0 комментариев
    7 классов
    Сүйүү арманы: 5 бөлүм Мурунку окуянын уландысы күткөндөр барбы аягы эмне менен аякташын күткөндөр үчүн Эскертүү!!! Бул окуядагы адамдын аттары автордун ойу бойунча жазылган. Туулган жерден алыс кеттим бирок сыртта өз мекенимден алыс жүргөн болсом да Айдайдын жылмайып мага караганы, шыңгыр, күлкүсү эркелиги, таарынган кыялы эсимден кетпеди тапкан акчамды ичимдикке жумшадым. Ошентип бир жыл өтпөй мекенге кайра кайттым келип эле Айдайды эстеп жаткан жерине барып чөгөлөп түштүм да топурагын мыкчып көздөн жаш токтобой куйула берди . Кечке жанында отуруп айдай менен сүйлөшүп баштадым. Куба: Айдай мен сени сагындым эсиңдеби бири бирибизге сөз берген элек бактылуу жубайлардан болобуз деп. Эх
    1 комментарий
    24 класса
    0 комментариев
    9 классов
    - Байкуш үчүнчү кабатта жашаган Памиргүл өтүп кетиптир. Эмне болуп өтүп кетиптир? - Тамеки тартам деп үйүн өрттөп алыптыр. - Ии байкуш күйүп калыптырбы?  - Жок, өрт өчүргүчтөргө телефон чалып кийин терезеден секириптир.  - Анда үчүнчү кабаттан жерге түшүп калыптырбы?  - Жок, Памиргүл терезеден секиргенде өрт өчүргүчтөр келип палатка тосконго үлгүрүп калышыптыр, палаткага түшүп күүлөнүп кайрадан күйүп жаткан үйүнүн терезесинен кирип кетиптир. - Күйүп өлүптүрбү? - Жоок, Памиргүл экинчи жолу чуркап келип терезесинен секириптир.  - Экинчисинде палаткага түшпөй жерге түшүп калыптырбы?  - Жоок, секиргенде жерге түшпөй телефондун кабелине илинип калып, жаанын аткан огундай болуп кайрадан күйүп жатк
    1 комментарий
    18 классов
    Кыргыз Москвада эмне кылаарын билбей клиника ачат. Рекламасына: "даарыланган 5000 рубль даарылай албасам 10000 рубль берем"-деп жазып коёт. Еврей өтүп баратып, ушул кыргыздан 10000рубль алып алайын деп кирип: - Мен даам билбей жатам- дейт. - Сестра номер 22-сироптон бер, ичсин- дейт. кыргыз - тфу бензин го бул?-дейт, еврей ичип көрүп. -Мына даам билип калдың, келе 5000 Айла жок еврей жинденип 5000рубуль берет. 3-4 күндөн кийин еврей дагы келип: - Врач менин эс тутумум жоголду, кыргыз: - Сестра 22-сироптон бер ичсин еврей - Ээ ал бензинго? - Мына сакайдың, эс-тутумуң калыбына келди. Еврей жиндеп 5000рубль берет. 3-4 күндөн кийин дагы келип, еврей: - Врач көзүм көрбөй жатат. Кыргыз: - Да
    13 комментариев
    35 классов
    ТҮН ЖАМЫНГАН ПЕРИ...5-БӨЛҮМ. Кабыргасына тепки жеген Марта бир жумадай төшөктө жатып калды, капталы көкмөк болуп көгөрүп чыкты. Актан ат кулактын жалбырагын майда чайнап кабыргасына коюп таңып жатты. Өзү тамак жасайт, кыз турам жардам берем дегенине көнбөдү, азыр сага кыймылсыз жаткан жакшы деди. Марта апасын ойлоп жатты, Актан менен бөлүштү ойлорун. Биринчи бутуңа тур, анан барасың.. Актан эми Мартаны токойдо эч нерсе кармабастыгын, каалаган убагында үйүнө кете берээрин түшүнүп турду бирок кетпесе экен деп эңседи... Арадан он күндөй өтүп, Мартанын денесинин акыбалы калыбына келди, жан-дүйнөсүнүн акыбалы оорлоп кетти. Өзүн баарына күнөөлүү сезип, өзүн-өзү ичтен жеп жатты. Апасы күйөөсү тууралуу эч нерсе билбейт эле, жакшы көрөт эле, эми кыз барып апасына баарын айтып берсе кандай кабыл алат? Кызын күнөөлөп чыкса кантет?... Аргасы жок эле кыздын, апасын таштап токойдо калып калмак беле...Бирок муктаж убагында жардамын аябастан, жанында болгон Актанды да таштап кетүү оор болду. Кыздын сүйлөбөй, өзүнө кирип кеткенин бала да байкады. Акыры чыдабай сурады: - Эмне эзип жатат сенин жүрөгүңдү? Мен жардам бере аламбы? - Сиз ансыз да мага эч ким көрсөтпөгөн колдоону бердиңиз. Бирок менин акыркы өтүнүчүм бар, апама мени менен бирге бара аласызбы? Менин сөздөрүмө ишенбесе балким сиздин сөздөрүңүздү угаар... Актан макул болду, кызды жалгыз коё бере алмак эмес баары бир. Өз колу менен апасына тапшырып кайтканы туура болмокчу. Эртеси эртелеп экөө жолго чыгышты. Ар ким өз ойлору менен алышып, үн