Бисмиллахир Рохмаанир Рохийм ..
Бир аз көңүл бурайлы,
билбегендер сурайлы .
өттө заарыл маалымат,
баарыбыз амал кылайлы !
Чындыгында достор, эже-агалар,
мусулман бир туугандар ?!
Көңүлүңүздү Аллах үчүн бир аз болсо да бизге буруңуздар ...
Окуп коюп, ошол бойдон ушул интернетте калып кетпесин,
жашообузда амал кылайлы ..
Аллаху Таалам ыйык Курани Каримде ушундай өкүм берет :
«Ва заккир,
фа-инназ-зикроо танфаъул муьминийн !»
Жана эскерте бергин,
эскертүү ыймандууларга пайда !»
(Заарият - 55аят).
Ислам динибизде канча майрам бар жана (бүгүнкү күндө эң коркунучтуу,
эң бир күнөөлөр көбөйө турган,
ысырап боло турган,
байга жыргал кедейге кайгы,
дегеле өкүнүчтөн башка бир дагы пайдасы жок) кээ бир элдердин оозунда айтылып жүргөн, майрам деп эсептеген жаңы-жылды Ислам шариятында майрамдаса болобу же болбойбу,
ушул жөнүндө аз болсо да
бири-бирибизге эскеришип алсак.
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллоху алайхи васаллам)
куттуу хадистеринин биринде:
"Бири-бириңерди Эскерткиле,
эскертүү Аллага ыйман келтиргендер үчүн пайдалуу !"-деп айткан .
Аллах Таала кереметтүү
Курани Каримде айтат:
"Эй ыймандуулар !?
Силер толлугу менен Исламга киргиле жана шайтандын жолун жолдобогула (себеби) чынында шайтан силерге
ачык-айкын душман болот !"-
деп Аллаху Субхаана ваТаала Куранда (ыймандууларга) ушундай окум берет .
(Бакара 108-аят).
Аллах Таала биздин толлугу менен Исламга киришибизди жана
Ислам менен гана жашашыбызды
Аллах каалайт !
«ТОЛЛУК КИРГИЛЕ !»
Бул аят, жөөт бир жигит
динди кабыл алып, намаз окуйм,
зекет берем, Орозо кармайм,
Ажылыкка барам,
харам деген нерселерден сактанам,
адал деген нерселерди аткарамын, Исламдын негиздерине баш ийемин!-деп толлук Ислам динин кабыл алат.
Бирок бир нерсени ...
Мурдагы жөөттөрдүн өзүнүн динин карап көрсө,
ал динде Төөнүн эти харам экен.
А Ислам дининде төөнун эти арам эмес .
Бирок, сөзсүз жеш - Фарз дагы эмес .
Табылып калса жесе болот..
Жанагы Исламды кабыл алган жигит айтат:
"Ушул нерсени мен аткарбай эле коё берейин ..
Исламда төөнун эти харам эмес экен,
фарз да эмес экен ..
Мурунку динимде Харам эле .
Төөнүн этин жебей эле коём !”- деп, жүрөгүндө кармаган эле Аллах Таалага бул нерсе жаккан жок !
Аллах Таала айтты:
«Эй Мусулмандар !
Силер Исламга толлугу менен киргиле!»- деп өкүм кылды.
Адамдын күнүмдүк 24 сааттык жашоосу толлугу менен
Исламдын негизинде өтүүсү керек .
Аллах Таала айтат:
«Лаа тамуутунна!(силер өлбөгүлө)!
Илла ва антум муслимуун
(Толлугу менен мусулман болмоюнча) !
Ошондуктан бүгүнкү күндө кээ бир мусулмандар, мусулман эместердин майрамдарын, шаан-шөкөттөрүн,
ырым-жырымдарын, маданиятын карманып алышкан.
Ушул нерсе болбойт туугандар!
Ошонун бири жакында келе турган християндардын жаңы-жыл деген бузуку бир майрамы..
Бир дагы адам, бир да инсан ойлонбойт!(эмнени майрамдап жатканын)...
Бир жыл 365 күн өмүрү өтүп, бир жыл мүрзөгө жакындаганын майрамдайбы?
Жашоосунда бир жылды бекер өткөрүп жибергенин, ошону майрамдайбы?
Бир жыл бою амал дептерин күнөө иштерге толтурганын майрамдайбы?
Эмнени майрамдаганын да билбейт !
Ошол күндү (31-1 январды) майрамдабаса да келет ошол күн !)))
Эртең жаңы күн деп,
анда баардык 365 күндүн баарын майрамдайлы...)
