КҮҮГҮМ СҮЙҮҮСҮ 24-БӨЛҮМ. — Үйгө кир. Акырын үн каткан Меринанын агасы алды көздөй жол баштады. Сөзү оозунан түшүп, унчукпай, эч нерсени түшүнбөгөн Айдын артынан басты. Оюнда эч нерсени эстей албай түйшөлүп жатты. Курбу кыз мында эмне кылып жүргөнүн да түшүнбөйт. — Кел отур. Агасы эмнегедир көңүлү суз учурашты. — Биз -биз Мерананы жоготтук окшойт. Билбейм акыркы үмүтүм да өчүп барат. Кайда калды, тирүү болсо мени кыжалат болот деп кайтып келмек. Айдын дале эч нерсе түшүнбөй аз-аздан сыздап оорутуп жаткан жараатын басып кармады. Муну кыраакы ага түшүнүп койду. — Сен тууралуу бул нерседен улам билдим. Эмнеге мага айтканың жок? Мирена билсе кандай абалда болмок? Колуна сунган дептерде Миренанын ички оюн, сүйүүсүн, анын кимдигин, жашоосунда эмнелер болуп жаткандыгын баары жазылуу турган. Өзгөчө Айдынга болгон таза сезими тууралуу окуган агасы, алдында турган жигиттин күнөөсүз экенин сезип турду. Өзү жарадар араң жүрсө,анан дагы агасы Айдын эч качан карындашын таштабасын билип турган. — Менин эсимде эч нерсе жок! Эч нерсе. Эмне болду эле? Биз кайдадыр барган белек эмнеге мен эстей албай жатам? Мирена кайда жоголушу мүмкүн? Жамгырдай жаадырган суроолорго эч кимде жооп жоктой, үнсүз тунжурайт. — Жок -жок. Болушу мүмкүн эмес. Ордунан тура, ары -бери басып алды. Канчалык эмне болгонун эстешке аракет кылып жатса да болчуудай эмес. —Биз баарыбыз майрамга карата шаарда өткөн кечеге барганбыз. Эсиңде жокпу? Курбу кыз башын мыкчый отурган Айдындын алдына отура кетти. — Сен жана үч досуң менен келгенсин. Кийин Мирена менен бирге жүрдүң. Андан соң бир аз өтпөй кандайдыр бир жигиттер келе, шаарга ызы -чуу салышты. Толтура адамдар өлдү, толтурасы жаракат алды. Биз экиге бөлүнүп кеттик, бирок сен Миренаны алып кетип жаткансын. Калганын мен да билбейм, көзүмдү башка жерден ачтым. Эстешке аракет кылып көр. Кай жерде элең? Курбу кыз канчалык аракет кылбасын Айдындын эсинде эч нерсе түшпөй жатты. — Мени кимдир бирөөлөр алып кетип дарылашыптыр? Качан, кайда жарадар болгонум да эсимде жок! Тек болгону билгеним ушул. Биринчи көзүмдү ачканда Мирена эсиме келди, үйдөн чыгып баратып алсыз элем, кайра өзүмдү билбей куладым. Андан беркиси ушул бүгүн өзүмө келип, дароо бул жакка аттандым. Бирок жүрөгүм түпөйүл болчу. Айдын Миренанын күндөлүгүн кучактай бир саамга отурду. — Арадан канча өттү? — Бир жарым айдан өттү. Ошондон бери изилдейбиз жок! Карабаган жерибиз калган жок. Курбу кызыбыздын жансыз денесин таптык. Анын жанынан Миренага тийиштүү заттар да табылды. Милиция кызматкерлер кызды каза болгонго чыгарып жатышат. Аягына чейин уга албаган ага сөздү кесип өттү. — Болду кыл! Сен үйүңө бар! Мен жалгыз калгым келди. Сени тек карындашымдын урматы үчүн гана киргизип, сүйлөштүм. Бирок биз мындан кийин бей -тааныштай бололу. Артына бурулуп отурган отургучун жүргүзө бөлмөдөн чыгып кеткен агасы буркурап карындашын эстей ыйлап алды. Эмнесине Айдынды жек көрөт? Акыры өзү жөнөткөн эмес беле? Ушуларды эстей өзүн-өзү кечире албай күчүн ары жакта турган шараптан алат. — Мен издейм. Мен тапмайынча издейм. Миренанын каза болгонуна ишенбейм. Сенден суранам агасына көз салып тур. Ага азыр баарыбыздан кыйын. Айдын ушул сөздөрдү айтып, колуна күндөлүктү кармай акырын үйдөн чыгып кетти. Тоо -токой, көл-дарыя эч жер калган жок. Тинтип издебеген жайы, чаалыгып-чарчап, алы калган жок. Тек гана үзүлбөгөн үмүт. Кайдандыр бир жок дегенде изин тапсам дегенде эки көзү төрт. Экинчи ай толгон убакта адатынча шоңшойгон тоонун башына чыгып отуруп алып, муңдуу улуп кирди. Жол көрсөтүүчү жалгыз ишеними ушул ай болгон сымал. Тааныш үн бүтүн бөрүлөргө , анын арасында чоң -атасынын кулагына жетти. Алачыктан чыктан чоң көк жал бөрү үн чыккан жакты көздөй жөнөп баратты. Оюнда небересинин үн экенин жазбай таанып, өз үйүрлөрүнө кошууга жолго аттанды. Артынан калбаган бир топ бөрүлөр бар. ******** Күйүтү ич ичине батпай боздогон ага. Ичкиликтен күчүн чыгарып,өзүнүн мындай абалына бир күйсө, жалгызынын изсиз жоголгонуна бир күйүп ыйлап жатты. — Баарын кечтим деди ичинен. Мен да өлөм. Ушул ойлор мээсинен кетпей туруп алды. Ооруган бутуна карабай, ордунан көтөрүлүп, ары жакта турган ичкилигин алууга аракеттенди, бирок болгон жок. Колу жетпей, орундугунан күп дей жерге кулады. Бутунун ооруганы да көзүнө көрүнбөй, сезилбей жатты. Азыр -азыр жанында карындашы болгондо, жүрөгү жарылчуудай жетип келмек. Көз алдына экөөнүн өткөн күндөрүн элестетип алды. Көздөрү жайнай, агасынын ар - бир басууга кылган аракетине кубанып, коштоп, кубанычы койнуна батпай калчуу эмес беле? — Азаматсыз, сиз күчтүүсүз! Мынтип аракет кылсаңыз, Кудайым буйруса эртең эле жүгүрүп кетесиз. Ушундай сүйүнүп алчуу. Ушундай агасына колдоо көрсөтчүү. Азыр эч ким жок. Жанында тоголонуп чачылган шишелерден башка эч ким жок, чалкасынан жатып алып, ыйлап кирди. — Сиз күчтүүсүз деген сөздөрү кулагына жаңыра түштү. Ордунан обдулуп турууну чечти. Жок дегенде өзүм изилдеп ким экенин билүүм керек. Жок дегенде бир боорумдун жалгыз максаты менин басуум эле деген ой кетти. Бутуна балдаксыз турууну чечти. Оор кыймылга келбеген буттарын акырындан кыймылга келтирип, басууга аракет кылып жатты. ******* Тээ бийик аска тоонун боорундагы бийик караңгы үңкүр. Бул жерди эч ким билбейт. Бирин-серин тоо жаныбарлары байырлайт. Башка эч ким жок. Капкара болгон үңкүрдүн ичинде атайын жасалгандай жол бар. Ал жол төмөн карай кетип жалама тоонун бетине барып такалат. Бир караган адамга башка жол жоктой, тоо тосуп турат. Бирок андай эмес, аркы жагы үңкүр. Үңкүр деп деле атоого болбойт. Кадимки үй сымал. Ортосунда от жагылып, ары жагында бир адамдык жатуучу орундук, кооз көйнөктөр менен кезмелер илинүү. Дал ушул бир адамдык жатуучу орундукта Мирена таттуу уйкуда. Кара көлөкө Жарганаттан жашырып алып келген жери ушул. Эч ким көргүс, билгис. Өзүнөн чочулап, корккон кызга жакындай да албайт. Болгону ушул жайылып жүргөн жаныбарды торойто чаап, анын этинен отко кактап бышырып койот. Кызды карай да албайт. Арткы тосулган кездеменин ары жагынан чыкпайт кыз. Дээринде мунун ага зыяны жоктой сезилет. Ошол кезде бул болбогон учурда балким азыр мынтип тирүү отурмак эмес беле?... Бир ойлоп кыжалат болгону ушул, агасы, менен Айдын. Алар мени издеп кыжалат болсо керек деп ойлойт. Оюна түркүн нерселер келет. Балким бул жырткыч мени өзүнүн кызыкчылыгы үчүн аман алып отургандыр деген ойго келет. Кача да албайт. Жалама зоонун башынан кар кетпеген жайдан кайда кача алышы мүмкүн. Биринчи алып келген күнү эсинен чыкпайт. Куюндай зымырай, колуна так көтөрүп дал ушул жерге жетип келгенче далай жолдорду басты. Денеси кышындагы дарыяда жаткан таш сымал муздагы сөөктөн өтүп, жүзүн кароого батына албаган. — Мени чыгарып жибер деген убакта бир гана алган жообу ушул. — Бул жерден чыксаң сени бир гана өлүм күтүп турат! Демек бул жерде жашап жатканы, Кара көлөкөнүн азырча кызга карата оюу жаман эмес айгинелеп турат. Бирок булар жырткыч да, ишенүү кыйын. Эгер канга кумары кармап калса, кыздын олжо болбоосуна ким кепил? Мына ушуларды ойлой сүйлөөдөн коркот. Азыр да сырттагы чыккан үндөн улам келгенин байкады. Топ эттире килтейген оор нерсени таштай, отуруп алып бөлүктөргө бөлүп кирди. Сыягы дагы тоо эчкилеринен бирди чаап келген сыяктуу. — Жок дегенде бир аз нерсе жеп ал. Күңк эткен Кара көлөкө кыз тарапка башын буруп койгон да жок. Тек гана өз ишин уланта берди. — Мүмкүнбү сизден сурасам? Мени бул жерде эмнеге кармап отурасыз? Кыз эми чын эле акырын көйнөгүнүн үстүнөн кездеменин бирин орой тосулган жайдан баш багып, Кара Көлөкө тарапты көздөй басты. — Мындай жерде мен жашай албайм. Суук экен муздадым. Мен үйүмө кетким келет. Агамдын жанына. Жалооруй, жанатан үн катпай, өз иши менен алек болуп отурган Кара Көлөкөнүн жанына келе отура кетти. Көздөрү ыйлай берип, шишип калган. Канча коркуп турса да жигиттин көзүн көргүсү келип турду. Жүзүндө нуру жок, купкуу, көздөрү кызарып канга толгон жигит кызды бир карап алды. Чочуй түшкөн Мирена көздөрүн колу менен жаба салды. — Менден коркпосоң болот. Билем түрүм коркунучтуу. Бирок сага менден да үйүңдө болуу кооптуу. Колундагы учтуу таш менен, жанатан алып келген этти былч эте чаап алды. — Эгерде убакыт өтүп, коркунуч артта калса албетте кетесин. Кызга бул сөз үмүт берип жиберди. Көздөрү жайнай түштү. Бирок ичиндеги түпөйүл суроо тынчтык бербей жатты. — Эмнеге кооптуу болушу мүмкүн? Жанагы киши ким эле? Мирена өзүн бир аз коркунучсуз сезе түштү. — Сен азыр айтсам түшүнөөр бекенсин, деги эле өзүң тууралуу толтура чындыкты билээр бекенсин? Миренанын жүзүнө кароодон тартынып турган Кара көлөкө колундагы этти таштай, саамга ойлоно түштү. — Кандай чындык? Эмне болгон чындык? — Өз атаң тууралуу, өз энең тууралуу ким экенин. Сен кыз кимдердин кызы болуп төрөлүп, жана кимдердин кызы болуп өскөнүңдү билбейсин. Жарганат сени бекеринен издеп жүргөн жок! — Жарганат? Ал ким? Мен өз апамды эстейм,жана ал каза болгон. Кара Көлөкө тек гана мыйыгынан жылмайып койду. — Кол астында иштеген кызматкер жигит, менен кызды айтып жатасынбы? Алар сени менен агаңды деп, багып алган ата-энеңе берген убадасын аткаруу менен кайтыш болушканын билээр белең? — Эмне? Кыз чындап таң калганын жашыра алган жок. — Мынча чындыкты сиз кайдан билесиз? Ушул суроо жигитти сөздөн тык токтотту. Калганын айта албай, үнсүз кайра ишине киришти. — Мен сизди дайыма түшүмдө көрөт болчумун. Сиздин алар менен кандайдыр байланыш болгону байкалат. Жанатан Мирена Кара көлөкөнүн билегиндеги байлануу турган ак кездемени көрдү. Колун алып бара бергенде тийгиздирбей алыс туткан Кара көлөкө ачуусу келе түштү. — Мен дайыма Ак көйнөкчөн селкини көрөм. Ал сизге таандык жан экенин сезем. Агамдын бөлмөсүндөгү китептен окуганым бар, сиз ал бийкечти... Кыз өз -өзү менен сүйлөшкөн сымал, Кара көлөкөнүн жанында бир нерселерди ойлоп сүйлөй берди. Үн катпаган менен Кара көлөкө баарын кунт коюп угуп турган. — Демек ал бийкеч сизге кымбат болгон... Аны туш тараптан курчаган бөрүлөр.. Кыз эми түшүнгөндөй чоочуй Кара көлөкөнү бир карап алды да, оозун жаба, көздөрү алайа түштү. Кара көлөкө кыздын эмнени түшүнгөнүн сезгендей, баарын эсине түшүрө, ордунан тура сыртка чыгып кетти. — Байкуш... Артынан узата караган Мирена эми жигиттин күйүтүн түшүнгөндөй аяп турду. ******* 18 -жыл мурун. — Келди!келди. Сүйүктүүм келди. Кубана шашкан Жамал көптөн күткөн ашыгы келгенине шашып жасанып алып,жолугушчуу кечти карай күтүп жатты. — Ал азыр келет! Мени сагынган чыгаар?эми болду эч качан ажырашпайбыз дегенбиз. Ооба эч качан. Өзүнчө ушуларды ойлой,жолугуучу кечти сагына,чыдамсыздык менен күтүп жатты. Убакыт батыраак өтүүсүн каалап,дары -дармектерге керетелүүчү чөп,тамырларын үзүп келмекке үйүнүн жанындагы токойду көздөй баратты. Көңүлү ачык жайдары. Бүгүн эч нерсе маанайын түшүрө албас. Акырын эңилип,жерден тамырды үзө бергенде алдында турган караан,дагы кызды заматта чоочута түштү. Ошончо убакыттан бери алыстан карап,тиктеген Белек же өч алуубу максаты,же дале сүйүүбү жанагы түшүнүксүз,айтор дагы деле артынан калбаганы калбаган. — Белек сен? Жамалдын денеси титирей түштү. — Эмне күтпөгөн белең? Белек кызды көздөй басты. Мурунку Белек жок 'көздөрү ачуулуу. — Эмне кылып жүрөсүн бул жерде? Кыз артка карай кетенчиктей берди. — Сени көргөнү келдим. Ашыгың келип көркүңө чыга түштүң дечи анан? Менин андан эмнем кем болду? Чөгөлөдүм, ыйладым, бүтүн барымды сага арнадым, сүйүүмдү. Эмнем кем болду. Ошончо узакка сени таштап кетсе да, азыр кубанып турасын ээ? Белек ызырына ачуулуу кызга дагы бир ирет жакындады. — Белек өзүңдү бас, болду кыл! Мен сага баарын түшүндүрдүм. Эми мен кетүүм керек! Кыз алды көздөй басканда, колунан тарта токтотту. — Токто кайда барасын? Мен сөзүмдү бүткөнүм жок! Жооп бер анын сага эмнеси жакты? Бүгүн келди, эми турмуш курамын деп ойлойсунбу? Мен буга жол койбойм! Эң качан жол койбойм! Белек кызды булка алка -жакадан алып, кыздын эркинен тыш, мойнунан өөп кирди. Кыздын жалынганын да, ыйлаганын да угуп койгон жок. Тек гана ушул максат менен өзүмдүкү кылам деген ой турду. — Белеек -Белек суранам мага тийбе! Мындай кылба! Жардамга ким бар? Астында калып чырылдаган Жамалдын абалын ойлоп да койгон жок! — Жакшы мамилем сага жаккан жок! Меникисин! Болду бир гана меники. Шашкалактаган Белек кыздын көйнөгүн тытмалай ач калган бөрүлөрдөй ары -бери жыртып жатты. Көзүнө Жамалдын денеси көрүнгөн сайын, андан бетер арам оюу тынчтык бербейт. — Мен кош бойлуумун! Мага тийе көрбө. Ушул сөз Белектин башына бирөө бир чапкандай селт эте, дароо нестейип, отурган абалында катты. Кызга карай көзүн албай түшүнбөй турду. — Мен -мен кош бойлуумун. Мындай кыла көрбө! Тытылган кийимдерин жерден чогулта денесин жапкан Жамал жалдырай ыйлап караган тейде, артты көздөй кетенчиктеди. Титиреп араң сүйлөгөн кызга азыр эмнелер кылганын өзү да түшүнбөгөн Белек шалдырай ордунан турду. — Мен! Мен ошону көз алдыңда көзүн тазалайм! Ачуусун баса албай эми эле шаардан келген Мелисти издей жөнөп баратты. — Жоок! Жоок токто Белек суранам. Артынан кыйкырган үндү уккан да жок. Тек гана шашыла кетип баратты. Бул учурда күн батып, күүгүм кирип бараткан. Сүйгөнүн жолуугучу жерден күткөн Мелис саат санап турду. Кайда калды? Кайда жоголду, белгисиз. Балким кеч болуп келе албай калган чыгаар деп ойлой, аргасыз үйүн көздөй жөнөп баратты. — Токто! Чыккан үндөн артын карай берген Мелистин жүзүнө тийген катуу соккудан улам өзүн жоготту. Көзүн бир канча убактан соң ачты. Башы зыңгырап ооруп калган. Жанында курч бычакты ары -бир ойноп, бери-бир ойноп Белек отурган. — Сен? Эмне болду сага? Мелис түшүнө бербей саамга көзүн ача албай, кайра жата кетти. — Оо биздин жигит көзүн ачты. Кандай кубанычтуу жаңылык. Ары жакта сени күтүп отурган ашыгыңа менден белек. Бул сенин башың! Белек жинди эместей Мелисте учтуу жалаңдаган курч бычагын көрсөтө, күлүп койду. — Жамал кайда? Жамалга