катпай бара жатышты. Марта алыстан үйүнө көз чаптырды, жакырчылыгы жеткен эки бөлмөлүү жер там. Кичинесинде канча жолу ачка калган күндөрү болду, мектепке баргандан уялчу, классташ кыздарынын жанында айырмаланып турат эле. Апасы турмушка чыкканда Марта 9-класста окуп жаткан, бүткөндө өгөй атасы мектептен чыгарып алды мага жардам берет деп. Ата-энени тандап алмак беле? Же Марта башка кыздардай татына кийинип, байлыкта жашагысы келбейт беле?... Апасы үй жайнап жаткан экен, кирип келген кызын кубана тосуп алды, жанындагы Актанды көрүп таң кала туруп калды. Атаң кана деген суроого мукактанып жооп бере албай турду кыз. Актан Мартанын абалын түшүнүп, жүрүңүз сизге айтаар сөзүм бар деп апасын үйгө ээрчитип кирип кетти. Марта короодо дөңгөчкө жамбаш койду, эки колу менен жүзүн жаап денеси титиреп үнсүз ыйлап жатты... Баары кыз ойлогондой болуп чыкты, апасы үйдөн жулуна чыгып келди, кызына ишенбеди, кантип эле ал педофил болсун, сен каралап жатасың, кантип ушуну ойлоп тапканга акылың жетти? Сени кызым деп жакшы көрөт эле, бизди баккан адамдын ак атын кара кылганга кантип дитиң барды? Күйөөсүнө болгон сүйүүсү эненин көзүн жаап салган эле. Жогол, көзүмө көрүнбө! Менин сендей кызым жок! Мен азыр токойго барып жолугам Жалалга, сенин сөздөрүңдүн баары калп экенин бетиңе койсун! Актан Жалалдын өлүмү тууралуу айтпай турганым жакшы болгон экен деп ойлоду. Ушундай да көөдөнү сокур адам болобу, өз канынан жаралган кызына ишенбей, сүйгөн күйөөсүн коргоп жатканына ишенбей турду... Бул жерде эми кылаар иштери жок эле, кызды колунан жетелеп чыгып кетти үйдөн. Мартанын өңү купкуу, азыр эс-учун жоготуп койсо да таң калыштуу болмок эмес. Ишенген адамы башканы тандады өз кызын жалганчыга чыгарып, анысы аз келгенсип, балалыктан кечип койду... Актандын жетегинде кете берди азыр ага баары бир эле. Актан да кыздын абалын түшүнүп ашыкча сөз сүйлөбөдү. Экөө токойго кеч кире кайтып келишти. Тамак жеп ал дегенине Марта башын чайкап гана талдагы үйгө чыгып кетти. Балалыгы бүттү кыздын, бир түндө чоң адамга айланды... Жашоонун ур-соккусу адамды тез токтолтот деген- чын сөз экен көрсө... Актан талдын түбүндө ойлуу олтурду, азыр Марта сынып калбаш керек, бул сыноону жеңсе, кыз күчтүү инсанга айланмак. Таң да атты, бала талдын түбүнөн жылбай таң атырды. Балким Мартага керегим тийип калабы деп кете албады. Бетин жууп, очокко суу асты. Кайнап калганда Марта түшүп келди. Кыздын көздөрү түнү менен ыйлап чыккандын белгисин берип турду. Кыз жуунуп келип өзү чай демдеди, түнкү желбей калган тамакты ысытты. Мунун баарын үнсүз гана кылып жатты. Экөө тамакка олтурушту ошондо Марта ооз ачты: - Мен сиз менен бул жерде калсам болобу? - Албетте болот, сурабасаң деле болмок. - Мен түнү менен ойлонуп чыктым, ак жерден каралангандыгыма ыза болдум бирок менде күнөө жок эмеспи байке? Башымды бийик көтөрүп жашайм деп чечтим... Актан кыздын сөздөрүнө кубанды, кыздын күчтүүлүгүнө сыймыктанды. - Жашоо улана берет карындашым, алсыздар гана турмуштун сыноосун көтөрө албай сынышат. Көбү ичип кетет, көбү өз жанын кыйышат. Мен сенин жаныңдамын, байкем бар деп бил мындан нары... Мартанын апасы Дина кызын кууп чыгып, өзү күйөөсүнө жөнөдү. Кызынын жалган сүйлөгөнүн кечирбейм деп сүйлөнүп бара жатты. Түш болгондо токой кыйгандарга жетти, он чакты адамдын арасынан күйөөсүн көрө албады, сураса анын кеткенине он күндөй болду, эч кимге эч нерсе дебестен таңга маал кетип калыптыр дешти. Эч нерсе түшүнбөгөн аял үйүнө кайтты. Иштеп жатат деген күйөөсү кайда жүрөт он күндөн бери?... Түнү Динаны көчөдөгү кыйкырыктар ойготту. Чыгайын десе 15-20 чакты адам үйдү курчап алган эле. Бири керосин куюлган бутылканы өрттөп үйгө ыргытты. Терезени сындырып бутылка үйгө түштү, от үйдө күйө баштады. Булар Жалалдын айынан өздөрүн өлтүргөн эки кыздын туугандары эле... Уландысы бар. Автор: #Елизабет.
