• Крокустагы терактка катышкандардын бири деген шек менен кармалып, өзүн Фариддун Шамсутдин деп тааныштырган адам, алдын ала суракта терактты ким буйруганын билбей турганын, сунуш “Телеграм” канал аркылуу түшүп, ал макул болгонун билдирген.
•Айтымында ага 1 миллион рубль убада беришкен. Анын 500 миңи аванс катары картасына которулуп, калганы теракттан кийин төлөнмөк.
• Россия президенти Владимир Путин видеокайрылуусунда 11 киши кармалганын, алардын ичинен 4 адам терактка түздөн-түз катыштыгы бар экенин билдирген. Орусия лидери Крокуста ок чыгаргандар Украина тарапка качып баратышканын, аларды чек арада тосуп алышмакчы болгонун жарыялаган.
•Буга чейин, соцтармактарда ак түстөгү Renault S