Азербайжанга мамлекеттик сапар менен барган Садыр Жапаров Бакунун Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортуна конду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарларды.
Билдирүүдө мамлекет башчыны аба майданынан Азербайжандын вице-премьери Шахин Мустафаев тосуп алганы айтылды.
Эки күндүк сапардын алкагында өлкө башчы Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөрү айтылган. Ошондой эле Мамлекеттер аралык кеңештин экинчи жыйынын өткөрүү пландаштырылууда. Анын жыйынтыгы боюнча, кызматташууну тереңдетүүгө багытталган бир катар макулдашууларга кол коюлат.
Президенттер Хыдырлы айылындагы орто мектептин курулушуна мезгил кутусун салуу аземине катышары кошу
Электросамокаттарды пайдаланууну жөндөгөн мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.
Аталган документ менен жеке мобилдүүлүк каражаты (электросамокаттар, самокаттар, гироскутерлер жана башка ушул сыяктуу түзүлүштөр) түшүнүгү киргизилип, аны пайдалануу эрежелерин жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.
Жеке мобилдүүлүк каражаттарын пайдалангандар төмөнкүлөргө милдеттүү:
🔸атайын бөлүнгөн тилке/сызык боюнча, ал эми ал жок болгон учурда кыймылдын багыты боюнча жолдун жээгинин оң чети менен жүрөт;
караңгыда жана жакшы көрүнбөй калган учурда жарык чагылдыруучу элементтерди тагынышы керек;
🔸жеке мобилдүүлүк каражаттарын ижарага берүү пунктуларынын ээлери жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча
❗️Кечээ Чүй облусунун айылдарында дагы сел жүрдү
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгү Он бир Жылга айылындагы Карагул капчыгайында сел жүргөнүн кабарлады. Бактыга жараша, жабыркагандар жок. Ошондой эле Бурана дарыясы ташкындап, жээгинен чыгып кеткен.
Жеринде селдин кесепеттерин жоюу боюнча иштер жүрүп жатат.
❗️Кызыктуу, ыкчам жана так маалыматтар биздин Telegram каналда 👉👉👉 https://t.me/sputnik_kyrgyzstan_kg
"Бишкек асфальтсервис" муниципалдык ишканасы жолчуларды ишке чакырат. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Талапка ылайык, жумушка 18 жаштан жогорку адамдар алынмакчы. Эмгек акы орточо 30-35 миң сомду түзөт (жасалган жумуштун көлөмүнө жараша кээде мындан да көп чыгышы мүмкүн). Ошондой эле ишканадан жумушчуларга түшкү тамак бекер берилерин билдиришти.
Жумушка орношууну каалагандар Орозбеков көчөсү, 259А дарегине саат 09:00дөн 17:00гө чейин кайрылса болот.
Сурап-билүү номерлери: 0555 888 243, 0312 371 743.
Батыш ал-күчтөн тайып, көп полярдуу дүйнөнүн жаңы формалары түзүлүп жаткан чакта мусулман мамлекеттеринин курчоосунда калган Израиль реалдуулукка ыңгайлашып күн көрүшү керек дейт эксперт.
Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Украинанын аскерге жарамдуу курактагы кишилерге консулдук кызмат көрсөтүүгө тыюу салганы боюнча пикирин билдиргенин Sputnik Ближнее зарубежье жазды.
"Баары Түндүк Америкадагы индейлер кабылган, "цивилизациялуулар" он миңдеген кишилерди кырган окуядай болуп жатат. Манхэттен аралы индейлерден мончокко сатып алынган, ал эми украиналыктарга бул шурулар да тийген жок, болгону моюндарына салынган америкалык сыйыртмак гана калды. Зеленский бул күндөрү Вашингтондун акчасына жетер жерине жеткирүү үчүн акыркы украиндерди азгырып жатат", — деген Захарова.
Украина ТИМи 18 жаштан 60 жашка чейинки аскер курагындагы эркектерге чет өлкөдө бардык консулдук иштерди
Показать ещё