эмне кылдың? Мага эмне болсо да мейли, Жамалга тийбе! Мелис бир аз өзүнө келгендей, күңгүрөнүп сүйлөп ордунан турмакчы болду. — Жамалга бир нерсе кылуу колумдан келбейт! А сага болсо даярмын. Керек болсо, сенин ар бир денеңди кескилеп бөлүп, Жамалга жөнөтөм. Ана ошондо менин сүйүүм менен ойнош кандай экенин сезет Жамал. Жүзү бирде кубулуп, бирде ачуулу сүйлөп жаткан Белектин ою чын эле тамашасы жок экенин сезген Мелис ордунан обдула калды. — Жоок -жоок ордуңан турушка аракет кылбай эле кой! Ух мынаны карасаң! Денеңден алган жаракат сени көпкө тирүү сактабайт. Бычактын учунан тамчылаган канды көрсөтө койгон Белек өзүн азыр эле кандай жаман кырсык күтүп турганын сезген жок. — Канды токтотууга аракет кылыш керек. Коркунуч жакындоодо Белек. Канды көрсөтпө. Мелис өздөрүнө карай келе жаткан коркунучту жазбай сезип турду. Аны түшүнбөгөн Белек кайра-кайра сүйлөп алды да, Мелиске жакындай келди. — Убакыт келди Мелис! Арты жагына өтүп канжарды Мелистин мойнуна такай бергенде өзүн ары жактан чыккан күчтүү, ары шамдагай белгисиз күч тартып кетти. Белектин бир ачуу бакырган үнү чыгып жоголду. Койнундагы учтуу куралын кармай калган Мелис дароо ордунан туруп, төмөн көздөй чуркап жөнөдү. Артынан калбай зымыраган жырткыч туш тараптан үн чыгара, Мелис менен ойноп жаткан сыяктуу. Жан алы калбай жүгүрүп отуруп акыры өзүн издеп чыккан кыйкырык үндөрдү уккан соң саамга өзүнө келе түштү. Туш тараптан жарык чыгып, аларга карай жете келген Мелис, коркунуч алыстагандан алыстап баратканын сезип турду да шалдырай өзүн жогото кулады. Шашкалактай жете келген Жамал Белектин досторуна барып айтууга үлгүргөн. — Мелисти өлтүрөм деп кетти, аны куткарып калгыла, бир нерсе кылуусу анык! Ушундан улам баарысы Белекти издеп чыгышып, токойду көздөй кеткен жерин билген соң артынан жөнөшкөн. Мелистин сөзүнөн улам, эртеси күнү топтолгон эл Белекти көздөй издеп жөнөштү. Бирок жанагы жерден бир аз обочороок жерде тамган кан жер бетинде жайнап, бирок Белектен түк дайын жок жоголду да калды. Уландысы бар Достор түнкү саат 1:51 жазып бүтүп чыгардым. Тууралаганым жок. Эгерде кечеегиндей каталар болсо коментарийде айта бериңиздер ээ? Мен оңдоп койом кирип. Көңүл бурганыңыздарга чооң рахмат бейпил түн! Автор ✍
    9 комментариев
    21 класс
    КҮҮГҮМ СҮЙҮҮСҮ 22- БӨЛҮМ. — Жамал койо турсаң? Токточу суранам сенден?! — Эмне болду Белек, менден эмне каалайсын, тынч койосунбу деги? Артынан жете келип, колунан тартып токтоткон жигитти булка, кыз жек көрүп карап алды. — Мен сени сүйөөрүмдү билесин го? Эмне мынча мени азапка салганды жактырасын? — Мен сени сүйбөйм Белек! Менин жүрөгүм, сүйүүм башка адамда. Качан түшүнөсүн? Кыз жигиттин сөзүн оозунан жулуп алды. — Эмнеге Жамал? Кантип? Бала кезден бери, бир мектепти аттап, бирге -келип, бирге кетип жүрчүүбүз. Чоңойдук анда да, айрылган жокпуз, качан сенин сүйүүң өзгөрдү мага деген? Качан??? Жигиттин каңырыгы түтөй түштү. Көздөрүнө жаш келе, мууну каргылдай, калчылдаган колдору менен кызды бекем кармай силкип жиберди. — Мен сенден башка эч кимге, эч кимге көз салып, караган да эмесмин. Сен үчүн баарын жасап жатканыма, берген жообуң ушулбу? Кыздын жүзүнө тигиле, үмүтү өчпөй, суроолуу карады. — Мен сени сүйгөн эмесмин Белек! Эмнеге түшүнбөйсүн? Сен экөөбүздө балалык сүйүү, достук сезим болгон. Бирок ал менде азыр жок! Менде ал убактагы жалын өчүп бүткөн. Мени кыйнаба, кантип сүйө албасам бирге боло алам сени менен? Бактыңды табасын албетте. Мени кечир. Кыздын сөздөрү жигиттин жүрөгүнө найза болуп сайылып, тилип кетип жатты. —Эмнеге, качан? Качан мынчалык өзгөрдү бул кыз? Эч нерсе айта албай, акырын колун бошотуп жиберди. Дароо артты көздөй кайрылган Жамал башка эч нерсе дебестен үйүнө көздөй беттеп баратты. ******* — Атаке! Атаке тиги жигит ойгонду. Жанатан көзүн ачкан Айдынды көргөн Сирена атасына барып жигиттин көзүн ачканы туурасында кабар берди. — Жакшы кызым. Азамат жигит экен. Ойгонду башка болсо туруштук бере алмак эмес. Ордунан акырын туруп барып, жер төлөнү көздөй түштү. Бул учурда Айдын ордунан туруп кийинип жаткан. — Абалың жакшыбы жигит? Жанынан чыккан үндү карап алган Айдын ыйбаа көрсөтүп, акырын үн менен учурашты. — Саламатсызбы? Мени бул жерге сиз алып келдиңизби? Мергенчи менен жанында турган жаш жигитти суроолуу карап алды. — Акыбалың чатак болчу. Ошол себептен бул жерде бир аз калууңа туура келди. Жараатың оорутпай жатабы, өзүңдү кандай сезип жатасын? Тиги киши да жай үн катты. — Ооба мен кетишим керек. Кылган жакшылыгыңыздарга ыраазымын. Айдын алды көздөй кадам басканда кишинин айткан сөзү, кайра ордунда тык токтотту. — Сени издегендер көп болду. Анысы аз келгендей, туугандарың да, чоң -атаң. Табышмактатып сүйлөгөн кишинин сөзүнөн улам, Айдын өзү тууралуу булар билишээрине көзү жетип турду. — Мында экениңди эч ким билишпейт. Айдын эмне ойлогонун айттырбай түшүнгөн киши кайра жайгарып сүйлөп алды. — Рахмат сизге! Мен барышым керек. Айдын кайра алдыны көздөй басканда, алдынан чыккан Сирена менен көздөрү тиктеше түштү. — Мирена бул жерде эмне кылып жүрөсүн? Таң калганын жашыра албаган Айдын арткы жакта турган мергенчи киши менен, жигитти бир карап, Сиренаны бир карап алып күңк эте үн катты. — Эмне, ким? Сирена көздөрү алая түштү. — Агаң кайда, буларды тааныйсынбы? Айдын шашыла суроо берип алып,кайра тык токтоду. Оюнда экөөнү тең тигилер алып келген деген ой кетти. — Кетүүбүз керек батыраак. Түшүнбөгөн кыз эч непсе айта албай турду. Жүрү батыраак. Алдыны көздөй баскан Айдын саамга токтой калып, кызды кайра ордунан жылбай турганын көрдү. — Мен Мирена эмесмин. Менин атым Сирена. Сиз мени бирөө менен адаштырып алып жатасыз окшойт. Сирена акырын жигиттин жанына басып келе, маңдайына назик алаканын тийгизип алды. Дале болсо жарааты түзүк айыкпай, кыйналып жүргөн Айдындын чекесинен чыпылдап тер чыгып, ысытмалап жаткан. — Атаке! Жигит азыр мындай абалда кете албайт. Денесинде ысытма катуу, жарааты да канталап жатат. Ордунда турган калыбында Айдындан көзүн албай атасына кайрылды. — Сен, Сирена? Сирена дедиңби? Өз уккан кулагына өзү ишенбей, көз алдына Мирена элестей берди. — Жоок -жок болуусу мүмкүн эмес, акыры куюп койгондой окшоштук го мында. Же мени менен кеткиси келбей жатабы деген ойлор башына далай келип жатты. Жарааты түзөлө электе ордунан туруп кеткени үчүн кайра ачылып канап, эсинен кете кулады. ********* Эшик тыкылдап, ары жактан балдагын таяна шашкан жигит үзүлбөгөн үмүт менен кубанып каалганы ача койду. Оюндагы күткөн адам жок, жүзү муңая түштү. — Сенби? Эмне болду тынчылыкпы? Эшик астында өзүн ыңгайсыз сезип, кайгылуу турган курбу кызды көрүп, күңк этти. — Мен бир аз сизге шам -шум этип алууңуз үчүн бул нерселерди көтөрүп келгенмин. Мени кечириңиз өзүмдү күнөөлүү сезип жатам. Мүмкүнбү мен бир аз Миренанын буюмдарын койуп кетсем бөлмөсүнө. Баштык ичинде толгон курбу кызы менен түшкөн сүрөттөрү, башка да буюмдары жаткан. Кыздын болгон күчү менен айыбын жууштуу каалап жатканын эске алган ага, айласыз үйүнө киргизди. — Кире бер. Эшикти ачып койуп, дароо курбусунун бөлмөсүн көздөй кеткен кызды узата карап алды. — Байкуш кыз. Сенин күнөөң жок экенин билем. Кайра акырын эшигин жаап өз бөлмөсүнө кирип кетти. Бөлмөнүн эшигин ачканда ичи жулуудай сезилди. Кудум эле ал да өз ээсин күткөн сыяктуу муңдуудай. Жаткан жайына отура кетти кыз акырын. Кудум эле ошондо кандай турса, дале ошол абалда, өзгөрбөгөн. Баары менен курбу кыздар менен түшкөн эстеликтери бүтүн жерде илинүү турган. Көзүнөн жашы мөлтүрөй таамп кетти. Кечее эле бирге жүргөн курбусу изсиз жоголуп кеткени акылга сыйбай жатты. Ордунда көп отура албай, кетүүгө камынып эшикти ачты. Кулак мээни жеген телефондун ачуу үнү чырылдай бүтүн бир үйдүн ичине жаңыра түшүп, кыз түшүп алганча агасы трубканы ала койду. — Угуп жатам. Ооба менмин агасы. Ушул сөз гана жетиштүү болчу. Милиция кызматкерлери экенин айттырбай түшүнгөн кыз дароо үстүнкү бөлмөдөн шашып түшө, аганын жанына келди. —Маакул! Азыр барам. Бозоро түшкөн жигиттин үнү каргылдана араң чыгып, андан ары сөзү уланбай акырын трубканы койо салды. — Эмне болду, кайда барасыз? Кыз шашкалактап сурап жиберди. — Меринанын көйнөгүн табышыптыр, жана жансыз денени. Тактоо үчүн керек экенмин. Колу менен оозун баса калган кыз, чоочуй түштү. — Мен дагы барам сиз менен бирге. Экөө үйдөн чыгып, даро эле айткан дарекке жетип келишти. Издөөгө катышкан жарандар жигитти бир көздөн аяп карап жол бошотушту. Денесинде тамтык калбай, же денеси, же жүзү калбай тытылып эч нерсе көрүнбөгөн, чачы Миренанын чачындай узундукта көйнөгү да дал өзүндөй жансыз денени көрсөтүштү. Коркууга түшкөн ага денеси титирей, өлгөн дененин жүзүн ача албай кыйналып турду. Курбу кыз да жүрөгү оозуна кептелип, ичинен сыздайт. Чоң дарыянын жээгинде чытырман кеткен калың токой арасында, , туш тараптын баары кан болуп тытылган кийимдер, буюмдар жаткан. Өзүн сабырга чакырып, баарын ичине жуткан жигит жансыз дененин жүзүндөгү кепинди ала салды. Көйнөгү дал өзү. Бирок бети эч нерсеси билинбей калган тытылып кеткен эле. Узун тырмактын изи жүзүнө түшүп турган. Жүрөгү оозуна кептеле түштү. Кийими дал ошол. Ишене албай турду. — Элес, бул Элес го. Курбу кыз жансыз денени анык тааный жанына жүгүрүп келип чөгөлөй отура бакырып ыйлап жиберди. Акыркы жолу көргөндө Элес Мерина менен бирге баратканы эсинде. Андан кийин көрбөгөн эле. Экөө окшош кийинишип алышкан. Өксүп ыйлап жаткан кызды жигит акырын сооротуп далысынан таптап койду. — Кана, менин карындашым кана. Тирүү 'болсоң экен. Болгону тирүү бол. Ичинен ушуларды ойлоп жибере көккө жүзүн бурду. — Бул буюмдар окуя болгон жерден табылды. Балким карап көрөөрсүз карындашыңызга тийиштүү нерсе жокпу? Ары жактан бир топ буюмдарды алып келип жерге төгүп жиберген милиция кызматкери жигитке карады. Арасынан көзүнө урунган жалгыз нерсе ошол. — Муну карындашым такыр чечүүчү эмес колунан. Үнү каргылдана түшүп, жерде жаткан көздүү, кооз мончокту бекем кармап алды. Бул, бул - дагы менин карындашыма таандык. Канга чыланган кыпкызыл бут кийимдин бирин да таамай тааныган ага көзү менен дагы бир нерселерди издеп жатты. — Аныкпы? Милиция кызматкери аныктап, тактоо максатында дагы сурап алды. —Анык! Анткени мен өзүм белек кылганмын муну. Көзүнөн жашы кетип, жаш баладай ыйга муунуп ыйлап жиберди. Демек бул кызды ошончо кыйнаган болсо, өзүнүн карындашы тирүү экенине көзү жетпей турду. Бут кийими, сумкасы, көз мончогу баары ушул жерден табылып жатса.... ****** — Белек карасаң тээ тиги Жамалбы? Өзү маанайы жок келе жаткан Белек Жамал дешсе ичкен ашын жерге койо турган эле. Достору көрсөткөн жакты жалт караган Белек чын эле Жамалды көрө койду. Кыз кимдир бирөөнү күтүп жаткандай сезилип, ордунда турган. — Сулуунун сулуусу ээ чынында эле?!... Карасаң? Бах чиркин ай. Жанындагы досторунун бирөөсү шилекейин чуурута тиктегени Белеке жага берген жок. — Тамшанба! Ойлобой эле кой. Жамал меники. Оозунан ушул сөздөр кандай чыкканын билбей да калган. Жанындагы досу андан бетер ызаасына тийе сүйлөдү. —Ой тим эле эми муну кантейин? Азыр ошондо сениңче сени күтүп турат дейсинби? Тээ тиги ортоңку айылга бир бей тааныш жигит келип калган, угушумча ошол менен бир балееси бар экен тигиңдин. Досу шыпшына чыйт түкүрө сүйлөп алды. Бул сөздөр Белектин ачуусуна тийбей койгон жок — Жалган! Жамал андай кыз эмес. Ооба ал мени азыр көргүсү келбей жатат, анткени мен өзүм катуу таарынтып алганмын. Убакыт өтүшү менен кайра өзүмө кайтып келет менин Жамалым. Белек өзүн -өзү алдоо менен алаксытып алды. Бирок тиги да койчуудай эмес. — Ой досум ай досум. Ишенчеексин. Ал сен ойлогон, мурунку бала кездеги боз топуракта чоңойгон Жамал эмес азыр. Өзгөргөн. Койсоңчу айылда андан башка кыздар толтура эмеспи? Жанындагы үчөө төртөөнүн «койсоңчу, токтот » дегенине карабай сүйлөй берди. — Бирок туура да, ал эми созулган бойго жеткен кыз. Бой келбети жарашып, сулуулугу жутуп жиберчүүдөй болуп турса, анан темселеген кайдагы селсаяк экөөбүздү карамак беле? Хы -хы -хы. Адатынча калп күлүп алды. Угуп отургандан көрө деп, алды көздөй Жамал тарапка кадам басты Белек. Оюнда досунун сөзү эсинен кетпей турду. — Жамал көпкө күттүңбү мени? Аркы жактан чуркап келген жигитке кыз жылмая карады да, үн катпай күлүп койду. — Андай деле эмес! Баары жайындабы?, көргөнүмө кубанычтамын сени. Жете келген жигит кызды карай колдорун жетеледи. — Оо колдоруң муздап калган го. Мындай болбойт. Азыр жылытып жиберебиз дароо. Жамалдын колдорун кармаган жигит акырын үйлөп жиберди. Жамал да жигитке эркелей карап алды да, экөө жетелеше ары көздөй басып кетти. Мунун баарын өз көзү менен көрүп турган Белек досунун сөзү чынында туура экенин билди. Көзүнүн жашы мөлт дей 'жүзү ылдый агып түшкөнүн да байкабай калган. — Баары бир! Канча аракет кылсам да, баары бир мени сүйбөйт экен да деген ой мээсин жеп, жалгыз өзү, башын салбырата, кайдадыр кете берди. Белектин абалын түшүнгөн сыяктуу жанагы жанын койбогон досу да, дым боло түштү саамга. —Кантип эле деди оюнда. Мага карматпаган колдорун, кайдагы бей тааныш жанга жетелетип, мен өппөгөн жүзүнөн кимдерге өптүрүп ээ? Мени жекире караган көздөрү аны бир башкача сүйүү менен карап... Мен киммин? Бала кезден бирге чоңойгон элек го? Алчы, ал ким? Ушул ойлор жанына тынчтык бербей, жүрөгүн тилип өтүп, уу сепкендей ачыштырып жатты. Көз алдында өзү периште сезген Жамалы азыр эле башка бирөөнүн кучагында басып кеткени жигитти ого бетер кыжырдантты. — Мелис эмнеге ойлуусун? Тамактануучу жайда бирге отурган Жамал Мелистин жанатан ойлуу отурганын байкады. — Баары жакшы эле. Болгону жумуш боюнча кайра башка шаарга которгону жатышат мени. Сенден ажырагым келбегени ошол, эртелептен ойлуу жүрөм. — Эмне башка шаарга кетесинби? Кечее эле келген эмес белең бул жакка? Кыз тынчсызданып алды. Эми эле Мелис кетип калчуудай сезилди. — Дагы аракетин көрүп, сүйлөшүп, бул жакта калуунун