"Бир боорум"
Чындык үчүн кылып дайым далалат,
Сендей уулдар "баатыр" болуп саналат.
Тирүүсүндө көйгөйүңдү укпастан,
Эми минтип өлгөндөн соң бааланат.
Тууган-урук, атаң үчүн ааламат,
Кочкор эли таламыңды талашат.
Аты өчкүр коррупцияны жеңем деп,
Аттандыңбы келбес жайга сабалап.
Кайгы салдың! Кыргыз элин жалпыга,
Кайрат бербейт көңүлдүү сөз калкыма.
Көрүстөндө ачкан элдин көйгөйүн,
Кыргыз үчүн ал өзүнчө санжыра...
Байрагы жок асылгандай канжыга,
Бабам Манас урааны элең алдыга.
"Эс алууга убакыт жок"- деп жүрүп,
Эс алаарда кеттиң боорум жан чыга.
"Азаттык" деп издедиңби чындыкты,
Тапкан менен тээ алдыга жылдыкпы?
"Баш кесмек бар тил кесмек жок" дегениң,
Баштан дагы, тилден дагы тындыкпы?
Жарың калды сыздап, боздоп кейиште,
Жалганга деп камдап койуп периште.
Жаш кетсең да кызмат кылат ар ишиң,
Жалпы үчүн жаның болсун бейиште..
Коломтобуз күйбөй өчүп калаарбыз,
Кош бир боорум! Биз да бир күн бараарбыз.
Ысык-Көлүм сени жутуп алса да,
Ысык кумду бейишинде басаарбыз.
Жыргал сууну чумкуп-чумкуп миң ирет,
Жылдыз болуп кылымдарга жанаарбыз!!!
Сапарбеков Азамат Өмүрбекович.P.S.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев