557853545932

Т Т

Булуттардай багытсыз калкылдаган, Буттар басып дарчыдай калтылдаган. Бар болгону, бактымды издеп жүрсөм, Бөрү сындуу, жазмышым алкымдаган. Билем болгон, көп ката, жаңылыштар, Башкара албай кырдаалды алып учкан. Баарын билип, түшүнүп турсам дагы, Барам жүдөп кусадан, сагынычтан. Балын таткан, учурдун ошондогу, Баасын билип, кайратым бошоңдоду. Билсем дагы кездешүү жок экенин, Бийик коюп үмүттү, тосом жолуң. 27.03.2024 ТТ. Москва
557853545932

Т Т

Жаралаган жанды сенин келбетиң, Жалгыз өзүң көрккө бөлөп жер бетин. Жараткандан сураганым бир гана, Жан шеригим болчу менин Берметим. Жашоо кызык, сен бар үчүн Мунарым, Жан эргиткен сүйүүм, арзуум, кумарым. Жан дүйнөнү жабыктырбай асырап, Жандап жүрөөр, жаны бирге тумарым. Жаркылдаган күндөй нуру чырагым, Жакынымсың, жан азыгым, ынагым. Жата калып чанкаганда шимирген, Жароокерим, мөлтүр тунук булагым. Жалган дүйнө, жалган жашоо өмүрдө, Жалгызымсың, шык жараткан көңүлгө. Жаздын жылуу деми өзүң жыттанып, Жаздым ушул ырды сезим жөнүндө 03.03.2024. ТТ. Москва.
564102168136

BEK BOTIROV

Купить форму из Беларуси
557853545932

Т Т

Тымызын сүйөм, тызылдап ооруп жүрөгүм, Туңгуюк ойдон тумчугуп абдан жүдөдүм. Турмушуң бузуп, өчүрүп мен да очогум, Тагдырды сынап көрсөм деп ойлоп жүрөмүн. Бүдөмүк ойлор туткундап күн-түн күзөтүп , Бурганак ызгаар арзууну чырмап жүдөтүп Буулуккан сезим буза албай абийир дубалын, Булдурсун менен камчылап жанды күн өтүп. Ойлогон ойлор оордунан чыкпай басынып, Оорукчан болдум, сыздаса айтпай жашырып. Ооздуктап турган, суулуктан кармап ар намыс, Оолуксам болбой, оордума коюп таш уруп. 30.11.2023 ТТ Бишкек
Показать ещё