сабак берчүү. Эчтеке болбогондой сабак өтүп баштады. Сабак ортолоп калганда Тахмина уруксат сурап кирип келди. Адатынча алдыңкы партага отурат десем түз эле мугалимге барып бирнерсени шыбырап кирди. Мугалимибиз тыңшап туруп мыйыгынан күлүп:
-мейли отура кой, кана эми ошондой болсо.
Тахмина “Рахмат” деп түз эле мен тарапка келип жаныма отураары менен класстын баары охолоп киришти. Мугалим Канай эжей:
-тынч! Тынчтангыла! Карагылачы күндө өзгөрбөгөн Айдар бүгүн өзгөрүп жуунуп-таранып, кийимдерин үтүктөп келиптир. Бириңда Тахминадай боло албайсыңар, бирөөгө жардам бергендин ордуна шылдың кыласыңар. Силерге ошол керекби? Барыңардын ата-энеңерди жакшы билем, аябай сабаттуу, мээримдүү эчкимге жамандыгы жок адамдар. А силерчи? Же эмнее силерге ошондой тарбия берип жатабы? А мен Айдар боюнча айта турган болсом, силер кадырына жетпей жүргөн ата-эненин баркына ал эчаак эле жетип койгон. Туура ал ата-энеси жок багып алынган бала бирок ал силерге окшоп ичине кир сактабайт. Ичи таза. Кечеки уруштуда билем эмне болгонун. Өзү токмок жегенге ыраазы бирок башкалар аны деп токмок жешине жол койбойт. Бирөөң Айдарга тиет экенсиңер балдар, баарыңарды мектептен кууп чыгам...
Эжейдин сөздөрү мага майдай жакты. Эчким мени мынтип мактап баа берген эмес эле. Ошентип сабактар бүткөн соң Канат досторуна кошуп алып менида мектептин аянтына алып чыктыда балдар менен ороп алып жакамдан кармап:
-Айдар, бир нерсени жакшы билип кой, мага жетимсиңби башкасыңбы тырнакчалык дагы кызыктырбайт. Сен биздин а класста окуш үчүн мен айткандын барын жасашың керек.
Жок мен качанкыга чейин бирөөгө баш ийиип жашайм дедимда:
-мен эчкимге баш ийбейм жана ийдиреда албайсың.
-эмне? Деп урайын дегенде б класстын балдары ышкырынып келип калышты.
Мага бир гилтейген жигити келип жөлөй өттүда Канатка бешенесин такап:
-а Канат? Сыртка чыгып эркин басып калгансыңбы?
-өзүм билем кандай басышты.
-эмне? Деп жыгыта сокту. Биздин балдар эчкимиси унчукпайт. Канаттын мурду канап ордунан туруп:
-Дөөлөт мен азыр сага тийбей эле коёюн, бирок мен сени барибир баш ийдирем. Азыр сенин сабагың башталып калды барабер.
Ошол гилтейген Дөөлөт каткырып:
-мен сабака шашкан жокмун, кана, ур.
Көрсө Канат колунан бок келбеген бала турбайбы. Дөөлөт аны жакалап бешенесин так сүзүп:
-жүрөгүңдү сууруп ала электе бул жерден кетип кал. Канат дагы эле кыйын болуп:
-кеттик, али булар менен көп көрүшөбүз.
Дөөлөт эми чыдабай кетти окшойт, Канаттын артынан жетип далыдан ары бир тепти. Канат чаңга бууланып жатып калды. Жетип барып дагы тепкилейин деп жатканда чуркап жетип, Дөөлөттү бир түрттүмда:
-Дөөлөт, эгер Канатка дагы бир жолу тие турган болсоң жаныңды сууруп алам.
-энеңдурайын жөжө –короз бери келчи сен, тилиң чыгып калганбы?