амалын ойлоп жатам. Сен кыжалат болбой тур. Жамалдын колунан аяр кармай жылмайып койду. Канча кыздын көңүлүн түшүрбөйүн деген менен, баары бир кетүүсү керек. Буларга бир жерге турууга, көп убакыт токтоп калууга мүмкүн эмес! Эч ким өздөрү билген сырды билбеши керек эмеспи. Ошондуктан да кетүүгө аргасыз. Бирок Жамалды да кыя албайт. Жкөө көпкө сүйлөшүп бирге жүрүштү да, убакыт келген соң кыз үйүнө карай, жигит болсо өз үйүнө карай жолго түшүштү. Түнү менен түйшөлүп уктай албай чыккан Белектин ойлоруна түрлүү ойлор келип уйку бербейт. Оюнда жөн гана калып кетүүнү каалп турган жок, колдон келсе Мелисти да жок кылууну ойлоп турду. Бирок Мелис ким экенинен да бей тааныш. Кирпик какпай чыккан дагы бир жолу сүйлөшүүнү каалап, таң атпай Жамал тарапка кадам басты. Атасына дары жасоого жардам берип, токой аралап түрдүү чөптөрдү тергени чыккан Жамал Белектин турганын көрө койду. Шашыла келген Белек кызды колдон алып, тээ бурчка карай тартты. — Кандайсын Жамал? Сүйлөшүп алсак болобу? Жанатан оюнда толтура нерсе ойлоп келип, канчалык катуу айтайын десе да, Жамалын көргөндө тили байланып өзүн жогото түшөт. Жанагы жиндин баары кайтып, акырын сүйлөп алды. — Белек бул жакта эмне кылып жүрөсүн? Жамал колун жулкуп бошотуп, ачуулу үн катты. — Мен сени менен сүйлөшкүм келди. Жамал ал ким? Кыз жигиттин суроосунан ким тууралуу сөз кетип жатканын түшүндү. — Сага кандай тиешеси бар анын, эмне болду? — Жамал ал ким? Мында эми Белектин үнү мурдагыдан ачуулу чыкты. — Ал менин сүйгөнүм! Болду кыл! Уккан кулагына ишене албаган Белек кызга карады. — Кайталачы! Ишенбейм! Кайтала ким дедиң? Көздөрүмө карап айт! — Ал менин сүйгөнүм ашыгым. Жакшы көрөм ал жигитти. Ооба сүйүп калдым. Бир гана жолу көрүп жактырдым. Эмне сурайсын дагы? Кыздын сөздөрү Белектин кулагына бири -кирсе, бири кирбей жатты. Ишенгиси келбей акыркы үмүтүн өчүп бараткан сыяктуу көзүнө жаш тамчылай түштү. — Мага айткан сөздөрүңчү? Бала кезде бирге болобуз ар дайым, сен мени таштабайсын, мен сенин өмүр бою жаныңда болом дегениң, жакында эле, жактырам дегениңчи?... Булар жалган беле а? Жалган беле, менин сүйүүм оюнчук болдубу? Белек ызырына түштү. Кыз да андан калган жок. — Билишти каалайсынбы? Ооба айтам анда угуп тур. — Сени сүйбөшүмдү айтайынбы качан сездим? Мелисти тапканымда! Ал мага сүйүү кандай экенин көрсөттү. Ичимдеги сага болгон сезимдерим өчүп, ага тутанды. Ал менин жүрөгүмө кирип алды. Мен сүйөм аны гана. Сүйүү эмне экенин эми билдим. Сага болгон сезимдер өткүнчү экенин ошондо билдим. Жек көрүп кеттим сени. Кыздын көздөрүнө тигиле караган Белек ачуу болсо да чындыкты көрө, жанына батып кеткен сөздөн улам чыдай албай, жаак талаштыра кызды чаап жиберди. Үнү дароо басылган кыз жашылдана көздөрүнө жаш толо, жек көрүү менен Белекке карады. Шашкалактап өзү кантип колу барганын билбей калган Белек кайра алдастай кызга жалына берди. — Жамал... Жамал мени кечирчи, мен өзүм да билбей калдым. Бирок Жамалдын көзүндөгү жек көрүү Белектин жүрөгүн тешип өтүп, жакындай албай, оозунан сөзү түшүп, турган жеринде катты. — Мага жолобо! Эч качан жолобо! Ушул сөздү айткан кыз артына карабай чуркап үйүнө кирип кетти. ************* Түн: Тээ тоо беттеген калың токойдун арасында жалгыз өзү отурган караан. Жанындагы карагайдын бутактарына буту менен асыла уктап жаткан жарганаттары коргоочусундай сезилет. Өзү менен өзү сүйлөшүп колундагы тумарды ачып, андагы сулуу аялга телмире тиктейт. — Эмнеге? Эмне үчүн? Түшүнбөймүн, жүрөгүмдө сага деген кекпи, же башкабы түшүнбөйм! Бирок ичимдеги жанган өрт өчпөй келет. Мени таштап, мени унутуп басып кеткениң эсимден кетпейт. Эмнеге билбейм. Балким сенин каныңдан жаралган кызыңды тапканда бир нерсе болоор жүрөгүмдө. Ага чейин мен издейм, кыдырам! Сиренаны албетте табам. Жамал!!! Жаңырып угулган үндөн улам Сирена селт эте уйкудан ойгонду! Уландысы бар. Салам достор. Бизде свет кечее эрте менен өчкөн бойдон жанараакта жанды. Кап этпеңиздер. Бүгүн экини чыгарууга аракет кылам ээ сиздер үчүн. Чыгарма түшүнүктүү элеби? Жамал ким деп ойлойсуздар? Жаңы каармандар кошулуп, түшүнбөй калып жаткан жоксуздарбы? Күткөнүңүздөр үчүн ыраазычылык! Автор ✍
    0 комментариев
    16 классов
    КҮҮГҮМ СҮЙҮҮСҮ 23- БӨЛҮМ. — Жамал мен албетте келем. Анан сени алып кетем, бирге кетебиз, бактылуу жашайбыз. Соонун үй бүлө курабыз. — Жок Мелис! Кетпей эле койчу суранам. Мени таштабачы. Жамалдын колдорун кармай акырын өөп алды Мелис. Кетпешке арга жок экенин өзү да жакшы билет. Айласы жок башка. Канчалык Жамалын таштагысы келбесе да бул нерсе колунан келбейт. — Менин Жамалым. Сулуум менин. — Мени алдаба, кетпейм деп сөз бер! Эркелеген кыз да жигитинин колун кармай көздөрүнө тике карады. Азыр эле Мелиси кетсе түбөлүк жалгыз калчуудай сезилип жатты. — Болду эми жаным, баары жакшы болот мына көрөсүн. Андан көрө бүгүн экөөбүз бир жактарга айланып келебиз. Болобу? Көңүл ачып келебиз отуруп. Эмнегедир баргысы келбей жатса да, Мелистин сөзүн кыя албай макулдугун берди кыз. — Анда азыр кирип кечкиге даярдан. Атакеңден суран да, чык. Өзүм алып кетем үйдөн макулбу? Жигит кыздын мурдунан чымчый акырын күлүп койду. — Макул эми мен кирейин үйгө. Кыз коштошуп кирип кетти. Артынан узата тиктеген Мелис саамга тура, кайра өз жолуна түшүп жөнөдү. Кеч кирип күткөн убакыт да келди. Ал кезде биримдик, тынчтык ушундай, күн өткөрбөй кооз майрамдар, кыз жигиттер топтолуша оюн өткөрүшүп, бирге отура кобурап сүйлөшүп баары кызыктуу айтор. Азыр да ошондой көңүл ачуу максатында жөнөп калышты. Кыз үйүнөн чыкты. Мелис аны эшик алдында күтүп турган. Көпкө узабай келем деген кыз жигиттин колунан жетелей экөө бара жатышты. — Сулуу болуп кетипсин го мурдагыдан дагы? Жигит адатынча эркелетип кызга жылмайды. — Койсоңчу Мелис. Шарактап шапар тээп кууша ойногон жаш кыз келиндер, жигиттер. Бирде күлүп каткырыша, бирде болсо кобурашып эмненидир сүйлөшүп отуруп калышат. Чоң айылдын ичин шаңга бөлөшүп кээде кыз келиндер, күйөөлөрү менен бирге көңүл ачып, бак аралай басып жөнөшөт. Азыр эле келген Мелис менен Жамал да кошулуп отура кетишти. Жамалдын көздөрүн коркунуч басып, эмнегедир жаны тынч эмес. Оюнда Белек келип калбаса экен деген ой азап берет. Эрте менен кылган жоругунан улам, бир саамга корко да түшкөн. — Оо окшошкон түгөйлөр келгиле. Баары экөөнү жылуу кабыл алышты. Жандарынан орун берген кыз жигиттер укмуштуу нерселерди айтышып ортодо жаккан отко жылына, кобурашып жатышты. — Айтуулары боюнча ушундай экен. Тиги кан ичкен жырткычтар бар дешет имиш. Бириси сөзүн улантып кудум эле жомок айтып жаткандай сүйлөп кирди. — Ай койсоңчу, капкайдагы балекетти сүйлөйсүн сен! Жанындагы отурган бийкечтин бири корко түштүбү, айтор тигинин оозун тыймакчы болду. — Апеей да капырай ишенбейсинби? Тиги шаардан эле, кечее жакында бирөөнүн жолдошун ошондой алган жарааттан улам каза тапкан жансыз денесин табышты билесинби? Анысы аз келгенсип кийинки күнү кабырды бир себептерден улам ачтырса, тиги күйөөсү жок имиш. Ошондон кийин байма өлүмдөр көбөйүп кетти. Тиги койчуудай эмес. Билген, уккан жаңылыктарынын баарын айтып кирди. Үрпөйүшө тиктеген тигилерди карай Мелис ичинен ар нерсени ойлоп кетти. Өзү да дал ушул иш боюнча кетип жатпайбы. Бул жерде Мелистин дал ушул иш боюнча келгенин эч ким билбейт эмеспи. — Капкайдагы көзүң менен көрбөгөн ушактын баарын сенен угабыз ээ? Арты жактан сүйлөгөн үндүн ким экенин Жамал дароо тааныды. Акырын басып келе, шашпай Жамалдын маңдайына отурган Белек саамга экөөнү теше тиктеп алды. — Кай жерде жүрсөм ошол жерден калбайсын да сен дагы ээ? Экөө тамашалап сүйлөп алышты. Сыягы достор сыяктуу. — Биздин айылда бейтааныш жигит жок эле мындай? Сөздү акырын тийиштире сүйлөгөн Белек Жамалдан көзүн албаген тейде Мелиске тийе өттү. Дароо түшүнгөн Мелис мунусуна үн каткан жок. Тек гана Жамалдын колун бекем кармай кызга кайрылды. — Муздап калыпсын го. Кел муну кийип алчы. Үстүндөгү күрмөсүн чече, Мелис Жамалдын үстүнө жаба салды. Ич -ичинен тызылдай түшкөн Белек аркы сүйлөп жатканга кулак төшөдү. — Белек сен кайда жашайсын деги? жаңылыктын баарынан куру калгансын го дейм. Бул жигит Жамалдын сүйүктүүсү. Экөө тууралуу айылдын баары билет го, сен кантип укпайсын? Жанындагы отурган бийкеч атайын тийише Белекти нукуп койду. — Аа демек Жамалкандын баарына сыр болгон ашыгы ушул беле? Жакшы -жакшы. Көздөрү менен Жамалды тешип жиберчүүдөй тиктеп алды. — Мен бара калайын үйгө! Атам кыжалат болот. Жамал эч кимди карабай ордунан тура жөнөдү. Ийненин учунда отургандай тынчсыздана түшкөн. Мелис баарын түшүнүп эле турду. Белектин Жамалы кандай жакшы көрөөрүн билчүү. Бирок кантсин айла барбы? Өзү да сүйүп турса, кыздын жүрөгү өзүн тандап турса не кылсын. — Жүрү кеттик. Мелис Жамалды колдон жетеледи. — Токто сени менен сүйлөшчүү сөздөрүм бар. Ордунан атып турган Белек кыздын колдорун шап кармай өзүнө тартты. — Менин сенде сөзүм жок! Болду кыл жетишет! Жамал колун булкуп тартып алды. — Эмнеге а эмнеге менин сезимдерим менен ойноп жатасын? Мен кантейин эми? Мени кечирчи, чөгөлөйүн алдыңа мени таштабачы, сенден башка кимим бар эле? Намысты, башканы баарын жыйыштырдым. Менин эч кимим жок! Ата -энем бир тууган эч кимим жок билесин. Жашоомо жалгыз үмүт берген сен болсоң, сен да мени таштайсынбы? Кара сенсиз менин күнүм не кечкенин кара Жамал суранам. Көзүнөн жашы төгүлө, жаш баладай чөгөлөй түштү. Жамалдан көздөрүн албай жалооруп карай, абалы аркы жакта отургандын баарына бир башкача аялуу сезилип,кызыктуу тасма көрүшкөн сымал,баары бирдей Белекти карап элейишет — Мени кечир! Мындай кыла албайм! Жамал негедир жүрөгү жылыбай каткан муз сымал, Белекти муздак, мерез көз караш менен карап алды. -—Кеттик! Колдорун булка тартып, артын карабай кеткен караандан көз албай караган Белек өзү азыр ошончо адамдар арасында эмне кылып, кандай абалга түшкөнүн да ойлобой турган. — Койсоңчу досум! Бир кызга боло, ушунча кыйналбачы. Артынан келген досуна да караган жок! Тек гана узун токой аралай эч кимге көрүнгүсү,эч кимди көргүсү келбей, кете берди. — Сен ким элең?! Сен ата-энеңе керек болбогон жан, ушул кызга керек белең? Эптеп -септеп чоңойуп алып, эми ушул азап да бар беле башымда. Эмнеге ошондо эле өлүп калбагам? Ит азап көрүп, бала кезимден көрүнгөнгө кул болуп чоңойдум. Бир сындырым нан үчүн, түнгө дейре элдин короо, малын караганымчы. Шыйрагымдан сыздата чапкан камчынын учу тийгенде безилдеген мен. Эх Белек -Белек. Тагдыр сени ушундай күн көрүү үчүн жаратты беле? Кимге керегим бар. Көзүнүн жашы көлдөй түштү. Жалгыз түнт токойго сырын айта отура берди. —Билесинби мен качан жолуктурдум, кантип сүйдүм? Бир канча жылдар мурун айылда Акыл деген бай манаптын койун багып жүргөн жеринен Жамалдын атасы табигый дарылар менен дарылап Акылга барган. Көз кырын салып караган карыя Белектин жалгыз эч кимиси жок экенин билип, кулдукта, суукта ооруп калган жеринен, дарылаган акысынын ордуна кичинекей жетим баланы берүүнү суранган. Ансыз деле толгон ашыкча малчылары бар бай манап дароо эле макул болгон. — Кызык аны эмне кыласын түшүнбөдүм го, бирок мейли алып кет. Баары бир өлсө өлүгү ашыкча бизге. Араң жан калды кыбырап. Дароо макул боло баланы өз айылына алып келип карап, дарылап баккан. Өзүнүн кичинекей наристеси токтобой, уул көрбөй акыры бир кызы Жамалды тапкан. Карыя бул балага өзүнүн мээримин берип, чоңойтту. Кызы менен бирге окутту. Жигит бат эле чоңойгон соң, кызга болгон сезими күндөн-күнгө күчөй акыры ушул абалга келди. Атасынан уялып башка да жашоого көнүп чыгып кеткен. Анда-санда ишин колдон алып жардам берип турганы бар, бирок мындайды Жамал такыр каалабаганы үчүн азыр кадам баскыс болгону ошол. — Эмнеге жигитти анча жаман абалда калтырды? Андай болбойт. Мелис Жамалды жетелеп баратып жол ката ойлуу үн катты. — Өзүм да билбейм Мелис. Мен мынтпесем ал менден көңүлү калчуудай эмес. Кыйналсын, мени менен өмүр бою кыйналгыча азыр кыйналып унутсун. Балким ошондо бактысын табаар? Жамал өзүн күнөөлүү сезип күңк этти. — Мен да өзүмдү күнөөлүү сездим алдында. Мен сени ал жигиттен тартып алгандай сезилди. Анча -мынча айылдын бир-эки сөзүн угуп калчуумун. Бирок мындай абалга чейин сүйөөрүн элестетип да көрбөгөм. — Мелис мага сенден башкасы керек эмес. Эми эмне кылайын? Ооба күнөөлүүмүн, бирок менин жүрөгүм жалгыз гана сени деди. Башканын кереги жок! Жамал Мелистин жүзүнө алаканын койо, көздөрүнө тике карады. — Мен да сени сүйөм. Экөө үйдү көздөй беттеп баратты. Убакыт учкан куштай сызып, Мелистин кетүүчү күнү да келип жетти. Узатып коштошоор бир күн алдын экөө обочо жерде кездешип, экөө түндү чогуу өткөрүштү. Ошол түнү экөө бири -биринен ажырабоого, жигитти күтүүгө, жигит болсо албетте кайтып келүүгө сөз беришти. Экөөнүн сырдуу түнүн экөөнөн башка эч ким билген жок. Эрте менен экөө коштошо кыз Мелисти узатып кала берди. Жигит болсо өз иштерин бүтүрүп, кайра сөзсүз келүүгө сөз берип өз жолуна түштү. ********* Айдын көзүн ачып жанында отурган Сиренаны көрдү. — Сен? Ордунан ыргып туруп, кайра тигилди. Акыркы эсиндегиси кызды көрүп кайра өзүн жоготкон. — Мен! Ооба мен эмне, жезкемпир көрдүңбү? Мурункуда да эсиң ооп жыгылгансын, азыр абалың жакшыбы? Оозунан сөзүн жулуп алып такылдаган кызга карай таң калып турду. — Ооба жакшымын. Араң жооп айтууга үлгүрө электе адатынча кыз дагы сөзүн оозунан жулуп кетти. — Ой Кудайга миң мерте шүгүр ай. Кудай жалгап жакшы экенсин. Болбосо атакем мени сенин кароолчуң кылды да койду. Мурдун чүйрүй жигитке карай кайра суроо жаадырды. — Сен өткөндө мени Мирена деген кызга окшоттуңбу? Ал ким сыр болбосо? Мирена-Мирена дедиң да кайра жыгылып калдың. Эми гана оюна келген жигит алдында турган сулуу өзүнүн ашыгы эмес экенин сезип турду. — Мен кетүүм керек. Айдын шашып, кийимдерин алып сыртты көздөй басты? — Канчадан бери бул жердемин мен? Кайра артына кайрылып, кызга суроо берди. — Көп болду өзү негизи биринчи жараат алып жатканыңда бир ай болду эле, экинчи жолу жыгылганыңдан кийинки он беш күндөй өттү. Кыз ойлуу сүйлөй, кайра суроо берди. — Эмнеге? Кимсин деги, мен атама айтайын эсиңе келгениңди. — Жок кереги жок айтпа! Мен азыр кетүүм керек. Андан көрө мага жолду көрсөт. Сирена макул боло акырын жашыруун жол менен Айдынды узатып койду. Шаша -буша жетип келген Айдын дароо эле Миренанын үйүн көздөй бет алды. Эшигин такылдатып эле бир азга күттү. Ичкериден чыккан адам Мирена эмес эле курбусу турган. — Сен? Таң калган Айдын эч нерсе эсинде жок, жалдырай карап кызга суроо узатты. — Сен кайда жүрөсүн Айдын Мирена кана? Курбу кыздын берген суроосу Айдынды башка чапкандай селт эттирди. —Мерена сени менен кеткен эле го. Эч нерсе эстей албайсынбы? Акыркы ошондогу окуялар эсиңде жокпу? Кыз жамгырдай жаадыра суроо берип кирди. Эмнеге кантип эле? Айдын эч нерсеге акылы жетпегендей селейе катты. — Ким экен? Арткы жактан чыккан эркектин жоон үнү агасы экенин дароо сезди. — Сен, Айдын? Агасы көргөн көзүнө ишене албай турду. Көз алдына бала кези элестей экөөнүн чогуу жүргөн күндөрү эсине түшүп кетти. — Менмин! Айдын өзүн күнөөлүү сезип кетти. Ушунча жылдан кийин ушундай жаман кабардан соң келип турганы албетте эч кимге жакпас эле. Уландысы бар. Салам жакшылар. Чыгарма убагында чыкпай калып жатат. Түшүнүктүү болбой калып жатат окшойт ээ сиздерге да. Акыркы убакта өзүм да чаташып кетип жатам. Аттары адашып жазылып кетиптир кечее да. Ошого оңдоп чыгарайын деймин да. Сиздердин жазган коментарий окуп, анан тууралап келдим ошоо жерлерин. Эгерде дагы каталары болсо айта бериңиздер ошентип. Мен тууралап турам. Азыр көп колум бошобой жатканы үчүн же оңдоого, кээде жазууга да убактым жок болуп калып жатат. Урматым менен автор ✍