    3 комментария
    14 классов
    ТҮН ЖАМЫНГАН ПЕРИ... 4-БӨЛҮМ. Актан канчалык тез басканы менен үйү алыс эмеспи, күүгүм кирип кетти. Мартанын өгөй атасын ойлоп кыжырланып бара жатты, кантип жер-эне ушундай зөөкүрлөрдү, адам атын булгагандарды көтөрүп жүрөт. Эгерде биз жер-эненин сезимдерин уга ала турган болсок, балким анын оор үшкүрүгүн-онтоосун укмак белек...Бизге өстүрүп берген азыктарын болуп жүргөн көрүнүш катары кабыл алып, каалашыбызча тебелеп-тепсейбиз, токойлорун каалашыбызча кыябыз, суусунун агымын тескери бурабыз, өз пайдабызды көрсөк болду, балким бул жасагандарыбыз жер-энебизге жакпастыр бирок аны эч бирибиз ойлоп да койбойбуз. Бир жолу да бирибиз ийилип алкыш айтып койдукпу? Албетте жок.... Марта тушенка ачып суюк тамак жасап жатты, бүгүн көңүлү көтөрүңкү, кыңылдап ырдап алган.Чайнектеги суусу кайнап, Актан келсе тамактаналы деп күтүп жатты. Жашынып олтурган өгөй атасы Жалал канча карап кыздын жанында ымыркайды көрө албады. Марта качып кеткенин билгенде баарын таштап издеп жөнөгөн, апасына барбашын билет эле демек бир гана жол токойго өйдөлөп кетмек. Кечээ таппадым эми деп кайтайын деп жатканда тамактын жытын шамал алып келген эле. Бүгүн акыры тапты кызды, кыңылдап ырдап алган тим эле деп жинденип жатты. Марта Жалалдын биринчи курмандыгы эмес эле, анын апасына үйлөнгөнгө чейин дагы эки жаш кыздын тагдырына балта чаап үлгүргөн, ал кыздар Мартадай кыйын боло алышпады,тез эле сынып бири асынып алды, экинчиси сууга чөгүп жанын кыйышкан. Эселек кыздар 13-14 жаштардагы, он гүлүнүн бири ачыла элегинде кете беришти бул жашоонун мыкаачылыгына туруштук бере албай... Жалал бекинген жеринен чыгып кызды карай жөнөдү. Артынан угулган кадамды Актан келди деп ойлогон кыз, жылмая карап бурулду. Өмүрүнүн акырына чейин көзүм көрбөсө экен деп тилеген адам маңдайында турат, жырткычтарча тиштерин ырсайтып. Кыздын денеси коркунучтан калчылдап жатты. Өзүнө келип бакырды да качып жөнөдү, алы жетпеген зөөкүрдөн бир эле амалы качып кутулуу эле. Шаркыратманы көздөй качты, көлдөн сүзүп өтүп кетсе нары жагы калың токой эле. Жалал токто шуркуя , баары бир качып кутулбайсың деп кыйкырып кууп бара жатат. Шаркыратмага жеткенде кыз чарчап калды, сууга эми секирээрде Жалал аны чачтан алып артка тартты. Жерге чалкасынан катуу урунду, качкан момундай болот деп Жалал капталга тээп -тээп алды. Анан ачуусун басты кыз ага тирүү жана ден-соолугу менен керек эле... Марта каршылык көрсөткөнүн токтотту баары бекер экенин билчү кыз... -Азыр биз үйүбүзгө кайтабыз, деди өгөй атасы, эгер дагы бир кача турган болсоң эми жөн эле өлтүрүп коём түшүндүңбү? Марта башын ийкеди. Биринчи сен мени ыраазы кыласың деп кызды чөпкө жыкты. -Жок,жок,жок, суранам тийбеңизчи, Марта ыйлап да жалынып да жатты... Кыз менен алышып жаткан Жалал артынан келген адамды байкабады, Актан килейген ташты эки колу менен көтөрүп башына урду. Эми эле мазактап каткырып жаткан дене кыймылын жоготту. Кан жая берди. Адам бул дүйнөдө өлбөөчүдөй жашайт, чынында чымындай эле жаныбыз бар... Муну көргөн Марта бакырып ыйлап жатты. Актан кызды жерден тургузуп бооруна кысты. - Бүттү, эми баары бүттү...