Кудум Алтынбек Эмирди уруп-тепкилегендей алдыма жолотпой басып жатып алдым. Дөөлөт бирок чыныгы эркек экен, астымда жатсада тийбегиле эркекче муш кылабыз деп балдарын жолоткон жок. Чынында мушташпаганбы же күчүмдүн алсыздыгынабы айтоор чарчап баштадым. Дөөлөт ошондон пайдаланып мени оодарып басып, чабуулга өттү. Канат унчукпай турат. Акыры болду деп жибердим. Дөөлөт дароо токтотуп, колумдан тартып тургузуп:
-атың ким?
-атым Айдар.
-Айдар эркек экенсиң. Аңгыча Тахмина чуркап келдида колумдан бекем тартып эрчите кетти. Балдарга карап-карап коём. Эчким үн катпайт. Тахмина мектепке жетээрде жинденип:
-Мушташ-мушташ дагы мушташ. Муштун балэкетин аласыңбы? Жүр эми тияка деп бака жалбырактан үзүп келип, арыктагы сууга салып көгөрүп ишиген жерлериме бастыда ишигин кайтарды. Мен үн катпай турдум.
Тахмина мени дарылап бүткөн соң:
-Айдар бир-эки жума сабака келбей тур, мен өзүм сага сабактан жардам берем. Үйүңө барып турам.
-а эмнеге келбейм?
-ушул кебетең менен уялчы кичине.
-макул,деп үйгө бардым.
Дарбазага жеткенде чоң энем алдымдан чыгып жүзүмдү көрүп:
-о! Кебетең менен сенин! Шумпай! Кир үйгө тез-тез. Ким менен мушташып жүрөсүң я?
Мен унчукпай үйгө кирдим. Чоң энем артымдан каргап-шилеп келатат. Бул мен үчүн көнүмүш адатка айлангангабы мурдагыдай сөздөрү катуу деле тийбей калган. Кийимдеримди чечип үй кийимимди кийип мал караганы чыгып кеттим. Чоң энем тойго кетти. Уйлардын астын тазалап сугарып, жайгаштырып коюп негедир Алтынбек берген сүрөт эсиме түштү. Баштыка кийимдеримди салып келген элем, дароо тыткылап издей баштдым.
Ооба ал күндөр эсимде Алтынбек экөөбүз сүйлөшүп отурганбыз:
--Алтынбек сенин карындашың эмне болгон? Аны качан издейсиң?
Анын маанайы чөгө түшүп:
-ал каза болуп калган, Гүлүм эже эсиңдеби?
-ооба...
-ошол айткан... Эх...
-неболуп каза болду билесиңби?
-жок билбейм, аны эчким билбейт. Бир болсо аны атайын эле өлтүрүп коюшкан, ошондон кийин адамдардан жакшылык күтпөйм, эчкимге ишенбейм. Батырак эле өлүп калсам деп тиленем. Бирок айла жок. . . баса Гүлүм эжеде сүрөтү бар экен, муну мага белек кылды деп көкүрөк чөнтөгүнөн сүрөттү алып чыгып мага берди. Ак бантик тагынган татынакай окуучу кыз. Ошентип сүрөттү көрүп отурсам эле Эрнис деген бала чуркап бөлмөгө кирип:
-Алтынбек! Айдар! Эмир дем алалбай жатат.
Жүрөгүм дүк эте түштү. Сүрөттү чөнтөгүмө салдымда, чуркап чыксак күзөтчүда, милицияда,тарбиячы эжелерда келип калышыптыр.
------------- --------------- ----------------- -------------
Мына ошол бойдон ал сүрөт менде баштыгымда жүрөт.
Сүрөт көрүп отурсам сырттан Тахмина:
-Айдар!?
-оуу?
-чыксаң бери.
Сүрөттү дароо жайына салдымда чыктым. Тахмина сумкасын асынып алып келиптир:
-кандайсың Айдар?
-жакшы өзүң кандайсың?
-жакшы. Чоң энең үйдөбү?
-а жок тойго кеткен эле.
-аа кирсем болобу?
Негедир чоң энемден коркуп:
-чоң энем көрүп калса кантебиз?
-ай ал мени таныйт.Сен жокто мен эле келип жардам берип уй саап, короо шыпырып берчүүмүн.
-аа жакшы анда жүр кир үйгө.
