ФАТИХА СҮРӨӨНҮ КӨПЧҮЛҮК ЖАТКА БИЛЕТ. БИРОК МААНИСИН БИЛБЕЙТ.
1. Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
2. Ааламдардын эгеси болгон Аллага мактоо!
3. Ал Мээримдүү, Ырайымдуу
4. Кыямат Күндүн падышасы
5. Биз Сага гана сыйынып, Сенден гана жардам сурайбыз
6. Өзүң бизди туура жолго баштагын,
7. (ошол жол) Сенин каарыңа калбагандар жана адашпагандарга Өзүң тартуулаган жол.
"Ауузу биллахи минаш шайтоонир рожиим" деп Куран окуурдун алдында айтат.
Мааниси "Ташбаранга алынган шайтандан, Аллахтан сактоону сурайм" деген мааниде.