Мен өлсөм эл журт калар жоктобой,
Менсиз күнү калар беле окшобой,
Мен азыр ойлосом барар кабырым,
Көзүм ыйлайт эчак эчак токтобой.
~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Кээ кундөрү жүргөм ичип аракты,
Мас болуп кучактап көчө даракты,
Жашым өтүп жан ооруп калганда,
Эки көзүм кабыр жакты караты.
~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Кээ күндөрү көрүнгөндү келтектеп,
Атам барып акчасыны берет деп,
Арман арман мен шумдук карачы,
Жүргөн экем акча барын чечет деп.
~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Өлүм мене эч болбоптур чатагым,
Келсе дагы ойлоптурмун качамын,
Араман арман мен эссизди карачы,
Баарар жерим жер экен жатагым.
~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Көрүнгөндү жан кашата алдапмын,
Жакшы сөзгө эх кулак салбапмын,
Жүрүп калсам дос душман алдыда,
Салам берип бир алигин албапмын.
~~~~~~~~~~~~`~~~~~~~~~~~~
Элдин баары шашса жума намазга,
Мен шашыпмын акча издеп базарга,
Өмүр өтүп мне токтолуп калганда,
Кеч түшүнүп башым койдум жайнаиазга.
~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Мен өлсөм эл журт калар жоктобой,
Менсиз күнү калар беле окшобой,
Мен азыр ойлосом барар кабырым,
Көзүм ыйлайт эчак эчак токтобой.
~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Кул болбойлу алтын акча кагазга,
Кел достор жыгылайлы намазга.
★★АШУРОВ Кайрат★★
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 11
https://ok.ru/group/58433719173164
Чынгыз#7568 Исмаилов