Эгин айдап дыйкандар,жыйнап табат акчаны.
Налогчулар дыйканды,кыйнап табат акчаны.
Кайырчылар жалдырап ыйлап табса акчаны.
Амалкөйлөр чоңдорду,сыйлап табат акчаны.
Килер бандит адамды,атып табат акчаны.
Сойкуларың курусун,жатып табат акчаны.
Соодагериң товарын,сатып табса акчаны.
Уста байкуш ылайга,батып табат акчаны.
Гаи менттер жолдордо,туруп табат акчаны.
Бакшыларың азгырып,буруп табат акчаны.
Навайчылар камырын.журуп табса акчаны.
Кээ бир байкуш семичке кууруп табат акчаны.
Тамадалар тойлордо,сүйлөп табат акчаны.
Нике кыйып молдолор,үйлөп табат акчаны.
Куудулдарың күлдүрүп,күлүп табса акчаны.
Водительдер эл ташып жүрүп табат акчаны.
Мал базарда далдалчы,мактап табат акчаны.
Адвакатың жардамчы,актап табат акчаны.
Карманщиктер сумкаңды,кесип табат акчаны.
Депуттаттар уктап деле эзип табат акчаны.
Поварларың тамагын,кылып табат акчаны.
Байлар берип проценть кырып табат акчаны.
Чабандарың малдарын байлап табса акчаны.
Афиристер ар кимди,жайлап табат акчаны.
Түбөлүктү дүйнө жок,бүгүн бар да эртең жок.
Колдун кири акча бу,колдун кири акча бу.
Чылымов Б.Ж.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 391
АКЧА ДЕП АЛЛАНЫ ДА УНУТАБЫЗ.
Козго илингенди калдык биз сатып
Туура айтасын Бакытбек
Жандуйнобузду сатпай, байыйлык
БЕШ КОЛДУУ ООЗГО ТЫГЫПТЫР.
ЖЕР САТКАН ЖАНА АЛ ЧОҢДОР.
ТАПТАКЫР ЭСТЕН ЧЫГЫПТЫР.
Акыры жообун алат армансыз
Ак эмгек менен байыган
Акыбети кайтат дейт байыртан
ПАРОДИЯ КЫЛЫП ТӨКСӨҢЧҮ.
ТАМАША ЧЫНЫ АРАЛАШ.
СЕН ДАГЫ АЙТЫП ӨТСӨҢЧҮ
Элди сатканга барабар ал.. ойлойбу
Чыккынчы деп аттары калып тарыхта
Убалы тийбейби келечек урпактарына...
Шаардын баары колдо?
Атасынын машинеси,
Фаап-фаап жолдо.
Учуп жүрөт иш кылгансып,
Чаң сапырып күчөтүп.
"Урганым жок" дегенсип,
Асылганды кекетип.
Толо-толо калп достору,
Кана, мени макта.
Капчыгында кысылышат,
Сатып алчу акча.
Дискоклубда шагырашып,
Шайтан үйү. Бири-бирине сүрүлүшүп,
Түшүнүгү сүйрү.
Төштү ачып, кыска кийип,
Жарнактай чакырып.
Жигиттердин көңүлүнө,
Дене менен жагынып.
Мен балдарды жактабаймын,
Айтып жатам күйүп.
Канча деген карындаштар,
Алданышат сүйүп.
"Современный" деп айтышат,
Кыргызчасы – заманбап.
Сен абийирдүү, таза болсоң,
Келбетиңе жарашат.
Терс түшүнүк батыш жактан,
Бекем сиңип калды го.
Улутуңдун жоголушу,
Тил чайналып чалды го.
Ай, кыргыздар, ойгонгула,
Камчылата салса.
Канча кыргыз кыз- жигиттер,
Тантырашат орусча.
Жыйырма жылда эмне бердиң,
Мамлекет, балдарга?!
Билим сатып, бизнес кылдың,
Билими талаада!
Кыргыз тилде так сүйлөсө,
Баары аны "мырк" дейт.
Орус тилин түшүнбөсө,
Жабылышып ...ЕщёБир балада баары барбы,
Шаардын баары колдо?
Атасынын машинеси,
Фаап-фаап жолдо.
Учуп жүрөт иш кылгансып,
Чаң сапырып күчөтүп.
"Урганым жок" дегенсип,
Асылганды кекетип.
Толо-толо калп достору,
Кана, мени макта.
Капчыгында кысылышат,
Сатып алчу акча.
Дискоклубда шагырашып,
Шайтан үйү. Бири-бирине сүрүлүшүп,
Түшүнүгү сүйрү.
Төштү ачып, кыска кийип,
Жарнактай чакырып.
Жигиттердин көңүлүнө,
Дене менен жагынып.
