ӨЧ АЛДЫМ, БИЛБЕЙМ КИМДЕН.
..........20-БӨЛҮМ..................
---Апа эмне ыйлап жатасыз? Сиз айткандай атам менен жараштым, сиз менен жараштырайын!-деп чакырдым. Көзүңүңздүн жашы эми акпасынчы апа, сизди баарыбыз жакшы көрөбүз...
Балам ушинтип жатса жүрөгүм элжиреп кетти. Ыйлабайын десем да жашым токтобой жатты. Мени алаксытууга Рыспек жаныма келип кучактап калды. Сезип турду мендеги бир сезим Рыспекти түртүп, жолобо дегенсип турганын. Бул сезимди башкара алдым, унчуккан жокмун. Бир колум менен кучактап, далынан таптап койдум.
----Рыспек мени кечирип койчу.
----Клара мен сени күнөөлү деп эсептеген жокмун. Баламды дарылоо менин милдетим, ал акчалар кайда калган акча. Кайрадан ыраазымын
Өч алдым, билбейм кимден.
..........19-бөлүм.............
Азап менен башталган жашоом, азап менен аяктайт экен да. Жашоонун жыргалын бир таткым келди эле, ден-соолук бул бакытты менден дагы бир жолу тартып алды. Мына суунун бузулганын ичип, нандын таштай катуусун, тамактын көк басканын жеп жаттым. Перизат келгенде жалдырайм, суранам угуп койсочу же. Мен дагы убагында жаш болгом, ушул күн башыма келээрин үч уктасам да түшүмө кирген эмес болчу. Чыдабай калганда Эсенди чакырууну чечтим. Жок мени караганы эмес, акыркы жолу көрүп алуу үчүн. Баламды сагындым, ойлосом жүрөгүм токтоп калчудай болуп жатат. Балама коңгуроо кылаардан алдың аябай ойлондум.
Бакытка татыктуумунбу?-деген суроо келди бирин
Өч алдым, билбейм кимден.
..........18-бөлүм.......
Жадырап келген жазда келиним кыз төрөдү. Сүйүнүчүм койнума батпай турган кезим, көптөн бери неберелүү болсом Ырыс койоюн деп жүргөм. Тилеген тилегим ишке ашып, неберелүү болгон соң балама коңгуроо кылып, Ырыс деп ысым ыйгарганымды сүйүнүп айттым. Балам болсо тамагын аста кырып, ыңгайсыздана сүйлөп турду. Кызымдын атын келиндин ата-энеси коюп коюптур Айдина деп, эчак эле. Ушул кандай болсун? Кызынын баласына кудасынан озунуп ат койгонун эми көрүп жатам. Желмогуздай келиним биздин өмүр баяныбызды ата-энесине төкпөй чачпай айтып берген окшойт. Мени таянаары жок деп, тоготпой кылып жаткандары да. Бул окуя мага аябай катуу тийди, төшөктөн турба
"Өч алдым, билбейм кимден."
.................17-бөлүм................
Авариядан кийин врачтар бир жылда эки жолу даарыланып тур, дешкен болчу. Мен Эсен менен болуп жүрүп бир дагы ооруканага барганым жок. Ошонун кесепети окшойт, же кылган күнөөлөрүмө ушундай жол менен жооп берип жатамбы. Иши кылып төшөктөн тура албай калдым. Каникейди акылдуу аял деп жүрсөм андай эмес экен. Жакшылык аялын алып кетип калганына мени күнөөлөп жүргөн имиш. Өз баламдын жүрөгүн жаралап, булардын колуна салып берсем жаман ойлорун карап кой. Негизи эле Эсен ата тарбиясын, Жакшылык өз энесинин тарбиясын көрбөй тарбияланышты. Ошонун натыйжасы окшобойбу, экөө тең кандайдыр бир деңгээлде кээде акылсыздык кылып коюшат. Жа
"Өч алдым, билбейм кимден"
...........16-бөлүм.............
