Эсте калып өткөндүн элестери,
Өйдө-ылдый өмүрдүн белестери.
Кара чачтын өңү өчүп барат улам.
Калбыр болуп көңүлдүн желектери.
Кусалыгым кулпулап шат көңүлдү,
Кубаныч бүт мен үчүн жат, төгүнбү?
Каптап алып сур булут көздү байлап,
Текке сарптап жаткансыйм жакшы өмүрдү.
Турмуш айдап кол жеткис алыстарга,
Оңго, солго, белгисиз багыттарга.
Байгеси жок, же жетээр марасы жок,
Кошуп койду чеги жок жарыштарга.
23.05.22 ТТ. Арзамас, р-н Шатки
Жып-жыланач жаралып бул дуйного.
--------------------------------------------
Жып-жыланач жаралып бул дуйного.
Алсыз болуп келесин улбурогон.
Тыбырчылап кол бутун ынаалайсын,
Коз ачалбай жарыка, коз конбогон.
Алсыз болуп каласын бир кун карып.
Муундарда алын жок аран басып.
Кунго уйронгон коздорун бир кун жумуп,
Жып жыланач кетесин дуйно салып.
АПАМ НЕГЕ.
Апам неге ел кийгенди кийбеди.
Аядыбы гемитем деп дүйнөнү.
Алдастатып оору тооруп ансыз да.
Аянычтуу мындай өмүр сүргөнү
Апакем ай сыр кылдыңбы ичиңе.
Жетилсин деп кызым дагы кичине.
Аны сезбей акылы гем жаш кызың.
Бүгүн маани бердим кийген кимиңе .
Кечир апа бүгүн сени ойлодум.
Тоңгон кезде сен жылыткан колдорум.
Мейли дүйнө мени сенден айрысын.
Бирок сени жоготуудан коркомун.
Кааз өрдөктөр чардактаган көлдөп бар.
Кай бирөөгө караан тутаар эне зар.
Мейли калсын карабаса көр оокат.
Айтчы апаке сенден башка кимим бар.
Чыңгыз Айтматов - "Кызыл алма" 👉 https://youtu.be/iNEzzfhnfFE
Элмирбек Иманалиев - "Ошол жаштык" 👉https://youtu.be/ncmvz4IV0Zw
______________________________________
Б Жамгырчиев - "Балалыкка"
Байкабастан жылдардын аралыгын
Аӊдабастан өткөн күн тазалыгын
Артта калган өмүрүм жомок болуп
Өткөн экен эх аттиӊ балалыгым
Чиркин анда асманым көпкөк эле
Баары таза айланам көктөм эле
Балдар уруп өӊгүрөп ыйлап келсем
Басып койчу апамдын өпкөнү эле
Азыр эми аруулук тоону ашалбайт
Айсыз түндө карайлап шоола тандайт
Балдар эмес мени азыр турмуш уруп
Ыйлап турсам апам да соорото албайт
Тыбырчылайт көп ойлор күйүттөгү
Кайда таштайм кусаны үйүп дээги
Балалыкты алыстан карап турсам
Кулагандай бир бакыт бийиктеги
Кусалыктар коштолуп кош обонго
Күйүп кетем ишеним мокогондо
Чыйпылдаган чымчыктай балалыгым
Турам бүгүн сагаалап босогоӊдо
Баёлукту азыр да издештирдим
Караан үзүп кеткенин билбептирмин
Ыпыластык дүйнөгө эбак келип
Жан дүйнөмдү чаӊ басып кирдептирмин
Калптан бүткөн жол издеп канча жерди
Көр турмуштун азабын тартам эмне
Жасалма бул турмушта жашаганча
Балалыктын чаӊында калсам эмне
_____________________________________________
Жакынкы күндөрү дагы эӊ мыкты чыгармаларды сиздер үчүн даярдоодобуз. Андыктан «Бакан Медиа» каналына КАТТАЛЫП, коӊгуроону басып коюӊуз.
_____________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ! Биздин уруксаатыбызсыз «Бакан Медиа» каналынын материалдарын көчүрүп алууга, ТЫЮ салынат!