Ушул күнү Курман айт менен Орозо айт жолдо калып кетет ..
Дагы кээ бири:
"Мен динди түшүнөм, ата-бабаларым чооң молдо !"- деп айтышат.
Хорошо, динди түшүнгөнүң менен
ага амал кылбасаң,
Динди түшүнгөнүң бекер !
Бул майрамды майрамдаймын деп,
ар кандай шириндиктерди,
асманга карай атылуучу буюмдарды (салют ж.б.у.с) сатып алышат..
Акчасы жетпей калса, бир адамдан карыз алып болсо да майрамдашат .
Күлүп жыргашат..
Ушул күндү жакшы тоссоң,
дасторконду ар-түрдүү тамактар менен жайнатып койсоң, ушул жыл ачаарчылык болбойт экен, тынчтык болот экен ! ”- деп айтышат.
Келечекти (алдыда) эмне болоорун билип коюшкансып - Ширк келтиришет !
Ким эгер ширк келтирсе - Мушрик болуп Исламдан ажырап калат !
Жаңы-Жылды шаңдуу тосуп,
жакшы маанайда тоссон ушул жылы иштериң жүрүшөт экен дешет...
Субхааналла !
Тынчтык болот экен деп, ошол түнү атың өчкүр арактан ичип, урушуп жатышпайбы бири-бири менен ...
Эртеси эле банкрот болуп жатышпайбы ..
1-январь дегенде жаны чыгып ажал келип өлүп калгандар барго !?
Ой жүгүртпөйсүңөрбү !?
Бул майрам Тооратта да,
Инжилде да, Забур да да,
Куранда дагы жок бул - майрам !
Эгер, бул майрам болгондо Пайгамбарыбыз (САВ) бииир жолу майрамдап коймок !
Азыр 2016 жыл болсо Пайгамбарыбыз 571-жылы төрөлгөн.
Макул деп 610 жылды же 611 жылды жаңы жыл экен деп, оозуна да алган эмес, эсине да келген эмес туугандар !!
Адамдар бир күндү белгилеп майрамдагысы келет, ошону билип туруп Аллах Таалам бир эмес эки майрамды берди .
Андан сырткары ар жума сайын жума майрам !
Дегеле, мусулман болуп жаралып,
Аллага гана кулчулук кылып,
бүт денебиз сак, ырыскы кенен,
ушунун өзү майрам эмеспи тууганым ?!
Жума бул Мусулмандар үчүн майрам !
Мусулмандар намаз окуду - бул да майрам .
Биз, Аллах Таала айткан гана майрамдарды майрамдашыбыз керек !
Жаңы жылда,
канчалаган акчалар ысырап болот .
Ошодон көрө балдарыбызга же Аллах жолуна (садакага) иштетсек сооп болмок !
Борбордук аянтта миллион сарпталып,
бир балаты тигилет ..
Асманга атылуучу буюмдар үчүн,
миллиарддар сарпталат ..
Ошонун ордуна, кыйналып жүргөн бир туугандарга сууктун күнү жок дегенде
“көмүр” алып бербейлиби,
жок дегенде 2 күндүк тамак-ашын алып бербейби ...
Жөн гана ашыкча ысырап бул !
Асманга каратып ок атуу бул - Намруттун иши !
Намрут:
“Мен Аллах менен согушам !”- деп асманга каратып ок аткан.
Ошондуктан баарыбыз Намрут болуп албайлы !
Ман ташаббаха биковмин фа хуа минхум !
«Ким өзүн кайсы бир коомго окшотсо,
ал ошолордон !
(ал адам акыретте ошол коом менен бирге тирилет)!
Алла сактасын акыретте Намруттун жанында тирилүүдөн.
Таштайлы бул кылыкты!
Керек болсо Исламда жок майрамдарга сүйүнүп дагы койбойлу !
Майрам экен - деп сөз да кылбайлы .
Майрамың менен - деп бири-бирибизди куттуктабайлы,
белек дагы бербейли !
Абу Хафс аль-ханафий ал - Кабир Ислам аалымы өзүнүн "Базлул мужхуд” аттуу үлкөн бир китебинде:
«Эгерде кимде-ким ушул (Исламда жок «нооруздун» урматына,
кимдир бирөөгө жумуртка эле болсо да берип майрамдаса ал адам
каафур болду !»- дейт.
Бул ноорузга карата айтылган,
ошондой эле жаңы-жыл менен байланыштыруу кыйын !
Бирок, кээ бир динден алыс адамдар:
" нооруз Кыргыздын майрамы
жаңы-жылы !”- деп ойлошот,
албетте бул чоң жаңылыштык !
