Улуу сахаабалардын бири
Умар ибну Хаттаб (родияллооху анху) кереметтеринен.
Азирети Умардын мезгилинде бир жигит бар эле.
Ибаадатта бекем, акылы тунук, мечитке көп каттаган,
Куран окуганы өзүнчө бир баалуу жигит болчу.
Умар (родияллооху анху) бул жигитти жакшы тааныйт эле жана ибаадатын көрүп жакшы көрчү.
Мечитке күндө каттай турган көчөдө
жаш жигит мечитти көздөй бара жатса ,
жактырып калган бей тааныш бузуку бир аял
жаш жигитти өзүнө тартуу максатында
айла амалын жасай баштайт.
Жаш жигитти өзүнүн үйүнө ээрчитип келип,
дарбазанын босогосун аттап кире бериш жеринде
жигит чочуп токтойт да
Аллах Тааланын бул аяттарын окуй баштайт :
" Албетте, такыба заттар, аларга шайтандын тарабынан бир тайпасы васваса кылып жолдон азгырышса
(ошол замат) Аллах Тааланы эстешет,
жана тууру жолду табышат !" - деген аяттарды
окуду да эсинен танып жерге кулап түштү .
Жанагы бузуку аял, бей тааныш эркек өзүнүн үйүндө
жан берип калуусун коркту, уятка калуусун каалабады.
Адамдардан жашырып, өзүнүн кызматкери менен
түн ичинде жаш жигитти үйүнө сүдүрөп алып барышты да
эшигинин астына жаткырып коюп кайтып кетишти .
Жигиттин атасы бар эле ..
Баласынын кечигип жүргөнүнө кабатыр болуп
көчөгө чыкса, баласы дарбазанын астында
өзүн билбей жаткан экен .
Көтөрүп үйгө алып кирди да, өзүнө келген соң,
баласынан эмне болгонун сурады .
Баласы:
- баары жайында атаке!- деп тынчтандырып гана койду.
Анда атасы:
Уулум!
Улуу Аллахтын атын ортого коюп сураймын,
эмне болгонун жашырбай айтып бер! - деди .
Жигит атасына окуяны баштан аяк айтып берди .
Атасы окуяны угуп туруп:
- кайсыл аятты окудуң ? - деди .
Жигит атасына, жанагы аятты кайталап окуп берип,
аяттын акырына чыгаары менен экинчи ирет
өзүнөн кетип жерге кулап жыгылды .
Бирок мунусунда ордунан турган жок .
Дал ошол замат
жалган дүйнөдөн чыныгы дүйнөгө көчүп өттү .
Көз жумду. Жаназа окуп жерге беришти .
Бул кабар азирети Умарга жетип барды .
Умар родияллооху анху жигиттин атасына келип:
"Эмне үчүн мени жаназага айтпай койдуңар ?!"- деп ачуусун чыгарып алды .
Себеби азирети Умар бул жигитти жакшы тааныйт эле,
жакшы көрөт эле .
Кабырга барышты.
Азирети Умар жигиттин көмүлгөн кабырына карап:
"Роббисинен корккондор үчүн эки Жаннат бар!" -
деген аятты окуду .
Ошондо кабыр тараптан ушундай үн угулду:
"Эй Амируль Му'миниин!
Эй Момундардын падышасы?
Ошол Бейишти Аллах Таала мага эки ирет көрсөттү!"-деди.
*Ыймандын бекемдигин, тунуктугун карайлычы .
Аллахтан коркуу деген сезим жүрөгүнө орношкон эле .
Күнөөкылуудан корконунан өзүн жоготуп жыгылган жигит..
Эми сиз менен биз азыркы күндө,
коркуп эстен танаар белек же сүйүнгөнүбүздөн
эсибизди жоготоор белек ???
Жүрөктөргө ыймандын бакубаттуулугун тилейли!
Аллах Таала бизди шерменде кылбасын! Кор кылбасын!
Таза жана Күйүмдүү кылсын ...
Али Маматов.
"БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ"
Комментарии 1