Издегин, изде изден тоо гүлүнөн.
Өзүңө жыпар бүркөм, гүл өңүнөн.
Издегин талаалардан курук чөлдөн.
Жүзүңө жамгыр болуп кел төгүлөм.
Издегин, изде изим көл четинен.
Жол чийип сени тосом суу бетинен.
Толкундап ташып чыгып жээгине.
Суу пери, перисиндей кел көрүнөм.
Издегин, издеп чык ээ зоо төрүнөн.
Аскадан кайкып учуп мен көрүнөм.
Суусасаң чарчоо тартып изденүүдөн.
Булактын суусу болуп, кел төгүлөм.
Издегин, изде мени муз мөңгүдөн.
Ак карлуу карлар жааган тоо түбүнөн.
Аруулук тазалыкты эңсеп келсең.
Ак карга түз айланып кел себилем.