Мен балдарды жактабаймын,
Айтып жатам күйүп.
Канча деген карындаштар,
Алданышат сүйүп.
"Современный" деп айтышат,
Кыргызчасы – заманбап.
Сен абийирдүү, таза болсоң,
Келбетиңе жарашат.
Терс түшүнүк батыш жактан,
Бекем сиңип калды го.
Улутуңдун жоголушу,
Тил чайналып чалды го.
Ай, кыргыздар, ойгонгула,
Камчылата салса.
Канча кыргыз кыз- жигиттер,
Тантырашат орусча.
Жыйырма жылда эмне бердиң,
Мамлекет, балдарга?!
Билим сатып, бизнес кылдың,
Билими талаада!
Кыргыз тилде так сүйлөсө,
Баары аны "мырк" дейт.
Орус тилин түшүнбөсө,
Жабылышып "мырк" дейт.
Терең ойлоп көргөнүмдө,
Неге мындай басынтат?
Өз жеримде эне тилди,
Кемсинтип жатышат.
Шаарда өсүп кыргыз тилди,
Билбейсиңби "мырк" дейм.
Калпак кийгенден уялып,
Тартынасың "мырк" дейм.
Манас ата ким экенин,
Билбейсиңби "мырк" дейм.
Чоң апаны “бабушка” деп,
Айткандарды "мырк" дейм.
Ичим күйгөн ойлорумда,
Күндө көргөн күнүмдүк.
Көкүрөктө кызыл жүрөк,
Тилиме кылат үстөмдүк.
Мен кайдигер боло албаймын,
Жамынгансып чүмбөткө.
Элим кайда баратканы,
Кантип сыят жүрөккө?
Кыргызыма не керек?
Мусулмансың, дин керек!
Кыргызыма не керек?
Таза кыргыз тил керек!
Кыргызыма не керек?
Өзөк керек, күч керек!
Кыргызыма не керек?
Чындык керек, ак керек!
Сен тазасың мен таза,
Кир жолобойт жаныңа.
Андай болсо ханың да,
Таза болот тагында.
Андай болсо балаңдын,
Келечеги колуңда.
Андай болсо кыргыздын
Келечеги балаңда!
Элди каргап жасалганбы,
Аянттагы эстелик?
Кыргыздарга дал келбеген,
Терс көрүнгөн "Эркиндик".
АКШнын "Эркиндиги",
Биздикинен ыймандуу.
Оң колуна отту кармап,
Этек-башы жабылуу.
Кыргыз кыздар бузулсун,
Деп курулганбы "Эркиндик"?
Канаттуу бир сойку кызды,
Элден бийик секирттик.
Сол колуна түндүк кармап,
Чачын кыска кыскартып.
Таштан чегип, жылбас кылып,
Үлгү кылып караттык.
Эми жаштар кылганына,
Кантип капа бололу?
Элибиздин символдору,
Бузукулук жолдобу?
Бүт жагынан карап көрсөң,
Элге чоочун саясат.
Гезит бетин ачып көрсөң,
Көзүң качып уялат.
Жыныстык катнашка чейин,
Жазып жүргөн катмарлар.
Келечекке балта чаап,
Ак...Ещё
Кыргызыма не керек?
Мусулмансың, дин керек!
Кыргызыма не керек?
Таза кыргыз тил керек!
Кыргызыма не керек?
Өзөк керек, күч керек!
Кыргызыма не керек?
Чындык керек, ак керек!
Сен тазасың мен таза,
Кир жолобойт жаныңа.
Андай болсо ханың да,
Таза болот тагында.
Андай болсо балаңдын,
Келечеги колуңда.
Андай болсо кыргыздын
Келечеги балаңда!
Элди каргап жасалганбы,
Аянттагы эстелик?
Кыргыздарга дал келбеген,
Терс көрүнгөн "Эркиндик".
АКШнын "Эркиндиги",
Биздикинен ыймандуу.
Оң колуна отту кармап,
Этек-башы жабылуу.
Кыргыз кыздар бузулсун,
Деп курулганбы "Эркиндик"?
Канаттуу бир сойку кызды,
Элден бийик секирттик.
Сол колуна түндүк кармап,
Чачын кыска кыскартып.
Таштан чегип, жылбас кылып,
Үлгү кылып караттык.
Эми жаштар кылганына,
Кантип капа бололу?
Элибиздин символдору,
Бузукулук жолдобу?
Бүт жагынан карап көрсөң,
Элге чоочун саясат.
Гезит бетин ачып көрсөң,
Көзүң качып уялат.
Жыныстык катнашка чейин,
Жазып жүргөн катмарлар.
Келечекке балта чаап,
Акча үчүн жазгандар.