Айтор, 31и дагы, 21и дагы майрам эмес, жаңы жылдагы эмес, эч нерсе эмес, болгону катардагы күндөр !
Ошондой эле Ислам аалымдары айтат:
«Исламда жок майрамдарды майрамдоо болбогону сыяктуу эле, ал майрамдарга иштетилүүчү буюмдарды сатууга да болбойт !
Пайгамбарыбыз саллаллаху алайхи ва саллам мубарак хадисинде мындай деп айткан:
(Оо, Менин Уммөтүм!)
Силер, Еврейлерге жана Християндарга тескери жашагыла! -деген.
Християндар орозо кармайт бирок саарлык кылышпайт..
А биз Мусульмандар аларга тескери, саарлык да кылабыз ооз да ачабыз. Ошондуктан биз өзүбүздүн шариятыбыздагы майрамдарды майрамдайлы .
Кээ бирлери :
"Айт майрамында ыйлап,
көз жаш менен өткөрүш керек!”- деп айтышат.
Жоок туугандар !
Кайдагы бир динсиздердин майрамында күлүп-жыргап, Аллах Таала бизге майрам кылып берген, өзүбүздүн Айт майрамыбызда ыйлайбызбы ?!
Ой жүгүртпөйсүңөрбү !?
... Эч ким, эч нерсе, эч бир жан бул кыска жашоодо узакка жашап кала албайт !
Өлүмдөн качып кутулуунун
бир дагы жолу жок !
Өлүм болсо чындык ..
Мейли бай болгун, мал-мүлкүңдү сарптап айга барып тиричилик өткөр, мейли темирден үй салып анын ичинде жаша, мен карыбаймын , мен бул дүйнөдөн өтпөйм деп миңдеген кабаттуу үйдүн үстүнө чыгып жашагын баарыбир ал кылгандарың бекер !
«Ар бир жан өлүм даамын татат !»
Ар бир жандын тагдыры жана ырыскысы жазылган, Кадамдары саналуу..
Аакырет жашоосу болсо чындык!!
Аллах Таалам ошондо:
«Эй Пендем !?
Мен сага майрам кылып бергенди майрам кылбадың эле,
Мен майрам кылып бербегенди
өз каалоң менен майрамдадың эле !?»-деп сураса ага кантип жооп беребиз ?
Кээ бирлери :
“Жаңы-Жылды тоссо эмне болот экен, тосо берейли !»- деп фатва чыгарып, муфтий болуп алгандары бар ...
Мисалы:
Эки кабаттуу кеменин биринчи кабатында бара жаткан адамар айтышат экен :
Биз үстүнкү кабаттагы шериктерибизге айтпай эле, кеменин астын тешип алып өзүбүзгө суу чыгарып,
сууну ала беребиз ! -дешет.
Эгер биринчи кабаттагылар кемени тешип суу чыгарса, анда экинчи кабатындагы адамдар да
сууга чогуп өлүшү анык !
Ошол сыяктуу туугандар, сиз-биз жашаган шаарда, ушундай бидаат иштер болуп жатса, Алланын газабын алып келе турган иштер болуп жатса,
биз унчукпай караап тура берсек, кыжаалат дагы болбосок,
дуба дагы кылбасак анда анын кесепет зыяны бизге да тийип калышы мумкун !
Мына Израилди караңыздар..
Динге каршы чыкты,
баары зыян тартышты !
Же болбосо өзүбүздү эле карасак:
Былтыр студенттер күнү канча күнөөлөр болду, жаштар эки-экиден жетелешип, шаарда, Ошто бир дагы кафе, бир дагы ресторан баш калган эмес,
зына көбөйгөн !
(Муну жөн гана уккан адам катары эмес,
Шаарда күбө болгонум үчүн айтып жатам !)
Ошол күнү, ошол саатта, каттуу жер силкинди, күнөө кылганы дагы, кылбаганы дагы бирдей зыян тартты !
Айша (родиялооху анха) энебиз Пайгамбарыбыздан (САВ) сурады :
«Оо Аллахтын элчиси!?
Жаман адамдардын кесепети жакшы адамдарга да тийеби?
Пайгамбарыбыз саллаллаху алайхи ва саллам Айша энебизге караап туруп мындай деди:
"Ооба !
Бул дүйнөдө баарына бирдей тийет!Акыретте Аллах Таала жакшыларды (мусулмандарды) өз-өзүнчө, каапырларды өз-өзүнчө бөлүп алып сурак жүргүзөт !”-деген.
