ЖАТ ТЕРЕЗЕДЕ ОСКОН МЕНИН ГУЛДОРУМ 11-болук Желдей сызгна жумшак машинеде туман каптаган ашууну кантип ашканыбызды, карт күрткүлөрдү салаңдаган жар түбүн бойлоп, капчыгайдан өткөнүбүздү байкабай магдыраган сезимге термелем. Кары кете элек бийик ашуудан түшкөндөн кийин жолдон бурулуп, дарыянын жээгине токтодук. Кууш капчыгайда кысылып, тереңи көрүнбөй, күкүктөп аккан тоо суусу кең жылгага чыкканда өзөнгө кошулуп, мелмилдеп тынчый түшүптүр. Куюлушуп агып бараткан агымы ташка урунуп серпилсе күн нуруна чагылышып, күмүштөй жаркырайт. Өзөндүн кайберен изи түшпөгөн ээн жээгинде чычырканак, ит мурун, долононун сейрек бадалдары өскөн. Тал күчүктөп бөртө баштаган сабактарынан көктөмдүн ууз илеби келет
ЖАТ ТЕРЕЗЕДЕ ОСКОН МЕНИН ГУЛДОРУМ 10-болук Олдо, кагылайын кызым ай! Бул күндү мен эч качан унута албасам керек. Бүгүн сени кайрадан экинчи жолу төрөгөндөй болдум. Жок, бул азабыңды тарткандан көрө төртүнчү жолу кесерово болуп төрөш алда-канча жеңил болгон экен. Операциядан кийинки алгачкы сааттарда жан чыдагыс оорудан ыйлаган эмесмин. Ичимдин кесилген жарааты айыга электе өзүңдү көтөрүп, өйдө-ылдый кылып кыйналганда ыйлабапмын. Кээ бир күндөрү жашашка күчүм калбай калгансып, шайым ооп, көздөрүм тунарып кетчү. Анда да көзүмдөн жаш чыккан эмес. Жанымды уучтап алып тиштене сени багып жаттым. Анткени бошошууга акым жок эле. Жашоого жаңыдан келип, эмчек сурагандан башка камы жок наристемдин ден-
ЖАТ ТЕРЕЗЕДЕ ОСКОН МЕНИН ГУЛДОРУМ 9-болук Батага келгендердин аягы үзүлгөндөн кийин мени райондук ооруканага алпарышты. “Инсультка чалдыгыптыр. Кеч алып келип калыпсынар. Эми бутуна турушу күмөн”, – дептир мени караган догдур Назарга. Бул жашоодогу азабым бүтөөр да күн аз калган окшойт. Жай келгиче ооруканада эки жолу жатсам да жылыш жок, өз алдымча баса албайм, тилим жакшы күрмөлбөйт. – Догдур айта берет, табыпка салам, Жүрөгүӊ түшүп эле калса керек, – Кайненем мурдагыдай эмес жумшарып камкор. Айылда ошондой тамыр кармап табыптык кылуучу кемпир бар эле. Ал менин тамырымды көпкө чейин кармап туруп, анан: – Сенин дартыӊ катуу чочугандан. Учукташ керек. Шыбаасын берсе бутуна туруп кетесин,
ЖАТ ТЕРЕЗЕДЕ ОСКОН МЕНИН ГУЛДОРУМ 8-болук Быйыл жаӊырган балык жылын эл-журт кооптонуп тосту. Жыл санакты аяктаган балык жылын айылдыктар “Улуу жыл” деп тергешип, оор өтөрүн болжолдошот. Бул жашообуз түгөнгүс коркунуч менен коштолот тура. Калыӊ элдин корккону: согуш кыргыны, жер титирөө, сел, бей ажал өлүм, айыккыс оору, мал-жанга келүүчү жут сыяктуу кырсыктар экен. Жеке пенденин да өзүнө жараша жүрөкзаадасы көп. . Балдарымдан айрылгандан кийин ичим көӊдөй болуп, мен да караӊгы түндөй коркунуч ээлеп алган. Андан качандыр арылышыма көзүм жетпейт. Уулумду жерге бергенден кийин таӊдын атканы, күн батканы баары бир болуп тирүүнүн өлүгү болуп жүрөм. Өткөн күнүӊдөн тажап, алдыдан эми жакшылык күтп
ЖАТ ТЕРЕЗЕДЕ ОСКОН МЕНИН ГУЛДОРУМ 7-болук Экинчи балам да кесерово менен төрөлүп, жарык дүйнөдө кыркы чыкканга чейин эле жашады. Бир түн гана ысытмалады. Денеси от менен жалын болуп күйүп, көздөрү жумулбай чирене чалкалап, чыңырып ыйлап жатты. Таңга маал дарманы түгөндүбү же бой түзөгөнбү, үнү чыкпай мемирей баштаганда өзүмдүн да көздөрүм илинип кетиптир. Бирөө безге сайгандай чочуп ойгонсом кызымдын жылуу деми кайтып, муздап бараткан экен… Эки өлүмдүн тең күйүтүн тарткан жалгыз өзүм болдум. Баарынан да аз күн жашаса да балапан жытын искеп, эмчегимди эмизип, энелик мээримим түшүп калган экинчи баламдын кайгысы оор эле. Анын кенедей денеси көкүрөгүмдү гана жылытпастан, жалгыздыктан муздай тоӊ