-түшкүгө эмне тамак кылдың?
-а биз тамак кылбайбыз?
-ой ошентипта жашамак беле? Жүр не болсо барын алып чык.
-үйдө гүрүч эле болуш керек.
-алып чыгабер, аш кылып жейбиз.
Чынында Тахминанын тартынбагандыгына таң калдым. Ушунчалык ачык-айрым татына кыз эле. Мен аны аябай жакшы көрөм, туурасын айтсам аны сүйөм. Ооба ал менин алгачкы махабатым деп ойлонуп турсам:
-эй!
-а? Оу?
-бычак каерде?
-а? Азыр...
Ошентип чогуу тамак жасадык, ашты демдеп коюп сабак жаздык. Эчнерсе түшүнбөйм мугалимдерда түшүндүрө албай койгон сабактарды, Тахмина өтө жөнөкөй мисалдар менен түшүндүрүп жатты. Тамак бышканда чоң энем кирип келди. Тахмина дароо саламдашып дасторконго отургуза калды. Чоң энемдин күлкүсүн чанда көрчү элем, Тахмина менен аябай жакшы сүйлөшүп күлүп-жайнап отурду. Билбейм, балким мен чоң энемдин тилин таба албай жүрөмбү ал жагы табышмак. Тахмина келгенден тарта чоң энем да мени жакшы көрө баштады окшойт. Отургузуп алып насааттарын айтат, кеп-кеңешин айтат. Чынында көп нерселерди айтып берип эң мага жакканы:
-балам акыркы күндөрү сен бир адам үчүн өзгөрүп жатасың,тагыраак айтканда Тахмина үчүн, жок сен антпе. Өзгөрсөң өзүң үчүн өзгөр.Эртең сени өзгөрткөн адам таштап кетсе кайра эле мурдакы абалыңа келип каласың. Дагы бир жери ошол адамга таянып каласың. Ушундай балам, өзгөргүн келечегиң үчүн, өзүң үчүн. Бирок бир адам үчүн эмес.
Чоң энем туура айтат. Мен Тахмина үчүн өзгөрүп жатам. Бирок ал үчүн өзгөрүш керек. Анткени ал менин сүйүүм. Мен аны эч кайда коюп жибербейм. Ал менин эң сүйүктүү мугалимим. Ал математиканы аябай жакшы көрөт, а мен тарых сабагын. Ошентип сабака барсакда чогуу барабыз, а класстын балдары менен да б класстын балдары мененда тең досмун. 8-9-класстагы кыздары акыркы күндөрү мени абдан жактыра башташты. Кат жазышат, Тахмина кызганат бирок билдирбейт. Ошентип сабактан алдыга чыга баштадым. Тапшырмаларды Тахмина экөөбүз сабактан кийин калып жазабыз. Чоң энем күндөлүгүмдөгү бештерди көрүп, сүйүнүп, пенсиясын топтоп жүргөн экен ошондон мага кийим кылып берди. Олимпиада башталып Тарых сабагынан катуу даярдана баштадым. Мектептер арасындагы олимпиадага бардык. Бардык мектептер Тахминаны көрүп коркуп жатышты . Анткени ал чынында күчтүү эле. Биринчи жолу сабак аркылуу сынакка катышып жатам. Сынак тест менен болду. Белгилеп-белгилеп чыгып кеттим. Артымдан Тахмина чыкты. Экөөбүз бак жакта сүйлөшүп отурдук. Негедир толкунданып жаттым. Көп өтпөй жыйынтык чыга баштады. Бардык сабактарды четтен айтып келатты. Математикага келгенде Тахмина өзүнө ишенимдүү турду.
“-Математика сабагынан биринчи орунду ээлеп Тахмина Жамалдинова!”
Биздин мектеп баары кыйкырып жиберди. Тарых сабагын жарыялаганда жүрөгүм дүкулдөп чекемдеен муздак тер чыкты. Чын, ишене албай турам. Карегимди тегеректеген жаш. Анткени Тарых сабагынан биринчи орунду мен алыптырмын. Тарыхтан берген эжейим өзүда ишене албай кетти. Тахмина менден өтүп кубанат. Ошондо ал биринчи жолу кучактап алды. Ал жактан чыгып туура эле үйгө бардык. Жаш баладан өтүп кубанып, чоң энеме мактанып жаттык. Ал да кубанып көзүнө жаш алды.
