Ашканада колдонулуучу амалдарды канчалык көп билсеңиз, ошончолук мыкты кожойкесиз. Тажрыйбаңызды тынымсыз арттырыңыз.
Сырды кыргычтан өткөрөрдө алгач кыргычты өсүмдүк майы менен майлап алыңыз, ошондо сыр кыргычка жабышпайт, а кыргыч оңой жуулат.
Балыкты сууга салып алып тазалаган оң. Ошондо кабырчыктары учуп айлананы булгабайт.
Уксуска, кваска, туздалган бадыраңдын суусуна бир нече мүнөткө чылап коюу – катуу этти жумшартуунун натыйжалуу ыкмалары.
Камырга кошула турган жумуртканын сарысына бир аз туз себелеп койсоңуз, даярдалган азыгыңыз жагымдуу сары түскө ээ болот.
Сүттүн батыраак бышышын кааласаңыз, ага бир аз шекер кошуп коюңуз.
Этти ысык духовкага бир аз коюп туруп, анан кайнатсаңы