АЛЛАХ ТААЛАНЫН ЫСЫМДАРЫ.
Ар бир нерсенин аты бар жана атынан чакырабыз. Ошондой эле Алла Тааланын да өзүнө таандык аттары, ысым-сыпаттары бар. Бул багытта Куран аяттарында төмөнкүчө буюрулат:
«Ал – Аллах! Андан башка кудай жок. Эң жакшы ысымдар ага таандык!»
(Таха сүрөөсү: 8-аят).
«Аллахтын эң сонун ысымдары бар. Андыктан Аны Өзүнүн ысымдары менен чакыргыла жана Аллахтын аттарын атоодо акыйкаттан тайгандарды таштагыла! Алар тез арада кылмышына жараша жазаланышат.»
(Аъраф сүрөөсү: 180-аят).
Алла Тааланын затын жана бардык сыпаттарын камтыган эң улуу ысым «Аллах» ысмы болуп эсептелет. Аллах — бүткүл ааламды жараткан жалгыз Жарат