Мына сага жеңиш деп өзүмө катуу ишенип кеткенденби райондук турдан өтпөй калдым. Тахмина областка чейин жетти. Ал ошол күнү маанайы жок шаардан келди. Чоң энем кичине ооруп калгандыктан бара албадым. Кечинде чоң энем уктаган соң анын үйүнө бардым. Эшикте кир жууп отуруптур. Мени көрүп күлүмсүрөп коёт. Акырын жанына барып:
-кандайсың анан?
-чыдаса болот...
-үйдө ким бар?
-эчким... баары тойго кеткен.
-мм... куттуктайм экинчи орунду алыптырсың.
-мм биринчини алсам болмок.
-дагы бир жыл барго.
-буйруса аракет кылам.
Мен Тахминага кадала карадымда:
-Тахмина мен сага бирнерсе айтайын дегем.
-эмнени? Же эмне сүйүп калдыңбы деп каткырды.
Мен улдым бирок:
-ооба деп жооп бердим.
Ал дагы каткырып:
-эмне чын элеби?
-ооба.
Ал күлкүсүн дароо токтотуп самынын алып кирин жууганды улантты. Маанайы чөгүп кетти негедир.
-эмне болду сага?
-мен... ал ыйлап жиберди.
-эмне болду?
-мен сени эчаак эле сүйгөнмүн бирок... ал токтоно албай ыйлап кирди.
-айтчы неболду/?
-мени кудалашып коюшкан...
-эмне?
-кечир биз бирге боло албайбыз деп үйүнө шашты. Дароо колунан кармап:
-сен мени чындап сүйөсүңбү?
-ооба...
-дагы эле сүйөсүңбү?
-акыркы демиме чейин сүйөм.
-анда мен сени эчкимге бербейм.
-жок, кет....
-неге?
-ата-энем барибир сага бербейт.
-эмнеге?
-сени жаман көрүшөт сен менен чогуу жүрүшүмө каршы чыгышкан.
-бул болгону убактылуу тосколдуктарго Тахмина.
-жок. Кет! Кет! Деп бакырынып кирип кетти. Ошол күндөн тарта экөөбүздүн мамилебиз солгундай баштады анткени ал б класска көчүп кетти. Мени менен саламдашып гана коёт. Мен канча аракет кылганым менен пайда чыккан жок.10-класстыда аяктадык. Жөн эле дос катары гана же жөн гана классташ катары сүйлөшүп калдык. Он биринчи класста ал таптакыр олимпиадага катышпай койду, менда өчөшүп баш тарттым. Окууну бүтүп баары университетке тапшырып жатышты. А мен кайсы акчага тапшырмак элем. Кайсы акчага окумак элем деп үйдө чоң энемдин жанында калдым. Жанакы уйдун торпогу кунажын болуп, уй өгүз тууду. Үч уйубуз болуп калды. Ошентип айыл иши менен жүрсөм эле, чоң энем чакырып калды. Барсам жанында эки солдат турат.
-эмне болду чоң эне?
-балам, сага келишиптир.
-мен эмне кылдым.
Солдаттын бири:
-Айдар сенби?
-ооба мен...
-Айдар бизди чоң энең өзү чакыртты. Негизи жалгыз уулду армияга албайбыз бирок чоң энең сени жөнөткүсү келип турат.
-жок! Эч кандай армияга барбайм.
Чоң энем:
-баргын балам, Ата-Мекениңе кызмат өтө.
-чоң эне сизди ким карайт? Өзү ооруп жатсаңыз.
-бар дейм алып кеткиле тез.
-чоң эне, эмне менден тажагансызбы?
-эй экөөң эмне турасыңар?
-чоң эне мен анда кийимдеримди алып чыгайын.