    0 комментариев
    7 классов
    КҮҮГҮМ СҮЙҮҮСҮ 21-БӨЛҮМ. Караңгы токой арасын акырындык менен, эч нерсе угузбай, билгизбей, бутунун учу менен араң кадам жигит бей тааныш адам. Шытыр эткен үндөн элейе калып, туш тарабын аяр карап, дароо колундагы миздүү жалаңдаган кылычын оңодой кармап, чабуулга даяр турат. Жанагы шытыраган үн акырын барып жок болуп кетти. Бей тааныш жигит да, андан ары дал ошондой абалда жолун улады. Адатынча дагы кулагына шуу эткен үн пайда болуп, кайра жоголду. Эми чындап эле бул үн кулакка тааныш экенин даана билип, кармашууга даяр турат. Туш тарабын тегерене куюн сымал чыккан дабыштар, күбүр -шыбыр этип, кээде адамдардын үнүнө окшосо, кээ бирде куюн, шамал сыяктуу шуулдайт. Кай тараптан коркунуч келеерин күткөн жигит, туш тараптан карайт. — Бей тааныш жигит биз тараптарда эмне кылып жүрөт болду экен? Заматта бет маңдайына келип токтогон жаш сулуу аял көздөрүн жалжылдата акырын жигитти карап суроо узатты. Турушунан ушунчалык сулуу жан. Кирпиктери төгүлүп, бурала түшкөн тармал чачтары ичке белинен төмөн төгүлүп турат. Узун көйнөгү андан бетер көркүн ачып турду. Жигит ким экенин дароо билгендей, колундагы кылычын оңдоно кармай салды да, кызга карады. — Чущщ! Болду ташта куралыңды! Качанга чейин күрөшөсүн, кайсыл убакытка дейре сен бизди жок кылгың келет жаш мергенчи?. Биздин силерге зыяныбыз тийбей эле. — Канчаңарга чейин күчүм жетсе, ошого чейин силер менен күрөшөм. Жаш кызды алып тындыңар. Кайсыл тийбеген зыянды айтттың? Жигит да кызга жооп кыла сүйлөдү. Кыз жаш мергенчи тарапты көздөй кадам басты. — Мына мен алдыңда турам! Бүгүн мени жок кыласын, эртең башкасын, бирок баарын кырып түгөтө албайсын да... Биз кыска убакыт ичинде канчалык көбөйгөнүбүздү сен элестете да албайсын. Мисалы тиги секелек кыз. Азыр ал ооруну билбейт. Күчү бар, шамалдай ылдамдыктагы жетүүчү өтө көп күчү бар. Мындай мүмкүнчүлүк силерде жок эмеспи?... Анын эмнесине таарынасыңар?... Кыз назик сүйлөй, жигиттин алдына басып келип, өзүнө карай сунуп турган кылычына карай, акырын сөөмөйүнүн учу менен кылычты ары түртүп койду. — Бул менен бизди коркута албайсын. Өлүм бизге келип бүткөн, биз өлгөн жандарбыз го. Ушуну унутпасаңчы... — Сендей жигиттер бизге керек. Чымыр денелүү, машыккан, бүт тараптан дасыккан, күчтүү, акылдуу. Мени менен кетүүгө кандай карайсын? Кыз акырындан жигитти арбап, жакындагандан улам, жакындап келе берди. Кыз жакын калган сайын, түйшөлүп, сөз таба албай, өзүн сырттан тыш, бирөө башкарып, зордоп эле тургузуп койгон сыяктуу, ордунда каткан бойдон тура берди. — Бирге кетебиз. Сен мага жагып калдың. Кыздын көздөрү жигитке тигиле, ушунчалык сулуу көрүнүп, колунан эч нерсе келбей ордунда тура берди. Кыз жигитти бир сыйра айланып өттү да, мойнундагы күрөө тамырдан өткөн кандын жүрүшү, тамырдын согушу кыздын ачка экенин эсине түшүрүп, оозун арсайта ачып, узун тиштерин жигиттин тамагына батырып алды да, кайра эле чоочуй түшүп жигитти ачуу менен тээ тигиндей алысттыкка ыргытты. Оозун баса калып күйгөн жерлерин карай, оозундагы канды кайра жерге түкүрүп жиберди. — Эмне бул? Сүйлөөгө алы келбей ичинде катуу өзгөрүүлөр болуп, жүзү бети бырышып,жанагы сулуу кыздан түк калбай,кебетеси келишкен картаң бирөөгө айланып,жаагынын баары карыша, оозунан кайра -кайра кан кустуруп жиберди. — Уух ушунчалык бат... Ушунчалык бат,тездик менен жардам берет деп ойлобопмун. Мойнунан сызылган канды аарчый, басып келген жигит жерде жаткан кылычын колуна ала салды. — Мени өзүңдүн ыкмаңа салып алдайм дедиң ээ? Көзгө периштедей көрүнүп, жанагы сыйкырың менен байлап, ээрчитип кетүүнү каалаган белең?... Мени ушунчалык акмак көрдүңбү оңбогон жез кемпир. Жигит үстүнө артынган баштыгын алып чыгып, ичинен бир топ куралдарын кармалап, бир нерсе издеп жатып сүйлөп алды. Оозунан атып чыккан кандар токтобой, кайра -кайра кустуруп, же качып кете алуу мындай турсун, басып кетүүгө чамасы жок жерге кулады. — Ушул убакка чейин канча жандын канын жуттуң эле? Баары эми чыгып жатат. Мына ушундай. Аа айтайынбы сага? Менин каным эмнеге андай эмес экенин? — Анткени силер үчүн канымда кошумча бар. Силерди эмне күйгүзүп жок кылчуу эле? Сен жакшы билсең керек? — Вербена, чеснок? Жанагы назик үн жок! Кырылдап токсондогу кемпирдин үнүндөй араң чыккан үн жигитке араң жооп берди. — Туп туура. Ушундай. Жигит араң жан жаткан аялдын жанына келди да, көзүнө бир карап алып, учуна күмүштөн капталып, жасалган учтуу куралы менен жүрөк тушка сайып алды. Заматта чыркыраган аялдын үнү угулуп дароо эле күйүп жок болуп, жерде күлдүн кана изи калып кетти. Бүтүн куралдарын жыйына, кыңылдап ырдап алган жаш мергенчи ары көздөй сапарын улады. ********* Таң : Эми жер бетине жарык түшүп, айыл эли бирин серин кыбырап, тиргиликтин тизгинин кармаша, кыймылга келип башташкан. Ачуу чыккан үндөн улам аял дагы, мергенчи да дароо ордунан ыргып турушту. — Эмне болуп кетти экен? Түнү өзү араң уктаган аялдын көзүнө кечееги көрүнгөн Асылдын кызы элестей түштү. Ачуу чаңырык заматта эле бүтүндөй айылды топтой салган. Акырын басып барып, топту жарып өткөн мергенчи бул кимдин иши экенин толук билип турду ичинен. — Кызым ай кызым! Боздогон эне жүзүндө тамтык калбай тытылып, мойнунун жарымынан көбү жок, колунун жарымы тээ тиги жакта жаткан жансыз денени кучактап, ыйлай берди. Элдин баары чуру чууга түшүп, ачык, айкын эле жасалган бул кылмыш кимге таандык экенин бир гана мерген билбесе, башканын баары үрөй учурган өлүмгө жакасын кармай, коркууга түшүп, бирөө болсо боздогон аялды жубата албай убара болуп жатышты. — Каап аттигиң ай! Кечее эле бир кызын жерге бербеди беле ии?.. . Байкуш Асыл ай! Эмне деген көргүлүк бул?! Кейинип -кепчине чыккан үндөр. — Байкушум ай. Кечееги кызынын өлүмү аз беле? Мынтип экинчи кызын да алып кеткени неси болгондо да мынандай абалда. — Ии койчу десең, бул кандай жырткыч болду, кимдин иши бул? соо адам мындай кылбайт да, бул адамдын иши эмес . Ар ким өз божомолдорун божурап айтышып, эл ичи, күбүр -шыбыр боло түштү. Мергенчи кайра топту жарып, үйүнө көздөй жөнөдү. — Жамал! Эшикти кеч кирген убакта ачпагын. Үйгө кир деп да кабыл алба эм кимди. Күүгүм убакта сыртка, жакын жерге да чыкпа. Мен келгиче үйдө отур. Аялына ушуларды айтканча курал жарактарын жыйыштырып салына, кайдадыр камданып жатты. — Сыртта эмне болуп жатат Мелис? Аялы көздөрү алая, коркуу жүрөгүн ээлеп терезени тиктеп алды. — Бул кечееги кыздын иши! Мелис оор үшкүрүнө отура кетти. — Аттиң кеч калып келдим. Билгенимде ошол замат жок кылмакмын. Кечее көйнөктөрү кан бойдон эле.Адатта мындай тирилген соң, биринчи олжосу үйү болот. Сиңди, эже, ата -энеси. Анткени алар үйүнө кабыл алат, киргизет. Бүгүн Асылдын экинчи кызы каза болду. Анын эч соо жери калбаган. Жаңы айланган кезинде өзүнүн эммне кылып жатканын биле албайт. Алар өтө ачуулуу болуп, колундагы олжосун каалашынча тытмалайт. Дал ошондой абалда сиңдисине кол салган. —Эмнее??? Көзү чанагынан чыгып кете жаздап, эшик тарапка бет алды. Кантсе да өз көзү менен көргүсү келди. Бирок Мелис жолун тороду. — Мен сага муну сунуштабайт элем. Караба, көрбө. Үйдөн чыкпа. Аялын кайра акырын мештин жанына отургузуп койуп өзү кайрадан камына баштады. — Сен кайда барасын? — Мен издеп аны жок кылышым керек. Азыр кабырында уктап жаткан болсо керек. Анткени күндүз аларга чыгууга мүмкүн эмес. А мен аны биротоло жок кылышым керек. Эгер азыр кылбасак, эртең айылда мындайлар көбөйүп кетет. Шашкалактаган эри баштыгын мойнуна асына аялдын жүзүнөн өөп сыртты көздөй шашып чыгып кетти. Токой аралап барып, тээ тиги ээн турган бейитти беттей басты. Кечее гана казылып бүтүп, топурагы кургай элек бейиттин жанына келе, шаша -буша топурагын алып, кабырды ачып баштады. — Уктап тур сен! Түбөлүк уктайсын. Өзүнчө күбүрөнүп алып сүйлөй берди. Бирок тилекке каршы кыз жаткан кабырда кыз жок! Сыягы түнү келип жатпаган бейитинде. Демек башка бир жерде жашынып уктап жатат. Бирок кайда???? Иши оңунан келбеген Мелис ызырынып жерди муштагылап алды. Кичинекей өлгөн кыздын өлүмүнө өзүн күнөөлөп турду. — Мен акмакмын! Мен акмак! Кечее гана жок кылыш керек эле. Өзү менен өзү сүйлөнө берди. Шамалдай сызган кызды кечее изин жоготуп заматта таппай калган эмес беле... Эгер издеп таппача, өзүнө эле эмес, бүтүндөй бир айыл коркунучта калаарын, жана да бул кыз мындай менен токтобосун сезип турду. ************* — Кызым тээ тигинде дары салынган баштыкты ал. Шашыла сүйлөгөн ата, Айдынды жер төлөдөгү бир адамдык жатуучу жайга жаткырып жатып сүйлөп алды. — Макул ата азыр, мына! Шашкалактаган Сирена, анын артында келген, эки жолу жолугуп тааныш боло түшкөн жигит да жетип келди. Өзүн жоготуп, эч нерсени билбей жаткан Айдындын денесинен кан токтобой агып жатты. Дары салынган баштыкты ачкан ата,ары жактагы турган дагы бир баштыкты ача, андан да түрлүү дарылардын алып чыгып бир нерселер даярдап жатты. — Акыбалы оор жигиттин. Түзөлөбү жокпу билбейм. Күңк эте сүйлөп алып, өэ ишин уланта берди. Муздаткычта турган пакетинде турган канды алып, эң алгач, жигитке кан куйуп алды. Бир аздан соң, Айдынды башка орундукка которду. — Буту - колун байлагыла. Оозунан чыккан сөздү дароо түшүнгөн жигит шыпылдай ары жакта турган жиптер менен эки колун, эки бутун кроваттын бутуна бирге таңып жатты. Эч нерсени түшүнбөй турган Сирена атасын бир карап, жигитти бир карап, эси учу жок жаткан Айдынды бир карап алды. — Кармагыла. Бекем кармагыла. Атасы аркы жактан жанатан көп нерсе кошуп аралаштырган суюктукту Айдындын каны токтобой жаткан жараатына куюуп жиберди. Жанатан үнсүз, эсин билбей жаткан Айдын тек үн, сөзсүз тыбырчылай, жан алы калбай буту-колун үзүп кетүүчүдөй тыбырчылап алды. — Чууш -чууш жаш бөрү. Азыр баары басылат. Атасы Айдындын көкүрөгүнөн баса ушундай сүйлөп алды. Айткандай эле жаны жай ала түшүп, бир аз тыбырчылап кыйналганы аздай түштү. Ошол менен бирге каны да дароо токтоду. —Тазалап алдык. Жарганаттын тырмактары ууга чыланган экен. Тазалап алдык. Эми жараатына дары сүрсөк болчуудай. Дары койуп, акырын таза кездеме аркылуу таңып койо, кайра мурдагы орундугуна жаткырып койушту. —Бизге кызмат барбы кожоюн? Жаш жигит атага сыпаа көрсөтө сүйлөп алды. —Экөөңө кызмат, жигитти эсине келгенге чейин жалгыз таштабай көзөмөлдөп тургула. —Уктум кожоюн. Башын ийкей турган жигит менен, таң калып, эч нерсе түшүнбөй турган кызын бир карап алып сыртты көздөй басты ата. —Мага эч нерсе айткың келбей элеби? Атасы дароо чыгаары менен кыз жигитти ачуулу тиктей, үнүн өктөм чыгарды. —Эмнени билгиңиз келди бийкеч? Жигиттин сөзү андан бетер кыжырына тийди. —Оюнду токтот! Атамды кайдан тааныйсын? Кызга андан бетер ачуусуна тийген жигит сөздү башкага бурду. — Менин досторум кайда жүрөт болду экен ээ? Түшүнбөйм! Эми ушул жигитти коруп отурабыз. Бирок кожоюндун сөзүн эки кылбаш керек. Терезени тиктей адатынча өз-өзү менен күбүрөнүп сүйлөнүп алды. —Жооп бересинби жокпу? Кыздын чыдамы кетти. —Макул суроо бериңиз, кайсыга жооп берейин? Жигит ары -бери басып, шашпай, жаай сүйлөдү. —Атамды кайдан тааныйсын? —А эмнеге мынча кызык болду сага? Жигит кайра өзүнө суроо узатты. Экөөнүн көздөрү саамга тиктеше түштү. —Мен айтып бергим келсе да айтып бере албас нерселер көп Сирена. Балким кожоюндан сурайт чыгаарсын?... Киммин, кайданмын, булар ким, кечееги жан алгычтар ким? Эмнеге бизде болуп жатат деп ээ? Мен тууралуу да билип аласын, эгерде албетте сурасаң. Бирок азыр менден эч нерсе сураба. Сенин суроолоруңа жоопту кожоюндан сура. Буйрук ушундай, миң таарынсаң да! Жигиттин көздөрү кыздан үзүлбөгөн тейде ушуларды сүйлөп алды. Кыз мындан майнап чыкпасын билди да, башка унчукпастан сыртты көздөй чыгып кетти. ******* Түн бою кирпик какпаган Миренанын агасы эшиктин алдында отурду. Коңгуроо чалса албаган, курбулары да жоголуп, түнү менен дайынсыз кеткен карындашын күтүп отурду. Аттиң ушундай отургучка мыкталып, буту баспай калганын карасаңар. Шырп эткен үн чыкса карындашы деген үмүткө жетеленет. Адатта эч качан мындай кечикпеген кызга эмне болду, кайда жүрөт?... Мээсинде түркүн ойлор. Жамандыкка кыйбай отургучтан баса албай, буту менен жүрө албай калганына жаны ачышып, алысыраак барып карай