деп кызды сооротуп жатты. Экөө эми эле болуп өткөн окуядан өздөрүнө келе албай көпкө турушту. Марта өзүнүн айынан Актанды адам өлтүргөнгө түрткөнүн айтты . Буга Актан макул болбоду, бул адам эмес, мен соопчулук иш кылдым, сенден башка канча кыздын убалына калды экен дагы да калмак ким билсин деди. Мен өкүнбөйм, сен да өкүнбө! Эми эмне кылабыз сурады Марта, денени көрсөтүп. Көмөбүз деди Актан. Итке-иттей өлүм буйруптур. Менин оюм болсо көмбөй да коймокмун бирок сен ага макул болбойсуң деп ойлойм. Ооба деди Марта, биз адамбыз го кантип таштап коё алабыз?... Дарактын бутактарын бириктирип Актан денени жүктөп сүйрөп жөнөдү, Марта артынан күрөк менен лопата көтөрүп алган. Канчалык үйүнөн алыс алып кетишсе ошончолук экөөнө жакшы болмок. Акыры чыт токойго жетишти бул жакка алардын келишине себеп жок. Экөөлөп каза башташты, токойдун капкара топурагы жумшак болот эмеспи. Тез эле казып болушту. Кой десе болбой Марта шейшеп алып алган үйдөн. Денени ороп шейшепке казылган чуңкурга Актан өзү алып түштү. Мартаны кете бер мен кууп жетем деди. Чындыгы кыздын элесинде өмүр бою кала турган көрүнүш эле бул. Марта да көргүсү келбеди тез басып жолго түштү. Көмгөндөн кийин, Актан: -"Кудайым өзү кечирсин күнөөлөрүңдү", деди да кылчайбастан басып кетти... Экөө бүгүн абдан чарчашты, Мартанын денеси көк ала, чачынан ушунча катуу тарткан эле башы жарылайын деп ооруп чыкты. Тамак жей алышпады экөө тең. Жуунуп талдагы үйгө чыгышты. Марта төшөккө кулады, Актанды кетпе деп суранды, бала полго төшөк салып жатты, бүгүн Мартаны жалгыз калтырбаш керектигин билип турду. Марта жаман түш көрүп бакырып ойгонду, жетип барган Актан кыздын денеси чоктой ысып чыкканын сезди, Марта жөөлүп жатты, Жалалдын атын кайра-кайра айтып," тийбе мага, тийбе" , деп кайталап, көрүнбөгөн адам менен алышкандай алышып, көзүнүн жашы көл болуп төгүлүп жатты. Актандын жүрөгү эзилип, кызга кошулуп ыйлап да жатты, сооротуп да жатты. Ошол түнү Актан өзүнө-өзү сөз берди, эми Мартаны эч бир жан капа кыла албайт, мен өмүр бою жанында болом, ага ордуна ага болом, ата ордуна ата болом! Актан ал убакта түшүнбөдү, көкүрөгүндө жаралып жаткан, эң назик сезимди...Марта таңга маал гана тынчтанып уйкуга кетти. Уландысы бар. Автор: #Елизабет.
    0 комментариев
    6 классов
    ТҮН ЖАМЫНГАН ПЕРИ.. 3-БӨЛҮМ. Марта кийинип түшүп келди, Актан жүр деп кызды ээрчитип токой аралап бара жатты, үйдөн 200 метрдей өткөндө токтоп, үйүлүп турган чырпыктарды жылдыра баштады, Марта жардам берди. Ал жерде жер төлө бар экен, жыгачтан жасалган капкагын алып салып, шаты менен түбүнө түшүштү. Актан дубалда илинип турган чыракты жандырды. Марта караңгыга көзү көнгөнчө эч нерсе көрө албады. Анан жер төлө 3 бөлмөгө бөлүнөөрүн байкады. Бир бөлмөсүндө, консервалардын түрү бар экен, бурчта күрүч менен макарондор. Бир кап ун. Мен нан бышыра албайм ошондуктан ун да албайм, нансыз жашоого көнүп калганмын деди Актан. Экинчи бөлмөдө бир кап картошка, жарым кап пияз, ошончо сабиз бар экен. Бурчта күрөк, кетмен, балта, айтор үй чарбачылыгына керектүү куралдар. Өзүң түшүнгөндүрсүң, мен буларды өзүм эгип алам. Токойдо жаңгак көп өсөт, аны терип кургатып бул жакка түшүрүп алышыбыз керек. Кеч күзгө чейин талдагы үйдө жашаса болот андан кийин суук түшөт, жер төлөдө кыштайбыз. Жүр деп үчүнчү бөлмөгө жол салды. Ал бөлмөдө бир адамдык тапчан төшөгү менен. Кичинекей темир печка мору менен, мору сыртка чыгарылган.