superinfor

Супер-Инфо

Сиз издеген маалыматтар “Супер-Инфодо”! Жаңылыктарга бай гезиттин жаңы – №1112 саны 29-март күнү таң эрте сатыкта болот. 🌹🌹🌹
#ГезиттиЫсыгындаОкуңуз
#ЖаңыСанда
📌Канат Шабданбеков, блогер: “Бойдокчулук мени стресс кыла баштаганда үйлөндүм”
📌Жумадил Эгембердиев, ишкер: “Камчылап, таяктап чоңойткон баладан жаратман чыкпайт”
📌Эрбол Русланов, актёр: “Чоочун кишидеги” башкы каармандын образына келбетим туура келбейт эле”
📌Дастан Русланов, көк бөрү жылдызы: “Башка клубга өтөйүн десем, кетпе деп алып калышты”
📌Сокулукта 13 жашар кыз зордукталганбы же 9 балага жалаа жабылып жатабы?
📌Мекендеш: “Японияда жума сайын эле жер титиреп турат”
📌Эртең менен чуркоо пайдалуубу же кечиндеби? Ч
superinfor

Супер-Инфо

Чакалай – кыргызча темир өткү деп да аталып жүрөт, жугуштуу дарт. Буга адамдардын 20-25 пайызы кабылат деген маалымат бар. Кычыштыруу коштогон оорунун 6 түрү бар. Жайылуучу чакалай, кабырчыктуу чакалай жана башка. Бул жолу 2 түрү: кыркуучу жана көп ыраңдуу чакалай тууралуу маалымат берели.
superinfor

Супер-Инфо

Кыргызстан – дүйнөдө экологиялык таза энергиянын ири запасына ээ өлкөлөрдүн бири. Адистер эгер ресурсту туура иштетсе, мамлекет электр энергиясы менен өзүн-өзү камсыздап гана эмес, аны экспорттой да алат деп келишет. Ал эми реалдуулук мындай амбицияны тизгиндеп турат. Мисалы, быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү эң төмөнкү деңгээлге чукулдап, 20-мартка карата 7 миллиард 202 миллион метр кубду түздү. Эгер 6,5 миллиарддан ылдый түшсө авариялык абал жаралып, өлкөнүн көзгө басар ГЭСи токтошу мүмкүн. Ушунун алдын алуу үчүн акыркы айларда өлкө боюнча свет өчүрүүлөр болууда. Алдыдагы жылдарда абал кандай болот? Суу тартыштыкка табият гана “күнөөлүүбү” же башка жагдайлар барбы? Светтин ба
superinfor

Супер-Инфо

Соулмейт деген сөздү уктуңуз беле? Анткени акыркы убакта бул термин кеңири жайылып бара жатат десек болот. Бир сөз, бир көз караш, бир ирмем, бир демден түшүнгөн адамы бар, жок болсо, кайсы бир күнү сөзсүз кезиктирем деп жүргөндөргө туура келет макалабыз.
superinfor

Супер-Инфо

Азыркы заманда 12 балалуу болуу сейрек кездешкен көрүнүш. 12 эмес, 4 баланы көп деген коомдо жашап жатабыз. Ошондуктан 7 балалуу энелер Баатыр эне аталып, аларды мамлекет камкордукка алып жатпайбы. Каармандарыбыз Алмаз Абдыкадыров менен жубайы Үмүт Кулназарова кырктын кырында 12 балалуу болушкан. Баланын күлкүсүнө толгон алардын үйү Кеминдин Орловка шаарчасында. Алардыкына барып көп балалуу жубайлардын жашоо образы, максаттары тууралуу кенен маектешип кайттык.
superinfor

Супер-Инфо

... Кайгымды тарттың теңселип,
Карыздар ким бар менчелик?
Жүк болгон күнүм эстесем,
Жүрөгүм ооруйт өйкөлүп...
Апаларга арналган ушул “Апакем” ырынын аткаруучусу, ырчы Ишен Назаров бул жолу апасы тууралуу баян кылат.
  • Класс
superinfor

Супер-Инфо

“Оппенгеймер” тасмасы. Өзөктүү бомбанын “атасы” Роберт Оппенгеймердин өмүр баяны тууралуу буга чейин жазуучулар Кая Берд менен Мартин Шервин китеп жазып, ал АКШнын адабият, маданият, музыка жанрында мыктыларды аныктаган Пулицеров сыйлыгынын “Мыкты биографиялык чыгарма” номинациясында жеңүүчү болгон. Ал эми Оппенгеймердин биографиясын тасмада чагылдырууну режиссёр Кристофер Нолан колго алып, жыйынтыгында тасма “Оскар” статуэткалары боюнча жылдын рекордчусу аталып отурат. Голливуддун башкы кино сыйлыгына татыган тасма эмнеси менен мыкты? Камера сыртында кандай кызыктар болду, жооп издейли.
superinfor

Супер-Инфо

Каарманыбыз Сайкал Эсентур кызы чукул арада боорун алмаштырууга муктаж. “Боорум жарактан чыгып баратыптыр, дарыгерлер тез арада операция жасатышың керек” деп жатышат деген Сайкал айым тагдырын төмөндөгүчө баяндады.
superinfor

Супер-Инфо

Алпаруучу, тамада Урмат Борченов аялдардын укугун коргоо темасында ар дайым өз пикирин билдирип келет, кайдыгер эмес. Бул ирет алпаруучу мырзанын жашоосундагы аялзат тууралуу сүйлөштүк.
Показать ещё