АТТИҢ ДЕП КОШТОШОРУМ БИЛГЕН ЖОКСУҢ
Сен мени жакшы көрдүң сүйгөн жоксуң,
Сезимди туйган менен, билген жоксуң.
Аңкыган сүйүү багын черткилеп сен
Сүйөмүн деп, башбагып кирген жоксуң.
Сен мени издеп келип тапкан жоксуң,
Тапсаң да, сүйөрүңдү айткан жоксуң.
Сумсайдым тетир карап кирпик суулап,
Колтуктап асылым деп баскан жоксуң.
Сен менин келеримди күткөн жоксуң,
Сагынчыңды эч айтып бүткөн жоксуң.
Сүрөткө сен жанымда башың жөлөп,
Жылмайып эстелике түшкөн жоксуң.
Сен менин сагынганым сезген жоксуң,
Сен менин түштөрүмө кирген жоксуң.
Сен үчүн кыйналып азап тартсам дагы,
Сен анын кандайлыгын билген жоксуң.
Сен менин жан дүйнөмдү барктабадың,
Сен менин ак сүйүүмдү актабадың.
Сары оору болуп жүргө