Дагы бир труба ал аркылуу аба алмашып турат эле жер төлөдө. Мен азыр дагы бир бөлмө казып жаттым эле ошону кышка чейин бүтүрүп сага даярдап берем. Же сен кетесиңби үйүңө? Мартанын бара турган жери жок, апасына кайтып барса өтмүшү кайра кайталангандай. Өзү да али бала бойдон 16 га эми чыкты. Актандын жашы 22-23 төрдөй көрүнөт. - Жок, мен ушул жерде калгым келет, деди Марта. Кыз кичинесинен апасынан тамак жасаганды, нан бышырганды үйрөнгөн. Жер төлөнүн жанында очок бар эле. Марта бир аз камыр жууруп, тамакка киришти. Актан жер төлөдө жумушун улантты. Актан бир чети эми жалгыз эмес, сүйлөшкөнгө жанында адам заты бар ойлосо, бир жагынан ал жаш кыз эле анан да жашоосу кыйын болгон экенин түшүнүп турду, кызды карындашы катары калкалап алам деген чечимге келди. Бир күнү даяр болгондо өзү айтып берээр, азырынча шаштырып жараатын сыйрыштын кереги жок... Марта чокко көмөч көмдү, очокто картошка куурулуп жатты. Актанда баардык идиш бардыгына таң калды кыз. Чайнекке суу куюп оттун табына койду. Даяр болгондо баланы тамакка чакырды. Бул жаш кыз жарытып бир нерсе бышыра алмак беле деп ойлонуп келген Актан, көргөн көзүнө ыраазы болду. Экөө тамактанып, очоктун даамдуу чайын ичип олтурушту. Эртең мен сага шаркыратманы көрсөтөм анын жанында чакан огород бар ошол жерге мен жылда жемиштерди эгем. Шаркыратманы Марта көргөнүн айтты бирок огородду көргөн эмес эле. Шаркыратманын тегерегинде бүлдүркөн көп өсөт деди Актан, эртең кааласаң терип келебиз. Марта тамактын калганын алып талдагы үйгө кетти, Актан дагы бир аз иштейм деп жер төлөгө түшүп кетти. Кыз баланын жакшы адамдыгына көзү жетип турду. Өз жашоосун айтып берип кеңеш сурайын деп ойлоп бара жатты. Апасы кантип жатты экен байкуш, менин качып кеткеними айтты бекен же жашырып койду бекен, ал деле колунан келет эле өгөй атасынын. А таштап кеткен кызычы, барып кабар алгысы келет бирок коркот. Актандан жардам сураса эмне дээр экен...Айтор кызды ойлор чырмап алды. Кечинде экөө көпкө сүйлөшүп олтурушту. Кыз өзүнүн окуясын төкпөй-чачпай айтып берди. Өгөй атасы тууралуу укканда Актандын муштумдары түйүлдү. Мартанын өтүнүчүн аткарып апасына барып келүүгө макул болду. Дүрбүсүн алып, мектепти да алыстан карап келмек болду. Эртеси Марта балага нан, суу, жаңгак салынган баштыкты карматты, Актан жөнөп кетти. Өзү жаңгак тергени кетти. Актан биринчи мектепке бет алды, күн төбөгө көтөрүлгөндө жетти. Бийик терекке чыгып дүрбүсүн салды. Кыздар короодо машыгып жатышкан экен, ошондой эле короодо турган колясканы көрдү, улгайган апа колун сунуп ымыркайды колуна алды. Башка ымыркай жок эле, демек ушул Мартанын кызы болуш керек деп болжоду. Теректен түшүп наристенин жашоосу Марта каалагандай өтүп жатканын көрдү. Эми кыздын апасынан дайын алыш керек. Марта айткан адрес менен таап барды. Чакан гана жер там, эшигин такылдатты. Орто жаштагы кара чачтуу аял чыкты. Бала мен Мартанын классташ кызынын байкеси болом, сөзүм бар эле кызыңызда, чакырып коёсузбу деди. Марта үйдө жок, атасы менен токойдо жашайт деген жоопту угуп, апасынын кабары жок экенин түшүндү. Марта апасы билбесе эч нерсе айтпашын суранган. Чындыкты уккан эне көтөрө алабы да жокпу... Бала коштошуп базарга жөнөдү, көз өлчөмү менен кызга эки көйнөк сатып алды. Кызды кубантайын деп ар түр конфет алды, караңгы түшкүчө жетип алыш керек деп токойду көздөй кадамын тездетти... Марта бир күн кечке жаңгак терип, күнгө жайып койду анан тамакка киришти. Жумуштар менен алек болгон кыз, токойдо жашынып аңдып отурган өгөй атасын байкабады.... Уландысы бар. Автор: #Елизабет.