ЖАТ ТЕРЕЗЕДЕ ОСКОН МЕНИН ГУЛДОРУМ 6-болук «Күн өтүп кеткен окшойт» деп кайненем улам төбөмө суу чүпүрөк тартып, карандай кордо ичирип, эки-үч күн жаткандан кийин кайра тириликке аралаштым. Ичим күндөн-күнгө чоноюп баратат. Жүрөк алдымдагы бала тез-тез кыймылдап, чирене тээп койгон сайын энелик жылуу сезим боюма тарайт. Кандай күндө калсам да перзентимди эч качан таштап кетпейм, бул жарык дүйнөдө аны бактылуу кылуу үчүн бардыгына кайылмын деп чыйралам. Сурма эне көргөн жерден боор толгоп: «Качан жентек жейбиз? Аман-эсен төрөп алчы?» – деп көңүлүмдү кушбак кылып коет. Андан башка менин төрөлө турган балам эч кимди кызыктыра элек. Назар экөөбүз бул жөнүндө сүйлөшкөн да жокпуз. Тун наристем сүйм
ЖАТ ТЕРЕЗЕДЕ ОСКОН МЕНИН ГУЛДОРУМ 5-болук Койнунан бет аарчыга оролгон тутам акчаны апасына алып чыгып карматты эле кайненем аны санаганча шашты. Эскирген, кирдеген майда акчаларды титиреген туурук манжалары менен бириндетип санап бүткүчө баарыбыз демибизди ичибизге алып, көзүбүз өтө тиктеп турдук. Кайненем аягына чыккандан кийин ишенбегендей кайра башынан түшүп эсептеп кирди. Өңүнө көлөкө түшүп, бырыштары кат-кат көбөйүп, нуру качып баратат. – Ушул элеби? – деди уулуна эки анжы тиктеп. – Ушул болбогондо калганын катып алды дейсизби?! Ичпей-жебей, бир байпак албай алып келдим. Көптөн көткөн үмүтүбүз таш капканына зээнибиз кейип, мостоюп калган бизди көрүп ызалангандай дагы корс этти: «Жарым
ЖАТ ТЕРЕЗЕДЕ ОСКОН МЕНИН ГУЛДОРУМ 4-болук Бир адамдын турмушундагы жакшылык эмне учун кээ бирөөлөрдүн ичин тызылдатып, көзүнө түшкөн көк таш болорун анда мен түшүнчү эмесмин. Ушундай жөнү жок сөздөрдү.уккан сайын бул адилетсиздикке жаным кашайып, мен билген дүйнө эки жээкке бөлүнө түшчү: анын бир жээгинде чон апам менен кайнагам, ал эми экинчи жээгинде кайненеме окшогон өзү да бактысыз, башканын да бактысын көрө албаган көр пенделер. Чон апамдын насааты жадымдан чыкпагандыктан, кайненемдин кычык сөздөрүнө көңүлүм ооруса да каяша кылбастан, айтканын жасашка аракеттенем. Кышында отунду үнөмдөп, баарыбыз бир бөлмөдө жашап жаттык. Энем ар кимдин ишин алып, жүн тытып, ийик ийрийт. Эрте менен бир
ЖАТ ТЕРЕЗЕДЕ ОСКОН МЕНИН ГУЛДОРУМ 3-болук Качан оокат бышырасыз? – Кайнагамдын биздин үйдө жүрүшкөн балдарынын ушинтип алмак-салмак сурашканы жүрөгүмдү эзип бүттү. Күнүнө бир маал кайненемдин колунан чыкканды казанга салаарымды билишсе да ушинтип сурашат. Оокат бышаар маалга чыдамдары жетпей өзөктөрү үзө тартып турушканын түшүнөм. Мен деле кеберсиген эрдимди ######, улам суу ууртап коюп ач курсакты алдайм. – Тегеле тойбос болушту булар, ата-энеси мага дүнүйө калтыргансып… – деп күңкүлдөп калат кайненем алардын сөзүн кулагы чалса. Кайра неберелеринин бозоргон жүздөрүнө боору ачыгандай үшкүрүнүп коет. Чоң уулу мындан үч жыл мурда үйүн күрөөгө коюп банктан насыя акча алып, үч баласын энесине та
Показать ещё