Сыналгынын төмөн жагы,
Акча үчүн СМС.
Секс издеген жаш балдарың,
Бузулганы кеп эмес.
Акча үчүн баарын саттык,
Абийир, уят, намысты.
Ак-караны билбей калдык,
Туурап жатып батышты.
Түгөндүбү ак сакалдар,
Ак сакалын жайкалткан?
Ак ишине, ак сөзүнө,
Элди тартып сактаган.
Хиджап кийген кыргыз кызга,
Жабылды го коомчулук.
Кыргыз мындай кийинбечү,
Далил кылды көпчүлүк.
Андай кыздар саналуу эле,
Ыйман жолун жолдогон.
Чүмкөнгөнү шайтандан бир,
Уят-сыйын коргогон.
Андай болсо не дудуксуң,
Калыс айткан көпчүлүк?
Кыргыз кыздар кийинбечи,
Шыйрак-төштү көргөзүп.
Бир чүмкөнгөн кыргыз кызың,
Коргойт кыргыз намысты.
Бир жылаңач тентек кызың,
Уят кылат кыргызды.
Бул ыйымды койбойт эми,
Радиодон, теледен.
Себеп, айттым мен чындыкты,
Чөгүп жаткан кемеден.
Келечекти ойлобосоң,
Анда адам ким элең?
Сени ойлогон бул жашоодо,
Жалгыз Кудай, бир энең!
Адамда акча болбосо агада конот,
Акчага эмес, байлыкка эмес бир туугандар,
Ыйманга байып кетсек баары онолот.
ЫЙМАНДЫ БЕРСИН.
АКЧА ДЕП ЭМЕС.
ЫЙМАН ДЕП ӨЛСҮН.
ЖАЛПАК КЫЗЫЛ ТИЛ.
КЕЛМЕГЕ КЕЛСИН.
ОО ЖАРАТКАНЫМ.
ТЫНЧШЫЛЫК БЕРСИН.
МАГДЫРАП КӨПТҮРҮП ДА МАС КЫЛДЫ ГО.
БАЙЛАРДЫН ЖУМУШТАРЫН ЖАСАТТЫРЫП.
КЕДЕЙДИ ИЛГЕРКИДЕЙ ПАС КЫЛДЫ ГО.
Ал эмне туура эмес жаманбы?...
Ак эмгек менен тапса акчаны
Азамат ошол бай туурабы?
Кедейлерди айтсак азыр да
Жалкоолор бугун алар да
Заман берди баардык мумкунчулукту
Иштеп байысын таштап жалкоолукту
Мына озун Бакы иним туурабы
Москвага бардык таап баарды
Ак иштеп байлык топтоп
Кайра келесин айылга чынбы?
Ал эми кедейлер антип иштешпейт
Бироонун козун карап арак ичишет
Жерин карасан куурай басып
Коргон козду ирээнжитет
Бироого жалданып барса да
Иштебей ээсин кууратат да
Жатып калып бир конулга
Кайтарган малын боруго жедирет...
Айдатса автоунаасын ишке алып
Сузуп салат бир байкушту мас болуп алып
Саттырып койсо дукондо эмеректи
Акчасын бербей жоготот додик болуп калып
Байым десе азыркы убакта
Уктабай иштесин кедей деген конбой атка
Заманыбыз жакшы берди мыйзамды
Окусан оку, иштесен иште деп жатыры
Байым десе иштегин, тек мыйзамды сен бузба
Ушунум менен мен бутором жазгынымды Бакы
ТОСУП АЛЫП ЖЫРГАСАК.
СҮЙҮНҮЧ БАТПАЙ КОЙУНГА.
ДЕҢГИ ДЕҢГИ ДЕП ЫРДАСАК.
Мен келгиче жакшы ырдагыла
АЙТКАНЫҢ СЕНИН ЫРАС.
АДАМЗАТ ТАКЫР ТОЙБОЙТ.
АЗГЫРАТ БИЗДИ КАГАЗ.
Кайдан чыккан шум эле
Карайлатып какшаткан
Кендирди кескен бу неме
Кайсы жол менен болсо да
Табышат экен акчаны
Уурдап,уучтап,паралап
Алышат экен чапчаны
Жааса кана капырай
Жашыл акча устунон
Тербейт белек тапырай
Тер кеткенче талыбай
Жууй салса кетип калат колдун кири
Тапса тапсынал акчаны жаман жолдо
Тагдырдан куунак болуп сенден ойдо
Бирок бил акыретте сенин дуйнон
Бийиктеп ойдо болоор ал адамдан
Бактыбек туболугун туз болсун дем
Уйбулон сени менен бирге дайым
Бактылуу омур жолун улагыла