    0 комментариев
    1 класс
    ТҮН ЖАМЫНГАН ПЕРИ... 2-бөлүм. Канча уктаганы белгисиз, Марта көзүн ачса капкара түн түшүптүр. Биринчи каерде экенин эстей албай көпкө жатты. Күндүзү көргөн чыракты сыйпалап таап, жанында жаткан ширеңке менен тамызды. Бир чети жарыкты көрүп бирөө жарым келбесин деп коркту, кайра бул токойдо өзүм жалгызмын , канча күн басып бир да адам изин байкабаганын ойлоду. Кызды ойлор каптады, эмне кылам, кантип жашайм? Бул үйдүн ээси болушу мүмкүн да... Карандай суудан жутуп-жутуп алды, ойлор менен алышып жатып кайра уйкуга кирди, денесинин жанчылып ооруп жатканын эми гана байкады кыз... Мартаны чымчыктардын сайраганы ойготту, ушунчалык кооз сайрашат, биринен-бири өтүп, ордунан туруп сыртка чыкты. Кулап кетпейин деп акырын жерге түштү. Максаты жегенге бир нерсе табуу, үйдөн да алыс кеткиси келбеди, кантсе да адам талабына керектүү нерселер бар эле бул үйдө. Токойдон жаңгак тапты этегине толтура терип артка кайтты. Үйгө чыгып бети-колун жууду, жаңгакты таш менен чагып жеп кыйла өзөгүн жалгады. Үйдө турган жыгачтан жасалган сандыкка окшогон немени ачып кийим тапты. Кийимдер эркекке таандык эле. Айла жок өзүнүн кийимин алмаштырбаса болбойт, футболка менен шым таап чыкты, текчеде турган самынды алып, жерге түшүп булак издеп жөнөдү. Мектепте жашоо уланууда, сабак учурунда мектептин өздөштүрүүчүсү улгайган апа кирип, бүгүндөн баштап англис тилин үйрөнөсүңөр, бизге жаңы мугалим эжей келди деп, эжекени чакырып кыздарга тааныштырды. Кыздардын ар биринде өзүнчө күчтүү жактары бар. Бири математикадан жакшы болсо бири каратэден жакшы. Бири кылычты жакшы өздөштүрсө бири кол күрөштөн жакшы эле. Ада жөндөмдүү кыз чыкты же жетимдер нарагынан чыйраак болушабы... Чарчаганына карабастан кыздардан көп машыгат, билимин да кошо өздөштүрүп чоңойгон сайын өжөрлүгү калып, мүнөзү калыптана баштады. Анын максаты 18 жашка чыкканда, бул мектептин дубалдарын таштап кеткенде, ата-энесин табуу, аларга бере турган бир эле суроосу бар, -"эмне себептен?"... Марта булак издеп жүрүп, суунун шарын уккандай болду, багытын алып бара жатып кичинекей шаркыратмага туш болду, алдында анча чоң эмес көлү менен. Кыз азыр өзүн ушунча кир сезип турду, кайра-кайра самынданып жуунду, чачтары жуулганга саксайбай, адам кейпине келди. Тапкан кийимди кийип, өзүнүн кийимдерин жууду. Кайра үйгө кайтып келди. Үйдүн чаңын аарчып, жыйнаштырды. Эрте мененкиден калган жаңгагынан чагып жеп, сергип калган кыз уйкуга кетти. Түнү бир маалда эшиктин ачылып жаткан добушунан ойгонду.... Кыздын жүрөгү оозуна келди, өгөй атасынын жоруктары унутулгус болгон...Кирген адам биринчи эч нерсе сезбестен чыракты тамызды. Анан бурулуп Мартаны көрдү, экөө бири-бирин тиктеп көпкө турушту. Кыз тура калып качууга умтулду, бала эшикти тороп туруп алды. Акыры тынчтыкты бузуп суроо узатты: - Сен кимсиң? Кандайча бул жерге келдиң? Коркпо мен сага тийбейм, алсызды кордоо менин адатымда жок. Марта ишенээр-ишенбесин билбей карап тура берди. Келген баланын чыдамы кете түштү. Чөнтөгүнөн бычак алып чыгып кыздын алдына ыргытты. - Бычак сеники эгер мага ишенбей жатсаң. Марта үйүнөн качып кеткенин, көп күн жол басып ушул үйдү тапканын айтты бирок кызы тууралуу ооз ачпады. -Менин атым Актан, өзүң түшүнгөндөй бул менин үйүм, мен жылына бир жолу гана шаарга түшүп келем, керектүүмдү алып. Сени азыр кууп чыга албайм, жашай бер анан ойлонобуз