Роза Отунбаева – бүлүнткүчөрдүн ичиндеги аялдан чыккан өзгөчө бир
түрү. Аял менин түшүнүгүмдө дайыма жаратмандык, сүйүү, акылмандык
менен ассоциацияланып келген. Бирок, дал ушул Отунбаева мен үчүн ушак-
айыңдарга, чыр-чатактарга байланыштуу бардык терс сапаттар жыйылган,
адамдагы эң эле жаман сапат – сатып кетүүчүлүктүн үлгүсү катары туюлат.
Сөз бир гана мени сатып кеткендиги жөнүндө болуп жаткан жок. Бул айым
үчүн эч кандай моралдык тоскоолдуктар жок. Эгерде олуттуу колдоосу жок
болсо, эч качан жете албай турган ушундай бийиктикке чейин өзүн көтөрүп
чыккандардын баарын ал оңой эле сатып кетти: Акаевди, Айтматовду, Ше-
варднадзени жана алардын катарында мени дагы.
Менин көз карашымда, бүлүнткүчтөр «тукумунан» чыккандардын эң эле
белгилүү, таанымалдары, мен мурда айтып өткөндөй, А.Бекназаров жана да
Ө.Текебаев. Мына, дээрлик чейрек кылымдан бери ал депутат, дээрлик чей-
рек кылымдан бери ал оппозиционер. Текебаев жеке жоопкерчиликти талап
кылган кичинекей иштен дагы коркуп, эң соңку жыйынтыкты талап кылуучу
бардык иштерден качып турат. Аны бардык жерде, дайыма чыр-чатактар
коштоп, өзүн өзү пиар кылуу, алдамчы сөздөр коштоп жүрөт, - бул эми сыр-
тынан гана көрүнүп тургандары.
Анан дагы, албетте, бүлүнткүчтөрдүн эң эл чыгаан үлгүсү Атамбаев болуп
эсептелет. Мен айрым адамдар аны бизнесмен деп аташканына таң каламын.
Мага белгилүү болгонуна караганда, анын бардык болгон бизнеси Кыргыз-
стан жазуучулар Союзунун акчасына анын «Кыргызавтомаштын» бир нече
заводун сатып алып, анын көпчүлүк бөлүгүн демонтаж кылып, Кытайга жө-
нөтүп, түшкөн акчасын Турцияга инвестиция жасаганынан турат. Мен аны
өнөр жай министри кылып дайындаган элем, ал иштей албай койгон, чарчап-
чаалыккан соң, митинг жасаганы кетип калган, кайра келип, оппозиция ме-
нен жана бийлик ортосунда «көпүрө» болуп берейин деди. Мен аны премьер
кылып дайындадым - иштей алган жок, дагы чарчап калды, кетип калды,
митингдерге чыгып жүрдү. Эч ойлонулбаган, айгайлаган, куру кыйкырыктуу
билдирүүлөрдү жасаганды жакшы көргөн, бирок айтылган сөзү үчүн жооп-
керчиликти өзү сейрек учурларда гана соо болгон кезинде да сезбеген неме.
Булар мамлекеттик төңкөрүштүн башында турушкан Убактылуу өкмөттүн
бар болгону бир нече персонасы. Алардын ар бирине кыскача мүнөздөмөнү
биздин эл гана бере алат. Алдыда келе жаткан шайлоолордун алдында муну
түшүнүү билүү абдан маанилүү, анткени, Кыргызстандын эли каалайбы, каа-
лабайбы, баары бир бүт өлкөнүн келечек тагдырына байланышкан тандоо
жасашы керек болуп турат.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 9