албагына өзүнө өзү жинденип алды. Түнү менен курбу кыздарына да чалып чыкты. Бирок эч ким алган жок! Милицияга карындашым үйгө келген жок деп чалса, алар жөн гана мыскылдап,... —Жок дегенде бир күн күт. Бойдок кыз болсо, балким жигит менен жүргөндүр, кызык болуп жатса керек жаш кыз үчүн. Азыр ошондой убагы эмеспи... Же сен таарынтып койсоң отургандыр таарынып. Болбогон нерсеге эле чалып издете бербей деген жопту укту. Андан кийинки окуя тууралу кабары жок. Үйүнө кирип, дагы үзүлбөгөн үмүт менен курбуларына байланып көрдү, бирок адаттагыдай жооп жок! Эми гана кайра дагы милиция кызматкерине байланышууга аракет кылып жатты. Кечееги окуялар тууралуу таң атпай айтылып жаткан жаңылыкты кулагы чалып, бир орунда катты да калды. Дал ошол Мирена барган майрамдан үзүндү, андан кийинки абалдан, жарадар болгондорун, көбүнүн өлгөнү, каңырсып кан жыттанган жерден туура түз алып көрсөтүп жаткан. —Мирена! Шашылып сыртты көздөй жөнөдү. Эшикти ача бергенде, эмне дешин билбей, үстү башы канга чыланып, жашы төгүлүп ыйлап турган курбу кыз кездешти. —Сен? Мирена кайда? Колундагы кызыл жаян канды, кыздын абалын көргөн ага, оозуна жүрөгү кептелди. —Мирена кайда айтсаңчы? Кайда? Эмне абал бул? Кыз энтигип сүйлөй албай ыйлап жиберди. —Биз жакшы эле жүргөнбүз. Кайдан, жайдан ызы-чуу түшүп белгисиз бирөөлөр келип бизге кол салышты. Биз качууга үлгүрдүк. Жашындык. Бирок дагы башкасы келип, мени башка, Миренаны башка бөлүп кетти. Миренаны Айдын жетелеп алып баратканын бир көрдүм болду. Кийин өзүмө келсем бактын арасында ушул абалда ойгондум. Кечириңиз бизди. Кыз жашын көлдөтүп ыйлай берди. —Айдын дедиңби? Кулагына тааныш аттай сезилди. —Ооба Айдын. Мирена ошол жигит үчүн барган экөө бир -бирин катуу жакшы көрчүү. Мындай окуя болот деп ойлогон эмеспиз, эми кайда калды? Кайдан издейбиз? Курбу кыз ыйлай бүк түшө босогонун оозуна отура кетти. —Айдын кана? Ал да жокпу? Кыз үнсүз жок дегендей башын чайкады. —Болушу мүмкүн эмес! Мүмкүн эмес! Көзүнөн жашы куюла түштү. Өзү издөөнү ойлоп коляскага отурган абалында тээ шаарды көздөй жөнөдү. —Токтоңуз мен да барам. Курбу кыз экөө бүт тарапты издешти. Сууга сиңип кеткендей же Айдын жок, же Мирена жок. Биринчи күн өттү, бүт токой тарапты, баарын эл менен бирге издешти. Жанагы кыйын болгон милиция бөлүмү эми чын эле ооздорунан сөзү түшүп, кызды тек кана тирүү табылуусун ойлоп жатышты. Антпесе кечееги гана ээлеген жаңы кызматтан кол жуушу мындай турсун, такыр эч жерге жумушка орношо албоочудай жаза алуудан коркуп турушту. Экинчи күн өттү. Бүтүндөй шаардын ичин, анын арасында булуң, бурчтар. Тааныш -билиш, курбу -курдаш бүтүндөй баарынан сурашты. Ал тургай Айдындын достору да кошулду. Бирок жок!Айдын да, кыз да суууга сиңип кеткендей жоголду. Үчүнчү күн. Бүтүндөй ооруканларды, үмүтү үзүлгөн ага шаар ичиндеги өлүкканадан өйдө карашты. Ал жакта да жок. Дарыя, көл, токой тоо буттары басып, билген жерге чейин барышты. Кыздан дайын жок. Күндө үмүтү үзүлбөгөн ага эшиктин алдында күтөт. Азыр күлүп жайнап,агатайлап чакырып келет деп үмүт кыла, тээ жалгыз аяк жолду карайт. Түн күнү билинбей, баарына өзүн күнөөлүү сезип өксүп-өксүп ыйлап алат. Ал тургай бөлмөсүнө кирип күтөт. Балким бир нерсе, сыр дептери бар чыгаар дейт, андайы деле жок. Туш тарапта экөөнүн сүрөтүнөн башка нерсе жок. Жигит жандап, же сүрөткө түшүп, же сүйүүсүн билдирип жүргөнүнө деле ишенбейт. Күндөр зымырайт. Агасынын үмүтү үзүлбөй келет. Дале кыдыруу токтобой өзү кошо издейт. —Жансыз дене табылган жок! Демек Кудайым буйруп тирүү болсун деген жалгыз үмүт жетелейт. Ошол изги ниет өмүрүн улантып жаткандай. Карындашы жоголгону бери үйдүн жарыгы кошо өчкөндөй, жалгыз эркетайы жок, үй да ээнсирейт Таң аткандан, түн бир оокумга дейре эшик астында күтүү адатка айланды да калды. ******* — Жоомарт! Жигиттерге айт! Алыс кетишпесин. Биримдикте болгула. Жалгыз жүрбөгүлө, абай болгула. Үнү каргылданып, ойлуу отурган карыя ары жакта топтолуп жүргөн бөрүлөрдүн тобуна карай сүйлөдү. Баары Айдындын изсиз жоголгонуна ичтери ачыша, талаа кезип канча издешсе да таба алышпай, душманга каны кайнап жатышкан. Баарынын көздөрү муңдуу. —Уктум кожоюн. Жоомар карыянын сөзүнүн бирин-эки кылбай сыртка чыгып баарына кожоюндун сөздөрүн жеткирди. -—Эх уулум ай уулум! Жалгызымдан калган эки көзүмдү кареги сен элеңго. Эми кайда жүрөсүн? Жарганаттын колуна түштүңбү? Же жарадар болуп, бир жерде жатасынбы алың жок! Кайдасын? Көзүнүн жашын кылгырта алачыктан чыгып ары токойду көздөй жөнөдү. Токойдун ичине киреер замат, бийик жерден секире, адам иретинен көк жал, чоң бөрүгө айланды да, тээ бийик тоону көздөй жортуп бет алды. Бул убакта күүгүм кеч кирип, асман толо жылдыздар, анын арасында топтой, бир жеринде кемтиги жок, толуп турган ай жер бетине бүтүн нурун чачып, муңдуу турган бөрүлөрдү аяп турган. Карт бөрү дал ушул айдын чачкан нуру аркылуу адам буту баспас, бийик тоонун чокусун көздөй бараткан. Көздөгөн жерине жеткен сыяктуу Аска тоонун бийик чокусуна чыккан көк жал бөрү, тээ төмөн тарапты карап алды. Бийик тоонун чокусунда шоңшойуп отурган карт бөрүнүн элеси, кең жайылып жаткан талаага, көл - дарыя, анын ичиндеги жайнаган жаныбарларга, ал тургай бийик асманга да, кооз, сулуу көрүнүп, бир чети баары көк жалды аяп тургандай элес калтырат. Асман менен сырдашып, тумшугун асманга көтөрө, ойлуу отурган көк жал муңдуу уулуп кирди. Ичиндеги муңду айтып бүтө алгыс эле. Өз баласын жоготкон күйүтү, бактылуу мурунку жашоолору, туулганы жердеген жайыты, айылы, өздөрүнүн саны азайып баратканы жетпегендей жалгызынан калган табериги изсиз, же өлүгү, же тирүүсү билинбей турган Айдындын күйүтү карт көк жал бөрүнү каттуу ыйлатып турду. Уулуган үндү бир гана табият эмес алардын арасында жашаган жан-жаныбарлар, канаттуулар, ал тургай жырткыч кан ичеерлер да угуп жатышты. Муңдуу чыккан үндүн артынан, удаа эле ылдыдагы бөрүлөр кошулуп, ал тургай туш тарапта башка бөрүлөрдүн тобу да үндү коштоп жатышты. Мындай убакта өз ийиндеринен чыкпай, эч ким эч кайда бара албайт. Анткени ай толгон убак кан ичеер жырткычтар үчүн өтө кооптуу. Бул күн бөрүлөр үчүн өзгөчө күн. Алар эми үйрөнчүктөп келе жаткан жаш бөрүлөр адам денесинен бөрүгө айланып, эгер жанында караган жардамчысы жок болсо, дал ушул кан ичеерлердей эле, адамга, да баарына зыяны өтө чоң . Ошондуктан алардын жанында карап, жол көрсөтчүү бирөөсү сөзсүз болот. Муңдуу көк жалдын үнүн асмандагы толуп турган аппак ай муюп уккан сымал, кайра -кайра бөрүнүн көзүнүн кычыгынан аккан жашты карап аяп кетип жатты. — Жалгызың тирүү дегендей мелтирейт. Акыркы уулуган үнгө кошулуп боздогон топтун ыйлаганы бүтүндөй шаарга угулуп, баары сестейе түштү. Кылычы колунан түшпөгөн ата, элейе караган Селина. Ал тургай тээ белгисиз жактарга кеткен Кара көлөкө, анын артынан кууган Жарганатка дейре жүрөктүн үшүн алып, коркуу аралап өттү. Эшиктин алдында карындашын күткөн аганын да кулагына жетти. Ачуу боздогон ыйдын ичинде, түгөнбөгөн кек, кайра жанып, кайра уланып, бүтүндөй баарын жок кылууга баштарын сайган бөрүлөрдүн сөздөрү жаткан. Төбөгө тийип , нуру төгүлгөн айдын жарыгынан улам Айдындын көздөрү шак ачылды. Бет маңдайдагы жарык асмандын бетин толтуруп, толгон ай, —Тур, өз тобуңа кошул деген сымал болгон нурун жүзүнө сееп, жылмайып тургандай көрүндү. Эсине биринчи келген сөз — Мирена!!! Уландысы бар Достор чыгарма кандай, кызык болуп жатабы? Мирена кайда жоголду деп ойлойсуздар? Мен негедир карт бөрүнүн бийик чокуда жалгыз отурганын элестетип алып, өзүм кошо жүргөндөй, аяп кеттим. Уландысы мындан да кызыктуу болот. Автор✍
    0 комментариев
    11 классов
    КҮҮГҮМ СҮЙҮҮСҮ 20 -БӨЛҮМ. Мирена артын карай бергенде жанында капкара кийинип, башындагы шляпасын басып кийип, жүзүнө кооз маска тагынган бей тааныш жигит кызга карай жылмайып алды. — Мүмкүнбү сизди, бийге чакырсам бийкеч? Бей тааныш жигит акырын, сылык сүйлөй ийиле кызга колун сунду. Жанатан күткөн Айдын көрүнө берген жок. Жанындагы кыздар бой келбети келишкен жигитке суктаныша, бири -бирине шыбыраша түшүштү. — Барчы эми ии???... Бара кал! Айдын азыр келсе кайра келесин да. Кыздар Миренаны түрткүлөй сүйлөп алыша, жигитке тамшана карап алышты. — Койсоңорчу кыздар. Мирена да кыздарга каршылык көрсөтүп, жигитке сылык мамиледе кайрыла сүйлөп алды. — Сунушуңуз үчүн рахмат сизге бей тааныш жигит. Бирок кап этпеңиз, мен башка жанды күтүп жаткан элем. Мирена жигитке сүйлөп жатып, көздөрү эки жактан Айдынды издеп жаткан. Бир аз осол боло түшкөн жигит акырын ийиле мейли дегендей сылык коштошуп ары басты да, калың эл арасына сиңип кетти. — Койсоңчы бир сонун жигитти колуңдан качырдың. Жигиттин артынан узата караган бири Меринага таарына күңк этти. — Жок дегенде мен бийлесем болмок ээ? Адатынча дагы таарына сөз баштады. — Ай койсоңчу, сени караган да жок да. Көзүнө Мирена түштү, келди-кетти анын эмнеси бар? Андан көрө айтчы, Айдынды эмне анча күттүң? Аркыга жооп берип бүткөн курбусу шашыла эми суроону Миренага узатты. — Жөн эле келем деген ошого. Мирена дагы сүйлөп ала, элдин арасын көздөрү менен карап алды. — Тээ тигине кара сен сүйгөн ашыгың келе жатат. Курбу кыздардын бирөө сөөмөйү менен Айдынды көрсөтө сүйлөп алды. Жалт караган көздөрү ушуну эле күтүп тургансып, жүрөгү опкоолжуп, элеп -желеп боло түштү. Алдында келе жаткан Айдын азыр көзүнө бир башкача көрүндү. « Мурун деле ошондой беле » деп ойлоп алды ичинен. Азыр өзүн көздөй бой келбети келишкен, жүзүндө жылуулук, көзүндө кайраттуулук турган. Чымыр денеси өзүнө күндө кам көргөнүн билдирип турат. Артынан ээрчий келген үч досу бар. Жигиттер жакын жете келише Айдын Мирена менен жылуу учураша койду. — Салам жердеги периште... Көздөрү күлүп,бакырайган тегерек көзүнөн төгүлгөн коюуу,узун кирпиктери жигиттин ак жүзүнө жарашып,ого бетер көркө берип турган. — Кызык! Мурда эле ушундай беле?ушул азыркы мен күтүп жаткан Айдынбы? Кыз ойлору менен алыша,жигитти бир саамга дейре тиктеп турду да,кайра шашыла учурашып алды. — Салам! Кандай келип алдыңар? Кыз да жылмайу менен сүйлөдү. — Жакшы рахмат. Бул жигиттер менин досторум , таанышып койуңуздар. Өзү бүгүн эле келишти. Жакшылар сыйга деген сөз бекер эмес да... Келиштери да майрамга туш болгонун кантейин. Айдын досторун баарын тааныштырып чыкты да бирге сүйлөшүп туруп калышты. — Ооба - ооба дал өзү! Айдын менен Миренаны алыстан тиктеп турган Жарганат кызды көпкө карап туруп, күбүрөнө берди. Сирена менен, Миренадан экөөндөн тең бирдей энергия келип турганы үчүн, адашып алган эле. ***** — Кыздар -кыздар жүргүлө тээ тигилердин оюнуна катышып келебиз. Шашкалактай Сирена чуркап келе, курбу кыздардын колдорун жетелей алды көздөй жөнөдү. Жалаң эркектер дагы ар түркүн оюн зоокторду жасашып, каткырып отурушкан. Кыздарды көргөн жигиттердин бири адатынча сүйлөп алды. — Ой качкыла ары тоскоол болбой, бул кыздардын оюну эмес. Ана тээ тигинде баргыла. Тиги жигит каадалана кыздарды теңине албагандай түр көрсөтүп, сөөмөйү менен ары жактагы башка топтолуп турган адамдарды көрсөтүп койду. — Жок күч сынашып көрөлү! Сирена айткан менен эч ким уга койгон жок. —Жүрү бул жерден кетеличи. Жүрү тээ тигилерге барабыз. Курбу кыз колдон тарта, ары көздөй алып жөнөдү. Убакыт өтүп жатты. Күн алда качан өз уясына батып, түн кучагын ачып бүтүн жердин баарын каптап бүткөн. Шаңдуу майрам өз нугунда уланууда. —Амансызбы бийкеч? Сирена жанынан чыккан үндү кулагы чала, ким экенин жазбай тааный, ичинен кудуңдап сүйүнө түштү. —Келди деп алды ичинен. Артына бурулуп карай берип, ак жүздүү адатынча Кийимдери мурункудан өэгөрбөгөн жигит турган. —Саламатчылык! Кош келдиңиз. Сирена кубана учурашып алды. —Келип калдык. Өткөн күнкү түшүнбөөчүлүк окуялар үчүн кечирим сурайбыз. Кийин келип карасам кетип калыпсыз. Жигит башын кашылай актана түштү. Сирена да жигиттин ыңгайсыз боло түшкөнүн байкай, жылуу жылмайып алды. —Баары жакшы кыжалат болбоңуз. Экөө сүйлөшүп көпкө ары -бери басып жүрүштү. Ары жактагы турган жигиттин достору кыздан көздөрүн албай эмне болуп кетээр экен дегендей эки жактарын каранып, эмнегедир, кандайдыр бир ишке кооптонуп жаткандай, даяр турушту. ******** Айдынга эркелей, сүйүү көздөрү менен караган Миренадан өткөн бактылуу адам жоктой. Ааламдын кең кучагына батпай жаткандай сезилип, кубанычтуу жүрдү. —Агаң жакшы болуп калдыбы? —Ооба жакшы болуп калды. Кыйла өзү басып аракет кылууда. Жакында биротоло балдак таягын ыргытабыз. Кыз кубана сүйлөп алды. Өзүн эмнегедир ээн эркин сезип жатты. Айдындын алдында эч кандай коркуу сезими жоголуп жүрөгү сүйүү деп кана турду. Шаңдуу майрам өз көркүнө чыгып, баары күткөн жеңил бий башталды. Ортону кызытыша бийлеген кыз жигиттер. Бүгүнкү түн өзгөчө сезилип турган кыз үчүн. —Периштем сизди бийге чакырсам болобу? Жигит сылык сыпаа, ийилип кыздын колун сурады. Кыз да көп күттүргөн жок! Ийиле жылмайып алып, дароо колун суна, экөө жетелешип катардагы кыз жигиттер арасына кошула, бийлеп жатышты. Артынан бири-биринен калбай Миренанын курбу кыздары, Айдындын достору баары ортону көздөй чыгышты. Ырдалып жаткан махабат, сүйүү ырлары Айдын менен Миренага гана арналган сыяктуу экөөнүн бир-бирине болгон сүйүүсү көздөрүнөн байкалып турду. Жүрөктөр үндөшүп, каректер бир -бирине кадала түшүп жатты. —Сулуум деп алды ичинен Айдын. —Эч качан-эч качан сени таштап кетпейм. Эч кайда. Жаныңдан алыс жылбайм. Тагдырдын тамашасы биз ойлогондон да табышмак тура деди ичинен. Мен жырткыч бөрү, а сен сулуу периште. Эч кимге зыяның жок, эч кимге, бизге окшоп жамандык жасаган мындай турсун, жаман сөз айтпаган. Жан дүйнөң айнектей таза, ак кардай аппак. Өзүң менен ичиң бирдей. Сени сүйүүгө менде кымынчалык да акым жок. Бирок кантейин? эссиз акылсыз муштумдай болгон жүрөк буга көнмөк беле. Сенин таза дүйнөңдү бир күн келип сындырып алуудан коркуп турган бир жырткыч бөрүмүн. Бирок сен үчүн баарына күрөшөм. Баарын жасайм. Үмүтүм ушул. Бала кезимде кеткенде