Ушул сүрөт авария болгон жерде чөнтөгүнөн табылыптыр.
Казакстанда авария болуптур. Кыргыз деп атышат. Ким тааныса кабарлап койгулачы. Класс баскыла. Табылып калсын.
Казакстандын Актобе облусунда кыргызстандык жарандар унаа кырсыгына кабылды. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү бүгүн, 3-сентябрда билдиришти.
Алардын айтымдарында, унаа кырсыгына кабылган сүрөттөгү жигит катуу жараат алгандыктан учурда ооруканада жатат. Анын жакындары менен байланышуу үчүн кыргызстандыктарга кайрылган. Кырсыктан канча адам жабыр тартканы туурасында азырынча маалымат жок.
“Сүрөттөгү жигит унаа кырсыгына кабылыптыр. Ал Россияга иштегени кетүү үчүн сапар алып бара жаткан. Жакын туугандары болсо бул маалыматты жиберип койсоңуздар. Чөнтөгүндө ушул сүрөтү бар экен. Бул бала кырсыктан эс учун жоготкондуктан учурда ооруканада жатат”,-деп билдиришти окуянын күбөсү.
https://youtu.be/SIuGOMbzWAM
Туугандары Табылса да Рахмат бул сүрөттү жарыя бергениңерге. Аллахым шыпаасын берсин. Документтери балким сумкасында болуп чачылып кеткендир. Бул сүрөтүн жайылтуу аз да болсо зор жардам.
Комментарии 578