кандай кылышты, укта эртең сүйлөшөбүз деп чыракты өчүрүп сыртка чыгып кетти. Марта көпкө уктай албай жатты, Актан чындап эле жакшы адамбы же ошондой көрүнгүсү келдиби, бир жагынан бул ээн токойдо Актанга эч ким тоскоол болмок эмес. Көңүлү бир аз жайланып уйкуга кетти кыз, бычакты жастыгынын астына коюп алды. Ада жамгырда сыртта көп жүрүп ооруп калды, ысытма катуу чыгып жөөлүп жатты. Уйку-соонун ортосунда апасын көрдү, өзүнүкүндөй капкара тармал чачтары бар экен апасынын. Үчүнчү күн ысытмасы кайтпай жаткан Адага апасы көрүнүп, ал кызынын чачтарынан сылап, жата бергениң болбойт, өзүңдү жый, ооруну жең. Сенин бактылуу күндөрүң али алдыда, сен сакайбасаң анан кантип мен сени табам?.... Ада жөөлүп жатса да, апасы аны жакшы көрөөрүн, экөө сөзсүз жолугаарына ишенип турду. Эки күндөн кийин эч нерсе көрбөгөндөй төшөктөн туруп кетти. Эртеси Марта эрте ойгонду, көкүрөгүн таңып жүрүп сүтү кайтып калган эле бирок футболкасы суу болуп калыптыр, эшикти такылдатып Актан кирип келди. Кыздын абалын көрүп баарын түшүндү, бир секирип Мартага жетти. - Кана балаң? Эмне кылдың балаңы? Көздөрү заар чачып турган баладан кыз коркту. - Коё бер, кызым тирүү, мен аны таштаганга мажбур болдум. Бала Мартанын көзүнө тике карап көпкө турду, кыз да көзүн алып качпай тиктеп тура берди. Калп айтпаганына ишенип кыздын далысын коё берди. Сандыктан башка футболка таап кызга ыргытты, кийинип жерге түш деди да өзү чыгып кетти. Бүгүн Ада 12 ге чыкты, кыздын бою кыйла өсүп, капкара тармал чачтары укмуш кооз эле. Спорт боюнча алдына адам салбайт жада калса андан чоң кыздардан жөндөмдүү, колуна кайсы курал албасын Ада анын жолун билет. Аткан жебеси мээлеген буюмду табат, кылыч кыздын үчүнчү колундай сойлойт. Каратэде ылдамдыгы устатын кууп бара жатат. Лин Аданын жөндөмүн башынан эле байкаган, бул кыздан эң мыкты жоокер чыгаарын түшүнгөн. Ар бир кыз тууралуу маалыматты Лин өйдөдөгү шефтерге дайындап турат. Аданын жашы гана жаштык кылат болбосо бул кыз даяр эле... Бир күнү Лин шаарга түшүп келмек болду, дайым өзү кетчү устаты бүгүн Аданы шерик кылып жанына алып алды. Кыздар узун плащ кийишип кылычтарын плащтын ичинде тигилген кынына салышты. Ада түшүнбөдү биз базарга эле барабыз ал жакта кылычтын эмне кереги бар...Лин экөө базар кыдырып, устаты ар кандай адамдар менен токтоп сүйлөшүп жатты. Анан Адага бурулуп жүр кайттык деди. Экоо тоо тарапка бет алышты. Кыздарды күтүп турушкан эле. Беш-алты жигит алдыларын тороп чыгышты. Лин кылычын сууруп чыкты Ада аны кайталады. Жигиттер каратэни жакшы билишет эле бирок көчөдө үйрөнүшкөн. Эки кыздын ылдамдыгы жана ыкмалары профессионал экендиги байкалып турду. Кыздар бири-биринин жонун тосуп тап берген балдардын чабуулун кайтарып жатышты. Тепкенде эсин жоготуп коё турган талуу жерлерине тээп, биринин артынан бирин сулатып жатышты. Адада суроолор көбөйдү, жүр кеттик деди Лин, азыр булар ойгонушат. Экөө тез ылдамдыкта тоонун башындагы мектепке жетишти. Ада балдардын жөн эле тоноочулар эмес экенине түшүнүп турду. Лин бекер Аданы өзү менен алган экенмин деп ойлоду. Ал балдарды жалгыз деле жеңе алмак. Бирок устаты Аданы иш жүзүндө сынагысы келген эле. Ада сыноону ийгиликтүү өттү устатынын көзүнө... Урматтуу окурмандар, Ада тууралуу жазганымда убакыт 12 жыл алдыга жылып, Марта тууралуу кеп болгондо анын төрөттөн кийинки жашоосу чагылдырылып жатат. Автор: #Елизабет. Уландысы бар...