мойтойгон тентек, там-туң баскан кыз, азыр менин жүрөгүмдүн ичин баарын ээлеп алып отурат. Айдын ушуларды ойлой, акырын кыздын жыпар жыттанган коюу чачынан кызга билдирбей жыттап алды. —Кичинекей жүрөгүң ушунчалык сүйүү берет деп ойлобопмун. Көрсө жашоонун баары мында тура. Махабат деген ушулбу, мен сүйүп барамбы? же жөн гана өткүнчү сезимби? Бул жигит менин жаш, назик жүрөгүмдү барган сайын ээлеп барууда. Кантип?. Эгер бул сүйүү болсо, мен аягына чейин күрөшүүгө, баарына барууга даярмын. Эх, бүгүнкү күн бүтпөй эле койсо экен. Кыз ичинен ушаларды ойлой, жигиттин оттой алоо көкүрөгүнө башын жөлөй калды. Айдын да акырын өзүнчө жылмая бактылуу сезимдерге ээлене, кызды акырын кучактап жиберди. Баарын тээ бийик имаараттын чокусунда карап отурган Кара көлөкө жан дүйнөсү эңшериле түштү. —Акмаксын деди өзүнө -өзү. Эмнени, эмнени үмүт эттиң эле. Жоок-жок эки жүрөктү ажыратуу мүмкүн эмес. Сен бул сулуунун элесинде канкор жансын. Ошол бойдон сакталасын. Ичинен ушуларды ойлой кетүүгө камынды. ****** Биз тарапка канча убакытка келдиңиз? Сирена кызыгып сурап алды. —Бир нече күнгө. Бизде бир айылга токтомой жок. Дайым ушундай жүрөбүз. —А эмне үчүн? мага ушул кызык. Сирена дагы суроо артынан суроо узатты. Жеңил бий да аягына чыгып, экөө элди аралай басып жөнөдү. —Биздин жумуш ушундай. Жигит кызды токтото, бет кап ичиндеги көздөргө тигиле карады. —Кандай? Сиз мага жумушуңуз тууралуу айткан жоксуз? Кыз да өзүнө карай эңиле кадалып караган көздөргө тигиле, оозунан сөзү түшүп, унчукпай тиктеше калышты. Жигит акырын кыздын бет кабын алууга, колун жүзүнө алып баратты. —Сактан! Ал жакын! Жанынан өткөн белгисиз караан, кызды жөөлөй өтө, арасында колдорун бекем кармай, ушул сөздү айтууга үлгүрдү да өзү кайдадыр сиңип жок болду. Элейе калган кыз да, жигит да экөө тең издеп таппай калышты. Айдын да мурду жыт сезип, дароо Миренаны бекем кармай, элейип туш тарапты тиктеп жатты. Эки кыздын ортодогу аралык анча алыс эмес. —Айдын, эмне болуп жатат? Мирена Айдынга түшүнбөгөн абалда суроо узатты. —Кетүүбүз керек! Коркпогун ээ баары жакшы болот. Ары жактан шашыла жетип келген достор да, баары бир жерге жыйыла түшүштү. —Бизде күтүүсүз коноктор бар. Бир дос жигит Айдынга башкача, ирети менен айтып алды. Сыягы кыздар коркпосун деген ой болсо керек. —Шуулдаган жаман үн Сиренанын кулак кужурун алып, алыстан угулуп жатты. Белгисиз үн өзү карай келе жаткан сыякту, шаар ичин боз түтн каптап бараткан. Кыз кулагын жаба салды. — Сирен жакшысынбы? Жигит мындай абалга биринчи жолу учурашы эле. Сыягы өзү күткөн коноктор, мунусунда өтө эле өзгөчө сыяктуу сезилди. Мурункуларды эч кандай коркунучсуз көзүн тазаласа, азыркы келе жаткан белгисиз жан алардан такыр башка, ары коркунучтуу сыяктуу. — Өзүмдү бир аз жаман сездим. Курбуларын чогулта үйгө кетүүшө камына башташты. — Сирена! Угулган үн Сиренди тык токтотту. Дал ушун коркунучтуу үн Миренанын да кулак түбүнөн угулду. Бараткан жеринен тык токтогон Мирена артын карап алды. — Сирена ким? Ары жакта толтура элдин арасынан эч кимди байкай албай, тааныбаса да кимдир бирөөнү көздөрү издеп жатты. Заматта майрамдын көркү бузулуп, жанагы кооз, тынч өтүп жаткан түн, коркууга, ызы-чууга түшө, үйлөрүнө көздөй шашып бараткан эл. Коюу көк түтүн менен аралаш бирге чыккан топ эки жигит ызы -чууга түшкөн элди жыртайып күлө карап алышты. Сыягы алыстан келгендер. Көздөрү канга толо, колундагы узун тырмактар жөнөкөй инсан эмес экендерин белгилеп турат. — Сен?! Сиренанын жанындагы жигит мунун бирөөсүн жазбай тааныды. Акыры өзү ушунун артынан кууп, жетпей калган эмес беле?! — Сен шашыл! Үйгө кет. Даро. Кызды дароо таштай, өзү тиги жигит тарапты көздөй жөнөдү. — Жок -жок мен мындай кыла албайм. Бирок бир-экөөсү менен чектелип калчуудай эмес. Шашып бараткан Сирена ары жактан чыркыраган үндү уга койду. Кайдан -жайдан пайда боло койгон бирөөсү жаш наристени кармай эми гана оозун ача берээрде, ары жакта турган бычактын бири келип так маңдайына тийген. Сирена шашып барып кызды көтөрө койду. — Коркпо ээ. Кана мында жашын. Дароо ичкериге үйгө киргизе өзү калың элге аралаша кетти. — Сирена! Түтүн арасында чыккан үн Миренаны да Сиренаны да чоочутту. — Сирена ким? Ким? Колунан жетелеп, шашып бараткан Айдынды күтүүсүз келген сокку алыс ыргытты. Жетелеген колдору үзүлүп, Айдын тээ алыска күп эте түштү. Алдынан чыккан узун желбегейин жерге тийгизе жамынып, коюу түтүн менен бирге, Жарганат пайда болду. Кыздан көзүн алган жок! —Се-ен! Акыры дегенде таптым ээ? Ушунчалык көп күттүм. Узун тырмактарын кызга жакындата, акырын жылып келе берди. Жарганаттын сөзүн бии гана Мирена өзү угуп жаткандай кулагы тунарып, башка ызы-чуулар тынчый түшкөндөй. Коркконунан артка кетенчиктеген Мирена Айдынды карады. Жаткан жеринде жок! Бир заматта азуу тиштерин арылдата пайда болгон жырткыч бөрүлөр. Жарганатты көздөй багытын бурушту. Бирок Жарганат үчүн ал эч нерсе эмес. Шуулдаган шамал сыяктуу,айлана бир туруп чырылдап учкан жарганатка, бир туруп коюу түтүнгө айланып жок болуп жатты. Андан бетер ызырынган жаш бөрүлөр кайра -кайра чабуул койушуп, бирок таппай калышып, кайра өздөрү жарадар болуп жатышты. Бир убакта катуу чабуулга өткөн бөрүлөрдүн бири аянычтуу үн чыгара, тээ алыска күп эте кулап түштү. Жарганат аны бирде куюнга айланып отуруп, катуу жарадар кылууга үлгүргөн. Кызга бул үн аянычтуу угулуп, жүрөгү опкоолжуй түштү. Бир нерсе сезгендей жаш бөрү менен көздөрү тиктеше түшүп, жан алы калбай, ордунан тура албай жаткан Айдынга карай жүткүндү. Бирок ага болобу? Жарганат Миренаны да Айдынга жеткирген жок. — Бах Сирена -Сирена. Сүйгөнүң менен коштошо бер. Жан алы калбай тыбырчылаган Айдын канча аракет кылса да жетпей жатты. Кыздан көзүн албаган Айдын да, Мирена да көздөрүнөн жаш сызыла кетти. Достору да чекеден жарадар болуп туш тарапта жатканын да оюна алган жок. Миренанын узун чачын желкесинен ала, узун тиштерин батырып алууга оозун ача берди. Жүзү бетинин баары тырышып, заматта кудум эле кинодогу коркунучтуу каармандай өзгөргөнүн көргөн Мирена жүрөгү оозуна кептеле түштү. — Өлүм деген ушул экен да деп алды ичинен. Өлүмгө кыйбаган Айдын жан алы калбай,асманга карай аянычтуу уулуп жиберди. Кайдан, жайдан күтүүсүз келген кара куюн пайда боло'Жарганатты кыздан ыраак алыстата ыргытты да, кызды так көтөрө, бийик секирип кайдадыр жок' болуп кетти. Артынан шамалдай зымыраган Жарганат да жөнөдү. Айдын дагы бир ирет асманга карай үн чыгара боздоп алды. Кулак алдынан боздогон үн Сиренаны да тынч койгон жок, дароо жетип Айдын тарапка көздөй бет алды. Эми гана азуулуу тиштерин арсайта араң жаткан Айдындын жанында турган бирөөсүнө дагы бычак ыргыткан Сирена жетип келди. Жанына күп эте түшкөн жырткычты көргөн Айдын шаша -буша чуркап келген кызды араң -араң көрүп турган. Жарганат салган жараатан улам көп кан жоготкон Айдын өзүн билбей уйкуга баратты. Бет маңдайына келе отура кетип, жаралуу ак бөрүнү карай салган Сиренаны көздөрү чала буча көрүп турду. Оюнда Миренасы элестей, көзү жумула өзүн жоготту. — Күтүүсүз пайда болгон атасы Сиренаны колдон ала тартты. — Жигитке жардам бергиле. Калганын мен өзүм. Шуулдаган атасынын кылычы заматта менмин деген, жанатан көбөйүп бараткан жырткыч кан ичкичтердин көбүн мизинен өткөрүп жатты. Кудум эле кан майданда алышып жаткан сыяктуу. Эч бирин аёоосуз башын тоголото чаба берди. Канча аракет кылса да, көп нерсени түшүнө бербеген Сирена таң калып, атасын бир карап, жердеги жана ак бөрүнү карап алып, көдү чанагынан чыгып кетүүчүдөй чоочуп кетти. Жанагы ак бөрү жок, ордуна эч нерсени билбей, энеден туума жылаңач Айдын жаткан. Шаша -буша үстүндөгү жамынган желбегейин чечип жибере жигиттин үстүнө жаба койду. Атасы заматта далайынын башын алып кырып салды. Аркы жакта жүргөн жигити да дал ушундай алышып жаткандарын көрө койду Сирена. Шаар ичи тынчый түштү. Жанагы ырылдаган бөрүлөр, кан ичкен Жарганаттар да жоголо, ордуна муңдуу үн, жаракат алган жандар. Жер бети каңырсый кан жыттанып жаткан. Кылычын дароо кынына салып, акырын басып келген атасы Сиренаны бир карап алды да, жигитти так көтөрүп Сиренага кайрылды. — Үйгө кеттик кызым. Калган жаш бөрүлөр да, энеден туума жыңалач эстерин билбей жаткан. — Жашынган элге жардамын көрсөтүп, калган жырткыч кан ичеерлердин артынан сая кууган жигиттер. Бир аздан соң өз досторун аяй карап, темселей баскан кыз келди. Ар бирине барып жылаңач үстүлөрүн жаап жатты. — Көзүңдү ач. Чыда! Келе жатышат! Азыр жардам келе жатат. Кожоюн келе жатат. Баарына ушундай деп, сызылып аккан денедеги кандардын чүпүрөк алып басып токтотууга аракет кылып жатты. Колунан башка эч нерсе келбейт эмеспи. — Мен айткан болчумун. Ушундай болоорун, мени уккан жоксуңар. Өзүм ошондой кан ичкичке айлансам да, үй бүлөм силер элеңер го? Мен силерди ушундай жаманга кыйбаганым үчүн токтоттум эле. А силер болсо мени менен көрүшүүнү да каалаган жоксуңар. Аттиң. Бирөөсүнүн колдорун кармай көэүн саамга жума салды. — Ойгонгула! Силер жашашыңар керек. Токой ичинен шытыраган үндөр чыгып өзү карай жакындап келе жатканын сезген кыэ, жардам жакындар, кожоюндары келе жатканын дароо сезип ордунан тура, кара түнгө сиңип кетти. Токой ичинен карт бөрү баштаган бир топ бөрүлөр пайда болуп, жарадар, эсин билбей жаткан шериктерин калтырбай алып кетишти. Канча издеген менен Айдынды таба алышкан жок. ******** Түн : эшик кагылып акырын үн чыкты. — Бул менмин. Ушуну эле күтүп отурган аял шашыла барып эшикти ачып жиберди. Үстү башы кызыл ала канга боёлгон күйөөсүн көрүп чоочуй түштү. Жанатан өэү коркуп титиреп араң отурган. — Коркпо. Чушш баары жакшы. Бул мен. Акырын күйөөсү коркуп титиреп отурган аялын колунан жетелей, отургуза кетти. — Бул ошол кыз ээ? мен көргөн кыз, кечееги каза болгон.... Энтигип сүйлөй да албай калган аял жолдошунан жооп күтө жалдырай карады. — Мен азыр. Ордунан туруп бир идишке суу алып келген күйөө аялына жуткуруп алды да сөз баштады. — Ооба ал ошол кыз. Менин сырымды эч кимге ушул убакка чейин айта алган эмесмин сага. Бул үчүн кечир. Сени мындай абалга салып, кийин айтышымды ойлогон эмесмин бул тууралуу. Аялы бул сөздөргө бир түшүнсө, бир түшүнбөй карап алды. — Ооба бул кыз кечееги каза болгон кыз Асылдын кызы. Кыз оорудан каза болбогон. Ал тиштин уусунан каза тапты. Аны жаныбар дагы эмес башка да эмес адамдын тишинин уусунан. — Эмне? Аял эч нерсени түшүнбөй таң калып алды. Булар кан ичкич жырткычтар. А биз аларды элге аралашпоосу үчүн күрөшөбүз, тагыраагы жок кылабыз. Алар караңгы түндө жаткан жерлеринен чыгышат да олжо издей башташат. Олжосу адамдар, кан менен тамактанышат. Бир аз гана адамдын денесине уулуу тиштери тийсе, ал адам өлөт. Кийин кайра дал ушундай тирилет. Түнү менен олжо издешип, адамдарга кол салышат. Айрыкча жаңылар дал ушул кыз сыяктуу өтө коопту. Алардын денесине кан болуп көрбөгөндөй жаңы мүмкүнчүлүк жаратып берет. Мисалы аларды кууп жетүү, же кармашуу өтө кооптуу. Аларга эч ким жетпөөчүдөй күчтөнгөн абалда болушат. Күндүзү жүрө алышпайт. Күндүн нуру заматта күйгүэүп салат, ошол үчүн көрүстөндө укташат. — Анан сен кантип алардан элди коргойсун? Аялы түшүнбөгөндөй дагы суроо берди. — Биз алар уктап жатканда көрүстөнүн ачып, башын кесип салабыз, же болбосо жүрөк тушка жыгач, учтуу курал саябыз. Ошондо алар өлүп жок болушат. Үйүндө дайым турчуу жыгач учтуу куралдарын аялы акырын көз чаптырып карап алды. Демек ошончо убактан бери түшүнчү эмес. Себеби мында тура деп ойлоду ичинен. — А тиги кыз азыр эмне болду, ал дагы??? Суроосу жоопсуз калып, бир саамга ортону тынчтык орноду. —Бул тууралуу эч ким билбеши керек. Мага сөз бер ээ? Жооп берүүнүн ордуна күйөөсү кайра аялынын көзүнө жалооруй карады. Макул дегендей баш ийкей койду аялы. — Биз көптөн бери биле албай жүргөн бирөө бар. Эң чоңдорунун, карыларынын бири ошол. Ал кааласа куюн болуп учат, кааласа жарганат. Ал өтө коркунучтуу жана күчтүү. Биз ошого карабай аны кармоонун, жок кылуунун аракетиндебиз. Бул ошол Жарганаттын иши. Ал өзүнөчооң бир армия түзмөкчү. Анан барып бүтүндөй өзү басып алып, адамдар үстүнөн үстөмдүк кылуу максаты. — Биз???? Аялы биз деген сөздөн улам дагы бир нече күйөөсүнө окшоштор бар экенин сезди. — Туура ойлодуң. Биз бир нече адамдарбыз. Элдин, айылдын коопсуздугу үчүн түзүлгөн бир топ адамдардардан турабыз. Эми уктайлы мен чарчадым. Аялы үстүнө башка кийим кийгизе жууп тазалаган соң, чарчаган күйөөсү уйкуга кеттти. Өзү бир топко чейин уйку көрбөй ойлуу жата берди. Уландысы бар. Мурунку бөлүм неге кайталанып калганын түшүнбөйм. Сыягы одного, группага жүктөгөн убакта оңдодум эле каталарын ошондо болгон го. Сиздер айткан соң көрдүм өзүм да. Рахмат көңүл бурганыңыздарга
    0 комментариев
    14 классов