Мурун Турцияда иштеп жүргөнүмдө кожоюндун баласы дал ушундай оору менен ооруп, мыкты догдурга көрсөтүшчү. Бирок, ал тубаса болгондуктан айыкпай койгон экен. Бай үй-бүлө болгондуктан аракетин коюшкан эмес. Эже менен сүйлөшүп, ошол эле квартирага барып туруп калдык. Кожоюн менен сүйлөшүп кайра жумушка кирдим. Баласын көрсөткөн догдурларга менин баламды да сүйлөшүүсүн сурандым. Маакул болуп, кезеке койду эле бир айга жетпей кезегим жетип келди. Башында эле акча тууралу сураганда акчам бар деп жооп берген элем. Ошентип балам мыкты адистерге туш келди. Операция кылса балам айыгып кетүүсү толук мүмкүн экенин айтышканда аябай сүйүнүп жүрдү
"ӨЧ АЛДЫМ, БИЛБЕЙМ КИМДЕН"
...........15-БӨЛҮМ...........
Наркоздун таасириби же чын эле жаракат алган жерлерим оорубай жаттыбы билбейм, эч оору сезгеним жок. Эки жакты бир топко карап анан Таластан кележатканыбыз эсиме түшүп кетти. Дароо турууга аракет кылдым, тилеке каршы ордумдан жылмак түгүл башымды да кыймылдата албадым. Көзүмдү жумуп жата бердим, бакырайын десем тамагым буулуп калган сымал. Медайымдардан балам тууралу сурасам мени ооруканага жалгыз алып келишкенин айтышты. Тилегеним Эсенге эчнерсе болбой эле, үйдө болсо экен деп жаттым. Ишенесизби канчалык аракет кылбайын, ошондо эмне үчүн катуу кележатканымды эстей албай койдум. Демек жашоомдо биринчи орунду Рыспек эмес Эсеним элейт э
"ӨЧ АЛДЫМ, БИЛБЕЙМ КИМДЕН"
...........14-БӨЛҮМ............
Байкемдин айтканына ишенгим жок, толтура элдин арасында өз агам мынтип жатканы мага кандай катуу тийди. Ары жактан жеңелер мени тосуп алууга көк жолугун алып келе жатышты эле астын тосуп алды байкем. Атамдын эркеги жок болсо эки кызы ыйлап олтурбаса ким олтурат. Атам ачууга алдырып айтты бекен же чын эле нараазы кеттиби аны эми кудайдан башка эч ким билбейт. Айылдын аксакалдары байкемди четке жылдырып жолумду ачышты. Алып барган таттууларымды түшүрбөй коюшту, көрсө атамдар келгенде колдорунда бир тыйыны жок болчу экен. Мен түшүнбөйм ошончо жылда акча чогултпагандарына. Кыштын күнү от жага алышпай, бир топ жыл каралбай жаткан муздак ү
Өч алдым, билбейм кимден.
........13-бөлүм.......
"Жакшы болуу аста-аста, жаман болуу бирпаста"-дейт эмеспи. Өзүмдү жакшы кылып тарбиялоого болгон күчүмдү салдым, колумдан келе турган эмес. Кайненем мени карап жылмайып, сүйүнсө Каникейди карап билдирбей кайгырып алат. Кайненем менен бир үйдө канча жыл чогу түтүн булаттык, кыялын мыкты билип калган болчумун. Мага кээде -"Каникейден акырын сурачы, боюнда жок экенби"- деп калат. Көздөрүнөн төрөбөй турса дегени даана окулуп турат. Бизди жарашсын дейт окшойт, Эрбол экөөбүздү чогу калтырууга жагдай издеп, Каникейди төркүнүнө себептүү, себепсиз дагы жөнөтө берет. Кайненемдин кылыгы жүрөгүмдү оорутат экенин мыкты билсе да токтотпой койду. Эрбол бол