Ошондуктан момун бир туугандарым, өзүбүздү эле ойлой бербестен тууган-урукка да айтып, эскертип:
«Эй койгун !
Бул майрам жок экен Исламда, андан көрө Айт майрамын белгилейли Жума намазына барайлы деп жакшылыкка чакырайлы ...
Кыямат күнү адамдар, жакаңа асылып эмне учун бир жолу Ислам шариятын мага айткан эмес элең !?- деп ыймандууларды тозокко тартат.
Ошондо ыймандуулар айтат:
«Биз силерге 100 жолу айтканбыз дегенде (инсан ушундай болот экен...)
Сен дагы бир эле жолу Шариятты эскертип, намаз оку деп айтышыңды күтүп жаттым эле, сен 100 жолу айттың, бирок 101чисин айтпай койдун !»-
деп текебердик кылышат дейт.
Ошондуктан айтайлы,
Исламда жок майрамды майрамдоо күнөө экенин жеткирейли !
Маакул эч ким айтпаса да,
эч ким даават кылып жакшылыкка чакырбаса дагы мен эле айта берем,
мен эле жеткире берем !
Бул ишти мен кылбасам ким кылат!
Бул иш Пайгамбарыбыздын,
сахааба ажмаьиндердин максат кылып кылган иши болгон !
Ошондуктан туугандар,
күнөөнүн кесепети баарына
бирдей тийет, бирок кыяматта
ар бири өз-өзүнө жоопкер !
Ошондуктан түшүндүрөйлү !
Адамдар Түшүнүп калса
Алхамдулиллах дейли. .
А эгер айткандарыбызды түшүнбөсө анда Тообо Истигфар кылайлы !
Биз түшүндүрө алган жокпуз,
кечирчи бизди Оо, Аллахым !- деп истигфар айтайлы.
Пайгамбарыбыз алейхис салам айткан: «Эгерде Кимде-Ким жаман ишке күбөө болсо аны колу менен токтотсун !
Анда да болбосо тили менен токтотсун ! Анда да болбосо ошол иштин канчалык денгээлде ыплас экенин жүрөгү менен жек корсун !
Мындан төмөнкү ыйман болбойт.
Жүрөк менен жек көрүү Ыймандын эң төмөнкү даражасы !-деген.
Аллах Таала бир шаарга азап жиберип, периштелерди жөнөтөт..
Периштелер келип карашса,
шаардын ичинде намаз окуган,
орозо кармаган бир мусулман дагы бар экен .
Периштелер бул тууралуу кабар бергенде, Аллах Таалам айтат:
«Азапты, ошол мусулмандын үйүнөн баштагыла !
(эмнеге?)
Себеби ал, өзү акыйкатты билет эле, бирок башкаларга жеткирбейт эле !
Куранда Аллах Таалам айтат :
«Силер адамзат үчүн чыгарылган эң жакшы үммөт болдуңар !
Силер,
адамдарды жакшылыкка чакырасыңар, жамандыктан кайтарасыңар жана
Аллага ыйман келтиресиңер !”
(Ал Имран 110аят.)
Муну сиздерге жеткирдим,
башкаларга жеткирүү эми сиздердин моюнуңуздарга жүтөлгөн аманат,
амал кылайлы, Аллахтан коркойлу,
аманатка кыянат кылбайлы !
Аллах Таалам баарыбызга ушул айтылгандарга амал кылууга тоуфик мүмкүнчүлүк берсин !
Баарыбыздын дин менен жашообузду, ошонун ичинде Аллахтын өкүмдөрүн аткара турган пенделерден кылсын !
Аллах Таала күнөөлөрүбүздү кечирсин, кемчиликтерибизди кечирсин !
Туура жашоодо жашоого насип этсин ! Көбүрөөк тообо-истигфар кылайлы !
АС САЛАМУ АЛАЙКУМ
ВА РОХМАТУЛЛОХИ ВА БАРОКАТУХ !
ﻋﻠﻲ ﺍﺷﻲ
"БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ”
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 19
Андыктан биз капырлыкка барбайлы.
Жаны жылды тоспоймун деп айта алам.
Анткени мен капырларга жанашпайм.
Оз динини кимдигини билгендер.
Корксо керек кыяматтагы азаптан.
аларды сүйүп жакшылыкка чакырып жатканыңызды,
түбөлүктүү бактылуулукка чакырып жатканыңызды алар билбейт, түшүнбөйт !
Сиздин абалыңызда Эмне кылабыз ?
Аллага кайрылабыз, дуба кылабыз ...