#БердибекЖамгырчиев #Поэзия #Акын
Унута албай келем
Коздорун баягыдай кулуп карап,
Конулдун кылдарын мунга салат.
Кусамын канча убакыт отуп кетти,
Кундорум жылга айланып алыс тарап.
Азыр сен бактылуусун башка менен,
Айтарым мен да суйгон адам менен.
Аттигин арманым озун гана,
Айталбай унутам деп созду берген.
Журокто сакталып очпой койдун,
Жашоомдо айтылбаган жомок болдун.
Жарым менен бактылуу жашасамда,
Жытынды эч унута албай койдум.
Уурданып суротунду коруп турам,
Уюлдук телефонго сактап алып.
Же чалый же смс жаза албай,
Жудодум журок заада кайталанмай.
Коруп турат жараткан
-------------------------------------------
Коз жашынды агызган,
Дил заарынды оруткан. Унчукпагын адамга,
Коруп турат жараткан.
Журогуно муш урган,
Конулунду соолуткан,
Соз айтпагын адамга,
Коруп турат жараткан.
Бой которсо кээ бироо,
Тен келем деп тенелбе.
Кимин бийик, кимин пас,
Коруп турат жараткан
Шыбыр кылса артындан,
Болбойт барып чачташкан.
Салдым дегин кудайга,
Коруп турат жараткан.
Ал ким эле дегенге,
Озун кимсин дебегин?!
Кимдин кими экенин, Коруп турат жараткан!
Оз жерин болсо май суттуу?
--------------------------------------------
Кор тирилик кор кылды, кимге барып жалынам.
Жер бетинде олко жок, кыргыз кадам баспаган.
Оз арманы ичинде,
Ата журтун сагынган.
Айласыздан айла жок,
Кор тирилик айынан.
Европаны аралап,
Америкага кеткен бар.
Кочотун тигип корейдин,
Анда да журот кыргыздар.
Коншубуз орус олкосун
Миллиондоп кыргыз коргонсун.
Шыпырып кочо уйлорун,
Кыргызым бугун кордолдун.
Алыстап эне атадан,
Бактысын издеп талаадан.
Канчалап кыргыз жаштары,
Кырсыктан омур кыйылган.
Кор тирилик айынан,
Энесин бала сагынган.
Апаа качан келес деп,?
Кеч кирсе жолду караган.
Кеткенден келбей калган бар,
Кырсыктан дуйно салган
Сен жонундо даалай ирет ырлар жаздым.
Конулу ток омурумо сырлар каттым.
Ачып жумган коз ирмемди кошпогондо.
Омурумду озун учун мен арнадым.
Жашоо мени ары кылды бери кылды.
Сындоо учун конулумду сындырды.
Дарманым жок алым тайып Турган кезде
Очпой Турган сезимдерди даары кылды.
Ааламдагы кубанычты тартуу кылды
Бир Кун болсо кайгысында шерик кылды.
Жанымдагы эн жакын адамымда.
Сабыр кыл деп конулумду жубатты.
Оа барын ойлонууга убакыт коп,
Деген менен чындыгында убакыт аз
Жан дуйнодон сезим издеп журуу учун
Эх чиркин чындыгында убакыт аз.
Канча жолу ырлар жаздым окуп алып очурдум да.
Жазганымды жашоомдон кочурдумда.
Кээде ушул жазганымды окуп алып.
Бир Кун менда бул дуйнодон кочормунда.
Кыз баланын кадырын...
------------------------------------------
Кыз баланын кадырын узатканда билесин.
Астанандан жашыркап баратканда билесин.
Оз уйно жат болуп,
Калган кезде билесин.
Айда жылда бир келип,
Конок болуп тунобой кеткен кезде билесин.
Кыз баланын кадырын сыркоолосон билесин.
Башын тийип жастыка калган кезде билесин.
Он уулдан-бир кызын, кундо келип акбалын
Сураганда билесин.
Коп кызы бар аталар жалан кыз деп кейибе,
Кызы барда доолот бар, болсун дайым эсинде