    КҮҮГҮМ СҮЙҮҮСҮ 19- БӨЛҮМ. Адам буту жете албас аска тоолор. Алыстан үстүнө апакай кардан тон жамынып, бир караган көзгө кадырлуу, ак - сакалдуу карыядай элес калтырат. Анча -мынчага болк этпей салмактуу болуп, чокусу асман тиреген зоонун жалама боорунда, адам ойго келбес чоң үңкүр. Адам буту басып баруу мындай кой, оюна да келбеген көрүнүш. Бул жерге жетүү үчүн шашкан жигит шамалдай зуулдап канча күн өткөргөнү бир өзүнө маалым. Түндүн бетин жамынган үңкүрдүн ичинде караңгылыктан башка эч нерсе жоктой. Үн чыкса тээ алыска чейин жаңырып токтойт. Сыягы бул жерде эч ким жашабаган сыяктуу ой келет. Бирок андай эмес! Ичине кире бериштен бир эки айлана учкан жарганаттар бул жерде кандайдыр бир адам эмес, жырткыч, макулук бар экенин айгинелеп турат. Терең үңкүрдүн ичи караңгы көрүнгөн менен, ары тарабындагы өчпөй жагылган шам чырактар үңкүргө бир аз болсо да күңүрттүктү жашырып тургандай туюлат. Көздөгөн жерине келген жаш жигит эми гана терең дем алып, үңкүрдүн оозунда бир - аз тура, андан соң ичкери көздөй кадам басты. Күү-шуу үңкүр ичинен өзүнчө бир коркунучтуу үндөр коштоп турат. Жигит ары карай басты. Сыягы бул жерде өзү да жашагандай, бул үңкүр өзүнө тааныштай. Ары жакта жаткан толтура баш сөөктөр, канчанчы кылымдагы экенин эч ким айкын, айтып бере албоосу турган кеп. Чырылдап учуп чыккан жарганаттар жигиттин ары, айланып, бери айланып, келдиңби дегендей коштоп учушат. Колуна дубалда илинүү турган шамдардын бирин ала дагы кадам басты. — Адатта менин уйкумду жөн бузбайт элең, бир нерсе болгонун сезип турам. Аркы коюу караңгыдан чыккан жоон үн жигитти титиретип жиберди. Үн чыккан тарапты карай, дароо тизелей отура кетти да, башын өйдө көтөрбөгөн калыбында үн катты. — Кожоюн сизге жакшы жаңылыгым бар. Мен сиз бүтүн өмүр издеген нерсеңизди таптым. Куу- шуу чыккан үн жигиттин үшүн ого бетер алып, титиретип турду. Сыягы жаш жигит эмне тууралуу айтып жатканын дароо түшүнгөндөй. Коюу караңгылык түбүнөн шытыр -шытыр этип чачтары желкесине түшө түйүлүп, узун, жерге сүдүрөлтө кийген желбегей жамынып, жүзү бир канчага барып калса да, бетиндеги бырышы көрүнбөгөн, далылуу бей тааныш жан коюу туман менен бирге чыга келди. Анын туш тарабына айланып учкан жарганаттары анын каалоосу менен, учуп, анын каалоосу менен кончуудай. Узун карага боёлгон тырмактары, денесиндеги бир каны жок купкуу болгон колдоруна жарашпай, адамдын үшүн алып, денесин титерет. Жүзүндөгү жылуулук жок! Эч кандай, адам мындай турсун, жырткычка да аёо сезими жоктой. — Сен чын эле мен ойлоп турган нерсени айтып жатасынбы? Кожоюн дал өзүн. Ордунан жылбай тизелеп отурган жигитке акырын басып келди да, далыдан алып өйдө тургузду. Жигит кожоюну эмне кыларын сезип,ар бир кыймылына үнсүздүк менен жооп берип турду. Узун тырмактарынын бирөөсүн жигиттин мойнуна батыра акырын тилип өттү. Кан сызылып аккан убакта тырмагына тамган канды, оозуна сала даамдап алды. Мындай жол менен жигиттин, ошол күндөгү жолуккан бей тааныш кыздын элесин көрө койду. Жүзүнө маска тагына, эл ортосунда кубана бийлеп жүргөн кыздын элеси кожоюндун жанында жүргөн сыяктуу, сезилип, ал тургай сулуунун жүрөгүнүн кагышынан өйдө угулуп жатты. Чимириле бийлеген кыздын ийиле бергендеги жаркыраган тумары көзгө көрүнө түштү. Көзү чанагынан чыгып кетүүчүдөй чакчайа түштү. — Ооба! Ооба дал өзү. Кантип сүйлөп жибергенин да билбей, кыз өзүн жалт караган убакта, дароо өзүнө келе түштү. Тамагынан аккан канды аарчый калган жигит кандай тапшырма буйруурун күтүп үнсүз турган. — Азаматым. Ишке жарадың. Жолго аттанабыз. Алдын мен күч топтошум керек! Кожоюнунун сөзүн айттырбай түшүнгөн жигит, башын ийкей үңкүрдөн чыкты да, жалама зоонун боорундагы үңкүрдөн ылдый карай секире, кожоюну үчүн олжо таап келүүнү көздөй жөнөдү. ****** Түн бир оокум: Кандайдыр күбүр шыбыр үндөр, Сирена жаткан бөлмөнү көздөй угулат да, кайра барып жок болуп кетет. Таттуу уйкуда жаткан Сиренага сыртта эмнелер болуп жатканын сезилбейт. ******** Ээн калаадагы жалгыз үй. Жанында бир айыл эл жашаса дагы, жалгыз калган үй эмнегедир элден, айылдан обочороок салынып, жанына эч ким даап бара албаган сыяктуу кошуна колоң деген адамдар да жок! Айыл эли бул үйдү сыртка эле бөлүп салгандай. Жапыз, жыгачтан салынган үйдө кимдер бар? Же ким жашаары белгисиз. Сыртта жалгыз, сулуу назик аял гана, ары жактан бир нерселер менен алек болуп, кээ күнү үйүнөн чыкпайт. Тааныбаган адамга бул аялга, эл эмнеге мындай мамиле кылаары, же коркушаары түшүнүксүз, эгер кошкушса эмнеге? Кээ бир убакта жер төлөсүндө отуруп, бир нерселер изилдеп түнү менен үйүнөн чыгып кетет да, күндүзү эч нерсе болбогондой жашай берет. — Ушунтип жүрүп байкуш эринин башын жеди! Өз тиргилиги менен алек болуп жүргөн сулуу аялды, тээ бери жакта отурган аялдар карап алып сөз кылып башташат. — Бул келин коркунучтуу абдан, тээ тигиндеги кошуна көрүптүр имиш, түнү бою бир жактарга барып келет экен Деп бирөөсү күбүрөнсө дагы бири — Ии деп кабагын түйө шыпшынат. — О кокуй бул келинди бир бакшы деп айтышат. Ким билет балким ичиндегиси да байкуш эриники болбосо керек. Өздөрү менен өздөрү күбүрөнүп,кээде элейип таң калып карашып, ушактын түбүнө түшүп алгандай сүйлөп киришет. Эми мынтип жалгыз калганын кантебиз. Көчүп кетсе болмок дейт дагы бири. Бирок келин булар менен иши жоктой. Өз тиргилигин өзү өткөрүп жүргөнү ушул. Сүйүктүү жубайы көз жумганы бери ушундай жашоодо жашап жүрөт. Булардын сырын эч ким билбейт. Күйөөсү эң сонун жар. Үйгө камкор, болгону менен сыртта эмне иш кылаарын эч ким билчүү эмес. Ал кезде элдин көбү кара көлөкө сыяктуу жырткычтар, Айдын сыяктуу бөрүлөр бар экени үч уктаса түштөрүнө кирбеген, билбеген заман. Бейпилчилик турмуш, бирин -бирине жардам дегенде ичкен аштарын жерге койуп, чогуу, биримдикте күндө майрам, кечкисин кыз жигиттер түркүн оюн- зоок уюштура, бири -бирине сүйүүсүн билдиришип үйлөнүп, жайланып жашаган күндөр. Аял дагы өз жубайы менен дал ушундай таанышып, экөө бирин -бирин көрбөсө тура албастай ашык болгондо, сүйгөнү өзүнө үйлөнүп, эми таттуу турмуш кечиргендерине аэ убакыт болгондо кандуу ажал алды да кете берди. Күйөөсүнүн эч ким билбеген жашыруун сырын аялдан башка эч ким билчүү эмес. Дал ушул элдин бейкутчулугуна жолдошунун салымы өтө чоң. Ушул эркин, бейкутчулук жашоону бузуп, акыркы күндөрдө кызыктай окуялар байма -бай каталчуу болду. Бир күнү айылдын эли топтолуп кошунанын үйүн көздөй жөнөп баратканын аял да байкап жолдогу бирөөсүн токтотуп кызыгып сурап алды. — Айта аласызбы? Бул жакта эмне болду? — Сураба эмне болгонун. Асылдын кызы катуу ооруга чалдыгыптыр. Өзүн билбей жатат дейт көрүп койуу керек. Жүрү сен да. Аял канча кызыкса да, барууга буту тартпай жанындагы аялга рахмат айта үйүн көздөй жөнөдү. Үч күндөн соң тиги Асылдын оорулуу деген кызы,айыкпай көз жумду. Өңү бети бозоро баары ыйлап, жерге берген бул сулуунун кантип, эмне себеп болуп өлгөнүн эч ким билбей кала берди. Түн : Эшиктин катуу кагылган үнүнөн улам ойгонгон келин эшикти ача, жолдошунун чарчаңкы мүнөэүн көрдү. — Жакшы келип алдыңбы? Үйгч кирген келин сүйүктүүсүнүн кийимин ала ары илгичке илип жатып сурап алды. — Сен сапарда болчусун. Бизде жаман жаңылык, Асылдын кызы каза тапты. Байкуш кыз гүлдөй кезинде кандай оору жолукту эле. Өзүнчө кейинип алган аял күбүрөнүп сүйлөнө берди. Күйөөгө тамак берип жатып. — Эмне оору экен? Качан жерге берилди? Күйөөсү жайгашып жатып суроо узатып жиберди. Сыягы кыздын өлүмү жигитке тааныш сыяктуу. — Бүгүн жерге берилди. Жүзүндө кашык калбагандай купкуу байкуш кыз. Аялы чын эле ичинен жаш кыздын өлүмүнө кейип, көөп убакыт сүйлөп отурду. — Бүгүн кечинде калчы үйдө. Турмуш курганыбызга аз эле болду, сен дайыма жанымда жоксун. Жалгыз коркот деп да ойлонуу жок сенде. Эмне бүтпөгөн иш сапары билбейм. Кейип-кепчип сүйлөнүп алган келин, чын эле Түн уйкусу төрт бөлүнүп кыйналып жатканын айтып алды. — Мейли капа болбочу! Мейли бүгүн үйдө калам. Мен дагы чарчадым, эс алсам дейм. Мындай сөздү кулагы уккан келин кубана түшүп, жоллошун бекем кучактай отура кетти. Түн бир оокумда чыккан үндөн аял ойгонуп кетти. Жанында жолдошу жок! Балким сыртка чыгып кетти деген ой менен кайра жаздыкка башын жаздай кетти. Бирок жанагы үн дагы кайталанды. Же күлүп жатканы, же ыйлаганы белгисиз, караңгы түнжөгү терезеден чыккан үн ким?... Аялга бей тааныш! Эшикти акырын ачкан аял сыртты көз чаптыра карап алды да чолчуп кетти. Алдында көздөрү алайып канга толо, оозунун тегерек четинин баары колдору, көйнөгү боз топурак менен кызыл канга боюлуп, чачарынын баары сапсая, кудум эле кече жерге берилген кыз бет алдында турган. Эмне деп сүйлөп, же үн чыгарганы белгисиз, колундагы бир үзүм этти мүлжүй, уламдан -улам аялга жакындайт. Буттары тушалып, калтырай артты көздөй кетенчиктей бергенде артынан турган киши оозун баса калды. — Чу-ш-ш Эч ким укпасын! Үн чыгарба! Артында күйөөсү турган. Ал чочулаба деген сыяктуу ымдай, акырын баш ийкеди. Аны көргөн кыз калың бактын арасын көздөй качып жөнөдү. — Эшикти эч кимге ачпа деп үйүнө киргизген киши жанакы кыздын артынан карай кууп жөнөдү. ******** Сирена кызым эшикти ач! Сирена сырттан чыккан үндөн улам уйкудан көзүн ачты. Кудум эле өзү ошол жерде жүргөндөй сезилип, башы зыңылдап ооруп да калыптыр. — Булар эмне таң атпай! Күбүрөнүп сүйлөнүп ала эшикти ача салып көргөн көзүнө ишенбей, туруп калды. —Куттуктайбыз! Куттуктайбыз бүгүн он сегизге толушуң менен. Ызы чуу түшө, баары ошол жерде колунда көтөргөн таттуулары менен бирге,достору турушкан. — Саат канча болду? Терезеден күнгө карап алды. Ааламга эбак эле таң атып, баары өз тиргиликтери менен алек. Ушунча саат уктап калганына өзүнө да, ойготпогон атасына да таң калып турду. Адатта таң атпай машыгууну эскертип, кабагын чытый тосуп алган атасы, бүгүн негедир унчукпайт. Өзүн карай жылмайып койду да, иш бөлмөсүнө басып кетти. Түнт токойду аралай баскан төрт жигит кубанычтуу сүйлөшүп баратышты. Өткөн кездеги, бала курактын аңгемеси укмуш эмеспи эми... Бирине бири каткыра баратышып көздөгөн жерине кандай келишкенин да байкабай калышты. — Биз келдик. Достору Айдынды далыдан таптай, өздөрү ары көздөй басып кетишти. — Чоң -Ата! Амансызбы? Мен келдим. Артын карай ойлуу турган картаң карыяга Айдын ызаат билдире ийилип учурашты. — Керемет жер экен. Тоонун абасы абдан жакшы экен. Артын карабаган тейде сүйлөп алды карыя. — Сизге жактыбы чоң -ата? Сөзүңүздө калет жок! Бул жерди тандап жаңылбаптырмын. —Бизге да жай бересинби? Карыя тамашалай, үнүн ары, өктөм чыгара суроо узатты. — Койсоңузчу ата бул эмне сөз эми? Чычалай түшкөн жигитти бир карай жылмайып, — Уулум менин! Жалгызымдан калган карегим . Кубанычын жашыра албай ата кучак жайып, кубанып алды. — Келдиңби деги?! Аман -сооңду билдирбейсин? Экөө көпкө сүйлөшүп отурушту. Сөз эмне үчүн бул тарака келгендеги себебин да айтып өттү. — Көйгөйүбүз ушул! Аз калдык биз менен бирге бол. Кара көлөкө эч нерсе эмес, андан башка да бирөөсү бар. Жарганат. Ал биздин адамдарды бир экиден кырып кетти. Жал бөрүлөрдүн ага күчтөрү жетпейт. Ал өмүр бою бир инсанды издеп жүрдү. Менимче адам аты уккус башка жакта жашайт эле, демек издегенин тапкан сыяктуу. Болбосо чыкпас эле. Карыя кыжалат чегип алды. — Ал бул жерге келсе, эч кимди тирүү койбойт. Эч бир жан аман калбайт. Анын максаты баарын дал өзүндөй кылуу. Өзүндөй жырткычка айлантуу. Жана ал албетте кааласа жасайт. Биз ага каршы туруубуз керек. Анын бир эле тамчы каны, бүтүндөй бир адамды кан ичкичке айлантуусу турган кеп. Бир бул жерди коргоообуз керек. Карыя олуттуу сүйлөп, алдыда эмнелер күтүп турганын сезгендей түйшөлө түштү.. Айдын да үн катпай укту. ****** Эмне жумуш жасап жатасынбы? Өзүнчө кыңылдап тиргилик кылып жаткан агасына карады. -—Бул кыйраткан деле жумуш эмес го ага. Баары жакшы мен чарчаган жокмун. Агасынын эмне айтуусун оюнан окуп койгон сыяктуу тамашалай сүйлөп алды. — Сага белегим бар садагам. Күндөр өтүп жатат, үйдөн чыкпайсын такыр. Мен буну сага белек кылам. Агасы колунда турган ак кагазды кызга көрсөттү — Мунун ичинде бир аз акча бар. Барып курбуларың менен эс алып кел. Бүгүн шаарда өзгөчө майрам болот эмеспи. Мен өзүм үйдө отура турам. Мени карайм деп, же сабагыңдан жок, же жашооңдон жок болуп калдың. Мен болсо айыгып жатам акырындык менен, бүгүн дагы басып келдим эки - үч кадам. Күнү кечее курбусу экөө сүйлөшүп жатканын, ашкана тарапты көздөй баратып кулагы чалганы бар. Айтор эртең шаардык керемет майрам, шаан шөкөт болоорун курбусу айтып, барып келүүсүн өтүнгөн бирге. Көчө толо эл болуп, кооз майрамдын урматына оюн-зоок баары уюшаарын билип, бир аз көңүл көтөрүп келүүсүн сураганган. Кыз канча барууну каалап турса да, агасынан кыйылып, кароого эч ким жок экенин эсепке алып курбусуна жок деген жооп берген. Оюнда Айдынды көрүүгө ашык эле да. Билинбеген алоо сезим акырындык менен экөөңү бири -бирине жакындатып, байлап бараткан. Кийин агасы курбусу менен сүйлөшүп, эртең келүүсүн суранган. Бирок карындашы билбөөсүн бул тууралу, жана өзү айтып жөнөтөөрүн айткан. Ошондон улам айтып жатканы. — Жок -жок эмнеге андай дейсиз? Менин эмне сизден башка кимим бар эле, жүк болуп, карап отурат деген ой болбосун. Анан мен өзүм эле баргым келген жок деп ооз учунан жалган айта койду да, билинип калбасын деген ойдо, жүзү албырып кызара түшкөнүн байкай, ары карай жылды. Аны байкаган агасы ичинен күлүп алды. — Жан карындашым менин. Сенден башка эч кимим жок. Сенин көңүлүң түшсө мен кыжалат болом садага. Андан көрө бүгүн ооба барып эс алып оюн зооктун кызыгын көрчү эмнелер болот экен, андан соң мага айтып бересин. Бүгүн барсаң мейли башка эч кайда жөнөтпөйм. Мен өзүм басып калам ага дейре — Келиштикпи? Мирена ичинен кубана түштү. Жылмайган абалында агасы сунган акчаны ала сүйлөдү. — Келиштик! Агасынын жүзүнөн чоп эттире өөп алып, азыр эле кылып жаткан жумушун таштап, жаш балача кубанып алып, өэ бөлмөсүнө кирип кетти. — Эх тентегим менин. Агасы күлүп алды да, кайра өз бөлмөсүнө жөнөдү. ******** Кыздар бүгүн шаарда керемет майрам. Көчөнүн баарын карасаңар? Сирена терезени тиктеп алды. Кайра ойлоно, эч нерсе көрбөгөндөй отура кетти. — Кызым! Атасынын сөзү Сиренди чоочутту. Акырын келген ата сүйлөшүү үчүн кызды өз бөлмөсүнө чакырды. Артынан ээрчип барган кыз дагы эмнелер болду деп ойлой кетти. — Бүгүн курбуларың менен эс алып келе бер. Көчөнү кара? Укмуш соонун. Кантсе да өзүң билген, чоңойгон шаар эмеспи. Бүгүн он сегизге толдуң. Жарык кызым менин. Дагы далайын жаша бул жаштын. Эми өз алдыңча иш кылганы мүмкүн. Сен алдыда боло турчуу бүтүндөй нерсенин баарын көрүүң керек. Көчөгө чыкканыңда, шамдагай болууну, абайлоону, баарына сезимтал болууну унутпа кызым. Менин сага белегим бул. Атасы кызынын колуна укмуш керемет баалуу таштардан жасалган кооз шакекти колуна тагып, дагы бир ирет куттуктап анан өз курбулары менен көчөгө чыгуусуна макулдугун берди. — Аай иий ата кооздугун карасаңчы? Өмүрүндө мындай нерсени көрбөгөн кыз колундагы шакекти таң кала тиктеп алды. — Ооба кооз керемет, кымбат таштар ушундай укмуш, баалуу болушат. Сен дагы ошондой бол. Сен дагы кызсын. Назик, сулуу