Медициналык колледжде ата-энелер менен жолугушуу өттү
24-февраль күнү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин медициналык колледжинде студенттердин ата-энелери менен жолугушуу болду.
Жолугушуу учурунда медициналык колледждин директору Равшан Джумаев студенттердин татыктуу билим алуусуна, келечекке туура багыт алып, мыкты кесип ээси болуп чыгуусуна ата-энелердин да салымы чоң экендигин айтып, биргеликте тыгыз иш алып баруу керек экенине токтолду.
Колледждин тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары Шукурбек Алдашов студенттердин жүрүм-туруму, сабактарга катышуусу боюнча ата-энелерге кенен маалымат берди.
Ата-энелер кызыктырган суроолоруна тийешелүү жоопторду ала алышты. Андан соң
“Көп тилдүүлүк, көп маданияттуулук-өнүгүүнүн жана достуктун символу”
Ош шаарынын мэриясы, Ош мамлекеттик университети, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Ош бөлүмү тарабынан Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө арналган “Көп тилдүүлүк, көп маданияттуулук-өнүгүүнүн жана достуктун символу” аттуу иш чара өттү.
Аталган иш чарага Ош шаарындагы жогоркуу окуу жайлары катышып, өздөрүнүн программаларын тартуулашты.
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин таланттуу студенттери өзбек элинин улуттук бийин бийлеп, элдик ырын аткарып, улуттук каада-салтын, маданиятын чагылдырган сахналык көрүнүштөрүн көрсөтүштү.
Жыйынтыгында “Мыкты сахналык” көрүнүш номинациясына ээ болуп, Ош шаарынын мэриясынын
Түз суроого жүз жооп
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде жүргүзүлүп жаткан чарбалык иштер боюнча кенен маалымат алуу үчүн окуу жайыбыздын административдик-чарбалык иштер боюнча департаментинин директору Кантов Жеңишбек Абытбекович менен маек курдук.
Белгилүү педагог Дүйшөн Шаматов Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде
Бүгүн, 23-декабрда Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окутуучуларына белгилүү педагог, Торонто университетинин PhD доктору жана Н.Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов менен семинар уюштурулду.
Билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, жаш окутуучуларга шык берүү максатында уюштурулган семинарда Шүйшөн Шаматов, мугалимдерге зарыл болгон маалыматтар менен бөлүшүп, педагогдорду ар бир студенттин пикири менен эсептешип, сабактарды чыгармачылык менен өткөнгө үндөдү.
Медициналык колледждин студенттери Германияга барып окуп, иштегенге мүмкүнчүлүк алышат
Бүгүн, 13-декабрда Германиянын EDUVISO билим берүү борборунун баш директору Штефан Шандера Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин медициналык колледжи менен эки тараптуу кызматташуу максатында аталган окуу жайга келди.
Сый конокту алгач университеттин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Штефан Шандера EDUVISO билим берүү борборунун ишмердиги, эки тараптуу кызматташуунун багыттары боюнча маалымат берди.
Андан соң германиялык билим берүү борборунун баш директору Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин медициналык колледжинде билим алып жаткан студенттер менен жол