    0 комментариев
    2 класса
53641869459594

ТАГДЫР ЖОЛУ

Сүйүү арманы: 5 бөлүм Мурунку окуянын уландысы күткөндөр барбы аягы эмне менен аякташын күткөндөр үчүн Эскертүү!!! Бул окуядагы адамдын аттары автордун ойу бойунча жазылган. Туулган жерден алыс кеттим бирок сыртта өз мекенимден алыс жүргөн болсом да Айдайдын жылмайып мага караганы, шыңгыр, күлкүсү эркелиги, таарынган кыялы эсимден кетпеди тапкан акчамды ичимдикке жумшадым. Ошентип бир жыл өтпөй мекенге кайра кайттым келип эле Айдайды эстеп жаткан жерине барып чөгөлөп түштүм да топурагын мыкчып көздөн жаш токтобой куйула берди . Кечке жанында отуруп айдай менен сүйлөшүп баштадым. Куба: Айдай мен сени сагындым эсиңдеби бири бирибизге сөз берген элек бактылуу жубайлардан болобуз деп. Эх
- Байкуш үчүнчү кабатта жашаган Памиргүл өтүп кетиптир. Эмне болуп өтүп кетиптир? - Тамеки тартам деп үйүн өрттөп алыптыр. - Ии байкуш күйүп калыптырбы? - Жок, өрт өчүргүчтөргө телефон чалып кийин терезеден секириптир. - Анда үчүнчү кабаттан жерге түшүп калыптырбы? - Жок, Памиргүл терезеден секиргенде өрт өчүргүчтөр келип палатка тосконго үлгүрүп калышыптыр, палаткага түшүп күүлөнүп кайрадан күйүп жаткан үйүнүн терезесинен кирип кетиптир. - Күйүп өлүптүрбү? - Жоок, Памиргүл экинчи жолу чуркап келип терезесинен секириптир. - Экинчисинде палаткага түшпөй жерге түшүп калыптырбы? - Жоок, секиргенде жерге түшпөй телефондун кабелине илинип калып, жаанын аткан огундай болуп кайрадан күйүп жатк
Кыргыз Москвада эмне кылаарын билбей клиника ачат. Рекламасына: "даарыланган 5000 рубль даарылай албасам 10000 рубль берем"-деп жазып коёт. Еврей өтүп баратып, ушул кыргыздан 10000рубль алып алайын деп кирип: - Мен даам билбей жатам- дейт. - Сестра номер 22-сироптон бер, ичсин- дейт. кыргыз - тфу бензин го бул?-дейт, еврей ичип көрүп. -Мына даам билип калдың, келе 5000 Айла жок еврей жинденип 5000рубуль берет. 3-4 күндөн кийин еврей дагы келип: - Врач менин эс тутумум жоголду, кыргыз: - Сестра 22-сироптон бер ичсин еврей - Ээ ал бензинго? - Мына сакайдың, эс-тутумуң калыбына келди. Еврей жиндеп 5000рубль берет. 3-4 күндөн кийин дагы келип, еврей: - Врач көзүм көрбөй жатат. Кыргыз: - Да
ТҮН ЖАМЫНГАН ПЕРИ...5-БӨЛҮМ.
Кабыргасына тепки жеген Марта бир жумадай төшөктө жатып калды, капталы көкмөк болуп көгөрүп чыкты. Актан ат кулактын жалбырагын майда чайнап кабыргасына коюп таңып жатты. Өзү тамак жасайт, кыз турам жардам берем дегенине көнбөдү, азыр сага кыймылсыз жаткан жакшы деди. Марта апасын ойлоп жатты, Актан менен бөлүштү ойлорун. Биринчи бутуңа тур, анан барасың.. Актан эми Мартаны токойдо эч нерсе кармабастыгын, каалаган убагында үйүнө кете берээрин түшүнүп турду бирок кетпесе экен деп эңседи...
Арадан он күндөй өтүп, Мартанын денесинин акыбалы калыбына келди, жан-дүйнөсүнүн акыбалы оорлоп кетти. Өзүн баарына күнөөлүү сезип, өзүн-өзү ичтен жеп жатты. Апасы күйөөсү туу
ТҮН ЖАМЫНГАН ПЕРИ... 4-БӨЛҮМ.
Актан канчалык тез басканы менен үйү алыс эмеспи, күүгүм кирип кетти. Мартанын өгөй атасын ойлоп кыжырланып бара жатты, кантип жер-эне ушундай зөөкүрлөрдү, адам атын булгагандарды көтөрүп жүрөт. Эгерде биз жер-эненин сезимдерин уга ала турган болсок, балким анын оор үшкүрүгүн-онтоосун укмак белек...Бизге өстүрүп берген азыктарын болуп жүргөн көрүнүш катары кабыл алып, каалашыбызча тебелеп-тепсейбиз, токойлорун каалашыбызча кыябыз, суусунун агымын тескери бурабыз, өз пайдабызды көрсөк болду, балким бул жасагандарыбыз жер-энебизге жакпастыр бирок аны эч бирибиз ойлоп да койбойбуз. Бир жолу да бирибиз ийилип алкыш айтып койдукпу? Албетте жок....
Марта тушенка ачы
Показать ещё