дал ушул керемет таштардын кымбаттыгы, сулуулугу эмне болуптур менин периштемдин алдында. — Болдуңарбы эми? Апасы жылмаяа күлүп алды. Колуна кармап келген көйнөктү кызга сунду. — Бүгүн өлкөдө ушундай майрам. Биздин салт ушул, кыздары ушундай кийинген. Аял, кызмын дегендин баары көйнөктө жүрүшчүү. Азыр эле эркектей болуп кетишкен айырма жок. Апасы көйнөктү карматып жатып ушуларды айтты. — Вааув апаке бул кимдин көйнөгү. Карасаңыз анык сиз айткандай болуп калдымбы кызга окшоп? Өзүнө өлчөй карап жатып кызы өзүнө-өзү суктанып алды. — Ооба да. Кечее күнү көрдүк го сенин көйнөгүң өзгөчө ачып турат. Бара гой курбуларың күтүп калды. Атасы менен апасы астыңкы кабатта, апасына рахмат деп, жаш балача кубанып алган Серина үстүңкү кабатка карай чыгып кетти. ******* Көчө толгон эл. Ар кандай кооз жасалгалоо, шаңдуу маанайдагы адамдар. Ары жакта бир топ болуп бийлеп жатышса, бери жакта бир- топ оюн зоок, ар кандай эркек адамдардын бычак ыргытмай бутага, же дагы күрөш, айтор түрлүү спорт өнөрлөрүн көрсөткөн адамдар. Тээ аркы жакта экиден -экиден кыналыша бийлешкен жаш -жигит, сулуу кыздар. Дагы бир жеринде түркүн турлүү, даамдуу тамактар. Күн түштөн ооп калганда чыккан Сиреналар да дал ушул элдин арасында басып баратышты. Көйкөлө кийген көйнөгү бир канчаны өзүнө тартып турган. Аркы жактагы жигиттер өткөрүп жаткан оюнга кызыгып карап калды. Канча ыргытышса да, көздөгөн жерге жетпей сайылган бычагы жигиттердин баарын жадатып жиберген. — Эгер мен тийгизсем көздөгөн жерге, белекке эмне бересиз? Кыздын үнү оюнду уюштурган жигиттерди таң калтыра, баары бирден артына карап алышты. Кичинекей гана турган кыз, кайдан деп алышты ичтеринен ыржыйган жигиттер. — Мына капчыктын баары сага болот анда. Башкы уюштуруучу жигит чындап кабыл албай эле, колундагы шагыраган акча салынган капчыгын көрсөтө, тээ тиги стол үстүнө ыргыта салды. — Чын элеби? Кыз кайрадан сурады. — Ой чын эле! Бол көрсөт билген өнөрүңдү. Шаштысы кетип, ичинен кана көрөлүчү деп алды да, колундагы шараптан култ эет жутуп жаай отура кетти. — Маакул! Кыз ары карай бир аз бастыда колунда турган кездемени жүзүнө байлай, көзүн таңып алды. Эмне кылып жатканын түшүнгөн жигиттер баары сөздөрү оозунан түшүп, жардана тиктеп калышты. Кыздын колундагы бычак а деп ооз ача электе зымырап учуп барып, так бутанын ортосуна сайылды. Таң калган баары ооздорунан сөздөрү түшүп карап калышты. Акырын басып келген кыз үстөл үстүндөгү бир капчык акчанын баарын үн дебестен алды да ары көздөй басып кетти. ******* Кыздын үйдөн чыгуусун күткөн Кара көлкө тээ тигиндеги чоң талдын жанында карап отурган. Өзүнө эмне болуп жатканы түшүнүксүз. Кантип эле? Буттары өзүнөн өзү шилтене ушул кыздын алдына алып келип койду. Эпилдеп, жепилдеп шашканычы. Кызды көрүүгө ушунча шаштыбы? Бул эмне махабатпы? Же жөн гана кызыгуубу?... Өзүн канча алдап, « бул жөн гана окшоштук, бул менин сүйгөнүмө окшош гана жан, ал өлгөн деген сайын, мен тирүүмүн» дегендей бир сезим оюн ээлеп турат. Анысы аз келгенсип күлгөнү, жүргөнү агасына эркелегени, баары дал келип калганын кантейин. Азыр да өзүнөн- өзү келип, карап кетүүгө кызыкдар. Айдынга окшоп, жоготуп алуудан корккондой, же бирөө бир катуураак тийип койобу дегендей, ал тургай өзү бир нерсе боло түшсө жанына жетип барып коргоочудай шашыла түшөт. Кайра оюнан кайтып ичинен миң түйшөлө басып кетет. — Эмнеси бул? Мен өзүм киммин бул периште ким? Ушул инсан сени түшүнөт деп ойлойсунбу? Сени көргөндө жүрөгү жарылат го, мени кандай алдамчы сезимдер жетелеп жатат? мени бир гана адам түшүнгөн, кандай болсом ошондой абалымда мени сүйгөн. А менчи, мен аны жоготтум. Өзүн дайыма күзгүдөн карап алып, ушул ойлор кыйнай берет. Купкуу болгон жүзүн, канга толо кызарган көзүн деги эле өзүн көрө жинденип алып, күзгүнү чаап салат. Күткөн убакыт жете келип, топтошкон курбулар бирге шаарды көздөй унаага чыгыша бет алышты. Акыркы чыгып, агасы менен коштошкон Мирена өзгөчө сулуу көрүндү. Чын эле бул ашыктык сезим. Бул жердеги периште. Бул кыз өзү гүл, ааламда сулуу эмне бар болсо ошонун баары. Бүтүн дүйнөсү аңтарылып, болгон баарын кыздын бир эле күлкүсү жууп сала тургандай өдү билбеген абалда жылмайып алды. Кыздар унаага отуруп жатып, Мирена да өзүн бирөө карап тургандай сезиле артын бир карап алды. Дароо дарактын артына жашынган Кара көлөкө кыздын өзүн көрүп коюуусунан коркуп шашыла бекинди. Унаа ордунан жылган соң өзү да унаа кеткен шаарды көздөй жөнөдү. Бул убакта Айдындар да достору менен бирге бараткан. Батыраак жетүүгө шашылып бараткан Айдынды токой ичинен чыккан кыз шашыла алдын тороду. — Айдын токто! Баары элейе калышты. Кызды көргөн достору ого бетер элейишти. — Сен! Сенби? Бирөөсү кучактап көрүшүүнү каалай алдыга жүткүнө барып токтоду. Кыз эчак эле кан ичкичке айланып калганын билишет эмеспи. Кыз түшүнгөндөй күлүп койду. — Жакшы жүрөсүңөрбү? Кыз да жооп катары сүйлөп алды. — Айдын эгер менин бир аз кадырым болсо,сени ал жакка барбооңду суранат элем. Жакшы нерсе болбосуна көзүм жетип турат. Мен көрүп келдим. — Эмнени? Айдын кесе сурады. Кыз эмне дешин билбей сөзү оозунан түшө унчукпай калды. Тек кана ошол шаарга барбоосун өтүндү. Бир жамандык күтүп турганын так кесе айтты. Айдын аны угабы? Көзү Мирена дегенде эки көзү төрт эмеспи.... Кыздын айтканына ишенбей алды көздөй кетип калды. Калганы да Айдынды ээрчиди. Кыз артынан узата карап,жана эле көрүп келген нерселерди түшүндүрүүгө чамасы келбей,кала берди. Жарганаттын пайда болгонун,Сиренаны көргөнүн баарын кеңири айтып бергиси келген бирок бул убакытты талап кылат эмеспи.... А бул убакыт Айдында жок! Мына.Кездеүүшүчү күн! Жарганат өзү издеген сулуу, Айдын ошончо ашыгынын колун кармап учурашып, же бир аз болсо да сүйлөшүп, же күлкүсүн угууга зарлап күткөн убакыт. Артынан Айдынга душман, Миренаны болгон сезимин түшүнбөгөн Кара көлөкө. Тагдыр баарын алып келип, бир күнгө, бир шаарга топтогонун карасаңчы... Шаарга келише бир аз убакыт эс алып, көңүл көтөрүштү. Оюн зоок көрүшө анча-мынча курбу кыздар жигит жандай, басып жай бийге түшүштү. Тек гана тегеретен турган кыз жигиттер арасында эки инсан экөөнү күтүп жатат. Бири Айдынды күткөн Мирена болсо, экинчси ошондогу өзү барган коноктогу айылда кездешкен бей тааныш бий бийлеген сырдуу жигитти күткөн Сирена. Экөө бет маңдай турганы менен жүздөрүндөгү жаап турган кооз беткап, эки кыздын тең куюп койгондой окшоштугун, билдирбей турган. Артынан чыккан жоон, ары кырылдап коркунучтуу чыккан үн кыздын бүткөн боюн титиретип селт эттирип жиберди — Салам сулуу... Уландысы бар. Чыдап күткөнүңүздөргө ыраазылык билдирем. Кээде адамбыз да айткан убакта, дал өзүндө чыгара албай, кечигип калып жатам. Ошондо да түшүнүп окугандарыңызга ыраазылык билдирем. Бүгүн негедир баламды сагындым. Кичинекейм апамдын жанында болчуу. Ден соолугуна байланыштуу,таза аба деп ошол жакта жүргөнү жакшы дешкени үчүн апамдын жанында калтырдым. Кечее барып, кайра эле эрте менен жолго чыгып келе бердим. Бүтпөгөн тиргилик көбүрөөк барып жанында жүрүүмө да азыраак себеп болуп кетти. Окуусун жакшы окуп, үлгүлүү окуучу болуп жатат десе көңүлүм көккө чыкты. ( болгону экинчи класс) Эртең каникулда алып кетем ээ деп,, түнү менен балам менен сырдаштым. Чоң адамдай түшүнгөнүн кантейин. Ичинен мени менен кеткиси келсе да тайенесин кыя албай кала берди. Негизи эртең жакында туулган күнү, ошого белек алып барсам деген ойдо жүргөнмүн. Кудайым каалача жол берсе кайра он беш күндөн кийин барам. Жакшы окусаң кооз,даярдаган белегим бар десем кудуңдап кубанып калды.Апам экөөбүз чоңойтуп, келип, эми мынтип ден соолугунун айынан ал жакта балам, бул жакта мен калып кеттим. Негизи апамды да жакшы көрөт каттуу ошол үчүн көңүлүн кыя албай калып кетти. Жол ката маанайым жок ыйлап келдим негедир. Ушундай жакшыларым. Көптөн бери сиздер менен бирге тааныш деле болуп кеттим. Кээде эч кимге айтпаган сырларымды бирөө мене бөлүшүп алууну туура көрүп кетем. Кечиккеним үчүн кечирим сурайм жакшылар. Урматым менен автор.
    0 комментариев
    7 классов
    КҮҮГҮМ СҮЙҮҮСҮ 19- БӨЛҮМ. Адам буту жете албас аска тоолор. Алыстан үстүнө апакай кардан тон жамынып, бир караган көзгө кадырлуу, ак - сакалдуу карыядай элес калтырат. Анча -мынчага болк этпей салмактуу болуп, чокусу асман тиреген зоонун жалама боорунда, адам ойго келбес чоң үңкүр. Адам буту басып баруу мындай кой, оюна да келбеген көрүнүш. Бул жерге жетүү үчүн шашкан жигит шамалдай зуулдап канча күн өткөргөнү бир өзүнө маалым. Түндүн бетин жамынган үңкүрдүн ичинде караңгылыктан башка эч нерсе жоктой. Үн чыкса тээ алыска чейин жаңырып токтойт. Сыягы бул жерде эч ким жашабаган сыяктуу ой келет. Бирок андай эмес! Ичине кире бериштен бир эки айлана учкан жарганаттар бул жерде кандайдыр
    11 комментариев
    26 классов
    КҮҮГҮМ СҮЙҮҮСҮ 18- БӨЛҮМ Сирена эрте менен ойгонуп адатынча таң эрте чуркаганы, кийимин спорттук кийимдерин кийинип сыртты көздөй жөнөдү. Эшикти ача берээрде атасынын аркы бөлмөдө ойлуу отурганын көрө койгон кыз атасына бир карап алды. Башкача ой басып, акыркы убакта атасынын жүзү кайгылуу. Көрүнүүсүнөн таң атканча уктаган эместиги көрүнүп турат. Терезени ойлуу тиктеген атасынын ичинде эмне бар түйшөлткөн?... Кыз азырча атасын тынч койууну көздөп, ары карай жолун улай чыгып кетти. Таңдын керемети башкача эмеспи. Таза абадан өпкөсүн толтура жуткан кыз, кере -кере терең дем алып ала, жүзүн буруп, көк асманга карай, тигилди. — Не деген керемет дагы бир таң атты. Ичинен ушундай ойлор менен
    8 комментариев
    23 класса
    КҮҮГҮМ СҮЙҮҮСҮ 17- бөлүм — Сирена сага келишти кызым. Төмөнкү кабаттан чыккан апасынын үнүн уккан кыз дароо шашыла, төмөн карай түштү. — Азыр апаке, мына баратам. Сыртка чыгып, күткн курбусу эшик алдында турганын көрүп кубана түштү. — Келип калдыңбы? Мен дагы даярмын. Кыз кудуңдай кубанып алды. — Жүрү анда кеттик! Курбусу алды көздөй баса, тээ арткы жакта турган унаасын көздөй басты. —Мен азыр апам менен атама мейли деп чыгайын ээ. Сирена атасы отурган бөлмөгө кирип, акырын үн катты. — Ата мен кеттим ээ менден кыжалат чекпегиле, кайра белгиленген убакта кайтып келем үйгө. Атасы бир аз кыжалат боло, кайра башын ийкей макул деди. — Мейли бара гой кызым. Бирок аба
    7 комментариев
    23 класса
    КҮҮГҮМ СҮЙҮҮСҮ 16- БӨЛҮМ. Айылдын ыраагындагы жалгыз турган бийик коргон. Чекелери урап түшүп, көзгө жагымсыз көрүнүп баратканы менен ичи андай деле жагымсыз эмес. Дал ушул туш тарабы курчалган коргондун эң бийигинде чоң күзгүнү карап, ойлуу отурган Кара көлөкө. Бүгүн негедир ойлуу. Маанайы суздай. Эч ким менен иши жоктой жанындагы өзү сымалдарга көңүл буруп карап да койгон жок. Ары -бери жанынан өткөн жарым жылаңач кийине өтүп, азууларын арсайта, көңүлүн алайын деген жаш селкилерге да көңүлү чаппайт. Ан сайын алары жанынан чыкпай айланчыктап, кайра -кайра биринен өтүп, бири жакындайт. Тээ тиги жеринде бир байкуш кыздын алкымынан ала бириси ысык кандын жыты мурдуна өрдөй, кулкул
    3 комментария
    11 классов
АССАЛЛЯММУ АЛЛЕЙКУМ УРМАТТУ БИЗДИН ОКУРМАНДАР. ЖАЛПЫ ОКУРМАНДАР ЖААМАТТЫ КАНДАЙСЫЗДАР. КЕЧИРИМ СУРАЙБЫЗ КООПТОН БЕРИ БИР ЖАКШЫ ЧЫГАРМА ЧЫГАРА АЛБАЙ ЖАТКАНЫБЫЗГА . БИЗ ЖАКЫНДА БУГУНДОН БАШТАП. БИР АДАМДЫН ЖАШООСУН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ. УРМАТТУ БИЗДИН ОКУРМАН АЛБЕТТЕ СИЗДЕРДЕН АР НЕРСЕ СУРАНГАНЫМ УЧУН КЕЧИРИМ СУРАЙМ БИРОК АЛ СИЗДЕР УЧУН АБДАН ОНОЙ БИРОК БИЗ УЧУН АБДАН ПАЙДАЛУУ БОЛОТ. БИЗДИН ЖААМАТ ЭН ЧООН ЖАРДАМЫНЫЗДАР ЮТУБ КАНАЛЫБЫЗГА КОШУЛУУ ЮТУБ КАНАЛЫБЫЗГА КИРИП ПОДПИСАТЬСЯ БОЛУП КОЙУНУЗДАРДЫ СУРАНАБЫЗ. БИЗ УЧУНДА СИЗДЕР УЧУНДА ПАЙДАЛУУ СЕБЕБИ БИЗ ПАЙЖАСЫЗ ВИДЕО РОЛИКТЕРДИ ЧЫГАРБАЙ КУНУМДУК КЕРЕК БОЛГОН ШАЙТАН ЗЫЯН БЕРЕ АЛБАЙТ ТУРГАН ДУА ЛАРДЫ ЧЫГАРЫП ЖАТАБЫЗ. А БИЗ УЧУН ЭН ЧОН ПАЙДАСЫ
  • Класс
КҮҮГҮМ СҮЙҮҮСҮ 19- БӨЛҮМ. Адам буту жете албас аска тоолор. Алыстан үстүнө апакай кардан тон жамынып, бир караган көзгө кадырлуу, ак - сакалдуу карыядай элес калтырат. Анча -мынчага болк этпей салмактуу болуп, чокусу асман тиреген зоонун жалама боорунда, адам ойго келбес чоң үңкүр. Адам буту басып баруу мындай кой, оюна да келбеген көрүнүш. Бул жерге жетүү үчүн шашкан жигит шамалдай зуулдап канча күн өткөргөнү бир өзүнө маалым. Түндүн бетин жамынган үңкүрдүн ичинде караңгылыктан башка эч нерсе жоктой. Үн чыкса тээ алыска чейин жаңырып токтойт. Сыягы бул жерде эч ким жашабаган сыяктуу ой келет. Бирок андай эмес! Ичине кире бериштен бир эки айлана учкан жарганаттар бул жерде кандайдыр
КҮҮГҮМ СҮЙҮҮСҮ 18- БӨЛҮМ Сирена эрте менен ойгонуп адатынча таң эрте чуркаганы, кийимин спорттук кийимдерин кийинип сыртты көздөй жөнөдү. Эшикти ача берээрде атасынын аркы бөлмөдө ойлуу отурганын көрө койгон кыз атасына бир карап алды. Башкача ой басып, акыркы убакта атасынын жүзү кайгылуу. Көрүнүүсүнөн таң атканча уктаган эместиги көрүнүп турат. Терезени ойлуу тиктеген атасынын ичинде эмне бар түйшөлткөн?... Кыз азырча атасын тынч койууну көздөп, ары карай жолун улай чыгып кетти. Таңдын керемети башкача эмеспи. Таза абадан өпкөсүн толтура жуткан кыз, кере -кере терең дем алып ала, жүзүн буруп, көк асманга карай, тигилди. — Не деген керемет дагы бир таң атты. Ичинен ушундай ойлор менен
  • Класс
КҮҮГҮМ СҮЙҮҮСҮ 17- бөлүм — Сирена сага келишти кызым. Төмөнкү кабаттан чыккан апасынын үнүн уккан кыз дароо шашыла, төмөн карай түштү. — Азыр апаке, мына баратам. Сыртка чыгып, күткн курбусу эшик алдында турганын көрүп кубана түштү. — Келип калдыңбы? Мен дагы даярмын. Кыз кудуңдай кубанып алды. — Жүрү анда кеттик! Курбусу алды көздөй баса, тээ арткы жакта турган унаасын көздөй басты. —Мен азыр апам менен атама мейли деп чыгайын ээ. Сирена атасы отурган бөлмөгө кирип, акырын үн катты. — Ата мен кеттим ээ менден кыжалат чекпегиле, кайра белгиленген убакта кайтып келем үйгө. Атасы бир аз кыжалат боло, кайра башын ийкей макул деди. — Мейли бара гой кызым. Бирок аба
  • Класс
Показать ещё