"Нурум" Бирин-серин ойготуп сезимдерди, Билсең мурда жүрөгүм кейип келди. Маңызы жок өткөргөн күндөр ошол, Маңдайыма жазылып, келип берди. Сен тараптан жылуулук чачып улам, Себелеген жамгырдан, катып уяң. Кубанычтан жая алган кучагымды, Кубат алып, өзүңө ачып турам. Ыйман менен жылмайып, ууртуңдан, Ыйбаа кылам көзүмдү жумуп улам. Баскан изди артыңа, бир саам карай, Балким мени эстээрсиң улутунган. Жакын кылып алыскы аралыкты, Жашоо деген кемеде бир баралыкпы? Барак издеп бир учун мен, бир учун сен, Башка коноор бакытты жазалыкпы? Казылбаган ыр түбүн казалыкпы? Кайрып бүтпөс махабат, тазалыкты. Баштан өтөөр миңдеген кемчиликтер, Бакыт үчүн кечирип каталыкты!!! Сени көрөм күнүмдөн көз уял
"Таттыбүбү, Соң-Көлдүн эле чүрөгү" Жардамчы болуп, сүйөбөй калган асканын, Жашыңда көрдүң сахнанын кечин, ак таңын. Жамалың арнап жумурай журтка тартуулап, Жаштыкта калды маралдай аста басканың. Кино деп жүрүп, кыйноону сезбей күнү-түн, Күн чыгыш менен бирден-бир эле күлүшүң. Өмүрдөн эрте кеткениң менен жан сабап, Өзүңдү баалап, сүйгөндөр үчүн тирүүсүң. Элетте калды "Ак мөөрдүн" кетпес элеси, Эзилтет жанды укканда айтчу керээзи. Кечиккен сүйүү, арзуусу болуп Болоттун, Кемтик ай дүйнө берилбей кетти белеси. Бир кезде намыс биримдик калыс башкарган, Бир элге жагып, "Уркуя" ролун аткарган. Кареги минтип жумулаар күнүн билбестен, Каткырып жүрүп топонду чиркин жазданган. Сүймөнкул жанды алыст
"Эне кучагы" "Кулунум"-деп колго алып сыздаган ким, Кур уйкудан ыргып туруп ырдаган ким? Кучагына буруксутуп сийип койсоң, Кубанычтан өбүп-жыттап жыргаган ким? Ооруп калсаң соолуп жүрөк ыйлаган ким, Ооматынан шайы кетет кыйрап аттиң. Онтоо гана жарып ийет ал жүрөгүн, Онтоо үчүн бир энеңдей кыйналат ким? Сендей болбос көкүрөгүн тытмалаган, "Секетим"-дейт кучак жайып жык талаадан. Алты саны сыздаса да эне жүрөк, Андагы дарт бир жылмайсаң тып тараган. Бир себепсиң! Мээрим менен сүйүүдөгү, Бир себепсиң! Өлүү менен тирүүдөгү. Азап жоктур балапанын жоготуудан, Артка тартпас "ажал" уусун ичүүдөгү. Башка жандар бир энеңдей сүйүнөбү, Башка түшсө эрдин тиштеп күйүнөбү? Арманыңды жетпей калган дүй
"Жүрөгүмдүн периштеси" Тумчулайт күндө ошол кейиш кечи, Туңгуюк жан-дүйнөмдүн шериктеши. Кайчылаш кош өмүрлөр өткөн чакта, Кайдасың, жүрөгүмдүн периштеси? Энсейм миң көңүл куунак тегиз кезин, Эскертем сезимиме келишпесин. Элестеп көз алдымда жүзүң турат, Эч кимге ак сүйүүмдү беришпесим. Балким сен жей албаган жемиштесиң, Бир ачуу, же тап-таттуу мейиздесиң. Жалганда тилек кылган миң ааламдан, Жашоодон алысыраак бейиштесиң. Күүгүмдөп, кызыл тартып күн алыстайт, Күлүшүп бүт адамдар жүрө алышпайт. Көрбөсөм сендей жанды тирүүлүктөн, Көргөндү ал түндөсү түш айыптайт. Күттүрүп кайдан таптың кечиккенди? Түш болуп же койбодуң кезиккенди. "Кай күнү жоолуктурам өзүңдү"-деп, Карегим бүт дүйнөнү кези
  • Класс
"Кайда калдым!" Кайда калдым? Жайган сенин торуңсуз, "Кар" кармаган үшүсө да колум суз.. "Болочогум"-деп арнаган сөз кетти, Болдук минтип, түшүмдө да жоолуккус!!! Кайда калдым? Назик сенин колуңсуз, Кайра кайтып келээр болсоң ойуң буз!!! Сенин гана бакытыңды тилеген, Сенин гана жан-дүйнөңдү кооруппуз... Кайда калдым? Сендик жумшак жүрөксүз, Кайгы баскан "махабатты" сүйөппүз!! "Мендик гана, болом"-деген бал кептер, Меенети бар, бирок ойдо сүрөтсүз... Кайда калдым? Сендей сулуу "чүрөксүз"? Карыш жылсаң болчу эле күн өткүс... Таңдан эрте сен "өпкөндөй" бетимди, Таңда эми болду окшойт "күн" өпкүс!!! Сапарбеков Азамат Өмүрбекович.P.S.
"Алыстык" Экөөбүздү бөлүп турат алыстыктар, Сенде дагы, менде дагы "жалгыздык" бар. Бул дүйнөдө миң жалганда чындык алсыз, Акыретте, бир жалган жок! "Калыстык" бар. Сен экөөбүз "батыш" менен "чыгыштайбыз", Эми качан жүрөк жылып бир кыштайбыз? "Үркөр" болуп түн ичинде жымыңдасам, Үрүл таңда бирикпеген жылдыздайбыз!!! Угам сенин "Арген" үнүң тээ алыстан, Утур-утур бүт денемден тер агызган.. Сол жактагы алакандай бир муштум эт, Согуп-согуп, токтой түшөт эхх "жашык жан".. Ал себеби бөлүп турат "аралыктар", Аттиң менин дартымда бар капалыктар.. Махабатта таза сезим анык болсо, "Майдай" жагып, "өрттөй" күйчү капалык бар!!! Сапарбеков Азамат Өмүрбекович.P.S.
Энелер туболукко жашаныздар
Аралап өмүрдүн ыргактарын Аймалап мезгилдин барактарын Адашып аалам кезип акыл жетпей Алымдан аста тайып баратамын ☆☆☆☆☆☆☆☆☆☆☆☆☆☆☆☆ Кадимки нестей болуп өмүр тоңуп Кантейин калды окшойт көңүл солуп Качанкы баштан өткөн бакыт күндөр Калдыго карегимде жалган болуп ☆☆☆☆☆☆☆☆☆☆☆☆☆☆☆☆ Өмүрдүн текчелери бошоп калды Өкүттөр бүт өмүрдү курчап алды Өзүмдөн чочуп турган кезим келип Өчпөгөн сезим дагы муздап калды Шамал-Ураган
Показать ещё