-кийимди өздөрү беришет, чурка жөнө.Мекенди душмандан коргогон жигит болгун деп бешенемден сүйүп койду. Ошентип мени военкоматка алып кетишти. Чачымды алып салышты. Кечинде барыбызды алып кетмекчи болушту. Акырын командирден ажатканага барып келейин деп сурансам бир солдат кошуп берди. Ажатканага кирип кичинекей терезесинен бул жерден кантип чыгуунунун жолун издедим. Ажатканынын каптал жагында тосмо жапыз экен, кайра чыгып солдат менен чогуу бараткан жерден качып келип тосмодон ашып өтүп качып кеттим. Жолдон унаа тосуп туура эле Тахминанын үйүнө келдим. Ал сыртка суу сээп жаткан экен. Мени көрүп башкача болуп кетти. Ооба чачым жок, формачан элем. Чуркап жанына барып:
-Тахмина мен армияга кетип жатам, мен азыр сага качып келдим. Анткени сени көрбөй эч жака кете албайм. Тахмина мен сени сүйөм сен мени акыркы демиңе чейин сүйсөң мен сени эки дүйнө сүйөм. Суранам биз бирге бололучу. Кудайга шүгүр экөөбүз тең билимдүү адамдарбыз, жашообузду куруп кетебиз . Сураныч, жок дебечи. Мен сен үчүн барына даярмын.
Тахмина шапалактап бетке бир чаптыда:
-армиядан неге качтың?
-Тахмина болгону сенин сүйөм деген сөзүңдү укканы келдим.
-жок! Мен сени алдап койгом. Кет! Мен болочок күйөөмдү сүйөм, анын ата-энеси, бир тууганы, үй-жайы унаасы бары бар.
-Тахмина?
-эми кет...
“Мен болочок күйөөмдү сүйөм, анын ата-энеси, бир тууганы, үй-жайы унаасы баары бар.” Бул сөздөрүн укканда келген кадамыма өкүнүп кеттим. Бирок ага кайра кадала карап:
-чоң энеме көз салып турчу жок дегенде, дедимда артка бир кылчайып карап койбой кетебердим. Чоң жолго жеткенде солдаттардын унаасында келип мени кармап кетишти.
Барып ур-токмокко алышты бирок Тахминанын “Мен болочок күйөөмдү сүйөм, анын ата-энеси, бир тууганы, үй-жайы унаасы бары бар” деген сөзүнүн астында бул сөздөр эчтеке эмес эле. Көзүмө жаш алып унаанын артында топ жигиттер менен бараттым. Балдар унаада баратып өздөрүнчө сүйлөшүп:
-азыр баараарыбыз менен дембилдерди депселеп салабыз.
-ооба баш ийбейбиз.
-коркпогула, барибир биз күчтүүбүз деп атышты эле унаадан түшөрүбүз менен бир дембил алыстан ортоң колун көрсөттү балдар некыларын билбей отуруп калышты. Баягы асманды сүйлөгөн балдар жок.
Бир ай өттү.
Ант тапшырып жатабыз. Менин антыма келгенде тээ элдер тараптан Айдар деген назик үн чыкты. Классташ кыздарым, балдарым чоң энем жана Тахмина туруптур. Көрүп сүйүнүп кеттим. Ант тапшырып болгон соң бизди койберешти. Чоң энемди аябай бекем кучактадым.
Тахмина экөөбүз четирээке өттүк.
Ал мага жалооруп карап, көзү кызарып ыйлап:
-өзгөрүп кетиптирсиң. Өткөндө сени катуу тарынтып алдым окшойт. Мени кечирчи.
-а жок эчтеке эмес.
-Айдар... мен сени сүйөм.
Турган жеримде катып калдым.
-мен сага жалган айтканмын, менин эчкандай күйөөм болбойт, мен сени менен бирге болом . Сени гана сүйөм. Сенден башка эчкимге барбайм.
-Кудалашып койгон балачы?
-суранам мени куткарчы, суранам мени алыпк кетип калчы, мен сенсиз кантип жашайм деп ыйлап жатты. Мен аны кучагыма тартып бекем кучактап, кулагына шыбырадым:
-мен сени эчкимге бербейм, армиядан чыкканымча күтөсүңбү?
-ооба, сөзсүз күтөм. Баса, апамдар телефон алып берди, бул менин номерим чалып тур макулбу?
-макул сөзсүз чалам...
Аңгыча командир барыбызды топтоп калды. Ошол күнү түштөн кийин бир күнгө койберебиз деп жатышканынан Тахминага кеч үйүңө барам деп жөнөтүп жибергем.
Бирок кечинде мени кетирбей коюушту. Анткени биринчи күнү эле качканыма бул ирээт ишеним артышкан жок. Жалдырап жалынсамда болбоду. Арадан үч ай өттү. Армиянын жашоосу мени тажаттты чынын айтсам. Күндө токмок жей берип токмок жей турган жер деле калбады. Бир күнү уктап жатсам бир досум телефондо сүйлөшүп жатат шыбырап, берчи деп колунан жулуп алып кароол жака чыгып кеттим. Бул жерде өзүнө ишенген, өзүнүкүн бербеген адамдар күчтүү деп эсептелинет. Кароолго да шеригим турган эле анын жанына барып аны кетирдимда өзүм калдым. Тахминанын номерин жатка жаттап алган болчумун. Чалсам такыр албайм . отуз жолу чалганда уйку сурап:
-ало ким бул?
-мен ... Мен Айдар.
-Айдар! Ахахах сенби? Айдаар!
-амей акырын...
Ал ушунчалык кубанып жатты. Көзүмө жаш тегеректеп кетти. Экөөбүз таң атканча сүйлөштүк. Алар дүкөн ачышыптыр. Дүкөндө иштеп жатыптыр азыр. Окууга тапшырайын десе апасы орукчан үйүндө чоң кыз болгондуктан апасын карап калды. Күнүгө кароолго акырын чыгып алам, таң атканча сүйлөшөм, акыркы күндөрү бир-бир күндөн сүйлөшүп баштадык, анткени уйку жетпей кыйналып баштадым. Чоң энем катуу ооруп жатыптыр, командирлерден уруксат сурасам жооп бербей коюшту. Кызматты уланттым. Түнү уктап жатсам шеригим келип ойготуп:
-тиги сүйлөшкөн кызың ыйлап жатат деди. Дароо эсиме чоң энем түштү. Телефонду колунан жулуп алдыма:
-ало Тахмина чоң энеме бирдемке болдубу\?
-жоок мени ала качып кетишти.
-эмне?
-келип алып кет мени деп ыйлап жиберди. Кимдир бирөө телефонду алып өчүрүп салды. Кайра чалсам өчүк. Ошол убак бир дембир кирип келип калды. Агада көңүл бурбай кайра чалып жатсам чуркап келип далдан ары бир тепти. Керебеттин түркүгүн сүзүп алдым. Каным кайнап калган эле. Мага ушул керек болчу. Дароо ордумдан туруп дембил сүрөө сүзүп, басып алып тосконуна карабай уруп салдым . Балдар араң бөлүштүрүп калышты. Дагы бир шеригибиз келип:
-дембилдер келатат деп калышты. Балдар сүйлөшүп мени арткы эшиктен чыгарып жиберишти. Сырттагылар да жакын досторум болчу, аларды эшикти ачып беришти. Күчүмдүн болушунча чуркап жөнөдүм, же унаа токтобойт түн жарымда. Саат беш болуп калганда бир унаа токтоп ала кетти. Шаар четинен өбүбүздүн айылга келдик. Рахматымды айтып унадан түшүп эле чуркаарым менен бир байке ышкырынып токто! Айдар деп кыйкырат. Тээ алыстан чуркап келип:
-адашпадымбы Айдар? Айдар сен эмне билдиңби?
-эмнени?
-ак, атаңдын көрү дүнүйө, деп көзүнө жаш алып, балам! Чоң энеңден айрылып калдык.......
Уландысы бар...
https://ok.ru/profile/575722509281/statuses/69534812733665
Комментарии 739